Кɵңʏл ачам деп чыккан сейилдɵɵнʏн аягы кɵздʏн кызарышы, теринин кычышуусу же мурун бʏтʏʏ менен аяктаса, анда маселе табиятта эмес сиздин организмиңизде. Мунун баары аллергиянын белгилери. Аллергия – бул айрымдар ʏчʏн жылдын эң кооз мезгилин эң оор учурга айланткан оору. Анын себептери жана дарылоо жолдору тууралуу эксперттерден кеңеш алганбыз.
Зарема Борончиева, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аллерголог-врачы.

–Зарема Асековна, аллергиянын пайда болушунда тукум куучулуктун белгилери барбы?
–Эгерде ата-эненин экɵɵндɵ тең аллергия бар болсо, баланын аллергияга чалдыгуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ 60–80%ды тʏзɵт. Эгерде ата-эненин бирɵɵсʏ аллергик болсо, бул кɵрсɵткʏч 30–50%га чейин тɵмɵндɵйт. Бирок аталган кɵрсɵткʏчтɵр баланын сɵзсʏз тʏрдɵ аллергик болоорун билдирбейт. Тышкы факторлор жана жашоо образы да маанилʏʏ роль ойнойт.
– Кайсы тышкы факторлор аллергиянын ɵнʏгʏшʏнɵ ɵбɵлгɵ тʏзɵт?
– Аллергиянын пайда болушуна тɵмɵнкʏ факторлор таасир этет:
• Газдалган жана энергетикалык суусундуктарды кɵп колдонуу;
• Туура эмес тамактануу;
• Начар экологиялык шарттар;
• Стресс жана ашыкча чарчоо;
• Тамеки тартуу жана тамеки тʏтʏнʏнɵн дем алуу.
Бул факторлор иммундук системаны алсыратышы мʏмкʏн жана организмдин аллергендерге болгон сезгичтигин жогорулатат.
– Генинде аллергиясы бар жаңы тɵрɵлгɵн ымыркайларда биринчи кайсы симптомдор байкалат?
– Мындай балдарда аллергия кɵбʏнчɵ диатез тʏрʏндɵ башталат. Тери кызарышы жана кычышуусу мʏмкʏн. Эгерде ымыркайдын организми эмчек сʏтʏнʏн же аралашманын курамына терс реакция кылса, бул териде бʏдʏрлɵрдʏн пайда болушу менен кɵрʏнʏшʏ мʏмкʏн. Ɵз убагында дарылоо жʏргʏзʏлбɵсɵ, диатез атопиялык дерматитке, андан кийин улуу куракта аллергиялык ринитке же бронхиалдык астмага ɵтʏшʏ ыктымал.

– Аллергиялык ринит деген эмне жана анын белгилери кандай?
– Аллергиялык ринит — мурундун былжыр челинин сезгениши, кɵбʏнчɵ ɵсʏмдʏктɵрдʏн чаңчаларына болгон аллергиялык реакциядан улам пайда болот. Белгилери: мурун жана кɵздʏн кычышуусу, чʏчкʏрʏʏ, мурундан суу агуу жана кɵздɵн жаш агуу. Оору сезондук мʏнɵзгɵ ээ жана белгилʏʏ бир ɵсʏмдʏктɵрдʏн гʏлдɵɵ мезгилинде пайда болот. Мисалы, апрель-май айларында дарактар, майдын аягынан июлга чейин дан ɵсʏмдʏктɵрʏ, июлдан сентябрга чейин отоо чɵптɵр гʏлдɵгɵндɵ чалдыгышат.
– Аллергиялык риниттин белгилерин сасык тумоодон кантип айырмалоого болот?
– Негизги айырмачылык — белгилердин узактыгы жана сезондуулугу. Сасык тумоо адатта 5-7 кʏнгɵ созулат жана дене табынын кɵтɵрʏлʏшʏ мʏмкʏн. Аллергиялык ринит болсо, аллергендин гʏлдɵɵ мезгили башталгандан тартып бʏткɵнгɵ чейин созулат жана жыл сайын бир эле убакта кайталанат.
– Иммунитетти чыңдоо аллергия менен кʏрɵшʏʏгɵ жардам береби?
– Кʏчтʏʏ иммунитет аллергиялык реакциялардын курчуп кетʏʏ коркунучун азайтууга жардам берет.
– Аллергияга каршы эмдɵɵ жасалабы?
– Ооба, эң натыйжалуу ыкмалардын бири — аллерген-спецификалык иммунотерапия (АСИТ). Дарылоо ремиссия мезгилинде, адатта кыш айларында, аллергендердин таасири минималдуу болгон учурда жʏргʏзʏлɵт. Бейтапка аллергендин дозасы акырындап кɵбɵйтʏлʏп берилет. Бул организмдин толеранттуулугун ɵнʏктʏрʏʏгɵ жардам берет.
Акылбек Бурканов, жогорку категориядагы дерматовенеролог, теринин аллергиялык оорулары боюнча адиси.

– Тери аллергиясынын эң кеңири тараган тʏрлɵрʏ тууралуу айтып берсеңиз?
– Эң кɵп кездешкен тʏрлɵрʏ: аллергиялык дерматит, крапивница (бɵрʏ жатыш), атопиялык дерматит жана поллиноз. Булардын ичинен эң кооптуусу поллиноз болуп саналат. Анткени ал туура дарыланбаса, бронхиалдык астмага ɵтʏп кетиши мʏмкʏн. Ал эми астма — адамдын жашоосун бир топ татаалдаштырган, кээде майыптыкка чейин жеткирген оорулардын бири.
– Териде аллергия пайда болгондо биринчи жардам кандай болууга тийиш?
– Дароо аллергендерден алыс болуу керек. Айрыкча кызыл, цитрустук жемиштер, жаңгак, бал, ачуу жана кычкыл азыктарга этият мамиле жасоо зарыл. Ошондой эле косметика же химиялык каражаттарды пайдаланууну токтотуп туруу керек. Эгер белгилер билинсе, дарыгерге кайрылган оң. Аптекада сатылуучу антигистамин дары-дармектерди колдонсо болот, бирок алар убактылуу гана жеңилдетет. Ар бир бейтаптын дарылоо ыкмасы индивидуалдуу болушу керек.
– Аллергиядан толугу менен айыгып кетʏʏ мʏмкʏнбʏ?
– Эгер бул тукум куучулук эмес болсо, туура дарылоо менен толук айыгуу ыктымал. Ал эми генетикалык негизде болсо, аны “жок кылуу” мʏмкʏн эмес. Бирок ал “уктап жаткан” абалда жашай берет. Жашоо образы, туура тамактануу жана профилактика аркылуу анын кайра чыгуусун алдын алууга болот.
– Элдик дарылар тууралуу оюңуз кандай?
– Табигый каражаттардан мисалы, ромашка, алоэ жеңил формадагы тери реакцияларына жардам бериши мʏмкʏн. Бирок алардын да терс таасирлери болушу ыктымал. Андыктан элдик ыкмаларды дарыгердин кеңеши менен гана колдонгон туура.

– Тери аллергиясын аныктоо ʏчʏн кандай анализдер талап кылынат?
– Бизде эң кеңири колдонулган анализдер кандын жалпы анализи жана аллерготесттер. Алар менен кайсы заттар аллергия чакырарын аныктоого болот. Генетикалык деңгээлде аллергенди аныктоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ азырынча бизде чектелʏʏ, ал Европанын лабораторияларында гана жеткиликтʏʏ.
– Косметика жана парфюм тандоодо эмнеге кɵңʏл буруу керек?
– Сапат биринчи орунда. Арзан жана белгисиз каражаттар териге залакасын тийгизиши мʏмкʏн. Ɵзгɵчɵ сезимтал тери ʏчʏн гипоаллергендик продукцияларды тандоо керек. Дʏйнɵлʏк бренддерде курамы абдан текшерилип, этикеткада кɵрсɵтʏлɵт. Жеке сезимталдык эске алынбай тандалган косметика тери ооруларынын башаты болуп калышы мʏмкʏн.
Байыш уулу Бекболот, Ош шаардык ооруканасынын окулисти.

– Бекболот мырза, аллергиялык конъюнктивит деген эмне?
– Аллергиялык конъюнктивит — бул кɵздʏн шилекей катмарынын (конъюнктиванын) сезгениши. Ал тез ɵтʏʏчʏ (курч) же узакка созулган (созулма) тʏрʏндɵ болот. Бул оорунун негизги себеби — организмдин айлана-чɵйрɵдɵгʏ ар кандай аллергендерге реакциясы. Башкача айтканда, бул кɵздʏн айланадагы тийгизген заттарга болгон аллергиялык жообу.
– Анын негизги белгилери кандай?
– Кɵбʏнчɵ адамдын кɵзʏ кызарып, катуу кычышып, кʏйʏп жаткандай болот. Кээде кɵздɵн жаш агып, шишик пайда болушу да мʏмкʏн. Оорунун курчуган стадиясында кɵрʏʏ начарлап, жарыкка сезимталдык (светобоязнь) кʏчɵйт. Кɵздʏ ачуу да кыйын болуп калат.
– Бул ооруну кандай аллергендер чакырат?
– Аллергиялык конъюнктивит кɵбʏнчɵ сезондук мʏнɵзгɵ ээ. Айрыкча жаз жана жай мезгилдеринде, ɵсʏмдʏктɵр гʏлдɵгɵн учурда курчушу мʏмкʏн. Негизги аллергендер ɵсʏмдʏк чаңчалары, ʏй ичиндеги чаң, ʏй жаныбарларынын жʏнʏ, ошондой эле косметикалык каражаттар болуп эсептелет.
– Дарылоонун кандай ыкмалары эң натыйжалуу деп эсептейсиз?
– Эгер белгилер байма-бай кайталанып турса, сɵзсʏз тʏрдɵ офтальмологго кайрылуу керек. Дарылоо кɵбʏнчɵ антигистаминдик кɵз тамчылары менен жʏргʏзʏлɵт. Айрым учурларда дарыгер кошумча дары-дармектерди да сунушташы мʏмкʏн.
– Контакттык линза тагынган адамдарга бул оору коркунуч жаратабы?
– Ооба. Эгер линза тагынган адам гигиеналык эрежелерди так сактабаса, аллергиялык конъюнктивитке чалдыгуу коркунучу чоң. Колду жуугандан кийин гана линза тагуу же алуу керек. Линзаларды сактаган контейнерлерди дайыма тазалап туруу зарыл. Ошондой эле косметика да аллергияны козгогон факторлордун бири болгондуктан, кɵзгɵ жакын аймакка сʏртпɵɵ сунушталат.
– Бул ооруга чалдыкпоонун алдын алуу ʏчʏн кандай профилактикалык чараларды сунуштайсыз?
– Эң негизгиси аллергендерден мʏмкʏн болушунча оолак болуу. ʏйдɵ абаны нымдап туруу, чаңдан арылуу, гʏлдɵɵ маалында сейилдɵɵнʏ чектɵɵ абзел. Ошондой эле косметиканын курамын карап туруу керек. Кээ бир косметикалык каражаттар аллергияны кʏчɵтɵт. Мындай учурда алардан баш тарткан оң.
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы