
Ош шаарындагы быйылкы Нооруз майрамы ɵлкɵ башчы Садыр Жапаровдун катышуусу менен ɵттʏ. Президент ɵз сɵзʏндɵ Нооруз байыртадан бери жаңылануунун, биримдиктин жана жакшы башталыштардын символу экенин белгиледи. Мындан сырткары Ош шаарынын тарыхый маанисине токтолуп, Улуу Жибек Жолунда жайгашкан бул байыркы шаар ар дайым маданияттын, сооданын жана эл аралык байланыштардын борбору болуп келгенин, кɵп улуттуу элибизде ынтымак байырлаган баалуулуктарынан алыстабастан, учурда ар багытта ɵнʏгʏʏ жолунда баратканын айтты. Ɵлкɵ башчы ɵз сɵзʏндɵ чек ара маселелери боюнча биротоло чекит коюуга мʏмкʏн болгонуна, Кыргызстан дʏйнɵлʏк стандарттарга жооп берген жана жаштардын ɵнʏгʏʏсʏнɵ кеңири мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ камсыз кылган 12 жылдык окутуу системасын киргизʏʏгɵ, экономикалык блоктогу пландарды — 2025-жылы ɵлкɵдɵ бир катар стратегиялык объектилер алардын ичинде жаңы ГЭСтер, текстиль фабрикалар, логистикалык борборлор, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар ишке кире турганын атады. Ал быйыл Кыргызстанда жалпысынан 128 жаңы ишкана иштей баштарын, бул экономиканы чыңдоодо жана жумуш орундарын тʏзʏʏдɵ маанилʏʏ кадам болорун баса белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчысы улуттук баалуулуктардын жана руханий кайра жаралуунун маанилʏʏлʏгʏн белгилеп, адеп-ахлакты, улуттук дем жана муундардын байланышын чыңдоого багытталган жарлыктарды эске салды.
Расмий бɵлʏктɵн кийин маданият кызматкерлери тарабынан майрамдык концерттик программа тартууланып, президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин Ассамблеясына кирген Ош шаарындагы этникалык жамааттардын мыкты улуттук тамак-аштарынын жана элдик кол ɵнɵрчʏлʏгʏнʏн кɵргɵзмɵлɵрʏн кɵрʏп чыкты. Майрамдын жʏрʏшʏндɵ спорттук иш-чаралардан ордо, тогуз коргоол, аркан тартыш, кол кʏрɵш, кыргыз кʏрɵш, таяк тартыш боюнча мелдештер ɵткɵрʏлʏп, жеңʏʏчʏлɵр шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле Нооруз майрамынын кечки бɵлʏгʏ жылдыздарынын катышуусунда чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталды.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы