Салык — ар бир мамлекеттин негизги киреше булактарынын бири болуп саналат. Коомдо жарандардын салык боюнча сабаттуу болуусу эң маанилʏʏ. Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында бир топ ɵзгɵрʏʏлɵр орун алды. Салык тɵлɵɵчʏлɵр эмнелерди билʏʏсʏ керек? Ошондой эле Ош шаардык салык кызматынын ишмердʏʏлʏгʏ тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча жетекчиси Нурбек Сатыбалдиев менен маектешкенбиз.

-Нурбек Абдимажитович, 2025-жылдын биринчи кварталында Ош шаардык салык кызматы кандай жыйынтык кɵрсɵтɵ алды, салык чогултуулардын план-тапшырмалары жɵнʏндɵ айтып ɵтсɵңʏз?
-Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына 2025-жылдын январь-март айларына мамлекеттик бюджет боюнча 1670482,6 миң сом ɵлчɵмʏндɵ план-тапшырма жеткирилген болсо, аткарылганы 1934844,6 миң сомду тʏздʏ, пайыздык кɵрсɵткʏч боюнча — 115,2%, планга карата 264362,0 миң сомго кɵп жыйналды. Ал эми жалпы бюджетке тʏшкɵн салыктар жана жыйымдардын кɵлɵмʏ 2024-жылдын тийиштʏʏ мезгилине салыштырмалуу 673779,4 миң сомго кɵп болуп, ɵсʏʏ ыргагы 153,4%ды тʏздʏ.
2025-жылдын март айына мамлекеттик бюджет боюнча 530480,8 миң сом ɵлчɵмʏндɵ план-тапшырма жеткирилген болсо, 636676,0 миң сомго аткарылды же болбосо 120,0%ды тʏзʏп, планга карата 106195,2 миң сом кɵп жыйналган. Ал эми жалпы бюджетке тʏшкɵн салыктар жана жыйымдардын кɵлɵмʏ 2024-жылдын тийиштʏʏ мезгилине салыштырмалуу 266130,6 миң сомго кɵп болуп, ɵсʏʏ ыргагы 171,8%ды тʏздʏ.
-Салык мыйзамына кирген акыркы ɵзгɵрʏʏлɵр, ЭТТК, ККМ жана патент боюнча ишкерлер эмнелерди билʏʏсʏ керек?
-Мамлекеттик салык кызматы электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагазды колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №146 токтомуна ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып тɵмɵнкʏлɵрдɵн сырткары бардык товарлар ʏчʏн ЭТТКны милдеттʏʏ тʏрдɵ колдонуу жокко чыгарылды:
– мунайзаттар (ТЭИ ТН 2710197100–2710199800 коддору менен майлоочу жана башка майлардан тышкары);
– маркаланууга тийиш болгон алкоголдук жана тамеки продукциялары, ошондой эле сыра (пиво) (ТЭИ ТН 2203);
ЭТТКны колдонуу санариптик маркалоого тийиш болгон дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар ʏчʏн 2027-жылдын 1-январынан тартып милдеттʏʏ болот. Кɵрсɵтʏлгɵн тизмеге кирбеген товарларды ɵндʏрʏʏчʏлɵр жана сатуучулар ЭТТКны колдонбой коюуга болот.
Ал эми патент боюнча айтсам, буга чейин соода жʏргʏзʏʏчʏ ишкерлерге бул система толугу менен жоюлган эле. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ базарларга жана чакан базарларга патенттик система кайтууда. Тɵрагабыз Алманбет Насырканович айтып ɵткɵндɵй ишкерлерге тандоо берилет. Патентти тандаса ККМ колдонбой иштейт, эгер нɵлдʏк ставканы тандап алса, ККМди сɵзсʏз колдонуусу керек. Азыр мыйзам долбоору даяр, сунушталган. Ал эми базарларга ɵз соодасынын аянтына ылайык патенттик ставкалар бекилет, ал боюнча дагы маалымат беребиз.
-Мэр ɵз ишин баштагандан бери киреше салыгынын жергиликтʏʏ бюджетке максаттуу тʏшʏʏсʏ боюнча маселе кɵтɵрʏп келʏʏдɵ, бул боюнча салык кызматы кандай чараларды кɵрʏп жатат?
-2025-жылдын 13-мартында мэр Жеңишбек Шермаматович Ош шаардык салык кызматкерлери менен жолугушуу ɵткɵрдʏ. Мэр менен жолугушуудан кийин Ош шаардык мэриясы тарабынан 2025-жылдын 13-мартында протоколдук тапшырмалар жɵнɵтʏлгɵн. Протоколдук тапшырманын алкагында МСКнын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан жергиликтʏʏ бюджеттин киреше бɵлʏгʏн кɵбɵйтʏʏ жана кɵмʏскɵдɵ иштеп жаткан субъектилерди ачыкка чыгаруу боюнча конкреттʏʏ иш-чаралар планы иштелип чыгып, анык аткаруу мɵɵнɵттɵрʏ белгиленип, 2025-жылдын 19-мартында атайын буйрук менен бекитилди жана бɵлʏмдɵрдʏн жетекчилерине тиешелʏʏ тапшырмалар берилип, бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул тармакта кеңири масштабда иштер жʏргʏзʏлʏп жатат.
-Ишкердик баштайм деген жарандарыбыз ʏчʏн пайдалуу кеңеш болсун, алгач кандай документтерди каттоодон ɵткɵрʏʏсʏ керек, салык кызматына кантип катталары жɵнʏндɵ айтып берсеңиз?

-Ишкердик баштайм деген адам алгач салык кызматына ID ʏлгʏсʏндɵгʏ паспорту менен кайрылып, каттоодон ɵтсɵ болот. Ишкердик жʏргʏзʏʏнʏн тʏрʏнɵ жараша салык тɵлɵɵнʏн режимин (жалпы же атайын) тандайт жана ошого жараша тийиштʏʏ салыктары белгиленет. Ишкердʏʏлʏгʏ патент менен иштей турган тизмеге туура келсе, патент алышат же болбосо бирдиктʏʏ салыктын тɵлɵɵчʏсʏ болуп жеке ишкердин кʏбɵлʏгʏ менен иш жʏргʏзсɵ болот.
— Жеке ишкер (ИП) жана ЖЧК (ОсОО) бири-биринен эмнеси менен айырмаланат?
-ЖИ(ИП) деген салык кызматынан жеке ишкер катары каттоодон ɵтʏп, кʏбɵлʏк алып, атайын салык режими же жалпы салык режими менен иштеген салык тɵлɵɵчʏ болуп эсептелет. ЖЧК(ОсОО) — жоопкерчилиги чектелген коом, акционердик коомго окшогон юридикалык жактын бир тʏрʏ. Айырмасы жеке ишкерде устав болбойт, ал эми жоопкерчилиги чектелген коомду ачыш ʏчʏн уставын тʏзʏп, Адилет министрлигинин (министерство юстиции) жергиликтʏʏ башкармалыгынан каттоодон ɵтʏʏсʏ зарыл. Андан кийин салык кызматынан каттоодон ɵтɵт.
-Ишкерлерди салык кызматы тарабынан окутуу боюнча кандайдыр программалар каралганбы?
-Ишкерлерди салык кызматы тарабынан окутуу боюнча бир катар демилгелʏʏ иш-чаралар уюштурулуп ɵткɵзʏлʏп жатат. Атап айтсак, 2025-жылдын 25-мартынан 1-апрелине чейин Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Нарын шаарларында салык мыйзамдарындагы акыркы ɵзгɵрʏʏлɵргɵ жана салык системасындагы реформаларга карата тʏшʏндʏрʏʏ жолугушуулары болуп ɵттʏ. Иш-чараларга 1000ден ашык салык тɵлɵɵчʏлɵр катышты. МСКнын Ош шаары боюнча башкармалыгында консультация жана тʏшʏндʏрʏʏ сектору иш алып барат. 2025-жылдын 1–кварталында билим берʏʏ тармагында иштеген 125 мектептин жооптуу кызматкерлерин, 15 бала бакчанын ɵкʏлдɵрʏн бирдиктʏʏ салык декларациясын (БСД) толтуруу боюнча окутуу иштери жʏргʏзʏлдʏ. Андан сырткары 877ден ашуун салык тɵлɵɵчʏнʏн катышуусу менен 10дон ашык семинарлар ɵткɵрʏлдʏ. Мекеме, уюмдардын кат аркылуу кайрылуусунун негизинде 21 ишканага БСД толтуруу боюнча семинарларды уюштурдук. Жалпысынан 51ден ашык семинар, техникалык окуулар ɵткɵрʏлдʏ. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ишкерлер аталган секторго кайрылып (телефон аркылуу дагы) кызыккан суроолорго тийиштʏʏ жоопторун алса болот.

-Ɵзʏңʏз жɵнʏндɵ да учкай кеп болсун, салык кызматындагы эмгек жолуңуз кайсы жылы башталган?
-Жалал-Абад эл аралык университетинин экономика факультетинин “финансы кредит” адистигин аяктагандан кийин 2002-жылдын ноябрь айында салык тармагында иштей баштаганмын.
-Убакыттын ɵтʏшʏ менен салык системасы кандай деңгээлде ɵзгɵрдʏ?
-Башка тармактар сыяктуу эле илим-техниканын ɵнʏгʏшʏ менен салык системасында да бир топ ɵзгɵрʏʏлɵр болду. Мисалы, мурда бирдиктʏʏ терезе болгон эмес. Салык тɵлɵɵчʏлɵр ар бир бɵлʏмгɵ кирип арызын жазып, кɵбʏрɵк чуркап, убактылары кетчʏ. Азыр андай эмес, салык тɵлɵɵчʏлɵр бирдиктʏʏ терезеге келип, карыздары бар же жок экени тууралуу тактап, ошол эле жерден каттоого туруп же каттоодон чыгып жана башка суроолорго жооп ала алышат. Мындан сырткары эсеп-фактураны текшерʏʏчʏ барганда гана кɵрʏʏгɵ мʏмкʏн болгон, азыр санариптештирʏʏнʏн алкагында электрондук эсеп-фактуранын модулу аркылуу субьекттин салыктык идентификациялык номери аркылуу толук маалымат алууга болот.
-Салык тармагын мындан да ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн командаңыз менен кандай иш-аракеттерди кɵздɵйсʏз?
-Жумушту сапаттуу аткаруу ʏчʏн биринчиден тартип маанилʏʏ деп ойлойм. Кызматкерлердин билим сапатын жогорулатуу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жазылган мыйзамдарды так аткарсак, салык кызматынын аброюн кɵтɵрʏп, салыктарды сапаттуу, ɵз убагында топтой алабыз. Салыктардын бюджетке максаттуу тʏшʏʏсʏндɵ албетте ишкерлердин да салымы чоң. Алар ɵз ишин канчалык так аткарса, жоопкерчиликти сезе билсе биздин жумуш да ошончолук жеңил болот.
-Маегиңиз ʏчʏн рахмат, салык кызматынын ишине ийгилик!
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы