Мугалимдик – сыймыктуу, жоопкерчиликтʏʏ, ары тʏйшʏктʏʏ кесип. Мугалим катары билим берип, келечек муундарды тарбиялаган ар бир окутуучунун жолу уникалдуу. “Илимдеги инсан” рубрикабыздын кезектеги коногу педагогика илимдеринин доктору, М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин табигый-гуманитардык илимдер борборунун башчысы Азиза Саттарова.

“Тɵрт бир тууган окутуучулук кесипти тандадык”
“Айылым алтын бешигим”, “Туулган жердин топурагы алтын” деп коет эмеспи, анын сыңарындай менин да бактылуу балалыгым Кара-Суу районуна караштуу кичинекей, кооз Кенжекул айылында ɵткɵн. Азыр 60 жашка чыксам да балалыгым алтын уямда жашап жаткансыйт. Ɵзʏм жɵнɵкɵй колхозчунун ʏй-бʏлɵсʏндɵ тɵрɵлгɵнмʏн. ʏй-бʏлɵдɵ 5 бир тууганбыз. Бир туугандарымдын баары жогорку билимдʏʏ. Бир эжем медицина тармагын тандаса, калган тɵртɵɵбʏз окутуучулук кесипти тандаганбыз. Баарыбыздын жогорку окуу жайда окушубузга ата-энебиздин салымы чоң. Ар дайым биздин билим алуубуз ʏчʏн талыкпай аракет кылышкан. Мындан сырткары бир туугандарымды кɵрʏп мугалимдик кесипке кызыгуум ойгонгон. Бир тууган агам Саттаров Ысмайыл Ош мамлекеттик педагогика институтунун математика адистигинде окучу. Ишемби кʏндɵрʏ айылга келгенде агамды кɵрʏп биз да студент болууну кыялданат элек. Кийин эжем да Ош мамлекеттик институтунун башталгыч билим берʏʏ бɵлʏмʏнɵ тапшырып студент болду. Мектепте окуп жʏргɵндɵ Гʏлипа деген эжекем кыргыз тили жана адабияты сабагынан окутчу. Менин мугалим болуума Гʏлипа эжекемдин да салымы чоң. Сабакты аябай кызыктырып ɵтɵр эле. Мына ушулардын баары мага чоң таасир берип, орто билимди аяктаган соң Ош мамлекеттик педагогика институтунун кыргыз филологиясы факультетине тапшырдым.

“Изилдɵɵлɵрʏмдʏ улантып келʏʏдɵмʏн”
Студенттик доорум башталып, жашоомдун эң бир кызык учурларын башымдан ɵткɵрɵ баштадым. Баарына жетишип, окууну жакшы окуп, жогорку стипендия менен аяктадым. Илим жаатына кызыгып баштаганда алгач “Балдар фольклору: жанрдык тʏзʏлʏшʏ, кɵркɵмдʏк ɵзгɵчɵлʏгʏ” деген темада кандидаттык диссертациямды жактаганмын. Андан кийин “Балдар ырларын мектепте окутуунун технологиялык негиздери” деген темада докторлук диссертациямды коргодум. Кудайга шʏгʏр азыр ошол мээнеттеримдин ʏзʏрʏн кɵрʏп, ушул деңгээлге жетип олтурам. Илим жактоодо илимдеги устаттарым жана агайларымдын салымы чоң. Менин алгачкы илимий кандидаттык диссертациямды филология илимдеринин доктору, доцент Танаев Токтош деген агайым жетектеген. Ал эми доктордук диссертациямда педагогика илимдеринин доктору, профессор Муратов Абдыкерим агайым кеңешчи болду. Устаттарымдын кɵрсɵткɵн жолу менен ушул кʏнгɵ келип, азыркы убакка чейин илимий изилдɵɵлɵрʏмдʏ улантып келʏʏдɵмʏн.
Мугалимдиктен жетекчиликке чейин…
Алгачкы эмгек жолумду Кара-Суу районундагы Ю.Гагарин атындагы орто мектебинде баштап, 2 жыл мугалимдикти аркаладым. Андан кийин Ош мамлекеттин институтуна социализмдин теориясы кафедрасына чакыртылып, адистигим боюнча бош орун жок болгондуктан лаборант болуп иштедим. Бир жылдан кийин кайра эле Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз филологиясы факультетинин, кыргыз тилинин практикалык курсу кафедрасына окутуучулук кызматка которулдум. Кийинчерээк кыргыз адабияты кафедрасына ɵттʏм. Анан эле Ош технологиялык университетине чакыртылып, кыргыз жана орус тилдер кафедрасында 2004-жылдан 2024-жылга чейин жетекчи болуп иштедим. Быйыл Ош технологиялык университетинде структуралык ɵзгɵрʏʏлɵр болуп, табигый-гуманитардык илимдер борборуна директордук кызматта иштеп келе жатам.

“Аял ʏчʏн жумуш менен ʏй-бʏлɵнʏ чогуу алып кетʏʏ оңой эмес”
Аял катары жумуш менен ʏй-бʏлɵнʏ тең салмакта алып кетʏʏ аябай оор. Бирок аял заты турмушта аракетчил, эмгекчил келип, бардык нерсени бирдей алып кетʏʏгɵ тырышат экен. Бала-чакалуу болгондо аларды караш керек болот, кайын журттун кызматы деген бар, баарына жетишʏʏгɵ аракет кылчумун. Кээде тʏнкʏ саат 12ден 3кɵ чейин кагаз иштери менен алек болуп, макалаларды жазчумун. Таң атканга чейин иштеген учурларым болду.
“Макала, кʏндɵлʏк жазганды жакшы кɵрɵм”
Жумуштан кийинки бош убактымда кабинетимде олтуруп алып ар кандай макалаларды жазганды жакшы кɵрɵм. Жɵн гана макала жазбастан, атайы ачылган кʏндɵлʏгʏмɵ сырларымды, кызыктуу кʏндɵрʏмдʏ жазып турам. Себеби кийин балдарым, неберелерим мени эстеген сайын кʏндɵлʏгʏмдʏ окушун каалайм. Кээде бош кʏндɵрʏм кɵбʏрɵɵк болуп калса Бишкекке неберелериме жол тартып жɵнɵйм. Аларды ойнотуп, жанында болгон мага рахат тартуулайт. Илим жолунда балдар адабияты мени кɵбʏрɵɵк кызыктырат. Балдарга арналып жазылган ырларды жана аңгемелерди жакшы кɵрɵм. Мындай чыгармалар мага 60 жашта экенимди унуттуруп коет.
“Бардык нерсеге убакыт тапса болот”
Адам баласы убакытты туура пайдаланса, сɵзсʏз максатына жетет. Убакытты туура пайдалануу ʏчʏн бир гана жумуш аткаруу керек эмес, ойногонго, кʏлгɵнгɵ, изденʏʏгɵ, иштɵɵгɵ бардык нерсеге жеткизсе болот. Азыркы жаштардын кɵбʏ бʏгʏнкʏ кʏн менен жашап калышты. Жок, эртеңки кʏндʏ, келечекти сɵзсʏз ойлош керек. Бʏгʏнкʏ кʏн менен жашаса анда жаңылышат. Арканды узун таштап, пландуу жашасак ийгиликтин жолдору ачыла берет.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы