20 августа, 2025

Кишимжан Фархатова: “Чикагону 8-областыбыз деп атап алганбыз”

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ дʏйнɵнʏн булуң-бурчунан миңдеген кыргыздарды кездештирʏʏгɵ болот. Каарманыбыз жолдошу Койчуманов Тимурлан менен Америка Кошмо Штаттарынын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында  жашашат. Кеп башынан болсун.

Жолдошум экɵɵбʏз Ош облусунун Кара-Суу районунан болобуз. Журт которуп келгенибизге 2 жылдын жʏзʏ болуп калды. Учурда бул жактагы кыргыздар ɵз ара “8-областыбыз” деп атап алган, кыргыздар эң кɵп жайгашкан Иллинойс штатынын Чикаго шаарында турабыз. Азыр жолдошум трак айдап иштейт. Мен ʏй иштери менен алекмин.

Кыргыз деген кылым кезген кыраан калк келет эмеспи. Кыргыздар дʏйнɵнʏн ары жагында да кыргызбыз да. Кɵп жылдар алдын келген ага-эже боордошторубуз бул жакка отурукташып калган. Бир туугандарыбыз бул жакта “Кыргыз коомдук борбору” деген уюм тарабынан жаңыдан келген кыргыздарга жардам иретинде, жакындашуу максатында тез-тезден ар кандай майрамдарды уюштуруп келишет. Айрыкча ушул Рамазан айында 30 кʏн бою ооз ачырылып, элдин башын бириктирип турушат. Мурунтан айтылып келгендей дасторкон бириктирет, жакындатат. Бир дасторкон четинде баарлашып жакындык, бир туугандык мамиле кʏчɵдʏ. Ынтымагыбызга кɵз тийбесин. Кыйналып калган ʏй-бʏлɵлɵргɵ, жардамга муктаж болуп калгандарга, кырсыктап калган инсандарга тез эле акча которуп жардам бергенге даяр турушат.

 Киндик каның тамган жерге эч бир жерди алмашпайсың го. Мейли ал дʏйнɵнʏн эң бай мамлекети болсун, эң ɵнʏккɵн мамлекети болсун ɵз тɵрɵлʏп-ɵскɵн ыйык Ата мекениңе эч бири тең келбейт. Балалыгыбыз ɵткɵн чаңы кɵтɵрʏлгɵн кɵчɵлɵрʏбʏздʏ, мɵлтʏрɵп агып турган сууларыбызды, тоо-таштарыбызды, ата-бабаларыбыз жердеген ыйык жерлерибизди, мекенибиздин абасын, анан албетте, ата-апа, бир туугандарыбызды, тууган-урукту сагынабыз.

      Ата-эне, дос-туугандан алыстап, бул жактагы жалгыз жакын инсаным — жолдошум. Жаңы келгенде адаптация болгуча аябай эле кыйналдым. Жолдошум баарына кошо алып жʏрʏп ɵзʏ ʏйрɵттʏ. Тракка жаңы чыкканда да кошо чыгып, жанында тамагын даярдап берип жʏрдʏм. Кʏндʏр-тʏндʏр токтобой чоң унааны айдап жʏрɵт. Чогуу кɵп кызык кʏндɵрдʏ, кооз жерлерди кɵрдʏк. Азыр эми мен ʏйдɵ калып, жолго чыгып кетеринде эле тамактарын даярдап салып берем.

Американын кыргыздарында жардам колун сунууга даяр турган, билгенин эл менен бɵлʏшʏп, жол кɵрсɵтʏʏгɵ белсендʏʏлɵрʏ абдан кɵп. Мекенчил,  ынтымактуу. А бирок, ошол менен катар жаңы келген кыргыздарды пайдаланып калайын деп алдап кеткендери да жок эмес. Америка биздин да кыялыбыз болчу. Келип кɵзʏ менен кɵрбɵгɵн адамдар бир кездердеги мага окшоп “Америка жалаң гана асман тиреген бийик имараттардан турат, Америкага барсам эле долларлап акча таап, бай болуп кетем” деп элестетишет. Бирок,  жалаң гана бийик имараттар эмес кадимки эле жапыс ʏйлɵр да бар, ал эми долларлап табылчу акчанын да ɵзʏнɵ жараша кыйынчылыктары бар.

Америка кɵбʏрɵк мекенди сʏйʏʏнʏ, ата-эне, туугандын кадырына жетʏʏнʏ, сабырдуулукту жана сылыктыкты ʏйрɵттʏ. Бул жактын адамдары сылык, жылмайып турушат. Американы кыялданып, келем деп кызыгып жʏргɵндɵр эң биринчи тил ʏйрɵнʏп келбесе бир топ кыйын. “Бɵтɵн элде султан болгуча, ɵз элиңдин ултаны бол” дегендей ɵз мекениңе эч жер жетпейт. Кандай мыкты жерде жʏрсɵң да Кыргызстан биринчи орунда.

Мен ʏчʏн жолдошумдун жанында болгонум кызык. Бул жакта бир убакыттын ɵзʏндɵ эле 2-3 мезгилди бир кɵрɵсʏң. Кыш болбогон штаттарында жайда жʏргɵндɵй жʏрʏп эле суук штаттарына жʏк алып барып калсак, суук, кышка барып калгандай болот. Анан да бул жакта 2-3 штатын кадимки ɵзʏбʏздʏн жерлерибизге окшотконум бар. Кыргызстанда оң жак тарабында тоо, сол тарабында дарыяны бойлоп кете бересиң го, дал ошондой жерлерди кɵргɵндɵ мекенге болгон сагыныч бир аз болсо да бɵксɵрɵ тʏшɵт. Трак чоң унаа эмеспи, шаардын кɵп кɵчɵлɵрʏндɵ жʏргɵнгɵ болбойт. Бир эле адашкан болсоң айландырып, трак жʏрʏʏчʏ жолго чыккыча кыйналасың. Жолдошум жаңыдан трак айдап чыкканда ошентип адашып кеткен учурлар болду. Полиция кызматкерлери тоспосо экен, тезирээк кенен жолго чыгып алсак экен деп коркок жаным ыйлап алчу элем.

Бʏкалча Маматали кызы

About The Author