21 августа, 2025

Жаш муунду тарбиялоонун жоопкерчилиги

Мугалимдик кесип – бул коомдун негизги тутумун тʏзгɵн, жаш муунду тарбиялоодо маанилʏʏ ролду ойнойт. Менин мугалимдик кесипти тандап алууга негизги себептеримдин бири – мектепте сабак ɵткɵн эжеке-агайларымдын сɵздɵрʏнʏн, ошол эле мыкты мугалимдердин жʏрʏм-турумунун таасири деп айтар элем. Мугалим катары билим берʏʏ, тарбиялоо жана балдардын жан дʏйнɵсʏн тʏшʏнʏʏ жɵндɵмдɵрʏ мени терең ойлонууга тʏрткʏ берди. Мен да ошолор сыяктуу жаштардын келечегине, алардын билим алуусуна жана инсан катары калыптануусуна салым кошууну кааладым.

 Мугалимдин негизги максаттарынын бири – билим берʏʏ. Бирок билим берʏʏ процессинде мугалимдин ролу андан да жогору деп ойлойм. Мугалим – бул балдардын ɵнʏгʏшʏнɵ, алардын психологиясына жана эмоциялык абалына кɵңʏл буруучу адам. Мугалим керек кезде актёр, керек кезде чыгармадагы каарман боло алат. Мугалимдер сабактарда билимди гана эмес, ошондой эле моралдык жана этикалык баалуулуктарды да ʏйрɵтʏшкɵндʏктɵн аталган маселелерге мен да чын дилимден маани берип, бир канча китептерди окуп чыгууга туура келди. Мисалы, сабакта балдарга ынтымак, достук жана жоопкерчилик тууралуу тʏшʏнʏк берʏʏ ʏчʏн ɵзʏм да достук, ынтымак тууралуу  кыргыз баалуулуктарына кɵңʏл буруп окууга, аталган багыттарда изденип, омоктуу ойлорду таап окуп чыгууга туура келди.

Сабак ɵтʏʏ процессинде мугалимдин тʏйшʏгʏ чоң, аны таасирдʏʏ, материалдар жеткиликтʏʏ болуу ʏчʏн далалат жасайсың. Мугалим катары дагы бир кɵңʏл бурчу нерсе, ар бир бала – уникалдуу, кызыкчылыктары ар кандай, жɵндɵмдɵрʏ да тʏрдʏʏ. Мугалимдер бул айырмачылыктарды эске алып, ар бир окуучуга ɵзʏнчɵ мамиле кылуу аракетин кɵрɵт. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой биздин колубузда Z мууну билим алууда. Ошондуктан мугалимдер аталган муундагы балдардын психологиясын терең тʏшʏнʏп, ар кандай билимин жогорулатуучу курстардан ɵтʏп, алардын эмоционалдык абалын тʏшʏнʏʏгɵ ɵзʏн даярдашы шарт.

Мугалимдик кесипте жаңычылдыкка умтулуу да жаш мугалимдер ʏчʏн ɵтɵ маанилʏʏ. Жаңы технологияларды колдонуу менен интерактивдʏʏ сабактарды ɵтʏʏ, балдардын кызыгуусун арттыруучу методдор менен иштеп чыгуу – булардын бардыгы мугалимдин ишинин сапатын жогорулатат.       

 Менин мугалимдик кесипке болгон кызыгуум, технологияларды мыкты билгеним жана аларды сабактарда колдонууга даярдыгым менен байланыштуу. Бул менин окуучуларымдын билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга жардам берет.

 Бʏгʏнкʏ кʏндɵ мугалимдик кесиптин негизги ɵзгɵчɵлʏктɵрʏнʏн бири – адамгерчилик. Мугалимдер балдардын жашоосундагы эң маанилʏʏ фигуралардын бири болуп, алардагы таалим-тарбиясынын ɵнʏгʏшʏнɵ, моралдык калыптануусуна жана коомго болгон мамилесине таасир этет.          

Мугалимдердин адамгерчилиги, сабырдуулугу жана тʏшʏнʏктʏʏлʏгʏ – бул жаш муунду тарбиялоодо ɵтɵ маанилʏʏ фактор катары кызмат кылары бышык.

 Пайгамбардык кесипке шайкеш келген кесип – бул жɵн гана кесип эмес, бул жаш муунду тарбиялоонун, билим берʏʏнʏн жана адамгерчиликти ɵнʏктʏрʏʏнʏн кесиби. Коомдун келечегин куруучу жаштардын жʏрɵгʏндɵ билимге жана адамгерчиликке болгон сʏйʏʏнʏ багуу менен алардын мыкты адам болоруна биз таасир беребиз.

Менин мугалимдик кесипти тандап алуум, менин  балдардын жан дʏйнɵсʏн жакшы кɵргɵндʏгʏмдɵн жана коомдо ордумду таап, кесип ээси болуу ʏчʏн болгон умтулуумдан келип чыккандыгы ʏчʏн кесибимди аздектеп, барктап жашайм. Бар бол, мугалим! Чарчаба, коомго керексиң!

 №33 Самидин Алымкулов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Надыркул кызы Жамийла

About The Author