21 августа, 2025

Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын отурумдары болуп ɵттʏ

ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын 3-апрелинен тарта 9-апрелине чейин Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын отурумдары болуп ɵттʏ. Депутаттар бɵлʏнгɵн тармактары боюнча бир топ маселелерге токтолуп, чечʏʏ жолдору боюнча тийиштʏʏ чаралар каралып, протоколдук тапшырмалар берилип, ошондой эле алдыда боло турчу сессияга сунуштар айтылды.

Ош шаардык кеңешинин кичи жыйындар залында бюджет, экономика жана ɵнɵр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурумун туруктуу депутаттык комиссиясынын тɵрагасы Кушбак Шайиев алып барды. Туруктуу депутаттык комиссия мʏчɵлɵрʏ  кʏн тартибиндеги Ош шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган шаар аймагында муниципалдык ижарага берилген жер тилкелеринин ижара акысынан бошотууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵгʏ каттарды карап, жыйынтыгында аталган маселелерди кайрадан келишимдердин негизинде тактап, кийинки отурумдарда кароо боюнча чечим кабыл алынды.

Ошондой эле аталган комиссиянын отурумунда Ош шаарынын мэриясынын “Кыргыз Республикасынын туризмди ɵнʏктʏрʏʏ колдоо фонду” ачык акционердик коомуна “Рест Поинт” комплексин куруу ʏчʏн ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилген Ош шаарынын Курманжан-Датка кɵчɵсʏндɵ жайгашкан жалпы аянты 590 чарчы метр жер тилкесинин жана Ош шаарынын Сай-Бою кɵчɵсʏндɵгʏ А.Навои эс алуу багынын тʏштʏк тарабында жайгашкан жалпы аянты 273,0 чарчы метр жер тилкесинин ижара акысынан бошотууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵгʏ каты каралды. Эл ɵкʏлдɵрʏ тарабынан бул маселе талкууланып, алдыда ɵтʏʏчʏ Ош шаардык кеңешинин сессиясында каралмакчы.

Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий ɵнʏктʏрʏʏ жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кɵчмɵ жыйынына Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов катышты. Жыйынды комиссиянын тɵрайымы Акмарал Тентимишова алып барып, депутаттар шаардагы Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун, Ош шаарынын мэриясына караштуу кɵп тармактуу “ʏй бʏлɵгɵ жана балдарга жардам берʏʏ” борборунун, “Боорукердик” ʏй-интернатынын ишмердʏʏлʏктɵрʏ менен жеринен таанышышты. Аталган тармактагы кɵйгɵлɵр талкууланган соң мэриянынын тиешелʏʏ кызматкерлерине, мекемелердин жетекчилерине суроо-талаптарын, сын-сунуштарын, протоколдук тапшырмаларын беришти.

Кезектеги комиссиянын отурумун туруктуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы Азамат Тургунбаев алып барды. Отурумдун кʏн тартибиндеги Ош шаарынын мэриясынын “Ош ТВ-Медиа” муниципалдык ишканасын тʏзʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵгʏ каты эл ɵкʏлдɵрʏ тарабынан талкууланып, аталган маселе Ош шаарынын мэриясы тарабынан тиешелʏʏ иш-кагаздары менен толукталып сунушталгандан кийин кайрадан кароо боюнча чечим кабыл алынды. Андан соң гана Ош шаардык кеңешинде бул маселе каралат.

Ал эми Ош шаарында жер мунапысы боюнча иштердин “Жер мунапысын жʏргʏзʏʏнʏн тартиби” жɵнʏндɵ жобого ылайык жʏрʏʏсʏ жɵнʏндɵгʏ маселе жыл ичинде кайрадан каралаары белгиленди.

Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму ɵттʏ. Ага Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов катышып, отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы Азамат Тургунбаев алып барды. Отурумдун кʏн тартибиндеги Ош шаарынын мэриясынын “Ош ТВ-Медиа” муниципалдык ишканасын тʏзʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵгʏ каты эл ɵкʏлдɵрʏ тарабынан кайрадан талкууланып, аталган маселе Ош шаардык кеңешинин сессиясында карала турган болду.

Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана ɵзгɵчɵ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы кезектеги отуруму

Жыйынды комиссиянын тɵрагасынын орун басары Мырзабек Белекбаев жетектеп, ага Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов, депутаттар жана Ош шаарынын мэриясынын бɵлʏм башчысы катышты.

Отурумдун кʏн тартибинде мамлекеттик менчиктеги мʏлктɵрдʏ Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жɵнʏндɵ маселе каралып, комиссия мʏчɵлɵрʏ менен жетекчи ортосунда суроо-жооп иретинде талкуу жʏргʏзʏлдʏ. Отурумдун жыйынтыгы менен кʏн тартибиндеги маселе Ош шаардык кеңешинин сессиясында кароого сунушталды.

About The Author