Учурда шаар ичинде акталып-сырдалып, кɵркʏнɵ келе тʏшкɵн кɵп кабаттуу ʏйлɵр жана мекемелер кɵз жоосун алат. Аларды кайсы кызмат жасай турганы сизди да кызыктырабы? Бʏгʏн дал ошол ишкана жɵнʏндɵ маалымат алууну туура кɵрдʏк. Бир караган адамга анчейин байкалбаганы менен аталган ишкана ʏйдʏн чатырында, жер тɵлɵсʏндɵ, дубалында эбегейсиз жумуштарды аткарат.
Абдилаким уулу Жаныбек, Муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасынын жетекчиси.

-Жаныбек мырза, алгач мекеме тууралуу айтып ɵтсɵңʏз, кандай жумуштарды аткарат?
-Муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасынын негизги милдети — кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн инженердик коммуникациясын кароо. Жер тɵлɵдɵгʏ жылуулук тʏтʏктɵрʏн, таза суу тʏтʏктɵрʏн, саркынды суулар аккан тʏтʏктɵрдʏ кɵзɵмɵлдɵɵ жана кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн сыртын актап-сырдоо, чатырын жабуу, подъездерин оңдоп-тʏзɵɵ, темир эшиктерди коюу сыяктуу жумуштарды аткарат.
-Жыл башынан бери жасалган жумуштардын жыйынтыгы?
-Биринчи квартал бʏтʏп, кʏндʏн жылышы менен иштин кɵлɵмʏ кɵбɵйдʏ. Жыл башынан бери жетинчи ʏйдʏн сыртын актап-сырдап жатабыз. 5 ʏйдʏн таза суу тʏтʏктɵрʏн, 6 ʏйдʏн канализация тʏтʏктɵрʏн толугу менен алмаштырдык. Кыштын камын жазда кɵр демекчи бизде кышка даярдык эчаак эле башталган. Эки кɵп кабаттуу ʏйдʏн жылуулук системасын толугу менен алмаштырып, ʏч ʏйдʏн чатырын жаптык.
-Жыл аягына чейин канча жумуш аткаруу пландалган?
-План боюнча жыл аягына чейин 50дɵй ʏйдʏн сыртын актап-сырдап, жер тɵлɵлɵрдɵгʏ элеватордук тʏйʏндɵрдʏ оңдоп-тʏзɵɵ иштерин жасоону кɵздɵйбʏз. Учурда жылуулук тʏтʏктɵрʏн тазалап, сууларын алмаштыруу боюнча элге тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзɵ баштадык. Тʏшʏндʏрʏʏ иштери абдан маанилʏʏ. Анткени биз сыяктуу мекеме адистери тʏшʏндʏргɵндɵ гана эл ошого жараша аракет кыла баштайт.


-Союз мезгилинде курулган эски ʏйлɵр кɵп эмеспи, алардагы тʏтʏктɵрдʏн абалы кандай?
-Туура, шаардагы кɵпчʏлʏк ʏйлɵрдʏн курулганына 40-50 жыл болгон. Алардын жер тɵлɵлɵрʏндɵгʏ тʏтʏктɵрдʏн чынында эскилиги жеткен. Биздин мекеме колдон келишинче алмаштырып, жашочуларга ыңгайсыздык жаратпоонун аракетинде иштеп жатат.
-Чыгымдарды каржылоо жагы кимге жʏктɵлгɵн?
-Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой кɵпчʏлʏк жумуштарыбыз “элʏʏгɵ элʏʏ” ыкмасы менен жасалат. Эл бизге кайрылганда жасала турчу иштин чыгымдарын эсептеп беребиз. Анын 50 пайызын эл тɵлɵсɵ, 50% ы жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен каржыланат.
-Кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн дубалдарын боёодо боёктордун тʏсʏ эмненин негизинде тандалат?

-Бизге завод тарабынан берилген 10-12 тʏс бар. ʏйлɵрдʏн сыртын боегонго чейин жашоочулар менен биргеликте кеңешип, тʏсʏн тандайбыз. Айрым кичи райондордо бир тʏстʏ жактырып, ошондой кылып бергиле деп суранышат. Ошого жараша адистерибиз боеп беришет.
-Саркынды суулар кеткен тʏтʏктɵрдʏ колдонуу эрежелерин да айтып ɵтсɵңʏз?
-Саркынды суулардын тʏтʏктɵрʏ боюнча кʏнʏнɵ кеминде он ʏйдʏн канализациясы толуп, чакыртышат. Тазалай келгенде балдардын такма жалаяктары, кездемелер, оюнчактар, чач жана башка тыгыла турчу заттарды салып жиберишкен болот. Анан толгон тʏтʏктɵр жер тɵлɵгɵ аша баштайт. Канлизацияны туура колдонуу керек. Ал туш келди нерсени таштай берчʏ жер эмес.
-Муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасындагы бɵлʏмдɵрдʏн жана кызматкерлердин саны?
-Штаттык тизмеге ылайык 58 кызматкер эмгектенет. ʏч бɵлʏмʏбʏз бар. Алар, Ак-Буура дарыясынын оң-сол жээктери жана авариялык кызмат. Авариялык кызмат 24 саат бою иштейт. Чалуулар болот. Авариялык учурларда кʏн-тʏн дебей адистерибиз барып жардам беришет. Ɵткɵн жылы 1050дɵн ашуун телефон чалуулар болду. Авариялардын баары жеринде каралып, оңдолгон. Мындан сырткары социалдык баракчаларыбызга кайрылышат, аларга да убагында реакция кылабыз. Адистерибиз боюнча айтсам, негизинен сантехник, сварщик кесиби боюнча билим алган адистер. Ɵз тармактары боюнча тынбай окуулардан ɵтʏп турушат.

-Ишканаңыздар тʏзʏлгɵнгɵ чейин шаардагы ʏйлɵрдʏн жер тɵлɵлɵрʏнʏн абалы ɵтɵ начар болгон дешет, анын баарын кантип оңдоп кеттиңиздер?
-Биздин ишкана тʏзʏлгɵнгɵ чейин шаардагы 70% ʏйлɵдʏн жер тɵлɵсʏ толуп, абдан оор абалга кептелген экен. Ошодон малярия оорусу да кʏчɵп, келемиштер да каптап, айрым жер тɵлɵлɵр адам боюнчалык толуп кеткен. Кудайга шʏгʏр, азыр шаар боюнча 700 эски ʏй болсо, андай начар абалдагы жер тɵлɵɵлɵлɵр жок.
-Ɵткɵн жылы мекеме кандай жетишкендиктерге жетти?
-Ɵткɵн жылы 12 ай ичинде 15 кɵп кабаттуу ʏйдɵ жана эки мамлекеттик имараттын таза суу тʏтʏктɵрʏн толугу менен алмаштырдык. 18 ʏйдɵ саркынды суу тʏтʏктɵрʏ алмашылып, 32 кɵп кабаттуу ʏй, бир административдик имарат акталды. 8 ʏйгɵ домофону менен темир эшиктерди орноттук. 23 ʏйдʏн, бир административдик имараттын подъездери оңдолду. 10 ʏйдʏн чатыры капиталдык оңдоодон ɵттʏ. Жылуулук системасын жана элеватордук тʏйʏндɵрдʏ алмаштыруу иши 11 кɵп кабаттуу ʏйдɵ, 6 административдик имаратта жʏргʏзʏлдʏ.

-Ɵзʏңʏз жɵнʏндɵ кыскача маалымат, канча жылдан бери жетекчи болуп келесиз?
-Муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасын эки жылдан бери жетектеп келем. Аталган ишканага алгач бɵлʏм башчы болуп келгемин. Андан кийин башкы инженердик кызматын аркаладым. Билимим жогорку, атуулдук жана жарандык курулуш боюнча жогорку окуу жайды аяктагам.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы