21 августа, 2025

УЛУТТУК ДЕМ — ДYЙНƟЛYК БИЙИКТИК:

“ЖАЛПЫБЫЗ КОЛДОО КƟРСƟТКƟНДƟ ГАНА ЖАКШЫ ЖЫЙЫНТЫККА ЖЕТЕБИЗ”

“Кыргыз жери — кɵчмɵндɵр цивилизациясынын алтын бешиги. Келечекте ааламдык илимий ачылыштар, дʏйнɵлʏк маанидеги кɵркɵм ɵнɵр чыгармалары жарала турган ыйык жер. Улуттук деми барган сайын арта берген нарктуу, айкɵл элдин мекени” деп жерибиз сʏрɵттɵлсɵ, ал эми “Кыргыз эли — жеке ɵзʏнɵ таандык тарыхый тагдыры бар, миңдеген жылдар бою ɵз аталышын, мамлекеттʏʏлʏк салтын жоготпой сактап келген, адамзат ɵркɵнʏнɵ орчундуу салым кошкон, дʏйнɵлʏк коомчулук тарабынан таанылган, кайталангыс эл” деп элибиз баяндалат “Улуттук дем — дʏйнɵлʏк бийиктик” Уңгужолу доктринасында. Бул баяндоолор окуган ар бир кыргыз жаранынын кɵкʏрɵктɵгʏ мекенчилдик сезимин козгоп, сыймыктануу менен мекенге, элге, жерге болгон сʏйʏʏсʏн дагы бир ирет эсине салары шексиз. Эгер сиз да жана эле бул кɵрʏнʏштʏ жашап ɵтсɵңʏз, анда жарлык алгачкы максатына жетип жатыптыр, окурман.

Ɵткɵн саныбызда белгилегендей, жарлык жарыялангандан тарта бардык мамлекеттик структураларда, мекеме-ишканаларда, окуу жайларда жарлык менен тааныштыруу, маани-мазмунун тʏшʏндʏрʏʏ, жалпы журттун кабыл алуусуна жардам берʏʏ максатында маалыматтык кампания жʏргʏзʏлʏп келет. Тармактар кандай иш алып барууда? Макаладан таанышыңыз.

Элдик Курултай делегаттарынын Ош шаары боюнча координатору Эркин Абдыразаков жарлыктын маанилʏʏлʏгʏнɵ токтолуп, улуу муунга да, жаштарга да бирдей жаккан демилге экенин белгилеп, буларга токтолду:

“Улуттук дем — дʏйнɵлʏк бийиктик” Уңгужолу Кыргызстан эгемендʏʏлʏктʏ алгандан берки алгачкы эң мыкты жарлык десек болот. Кыргызда баалуулуктар кɵп эмеспи. Башка бирɵɵлɵрдʏн таасирине кирип ээрчибестен, кыргыз философиясына ылайык, ɵзʏбʏздʏн идеологиябыздагы башкы мыйзамыбыз пайда болгону турат. Мунун алкагында президентибиздин тапшырмасы менен Жогорку Кеңеште мындан ары кабыл алынуучу мыйзамдарды да уңгужолдун алкагында кабыл алуусу талап болууда. Ал эми Министрлер Кабинетинде социалдык-экономикалык жана башка багыттарда ɵнʏгʏʏ концепцияларын иштеп чыгууда уңгужолду эске алуу жана мурда кабыл алынган концепциялардын баарын инвентаризациялап, уңгужолго тууралап, кайрадан карап чыгуу милдеттери турат. Аймактарды ɵнʏктʏрʏʏ маселесине келсек, борборду карап гана отура бербестен, ɵздɵрʏнʏн аймактык ɵзгɵчɵлʏктɵрʏнɵ, мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏнɵ, багыттарына жараша ылайыктуу мыйзамдарды, концепцияларды иштеп чыгып, сунуштап, ɵнʏгʏʏгɵ багыт алсын деп жатат. Бул эгемен мамлекеттин дагы бир жолу бийиктикке кɵтɵрʏлʏп, дʏйнɵлʏк масштабда спортто болобу, маданиятта болобу, экономикада, туризмде же тышкы дипломатияда болобу ɵзʏбʏздʏн багытыбызды таап, негизги ата-бабадан калган каада-салтты, тилибизди ɵнʏктʏрʏʏгɵ жана мамлекеттʏʏлʏктʏ чыңдоого биринчи кадам десек болот. Мындай аракет албетте, аксакалдарга да, жаштарга дагы жагат. Муну жалпы журт колдойт деп терең ишенем.

Ал эми Ош шаардык ардагерлер кеңешинин тɵрагасы Бактыбек Карыбеков жарлыктын жалпыга жайылышына, кийинки муундун уңгу жолду улап, ɵзɵгʏн таанусуна салым кошуу, жардам берʏʏ максатында ардаргерлер да четте карап турбастан, мʏмкʏнчʏлʏккɵ жараша иш алып барылып жатканын кошумчалады:

Жарлыкты ишке ашырууда ардагерлер кеңеши ата-бабалардан калган улуттук каада-салт, оюн-зоокторубузду жаштарга, коомго жайылтууда акыл-насаатыбызды айтып, тарбиялык иш-аракеттерибизди дайыма жʏргʏзʏп келебиз. Коомдо болуп жаткан терс кɵрʏнʏштɵргɵ кайдыгер карабай, аксакалдык насааттарыбызды айтып, келечекке татыктуу муунду тарбиялоого салым кошуу биздин да жоопкерчилигибизде. Албетте, баланы тарбиялоодо эң биринчи ата-эне чоң ролду ойнойт. Анткени бала бакчага баргандан тарта айлана-чɵйрɵ менен, дос-курбулар менен, мугалим менен мамиле курганды балага ата-эне ʏйрɵтɵт. Бирɵɵ урушуп койду десе эле чуркап барып балага болушпастан, ар бир ата-эне баласына “чɵйрɵңдɵн дос кʏт, бул сенин досуң, бул мугалимиң айтканын ук, же бул агаң, эжең, иниң, сыйла жана калп айтпай чынчыл бол, уурулук кылба” деген тарбияга ɵтʏп, чɵйрɵ менен туура мамиле курууну, колунда барын бɵлʏшʏʏнʏ ʏйрɵтсɵ, ошондо адамгерчиликтʏʏ,  мыкты муун тарбияланып чыгат. Анан антпестен, балага болушуп, мугалим менен деле чыр-чатакка бара берсек, балага терс таасирин тийгизʏʏсʏ мʏмкʏн. Бирок ошол эле учурда катуу кɵзɵмɵл кылып, балдардын артынан тʏшʏʏнʏн да зарылдыгы жок. Балдарга туура мамиле жасоо менен элибиздин каада-салтын ʏйрɵтʏп, ата мурасына аяр мамиле жасоону аң-сезимине сиңирген, эркин муунду тарбиялообуз шарт.

Кээде кɵчɵдɵ баратып таштанды таштаган же туура эмес кылык-жоруктарды жасагандарды кɵргɵндɵ кɵпчʏлʏгʏбʏз унчукпай жолубузду улайбыз. Бир чети кɵңʏлʏн оорутуп албайын деген ойду карманганыбыз жакшы, бирок ошол эле учурда кандайдыр бир деңгээлде алардын туура эмес иш-аракеттерди жасоосуна макулдук берип койгондойбуз.

“Улуттук дем — дʏйнɵлʏк бийиктик” Уңгужолу доктринасындагы негизги багыттардын бири билим берʏʏ тармагы. Келечек муундарга татыктуу билим, туура тарбия берʏʏдɵ уңгужолго таянуу менен кандай иштер алып барылат? Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын усулчусу Исхак Эгемназаров айтып берди:

Жарлыктын алкагында Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгына Ош шаарынын мэриясынан жана Билим берʏʏ жана илим министрлигинен жарлык менен тааныштыруу, жайылтуу боюнча тапшырмалар келип тʏштʏ. Жарлык бʏгʏнкʏ кʏндɵ абдан актуалдуу. Себеби баарыбыз билгендей, ааламдашуу жана бурулуштар доорунда жашап жатабыз. Бʏгʏн дʏйнɵ жʏзʏндɵ ар бир улут, ар бир мамлекет ɵзʏнʏн уңгулуу жолу менен улуттук идеологиясын кɵтɵрʏп, пропагандалоо иштерин жʏргʏзʏʏдɵ. Айталы, ошол эле Америка — ɵзʏнʏн идеологиясын жогорку деңгээлде жʏргʏзгɵн мамлекет. Идеологиялык саясат боюнча дʏйнɵдɵ биринчи орунда турат. Болбосо, тарыхта мындай улут болгон эмес. Бирок алар “америка” деген улут бар деген позицияга катуу туруп, ɵзʏнʏн идеологиялык саясатын туруктуу жʏргʏзʏп келет.

Дʏйнɵдɵ Бириккен Улуттар уюмунун каттоосунда турган 198 мамлекет болсо, статистикалык маалыматтарда 7 миңден ашуун улут бар деп айтылат. Демек, биздин бактыбыз — мамлекетибиздин жана улут катары “кыргыз” деген этнонимибиздин бар экени. Биз — тʏрк тилдʏʏ элдердин эң байыркысы, жазма булактарда алгачкылардан болуп эскерилген улут экенибизди таанып, уңгулуу жолубузду улоо максатында бул жарлык кабыл алынууда. Бул багытта билим берʏʏ тармагы чоң роль ойнойт. Бала бакчадан башталган идеологиялык ишибиз кандай болот деген терең ой толгоодо турабыз.

Доктрина 5 же 10 жылда ишке ашып, ʏзʏрʏн бере салчу кыска мɵɵнɵттʏʏ иш эмес. “Элʏʏ жылда эл жаңы, жʏз жылда жер жаңы” дегендей, кабыл алынган доктрина узак мɵɵнɵттʏ камтыйт. Мисалы, советтер союзунун убагында коммунисттик идеология болгон. Окуучулар пионер, андан кийин комсомол, андан соң партияга ɵтʏп, этап-этабы менен бир муун тарбияланган. Ал доордогу муун убакытты так сактаган, ɵз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, бɵлʏнʏʏнʏ билбеген, баары бир максатты кɵздɵгɵн адамдардан турган. Анткени алар дал ошондой тарбия алган. Азыр да эл арасында “советтер союзунун тарбиясын алып калганда…” деген сɵз бекеринен айтылбайт. Коммунисттик идеология мына ушундай муунду жараткан. Президентибиздин жарлыгы да ааламдашуу жараянында ɵз учурунда кабыл алынган эң туура кадам болуп эсептелет.

Эгер жарлыктын идеологиялык маани-маңызын бала бакчадан, мектептерден баштап жайылтып, тʏшʏндʏрɵ алсак, анда ал балдар студент болгонго чейин улуттук идеологияга сугарылып ɵсɵт. Ошондо биз жогоруда айткандай, бир бʏтʏн муунду тарбиялап чыга алабыз. Учурда башкармалык тарабынан атайын буйрук кабыл алынып, жарлыкты жайылтуу жана анын маани-маңызын калкка жеткирʏʏ максатында маалыматтык кампания башталды. Апрель-май айлары “Илим, искусство, маданият айы” деп жарыяланды. Бул окуу жылын дал ушундай иш-аракеттер менен жыйынтыктайбыз. Ал эми 2025–2026-окуу жылына ɵзʏнчɵ иш-план менен киришебиз. Эгерде Билим берʏʏ жана илим министрлиги бул жаатта чечкиндʏʏ кадам таштап, мектеп программасына “улуттук тарбия”, “улуттук нарк-насил” сыяктуу предметтерди киргизип, аларга атайын окуу сааттарын бɵлʏʏ боюнча буйрук кабыл алса, анда бул биздин иштерибизди кыйла жеңилдетет жана чоң натыйжаларга алып келет. Азырынча мындай чечимдер кабыл алына элек болгондуктан, башкармалык ɵз мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏнɵ жараша иш-аракеттерди пландоодо. Тарбиялык сааттарда, педагогикалык кеңештерде жарлык боюнча тынымсыз айтып келебиз.

Жарлыкты ишке ашыруу — келечектин иши. Андыктан жалпы эл биргелешип аракет кылып, колдоо кɵрсɵтʏп, ɵз салымыбызды кошкондо гана ийгиликке жетишебиз. Ошондуктан, бардык мекендештерди жарлыктын ишке ашуусуна кɵмɵк кɵрсɵтʏʏгɵ чакырам.

Жумагʏл Кочкорбай кызы

About The Author