Бабур атындагы драма театрында Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кʏнʏнɵ карата салтанаттуу иш-чара ɵткɵрʏлдʏ. Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин тɵрагасы Бекдɵɵлɵт Абакиров катышты. Майрамдык иш-чаранын алкагында ɵткɵн жылы эл аралык мелдештерде бир топ ийгиликтерге жетишкен 53 спортчу, анын ичинен 29 машыктыруучу жана спорттун ардагерлери, Ош шаарында спортту ɵнʏктʏрʏʏгɵ кошкон салымы ʏчʏн атайын тɵш белги, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Ошондой эле спортчулар, “Шер” атайын багыттагы аскер бɵлʏгʏнʏн жоокерлери ɵз чеберчиликтерин кɵрсɵтʏшʏп, маданият кызматкерлеринин катышуусунда концерттик программа тартууланды.



Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды