20 августа, 2025

Ɵндʏрʏш кесиптерине даярдаган №12 кесиптик лицей

Ош мамлекеттик университетинин №12 кесиптик лицейи ɵлкɵдɵ ɵнɵр жайга жана ɵндʏрʏшкɵ зарыл адистерди даярдап, кɵп жылдардан бери ʏзʏрлʏʏ эмгектенип келет. Быйылкы жылы лицейде бир топ жаңылануулар орун алыптыр. Алдыда кенен баяндайбыз.

Бакалбай Калмаматов, №12 кесиптик лицейинин директору.

Биздин билим берʏʏ мекемебиз, Ош мамлекеттик университетинин №12 кесиптик лицейи 1956-жылы тʏптɵлгɵн. Ачылган кʏндɵн баштап азыркы кʏнгɵ чейин 45 миңден ашуун адистерди ɵндʏрʏшкɵ тарбиялап чыгарды. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 7 адистик боюнча балдарды окутуп жатабыз. Алар: 2 жылдык кесиптерибизге ашпозчу-кондитер, тигʏʏчʏ жана тигʏʏ жабдууларынын оператору, электр-газ менен ширетʏʏчʏ адистиктери кирет. Эки жылдык окууга 9-классты бʏткɵн балдар кабыл алынат жана аларга эки маал ысык тамак берилет. Окууну аяктаган соң дипломго жана 11-классты бʏткɵндʏгʏн тастыктоочу аттестатка ээ болушат. 10 айлык кесиптер: тигʏʏчʏ-бычмачы, санитардык-техникалык жана желдетʏʏ системаларын жана жабдыктарын монтаждоочу, электр жана газ менен ширетʏʏчʏ, чачтарач-визажист, электр жабдууларын оңдоочу жана тейлɵɵчʏ электр монтер, ашпозчу-кондитер. Мында диплом берилет. 11 классты бʏткɵн аттестаты бар 35 жашка чейинки жарандардын бардыгы келип бюджеттик негизде окуп диплом алса болот. Лицейдин дагы бир артыкчылыгы — жакшы окуган балдарга стипендия берилет. Окуучулар окууну аяктай электе ɵз жумуштарын таап баштаганы жакшы жетишкендик. Окууну бʏткɵндɵ 80-85 пайызы иш менен камсыз болушат. Калган бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏбʏз билимин андан ары жогорулатуу ʏчʏн окуу жайларга тапшырышат. Бизден бʏткɵн диплом менен ОшТУга ЖРТсыз дипломуна дал келген кесиптер боюнча окууга тапшырса болот.

Ош мамлекеттик университети биздин базабызды стартап борбор кылып, IT технология жана робототехника боюнча жаңы адистиктерди ачты. Ал эми лицейге заманбап имарат куруп берип, материалдык-техникалык базабыз дагы да жакшырды. Мындан сырткары атайы графиктин негизинде мугалимдер квалификациясын жогорулатуу ʏчʏн окууларга жɵнɵтʏлɵт. Бул боюнча республикалык илимий-методикалык борборлор (РИМБ) менен тыгыз иштешебиз. Мугалимдерибиз окуулардын жʏрʏшʏндɵ жаңы техникаларды, жаңы окутуу ыкмаларын ʏйрɵнʏп, билимдерин бышыктап келишет.

Биздин азыркы учурдагы эң кɵйгɵйлʏʏ маселебиз жатакана. Анткени жатаканабыз 2009-жылы жер титирɵɵдɵн улам бузулган. Убактылуу окуу корпустан 30 орундуу жатакана кылганбыз. Балдар ошол жерде жатып окушат. Бардык шарттары менен лицейибизге жатакана куруу жолдорун издештирип, маселени чечʏʏнʏн жолдорун карап келебиз.

Батма Шамуратова, Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары.

Билим берʏʏдɵн сырткары балдардын тартиби, кылмыштын ар кандай тʏрлɵрʏн алдын алуу ʏчʏн иш-чаралар уюштурулат. Окуучулардын тарбиясын кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча экинчи жана тɵртʏнчʏ кʏндɵрʏ ИДН кызматкерлери келип зыяндуу заттар боюнча, кылмыштын тʏрлɵрʏ жана башка тартип темаларында сабактарды ɵтʏшɵт. Алыскы айылдардан, райондордон келген балдар-кыздардын бири-бири менен талашып-тартышып калбоосу ʏчʏн тыкыр кɵзɵмɵлдɵйбʏз. Мындан сырткары тазалыкты биринчи орунга коюп, ишембиликтерди ɵткɵрɵбʏз.

Бизде окуп кеткен жана окуп жаткан бʏтʏрʏʏчʏлɵр жɵнʏндɵ маалымат алып туруу ʏчʏн атайы телеграмм канал ачканбыз. Айрыкча «бʏтʏрʏʏчʏлɵр ɵз кесиби менен иштеп жатабы же жокпу» деген суроонун ʏстʏндɵ иликтɵɵлɵр жʏрɵт. Ɵздɵрʏ менен байланышып турабыз. Мындан сɵзсʏз тʏрдɵ ата-энелер дагы маалымат алып туруусу керек. Бизде окуп жаткан балдардын жʏрʏм-туруму, окуудагы жетишкендиктери жана башка маалыматтарды онлайн форматта ата-энелерге жеткирип турабыз. Кɵпчʏлʏгʏ алыскы региондордон болгондуктан ата-энелерди улам эле чакыртуу кыйын экен. Ошондуктан жылына эки жолу ата-энелер чогулушун ɵткɵрʏʏ пландалган.

Кимсан Жунусова, ашпозчу-кондитер тайпаларынын устаты.

Ар бир ашпозчуга адегенде калькуляция менен иштегенди так ʏйрɵтɵбʏз. Окуучуларыбыздын ʏйрɵнгɵн иштери боюнча ɵндʏрʏштʏк практикага жɵнɵтʏʏ ʏчʏн кɵптɵгɵн ишканалар менен келишимдер бар. Бир эле шаардын ичиндеги эмес, шаардын сыртындагы ашканалар, коомдук тамактануучу жайлар, кондитердик цехтер менен дагы иштешебиз. Бизге тынбай кайрылып, ашпозчу балдарыбызды ишке чакырышат. Суроо-талаптарга ылайык программабызда улуттук ашкана, чыгыш ашканасы, тез татым жана башка бардык тамактын тʏрлɵрʏ бар.

Алима Айматова, ɵндʏрʏштʏк окутуунун устаты.

Лицейге 9-класстын базасы менен келгендер 2 жыл окушат. Ɵзʏм 33 жылдан бери тигʏʏчʏлʏк боюнча сабак берем. Окуучулар эки жылык окууну аяктаган соң аттестат жана диплом алышат. Быйылкы жаңы эреже боюнча 35 жашка чейинки жарандарды тигʏʏчʏлʏккɵ, бычмачылыкка 10 айлык курстарга окутуп жатабыз. Андан сырткары 3 айлык курста окугандар сертификат алышат. Башка тармак боюнча билим алып, кошумча билим алуу ʏчʏн келгендер да бар. Биздин дипломдор 14 мамлекетке жарамдуу болуп саналат.

Окуучуларга тайпалар арасында мелдештер байма-бай уюштурулат. Шаардык деңгээлдеги конкурстарга жана кɵргɵзмɵлɵргɵ да активдʏʏ катышып, жакшы жыйынтыктарды кɵрсɵтʏп келишʏʏдɵ. Кайрымдуулук иштеринен четте калбай, колунан келген ɵнɵрлɵрʏ менен белектерин тартуулап турушат. Мисалы, быйыл ɵзʏбʏз кездеме сатып алып, Кара-Суу районундагы дʏлɵйлɵр жана дудуктар балдар бакчасына кийимдерди тигип алып бардык. Андан сырткары Ош шаарындагы реаблитациялык борборго чепчиктереди, кемселдерди жана башка кийимдерди тигип бердик. Ширетʏʏчʏ тайпасындагылар бала бакчанын кийим кургаткычтары жок экен эле, аны жасап беришти. Ал эми ашпозчуларыбыз тамак-аштарын бышырып алып боорукердик ʏйлɵрʏнɵн кабар алып турушат. Окуучуларым аябай жогорку деңгээлде, жакшы дизайндагы кийимдерди, пальтолордон бери мыкты тигип калышты.

Мухтар Акимбеков, ɵндʏрʏштʏ окутуунун устаты.

14 жылдан бери электромонтер адистиги боюнча 11-класстын базасынан келген балдарды окутам. Энергетика тармагы биздин ɵлкɵдɵ абдан актуалдуу кесиптердин бири. Анткени электр энергиясы кʏнʏмдʏк жашообузда кеңири пайдаланылат. Ɵлкɵбʏздɵ ГЭСтер, чакан ГЭСтер курулуп жатат. Демек энергетика тармагында мыкты адистерди даярдап чыксак, экономиканын ɵнʏгʏшʏнɵ да салым кошулат. Жакында эле Бишкек шаарына барып, электр тармагындагы жаңы, заманбап технологиялар менен таанышып, билимимди жогорулатып келдим. Алган билимимди окуучуларыма бɵлʏшʏп, жаңы методдор менен иштеп жатам.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author