20 августа, 2025

Туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдары ɵткɵрʏлдʏ

Yстʏбʏздɵгʏ жылдын 25-мартынан тарта Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын отурумдары башталды. Алгач транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кɵчмɵ жыйыны болуп ɵттʏ. Кʏн тартибинде Ош шаарынын мэриясынын шаардагы автотыгындарды азайтуу жана жʏргʏнчʏлɵрдʏ сапаттуу тейлɵɵ боюнча аткарып жаткан иштери боюнча маселе каралды. Депутаттар Мамыров, Кɵкʏмбий жана Мониев кɵчɵлɵрʏндɵгʏ жолдун абалы менен таанышып чыгышты. Андан соң жʏргʏнчʏлɵрдʏ сапаттуу тейлɵɵ боюнча Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын автопаркы менен жана аткарып жаткан иштери менен жеринен таанышып, отурум ɵткɵрʏштʏ. Туруктуу депутаттык комиссиянын мʏчɵлɵрʏ жана кызматкерлер  тарабынан сунуштар айтылып, жыйынтыгында Ош шаарынын мэриясынын шаардагы автотыгындарды азайтуу жана жʏргʏнчʏлɵрдʏ сапаттуу тейлɵɵ жɵнʏндɵ маселе Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.

Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана ɵзгɵчɵ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурумун комиссиянын тɵрагасы Бакир уулу Шахназар жетектеп, ага Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Отурумдун кʏн тартибинде шаар аймагында автоунаа жолдорун куруу, оңдоп-тʏзɵɵ, муниципалдык менчиктеги мʏлктɵрдʏн ижара акыларын кароо, жайыт жерлерди пайдалануунун 2025-жылга карата иш-планын бекитʏʏ, муниципалдык менчиктеги айрым мʏлктɵрдʏ мамлекеттик менчикке ɵткɵрʏп берʏʏ маселелери каралып, комиссия мʏчɵлɵрʏ менен жетекчилер арасында суроо-жооп иретинде талкуу жʏргʏзʏлдʏ. Отурумдун жыйынтыгы менен маанилʏʏ маселелер Ош шаардык кеңешинин сессиясында кароого сунушталды. Ал эми комиссиянын кароосунан ɵтпɵгɵн маселелер тиешелʏʏ мекеме-ишканалар тарабынан толуктоо ʏчʏн артка кайтарылды.

Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий ɵнʏктʏрʏʏ жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумун комиссиянын тɵрайымы Акмарал Тентимишова алып барып, кʏн тартибинде эки маселе каралды. Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы №85 “Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата Мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасын бекитʏʏ жɵнʏндɵ» токтомун кʏчʏн жоготту деп таануу жɵнʏндɵ маселени талкуулашып, комиссиянын чечими менен шаардык кеңештин кезектеги сессиясына сунушталды. Ош шаарындагы социалдык тармактарды тейлеген мекемелердин 2024-жылда аткарган иштеринин маалыматтарын угуу жɵнʏндɵ маселени талкуулашып, депутаттардын сын-сунуштарын эске алуу менен протоколдук тапшырмалар берилип, туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунун чечими кабыл алынды.

Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму ɵткɵрʏлдʏ. Отурумду комиссиянын тɵрагасы Азамат Тургунбаев алып барды. Отурумдун кʏн тартибинде Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызмат бɵлʏмʏнʏн жол коопсуздугун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жɵнʏндɵ мекеме-ишканалардын жетекчилеринин маалыматтары угулду. Шаардагы “Коопсуз шаар” долбоорунун иштеши боюнча суроо-жооптор болуп, депутаттар тарабынан маселе чийки, маалыматтар так эмес экендиги белгиленди. Туруктуу депутаттык комиссия мʏчɵлɵрʏ ɵздɵрʏнʏн ойлорун, долбоордун шаарга пайдасы жана зыяны, шаардагы болуп жаткан кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу, кɵчɵлɵрдʏ иретке келтирʏʏ иштерине байланыштуу жол эрежелеринин толук сакталбай жаткандыгы, ошол себептен айдоочулардын негизсиз айып пул тɵлɵп жаткандыгы, акча каражаттарынын жергиликтʏʏ бюджетке тʏшʏʏсʏ боюнча сунуштарын беришти.

Жыйынтыгында Ош шаарында азыркы учурда болуп жаткан кɵчɵлɵрдʏ кеңейтʏʏ, бак-дарактарды тигʏʏ, жолдорду оңдоп-тʏзɵɵ жана асфальттоо иштери аяктаганга чейин “Коопсуз шаар” долбоорунун ишин убактылуу токтотуп туруу сунушу менен Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталды.

Жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердʏʏлʏк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп ɵттʏ. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын тɵрагасынын орун басары Илхомжан Каримов алып барып, комиссиянын мʏчɵлɵрʏ жана мэриянын тиешелʏʏ кызматкерлери, муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышышты. Кʏн тартибинде эки маселе каралып, депутаттардын суроо-сунуштарынын негизинде “Ош шаарындагы муниципалдык базарлардагы тʏзʏлгɵн шарттар боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштери жɵнʏндɵ” маселени Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясына сунуштоо боюнча чечим кабыл алынды. Экинчи отурумдун маселесинин маалыматтары эске алынып, депутаттар сунуштарын, тапшырмаларын тиешелʏʏ мэриянын, муниципалдык айылдык, аймактык башкармалыктардын жетекчилерине беришти.

About The Author