Баш мээ жаракаты адам ɵмʏрʏн тʏп-тамырынан ɵзгɵртʏп жиберʏʏсʏ мʏмкʏн болгон оор кырсыктардын катарына кирет. Мындай оор абалда медицинанын нейрохирургия тармагы жардамга келет. Аталган тармакта кɵп жылдан бери эмгектенип келе жаткан, медицина илимдеринин кандидаты Курсанбек Калыевге кайрылып, бир нече суроолорбузга жооп алдык.

-Курсанбек Мыктарович, бейтаптар кɵбʏнчɵ кандай кырдаалдарда кайрылышат?
-Бейтаптар кɵбʏнчɵ жол кырсыктары, бийиктиктен кулоо, спорттук жана ɵндʏрʏштʏк жаракаттар менен кайрылышат. Нейротравма бɵлʏмʏндɵ бейтаптар баш мээ жаракатынан, омуртка жʏлʏнʏн жабыркашынан, катуу соккулардан кийинки баш айлануудан жана эс учунан таануу сыяктуу оор кырдаалдарда кабыл алынып, медициналык жардамдын ар кандай тʏрлɵрʏн алышат. Дарыгерлер бейтаптын ɵмʏрʏ ʏчʏн ар бир секунд менен кʏрɵшʏп, диагностикалоодон баштап, реабилитацияга чейинки бардык процесстерди кылдат жʏргʏзʏшɵт. 2009-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен нейрохирургия бɵлʏмʏ нейротравматология бɵлʏмʏнɵ айланды. Ошондон бери биз Ош шаары жана Ош облусу боюнча нейрохирургиялык кызматтарды кɵрсɵтʏп келʏʏдɵбʏз.
-Бул тармакка кантип кызыгып калдыңыз эле, эмгек жолуңуз башталган жылдар?
-Медицинадагы алгачкы эмгек жолум Ош шаарында 1998-жылы анестезиолог-реаниматолог болуу менен башталган. Кийинчерээк хирург, андан кийин нейрохирург кесиби менен иштедим. Менин негизги кесибим — нейрохирург. Нейрохирург болуп калыптанышыма устаттарым М.М.Мамытов, Ж.Ж.Жеенбаев, К.Б.Ырысов агайлардын салымы чоң. Студент убакта М.М.Мамытовдун жасаган операциялары менен таанышып, лекцияларын уккандан кийин нейрохирург болууну чечкемин. 2004-жылы нейрохирургия бɵлʏмʏнɵ дарыгер болуп кабыл алындым. Нейротравма тармагына басым жасап, терең ʏйрɵнʏʏгɵ аракетенгенмин, анткени бул тармак адам ɵмʏрʏнɵ тʏздɵн-тʏз таасир этет. Ошону менен 21 жылдан ашуун убакыттан бери нейрохирург катары ʏзʏрлʏʏ эмгектенип келе жатам.

-Сиздердин бɵлʏмдɵ бир убакта канча бейтапты тейлɵɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар?
-Негизи биздин бɵлʏмдɵ бейтаптар ʏчʏн 45 орун каралган. 15 дарыгер иштейт. Дарыгерлерибиз жетиштʏʏ, ошондой эле бɵлʏм акыркы медициналык жабдуулар менен жабдылган. Мисалы, заманбап чоң операциялык зал, доплер УЗИ (мээ кан тамырларын изилдɵɵгɵ), электроэнцефалография (мээнин биоэлектрдик активдʏʏлʏгʏн текшерʏʏчʏ аппарат) жана башка керектʏʏ шаймандар бар.
Ал эми бир учурда кɵп бейтап келип тʏшкɵндɵ ишибиз кыйла татаалдашат. Ошондуктан ыкчам мобилдʏʏ топ жардамга келет. Бейтаптарды жаракатына жана абалына жараша бɵлɵбʏз:
• Кан басымы тʏшʏп кетсе стабилдештирʏʏчʏ чаралар кɵрʏлɵт.
• Катуу ооруп жаткандарга ооруну басаңдатуучу дары берилет.
• Дем алууда кыйынчылык жаралса, дем алуу процессин калыбына келтирʏʏ ʏчʏн керектʏʏ манипуляциялар жасалат.
Мындай кырдаалда бир эле дарыгер баарын жасап жетише албагандыктан, комплекстʏʏ, жамааттык жардам кɵрсɵтʏлɵт. Кабыл алуу бɵлʏмʏнʏн дарыгерлери, реаниматологдор, травматологдор биргеликте иш алып барып, бейтапты оор кырдаалдан алып чыгууга, ɵмʏрʏн сактап калууга тырышышат. Айрым татаал операциялар нейрохирургдун чеберчилигин жана тажрыйбасын талап кылат.

-Жаңы технологиялардын жетишкендиктерине токтолуп ɵтсɵңʏз, кандай ɵзгɵрʏʏлɵргɵ алып келди?
-Мисалы, адамдын мээси — табияттын эң чоң сырларынын бири. Анын ар бир жаракаты ɵмʏрдʏ тʏп-тамырынан ɵзгɵртʏп жибериши мʏмкʏн. Бирок, бʏгʏнкʏ кʏндɵ илим жана технология адам акыл-эсин сактап калуу ʏчʏн укмуштуудай кадамдарды жасап жатат. Жаңычыл терапиялардын ичинен клеткалык технологиялар (клетканын мембранасына таасир этʏʏчʏ дарылар, нейропротекторлор ж.б. дары-дармектердин комплекстʏʏ таасирлери), эндоскелеттер (транспедикуляр фиксаторлор, кейждер ж.б), роботтук реабилитация жана нейростимуляция сыяктуу ыкмалар бейтаптардын жаңы жашоого кайтып келишине чоң ɵбɵлгɵ тʏзʏʏдɵ. Ɵмʏрʏнʏн маңызын жоготкон деп саналган адамдар кайрадан басып, сʏйлɵп, мурунку жɵндɵмдɵрʏн калыбына келтирип жаткан учурлар биз ʏчʏн эң чоң жеңиш.
-Кесиптик чɵйрɵдɵгʏ жетишкендиктериңизди атап ɵтсɵңʏз?
-Медицинадагы чоң жетишкендигим менин тажрыйбам деп эсептейм. Тажрыйбамдын арты менен бейтаптарды дарылап келем. Эмгегим бааланып, “Саламаттык сактоонун ардактуу дарыгери” тɵш белгисине да татыдым. Бул мен ʏчʏн сыймык, ошону менен бирге жоопкерчилик. Мындан ары да элге татыктуу кызмат кыла бермекчибиз. Чогуу иштеген кесиптештерим менен да сыймыктанам. Бɵлʏмдɵгʏ коллективдин ынтымагы бекем, ɵз ишине жоопкерчиликтʏʏ мамиле кылышат. Ошондой эле мен ʏчʏн сыймыктуу болгон дагы бир жагдай жɵнʏндɵ айткым келʏʏдɵ. Ушул оорукананын салынышына да кандайдыр бир даражада тиешем бар. 2010-жылы биздин ооруканага Кытайдагы элчиликте иштеген кыздын атасына операция жасалган. Ошондо ал кыз биздин оорукана эскиргенин, талапка жооп бербей турганын айтып, жаңы оорукана куруу керек деген оюн ортого салган эле. Анын демилгеси менен Кытай тараптан грант бɵлʏнʏп, жаңы оорукана курулуп, 2019-жылдан бери элди тейлеп келʏʏдɵ. Учурдан пайдаланып, жаңы оорукананын курулушуна себепчи болгон жана жардам кɵрсɵткɵн Кытай элчилигинде иштеген Актилек Мусаева айымыбызга терең ыраазычылык билдире кетем.


-Илим изилдɵɵ менен да алектенет экенсиз, медицинадагы кандай темалардын ʏстʏндɵ иштеп келесиз?
-Учурда доктордук диссертацияма даярданып жатам. Буга чейин кандидаттык ишимде оорулуулардын тез ɵлʏмгɵ алып келʏʏчʏ негизги себептерин изилдеп, натыйжалуу методдорду иштеп чыгып, алардын жардамы менен ɵлʏм кɵрсɵткʏчʏн 2-3 эсе тɵмɵндɵтʏʏгɵ жетиштим. Бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ изилдɵɵм мээдеги кан уюп калуу жана кан куюлуу кɵйгɵйлɵрʏнɵ багытталган. Доктордук диссертациямдын темасы “Баш сɵɵк ичиндеги жаракаттык кан куюлууларды диагностикалоо жана хирургиялык дарылоо”. Бул багытта мен оорулуу келгенден тартып, анын толук сакайып чыгышына чейинки медициналык тактикаларды изилдеп, дарылоодогу мʏмкʏн болгон мʏчʏлʏштʏктɵрдʏ аныктап, жаңы методдорду иштеп чыгууга басым жасайм. Изилдɵɵнʏн негизги максаты — травматикалык мээлик кан куюлууларды аныктоону жана хирургиялык дарылоону ɵркʏндɵтʏʏ, ошону менен бирге оорулуулардын жашоо сапатын жогорулатып, ɵлʏмдʏ азайтуунун жаңы эффективдʏʏ жолдорун иштеп чыгуу.
-Жаш дарыгерлерге жана медицина боюнча билим алып жаткан студенттерге кеп-кеңештериңиз?
-Жаш дарыгерлер ʏчʏн эң башкысы билим. Билимсиз медицинада иштɵɵ мында турсун, ойлонуу да мʏмкʏн эмес. Ошондуктан жаштарга айтарым, кʏн сайын окуп, жаңы нерселерди ʏйрɵнʏп, билимин ɵркʏндɵтсʏн. Медицина бир орунда турбайт. Биздин убакта китеп таппай кыйналган учурлар кɵп болчу. Азыр болсо бардык маалымат жеткиликтʏʏ – видео жана аудио сабактар, электрондук китептер бар. Жаштардан бир гана каалоо талап кылынат. Максат койбогон дарыгер эч качан чоң ийгиликтерге жетише албайт.
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы