20 августа, 2025

А. Багышов: “Кошумча каржылоо долбоору жана эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешебиз”

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы калктын саны 48 857 жашоочуну тʏзɵт. Шаардагы эң чоң аймактардын бири, аянты 862 гектар. Учурда шаардын башка аймактары сыяктуу эле Керме-Тоодо да кɵчɵлɵрдʏ тартипке келтирʏʏ иштери кызуу жʏрʏп жатыптыр. Дагы кандай ɵзгɵрʏʏлɵр, жетишкендиктер жана кɵйгɵйлɵр бар? Ош шаарынын мэриясынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Абдымомун Багышов жооп берди.

Биздин аймакта Анар, Тɵлɵйкɵн, Кулатов, Кɵкʏмбий, Ак-Тилек, Черемушки, МЖК-1, 2 жана Аскер шаарчасы кичи райондору, андан сырткары 218-225-225А кварталдары делген жаңы конуштарыбыз орун алган. Аймактык башкармалык 16 кварталга бɵлʏнгɵн. Кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн саны 191, дагы 10 кɵп кабаттуу ʏйдʏн курулушу жʏрʏʏдɵ. 3088 жер ʏй бар. Балдарга 6 мамлекеттик орто мектеп, эки мектеп-интернаты билим берип келет. Интернаттын бири №11 В.Терешкова атындагы, экинчиси кɵзʏ азиздер жана кɵрʏʏсʏ начар балдардын мектеп-интернаты. Мектепке чейинки билим берʏʏ мекемелерибиздин саны 9ду тʏзɵт. Ɵткɵн жылы Ак-Тилек кичи районунда бир жаңы бала бакча курулуп, пайдаланууга берилген. Ушул эле кичи райондо дагы бир бала бакча курулууда. Бирок бала бакча кɵйгɵйʏ жок эмес. Бул тармакта иштерди дагы улантуубуз кажет. Мындан сырткары былтыркы жылы №20 И.Раззаков атындагы мектептин курулушу аяктап, урматтуу Президентибиздин катышуусунда салтанаттуу тʏрдɵ ачылды. Азыр №11 В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын да жаңы имараты курулууда, жай айларында бʏтʏп калат. Жаштарыбызды спорттон четте калтырбай жеке ишкерлер тарабынан 4 спорттук объект салынып, шарттары тʏзʏлгɵн. Биздин аймакта элди жумуш менен камсыздап, экономиканын ɵсʏшʏнɵ салым кошуп келе жаткан ири ишканалар жана орто, кичи ишкерлик жʏргʏзʏп жаткан 952 ишкердик субъект бар. Ошондой эле эки чоң сейил бак, 4 аллея орун алган.

Черемушки, Анар кичи райондорун кошуп тейлеген Черемушки кичи районунда №4 ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борбору (поликлиника) бар. Имараты ʏй-бʏлɵлʏк жатакананын биринчи кабатында жайгашкан. Эскилиги жеткен имарат, ɵткɵн жылы капиталдык ремонттон ɵткɵн, бирок ɵзʏнчɵ имараты болбогондуктан жарандарды кабыл алууда кɵйгɵйлɵр жаралат. Бул боюнча жыл сайын Ош шаарынын мэриясына сунуш берип келебиз. Мындан сырткары 2023-жылы 225-кварталга эл аралык уюмдардын жардамы менен заманбап ФАП курган элек, азыркы учурда медицина кызматкери жетишсиз болгондуктан, убактылуу иштебей турат. Жыл башында мэрияга, шаардык кеңешке кайрылып, жарым ставка менен болсо да бир медицина кызматкерин дайындоо сунушун бергенбиз. Аймакта жалпы 5 саламаттыкты сактоо мекеме элди тейлейт. Жогоруда айтып ɵткɵн жаңы конуштарыбызда бала бакча, ФАП маселелери азырынча чечиле элек.

Жаңы конушубузда (№218 квартал) кыш мезгилинде таза суудан кɵйгɵй болбогондуктан кʏн сайын эле берилʏʏдɵ. Ал эми жай мезгилинде суу жетишсиздигинен улам графикке ылайык, кʏнʏнɵ эки сааттан берилет. №225-225А кварталында жашоочулар эми кɵчʏп келе баштагандыктан таза суу тʏтʏктɵрʏ тартыла элек. Бул маселе быйылкы жылга каралып жатат, долбоору даярдалууда. Андан сырткары кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵ, Ак-Тилек, Черемушки кичи райондорунда эскилиги жеткен союз мезгилиндеги тʏтʏктɵрдʏ жыл сайын жаңылоо иштери жʏргʏзʏлɵт. Мэриянын “элʏʏгɵ — элʏʏ” делген кошумча каржылоо долбоорунун негизинде эскилиги жеткен суу тʏтʏктɵрʏ, канализация жана башка маселелерди жергиликтʏʏ бийлик менен эл биргеликте жасап келʏʏдɵ. Кеңештин борбору тарапта 70тен ашуун ʏй бар. Анын 56сына ɵткɵн жылы кошумча каржылоо долбоору менен газдын негизги чоң тʏтʏктɵрʏн тартуу боюнча иштегенбиз. 218-кварталда да ушул эле долбоорду ишке ашыруу кʏтʏлʏʏдɵ. Былтыркы жылы Чкалов кɵчɵсʏнʏн бир тарабына асфальт тɵшɵлʏп, лоток, тротуары кошо салынган. Ал эми Кɵкʏмбий кɵчɵсʏнʏн асфальты алынып, кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштардан тазалап, жаңыдан капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏʏ боюнча жумуштар башталган, май айына чейин асфальты басылып бʏтɵт деп турабыз.

Негизи муниципалдык аймактык башкармалыктарга атайы бюджет бɵлʏнʏп берилбейт. Жыл сайын мэриянын кошумча каржылоосу жана эл аралык долбоорлор менен кɵбʏрɵɵк иштейбиз. 2024-жылы жалпы 13 долбоор менен иштеп, кɵчɵлɵрдʏ, кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн алдын асфальттоо, лотокторду орнотуу, газ тартуу сыяктуу алгылыктуу иштер аткарылган. Кулатов кичи районунда бак-дарактарды сугаруу ʏчʏн сугат суусун чыгаруу боюнча дагы бир уюм менен иштеше баштаганбыз, кеч кʏз болуп кеткендиктен ишибиз токтоп калган эле быйыл улантууну кɵздɵп жатабыз.

Жазгы ʏч айлык биздин аймакта да активдʏʏ уланууда. Аткарыла турган жумуштар Ош шаарынын мэриясынын токтомунда кɵрсɵтʏлгɵн. ʏч айлыкты ʏч этапка бɵлʏп кароодобуз. Биринчи этапта кɵчɵттɵрдʏ, гʏл бакчаларын отургузуу жана ички кварталдарды тазалоо. Экинчи этапта бак-дарактар, тосмолор акталып-сырдалат. Жыйынтыктоочу ʏчʏнчʏ этапта таштандылардан тазалоо, бак-дарактарды бутоо менен иш аяктайт. Азыр жарандарыбыз тарабынан да, мэрия тарабынан да борбордук кɵчɵлɵрдʏн жээгине кɵчɵттɵр отургузулуп жатат.

Башкармалыкта жалпы 9 муниципалдык кызматкер эмгектенет. Ар биринин функционалдык милдеттери бекитилип берилген. Эки башкы адисибиздин бири кадр маселелери жана ага кошулуп 1 иш кагаздары боюнча адисибиз санарип аймактын алкагында иштерди алып барат. Мурда билесиздер жашаган жери, ʏй-бʏлɵсʏ тууралуу маалымкаттар кагаз тʏрʏндɵ берилчʏ. Азыр баары электрондоштурулуп, жарандар бизге келип санарип аймакка киргенден кийин тʏндʏк тиркемеси аркылуу маалымкаттарын ала алышат. Ал эми чарба боюнча башкы адис транспорт, чарба тармагын карайт. Мындан сырткары юристибиз бар, анын жумуштары боюнча айтсам, ар бир МАБда коомдук алдын алуу борборлору тʏзʏлгɵн. Ар ишемби кʏндɵрʏ коомдук алдын алуунун жыйынын ɵткɵрɵбʏз. Жыйынга милиция бɵлʏмʏнʏн кызматкерлери, ИДН кызматындагылар, аксакалдар соту, аялдар кеңешинин тɵрайымдары, квартал башчылары катышып, бир жума ичиндеги коомдогу терс кɵрʏнʏштɵрдʏ, мыйзам бузуу, улуттар аралык маселелер, зордук-зомбулук маселелери каралып, аны болтурбоо аракеттери жɵнʏндɵ талкуулап, кийинки ишембиге чейинки бир жумалык иш планын кабыл алабыз. Экономика тармагын тейлеген кызматкерибиз аймактагы тейлɵɵ чарбалык субъектилерин, ал жерде канча адам иштерин тактап чыгат, ошол эле учурда бейɵкмɵт уюмдар менен да иш алып барат. Социалдык маселелерди кɵзɵмɵлдɵгɵн адисибиз аймактагы социалдык жактан муктаж жашоочулар менен иштейт. Жер адисибиз учурда сʏрдʏрʏʏ, тартипке келтирʏʏ иштери менен алектенʏʏдɵ. Башында мэрдин таңкы рейддеринде биздин аймактын да бир нече чоң кɵчɵлɵрʏн кыдырганбыз. Кызыл сызыктан чыгып кеткен объекттер боюнча архитектура, мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен биргеликте тʏшʏндʏрʏʏ иштери да жʏргʏзʏлгɵн. Кɵпчʏлʏк тургундарыбыз ɵз билемдик менен курулган курулуштарды алып салуу иштерин тʏшʏнʏʏ менен кабыл алып жатышат.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author