“Эгерде эл ɵзʏнʏн тамырын унутса, анда ал улут катары жашоосун токтотот” деген кеп бар. Ааламдашуу заманында ɵзʏңдʏ, ɵзɵгʏңдʏ таануу жана аны сактап, мураска ɵткɵрʏп берʏʏ, келечек жолду аныктоо актуалдуулугу артып барат. Мамлекетибизде да акыркы жылдары улуттук идеология, улуттук нарк деген тʏшʏнʏктɵр байма-бай айтылып, коомду ойготууга болгон аракеттер кɵрʏлʏп келет. Бул тууралуу ɵлкɵ башчынын бир катар жарлыктары жарыяланды. Негизгисин айтсак, ɵткɵн жылдын аягында кабыл алынган “Улуттук дем — дʏйнɵлʏк бийиктик” уңгужолун кабыл алуу жɵнʏндɵ» жарлыгы.
Жарлык жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын мындан ары жакшыртуу, элдик каада-салттарды кайра жандандыруу, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандыруу жана ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн шарттарды тʏзʏʏ максатында иштелип чыккан.

“КЫРГЫЗ ЭЛИ БААТЫРЫ МИҢ, БАШЧЫСЫ БИР БОЛУП, КУТТУУ МЕКЕНИН ДАЙЫМА КОРГОП КЕЛДИ”
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын эң башкы байлыгы жана сыймыгы — эгемен мамлекети. Ɵлкɵгɵ атын берген кыргыз эли ɵзʏнʏн 3000 жылдык узак тарыхында кээде жылдызы жанып, улуу каганаттын ээси болсо, кээде мамлекеттʏʏлʏгʏнɵн ажырап, саясий ал-кʏчʏнɵн тайган учурлары да болду, тагдырдын эчендеген оор сыноолоруна кабылды. Ошентсе да, кыргыз элинин рухий деми артса артты, кемиген жок, ал сɵз мунарасын курду – “Манас” ʏчилтиги сыяктуу жалпы адамзаттык маанидеги улуу мурас жаратты.
Карт тарыхтын катаал жолуна кыргыз эли менен ʏзɵңгʏлɵш чыккан эчендеген элдер бʏгʏн дʏйнɵнʏн этносаясий айдыңында жок. Алардын аталыштары тарых барактарында гана калды. Кыргыз элинин миңдеген жылдар бою сакталып келишине, кайрадан эгемендʏʏ мамлекетке ээ болушуна нукура, ɵзʏнɵ гана таандык баалуулуктары жана нарк таянымдары, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы негизги омок болуп берди. Улуу “Манас” ʏчилтиги кыргыз элине дем берди, чачылганды жыйнады, бириктирди, кубаттуу мамлекет курууга ишеним жаратты. Ар бир доордо жашап ɵткɵн даанышмандардын, улуу ойчулдардын жараткан акыл-ой корутундулары, элдик макал-лакаптар, учкул сɵздɵр элибиздин демине дем кошуп, келечекке багыт берген уңгужол милдетин аткарды. Кыргыз эли баатыры миң, башчысы бир болуп, тар жол, тайгак кечʏʏдɵ, душмандардын сан коркунучтарынан сактап, куттуу мекенин дайыма коргоп келди. Улуттук нарк баштаган жазылбаган мыйзамдары, кээде бирдиктʏʏ мамлекети жок болсо да, кыргыз эли ыйык туткан улуу баалуулуктар, карманган салттары, тили, маданияты элди тарых белгисиздигине тʏшʏп кетʏʏдɵн сактады.
Узак жана кызыктуу тарыхка, мол коомдук-саясий тажрыйбага ээ, руханий байлыгы терең, наркты бекем карманып келген кыргыз эли буйрукка жараша, эгемендикке ээ болгон жылдарында уңгулуу жолунан адашып, улуттук баалуулуктары анчалык кɵңʏлгɵ алынбай, нарк ченемдерине ширелген коомдук институттары мурдагыдай болбой, даанышмандар баштаган улут билгилери баркталбай, улуттук сыймыгы тɵмɵндɵп, жарандык сезими мокоп, келечекке болгон ишеними азайып, куттуу мамлекетинин алсыроо мезгилине дуушар болду.
Кыргыз Республикасынын эли ушул кʏнгɵ чейин келечекке ишеним жарата турган, коомдун мʏмкʏнчʏлʏгʏн жаратмандыкка багыттоо кʏчʏнɵ ээ, элдин биримдигин, уюмдашуу жɵндɵмʏн арттыра алган, узак мɵɵнɵттʏʏ идеологияга, башбагытка муктаж бойдон калып келди. Аталган кырдаалдан ылдам чыгуунун ишенимдʏʏ жолдорунун бири, кыргыз жарандарын бир муштумга бириктире турган, куттуу келечекке ишеним арттырган, жарандык мекенчилдикти кʏчɵткɵн, улуттун демин арттырып, ага дымак берген, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачкан идеяларды иштеп чыгып, аны ыкчамдык менен ишке киргизʏʏ экендиги маалым болду. Андай идеялар бʏгʏн бизде бар, ал — Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем — дʏйнɵлʏк бийиктик” уңгужолу” – деп айтылат жарлыкта.

“ƟЗYБYЗДYН ИДЕОЛОГИЯБЫЗ ЖОК БОЛСО, КААЛАБАСАК ДА БАШКАЛАРДЫН ИДЕОЛОГИЯСЫНА БАГЫНУУГА АРГАСЫЗ БОЛОБУЗ”
Ар бир элдин маданияты, тили жана салты анын улуттук жʏзʏн аныктайт эмеспи. Жарлыкта белгиленгендей, Кыргызстан да ɵзʏнʏн бай тарыхы, руханий дɵɵлɵттɵрʏ жана эзелки салттары менен ɵзгɵчɵлɵнʏп келет. “Улуттук дем – дʏйнɵлʏк бийиктик” уңгу жолу – дал ушул дɵɵлɵттɵрдʏ сактоо менен бирге, дʏйнɵлʏк аренада атаандаштыкка жɵндɵмдʏʏ улут болууга чакырган идея. Ошондой эле улуттук баалуулуктарды сактоо жана ɵнʏктʏрʏʏ аркылуу ɵлкɵнʏн дʏйнɵлʏк аренадагы ордун чыңдоо аракети экенин белгилеп кетʏʏгɵ болот. Идея, идеология демекчи, советтик кинорежиссер Карен Шахназаров айткандай: “Биз муну кɵптɵн бери танып келгенбиз, “идеология” деген сɵздʏн ɵзʏнɵн коркуп жʏрдʏк. Бирок, ɵзʏбʏздʏн идеологиябыз жок болсо, каалабасак да башкалардын идеологиясына багынууга аргасыз болобуз. Бул армия сыяктуу: эгерде ɵзʏңɵрдʏкʏн багууну каалабасаңар, анда башкалардыкын багасыңар. Идеология мамлекеттин жашоосунун бир бɵлʏгʏ. Бул жакшыбы же жаманбы, билбейм, бирок бул чындык…”
Уңгужол тɵмɵнкʏ таянымдардын негизинде иштелип чыккан:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзам актыларын, ошондой эле эл аралык укуктук ченемдерди жетекчиликке алуу;
— кыргыз элинин мамлекет куруу жана аны башкаруу тажрыйбасы бар эл экендигин кɵңʏл борборунда тутуу;
— кыргыз элинин тили, тарыхы, маданияты жана нарк баалуулуктарынын жарандар тарабынан эркин колдонулушун, ʏйрɵнʏлʏшʏн жана дʏйнɵгɵ таанытылышын ɵлкɵ эгемендигинин белгиси катары эсептɵɵ;
— заттык баалуулуктардын маанилʏʏлʏгʏн танбай туруп, заттык эмес рухий баалуулуктарга артыкчылык берʏʏ;
— жарандардын жеке кызыкчылыктарын урматтоо менен коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын алардан жогору коюу;
-улуттук нарк баалуулуктары менен диний баалуулуктарды бири-бирине карама-каршы коюуга жол бербɵɵ;
— улуттук сыймыкты жогору коюу, бирок этностук менменсинʏʏнʏн эч бир кɵрʏнʏшʏнɵ жол ачпоо;
— жакынкы жана алыскы кошуна элдердин тили, тарыхы жана маданиятына нарктуулук менен мамиле жасоо;
— ɵз ɵлкɵсʏнʏн артыкчылыктарын даңазалоодо, башка ɵлкɵлɵрдʏн баалуулуктарын кемсинтпɵɵ, кошуна мамлекеттер жɵнʏндɵ эң жакшы ой-тилектерде болуу.
Таянымдарды бекем кармануу менен улуттук наркыбызды жоготпой, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сʏйʏнбек Касмамбетов: “Маңдайы алыстан кɵрʏнгɵн, маанайы майрам болуп тɵгʏлгɵн, энелерибиз керегеге шылтап, келинге сɵз баштап, уукка шылтап уулга сɵз таштап, тʏндʏгʏ бийик, тʏшкɵн нуру ыйык, сʏткɵ кашыгын сайып койсо жыгылбаган, берекеси тɵгʏлгɵн, белесте бетегеси бɵлʏнгɵн, кɵч ʏстʏндɵ тɵрɵлʏп, ат ʏстʏндɵ ɵлгɵн, кылычтын мизи, найзанын учу менен атанын, эненин ырыскысын, касиетин, макалын миң жылдар бою миллион сап Манастын бир сабын коротпой, ушул кʏнгɵ чейин алып келгендиги жаратканга жаккан, дегеле дʏйнɵ таанымга жаккан касиети бар элбиз. Биз ушундай элбиз…”, — деп берген маектеринде белгилегендей, кандай эл экенибизди эстен чыгарбай, ɵлкɵбʏздʏн ɵзɵгʏн бекемдеп, уңгусун таанытып, келечекке бир максатты кɵздɵгɵн элдин ынтымагын арттырып, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсандарды калыптандыруучу уңгужолубуздун ишке ашышын, ар бир кыргыз атуулунун жʏрɵгʏнɵ кыттай уюшун кааласак, анда баарылап салым кошуубуз ылаазым экенин эсибизден чыгарбайлы.

“ЖАЛГЫЗ АЯК ЖОЛ ЭКЕН, БУЛ ЖОЛГО ТYШСƟК АДАШПАЙБЫЗ…”
Уңгужолдо негизги делип бир катар багыттар коюлган. Айталы, билим жаатында, маданият жаатында, каада-салт, нарк-насил жаатында, тарых жаатында деги эле коомдук тʏшʏнʏктɵрдʏ бириктирген багытты аныктаган жааттарда жолдорду аныктайт. Аныкталган жолдорго ылайык, ɵкмɵт тарабынан мамлекеттик укуктук актылар даярдалып, анын негизинде билим берʏʏ тармагында жаңы адеп сабактары, маданият жаатында маданиятыбызды даңазалоо, тарых жаатында изилдɵɵлɵрдɵн кийин улуу адамдарды даңазалоо сыяктуу тармактык иштер аткарууга алынып, ɵнʏгʏʏгɵ жол салынат. Жол. Ушул жерден мамлекеттик катчынын жол тууралуу айтканын кыстара кетʏʏ ашыкча болбос, “Кыргызда жолдун тʏрʏ кɵп: жалгыз аяк жол, кыя жол, даңгыр жол, бɵксɵ жол. Элибиз мына ушулардын ар бирине нарк айтып отурушкан. Айталы, «Кыя жолго сал, балам. Кыяң каптап кете электе элге жетип бара калалык. Жолду кыскарталык. Бɵксɵ жолго сал, балам. Бɵрʏлɵргɵ жем болбой, тоодон башыбыз чыкпай, сууга тʏшпɵй, ортосу бɵксɵ жол менен бɵгʏп отуруп, бɵрʏ жʏрʏшкɵ салып, айылга жетип баралык, балам. Даңгыр жолго сал. Элден, кербенден калбайлы. Мата-бɵз, темир-тезекти алганга ошолор менен аралашып жашайлы. Жалгыз аяк жол — кɵп адамдар каттаган жол экен, бул жолго тʏшсɵк адашпайбыз”, — деп баарын наркка байлап сʏйлɵгɵн элибиз алдыдагы жолунан адашпай, багытын таап, улуттук деми менен дʏйнɵлʏк бийиктикти багынтуусуна тилектешпиз. Албетте, мамлекет ɵзʏнʏн улуттук баалуулуктарын сактап, ошол эле учурда заманбап инновацияларды ɵздɵштʏрɵ алса, анда ал дʏйнɵлʏк деңгээлде ийгиликке жетише алары талашсыз. Ага мисал, Япония, Тʏштʏк Корея жана Кытай сыяктуу мамлекеттер улуттук маданиятын жоготпостон, технологиялык ɵнʏгʏʏнʏн лидерлерине айланганын айтууга болот.
ЧАКЫРЫК (жарлыктан)
Ɵзʏнʏн дʏйнɵ тарыхындагы ээлеген ордун тʏбɵлʏк коргоп калууну кɵздɵгɵн кыргыз эли, тутунган уңгулуу жолунан, улуттук деминен жазбай, келечекке ишеним менен карап, жеке ɵзʏ гана эмес, азыркы тынымсыз ɵзгɵрʏлʏп, кооптуу болуп бара жаткан дʏйнɵдɵгʏ жалпы адамзат коому ʏчʏн да ɵтɵшʏ керек болгон вазипаларынын бар экенин моюнга алышы керек. Кыргыз болуу тарыхтын жʏрʏшʏн артынан акмалап, ээрчип жашаган элдердин бири бойдон калуу эмес! Кыргыз болуу — ата-бабасы кандай болсо дал ошондой, атырылып алга чыгуу, тарых жаратуу, дʏйнɵнʏ деми менен талыкпай ɵргɵ сʏрɵɵ деген сɵз!
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы