• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

Сотмедэксперт—маркумдун акыркы сырын ачкан кесип

Автор:Osh Shamy

Июн 5, 2026

Көпчүлүк адамдар соттук-медициналык эксперттин жумушун кинолордон гана көрүп, аны сырдуу жана коркунучтуу кесип катары элестетишет. Бирок 29 жаштагы соттук-медициналык эксперт Чыйбылова Чолпонай Асылбековна үчүн бул күнүмдүк турмуштун бир бөлүгү. Ал каза болгон адамдардын өлүмүнүн чыныгы себебин аныктап, кылмыштын бетин ачууга жана адилеттүүлүктүн орношуна салым кошот. Өз ишинде жүздөгөн адам тагдырларына күбө болгон адис бул маегинде жүрөк ооруткан окуялар, кесиптин оор психологиялык жүгү жана адамдардын жашоого болгон көз карашын өзгөрткөн чындыктар тууралуу айтып берди.

— Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Бул тармакка кантип келип калдыңыз?

— Менин атым Чолпонай, азыр 29 жаштамын. Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетин аяктагам. Азыркы учурда Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө борборунда соттук-медициналык эксперт болуп эмгектенип келем. Бизде “Танатология” (өлүктөрдү изилдөө) бөлүмү, “Жабырлануучулар, айыпталуучулар жана башка жарандарды эксперттөө” бөлүмү, “Комиссиондук, комплексттик жана өзгөчө татаал экспертизалар бөлүмү”, “Далил буюмдарды изилдөө” бөлүмү,  “Уюштуруу-усулдук” бөлүмү. Тактап айтканда биз өлгөн адамдар менен  гана эмес, тирүү адамдар, далил буюм катары алып келиңген кийим кече, кан, кылмыш куралдары жана медициналык документтер менен да иштейбиз. Адамдардын туура эмес түшүнүгүнөн, ар түрдүү жалган маалыматтардын кесепетинен, бизге болгон кыска жана корс мамилелеринин негизинде ишибиз оорлошот, бизге ар түрдүү кооптуу, жугуштуу жана айыкпас оорууларга чалдыккан (ВИЧ, СПИД, гепатиттин түрлөрү, туберкулез, сифилис, ж.б. менен ооруган) адамдар да келет, ошол себептен биздин тармакта адистер жетишсиз, көпчүлүк адамдар бул тармакта иштегиси келбейт.  Чынын айтсам, бул кесипке кантип келип калганымды так айтып берүү кыйын. Бирок апамдын таякеси ушул кесипти аркалап келет. Балким, анын таасири да болгон чыгар деп ойлойм. Алгач бул кесипти тандоомо каршы болгондор да болду. Бирок өзүмдүн кызыгуум күчтүү болгондуктан, дал ушул багытта билим алып, эмгектенүүнү туура көрдүм.

— Бул жумушта иштеп баштаганда коркуу же сестенүү сезими болдубу?

— Жок, кызыгы, менде коркуу сезими дээрлик болгон эмес. Бирок адамды терең ойго салып, жүрөктү ооруткан окуялар көп кездешет. Кээде алардын тагдырына бооруң ачып, көзүңө жаш алган учурлар болот. Мисалы, бир жолу жаша жете элек тагдыры талкаланган кош бойлуу кыз келген. Аны өзүнүн таякеси көп жылдар бою зордуктап жүргөн экен. Ошол кыздын башынан өткөндөрүн угуп  өзүмдү кармай албай жумуштан соң ыйлап жибергем. Анын тагдыры мени абдан катуу таасирленткен. Башка учурларда андай болгон эмес. Алгач бул жумушка келгенде ар бир окуяга жүрөгүң ооруп, бир аз кыйналасың. Бирок убакыт өткөн сайын адам бара-бара көнөт экен.

— Жаш балабы же улгайган адамбы — айырмасы жокпу? Жаш балдарды сойуу оорураак сезилбейби?

— Чынында, адамдын жаш курагына карап мамиле кылынбайт деп айтар элем. Ар биринин өзүнө жараша өзгөчөлүктөрү жана ыкмалары болот. Мисалы, жаш баланы жансыз денесине бир ыкма менен соттук-медициналык изилдөө өткөрсөң, улгайган адамга башка ыкма колдонулат. Ошентсе да жаш балдар менен иштөө бир аз оорурак. Себеби алар бейкүнөө болушат. Ал эми мас абалында унаа айдап, өзүнүн жоопкерсиздигинен кырсыкка учурап каза болгон чоң адамдарга келгенде, анчалык боор ачуу сезими жаралбайт. Эң оор учурлар — адамдын шалаакылыгынан улам болгон өлүмдөр. Мисалы, ата-энеси жакшы көзөмөлдөбөй коюп, жөн жерден каза болуп калган балдарды көргөндө абдан кейийсиң. Ошондо жүрөккө оор тиет. Дагы бир кызык нерсе бар. Бизде кээде адамдын мүнөзү анын сөөгүнөн да байкалат деген түшүнүк айтылып калат. Айрым кежир адамдардын сөөгү да кежирдей сезилет. Ал эми жакшы адамдарды соттук-медициналык изилдөө жеңилирээк болот деген учурлар кездешет. Эл арасында деле: «Жаман адам болсо, көрү да оор казылат» деп айтып калышат эмеспи. Биздин иште да ушуга окшош көрүнүштөр болот. Кээде соттук-медициналык изилдөө учурунда бычак жакшы өтпөй калат, тигип жаткан жип түйүлүп же үзүлүп кетет. Мындай учурлар сейрек эмес. Айрым адамдар менен иштегенде эмнегедир кыйналып чыгасың. Албетте, бул сөздөрдү жүз пайыз так мыйзам ченемдүүлүк катары айтууга болбойт. Бирок мындай көрүнүштөр көп кездешкендиктен, алардын да кандайдыр бир негизин байкап каласың. Ошол эле учурда адис үчүн эң башкысы — өзүнүн көз карашын туура кармап, ар бир адамга бирдей мамиле кылуу. Ошондо баары тең кабыл алынат.  Биз үчүн адамды соттук-медициналык изилдөө жүргүзүп, анын өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо жана эгер кимдир бирөө күнөөлүү болсо, анын күнөөсүн далилдеп берсек маркумдун жакындары үчүн чоң жардам болуп эсептелет. Курулуш тармагы да адам өмүрү үчүн тобокелге толгон тармак эмеспи. Бирок эң көйгөйлүүсү — курулуш компанияларынын жоопкерчиликти толук мойнуна албоосу. Көп учурда алар «коопсуздук эрежелери сакталган эмес» же «маркум өзү мас абалда болгон» деген өңдүү жүйөлөрдү айтышат. Ушундай учурларда, эгер чыныгы себеби так аныкталып, күнөөсүздүгү же үчүнчү тараптын күнөөсү далилденсе, маркумдун үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилет. Бул, албетте, жакындары үчүн чоң жардам болуп эсептелет.

— Кесипте кандайдыр бир жагынан кыйналган учурлар болду беле же бат эле өздөштүрүп кеттиңизби?

— Албетте, мындай учурлар дээрлик ар бир адамда болот деп ойлойм. Мен да башында кыйналгам. Жаңы келгенде 2–3 күн жөн гана байкоочу болуп отургам. Андан кийин тогуз айлык отчеттук иштерди жасай баштадым. Башында көп терминдерди түшүнбөй, кайра-кайра сурап жүрүп бир топ кыйналдым. Бирок бара-бара документтердин жүрүшүн, тартипти түшүнүп, көнүп кеттим. Биринчи жолу адамга соттук-медициналык изилдөө жүргүзүү учурунд алгач 7 жаштагы баланын ишине катышкам. Ал бала мектептен чыгып жөө өтмөктөн өтүп  жатканда учурда  жогорку ылдамдыктагы унаа сүзүп кетип, ошол жерден каза болгон экен. Бирок кызыгы — менде андай катуу коркуу сезими болгон эмес. Андан кийин аварияда каза болгон студент, бийиктиктен кулап кеткен учурлар сыяктуу ар кандай кайгылуу окуяларга күбө болдук. Бирок убакыт өткөн сайын көнүп кетесиң, жол-жобону жакшы билсең, иш да жеңилдей түшөт. Бизде болжол менен жылына 200дөй маркум келип түшсө, 2000–3000дей тирүү адамдар соттук-медициналык эксперттин кароосуна да келишет. Ар биринин өзүнүн окуясы бар — угасың, анализдейсиң. Кээде бооруң ооруйт, а кээде тескерисинче. Алдап келген учурлар да кездешет. Убакыт өткөн сайын адис катары көп нерсени алдын ала сезип, түшүнүп каласың. Ал эми маркумдар боюнча айтсам, убакыт өтүшү менен эмоционалдык жактан бир аз дистанция сактоого үйрөнөт экенсиң. Себеби аларга эмес, тирүү адамдардын өмүрүн сактап калууга көбүрөөк көңүл буруу керек экенин түшүнөсүң.

— Үй-бүлөлүк абалыңыз тууралуу да айтып кетсеңиз. Кесибиңизге каршы чыккандар болбой койбосо керек?

— Мен азырынча турмушка чыга элекмин. Чынын айтсам, мындай кесип менен жеке жашоону айкалыштыруу да оңой эмес. Турмуш куруу сунушу менен келген адамдардын арасында: «Кесибиңди алмаштыр», «Башка жумушка өт», же болбосо «Жумушуңду таштап, үйдө отурасың» деген талаптарды койгондор болгон. Бирок мен өз кесибимди чын дилимден жакшы көрөм. Ошондуктан андай шарттарга макул боло албайм. Кээ бир адамдар болсо көңүлгө тийген сөздөрдү да айтып калышат. «Иштеген жериңди карачы», «Силер андайсыңар, мындайсыңар» деген сыяктуу стереотиптерди таңуулагандар көп кездешет. Бирок мен үчүн эң башкысы — адам өз ишин сүйүшү керек деп ойлойм. Эгер өзүңө жакса, башкалардын пикири экинчи орунда калат. Башында апам да бул кесипке каршы болгон. Бирок убакыт өткөн сайын түшүнүү менен кабыл алды.

— Кандай ойлойсуз, кесибиңиздин оң жана терс жактары эмнеде?

—  Бул кесип адамдын турмуштагы көп нерсеге болгон көз карашын өзгөртөт. Эң биринчи кезекте адамдардын беткапсыз, чыныгы жүзүн көрө баштайсың. Кээде жакын адамынан айрылып турган учурда да айрым адамдардын жер, мурас же акча талашып кеткенин көрөсүң. Мындай көрүнүштөргө күбө болгондо адамдын ички дүйнөсү тууралуу көп нерсени түшүнө баштайт экенсиң. Жакында эле бир тууган иниси акча үчүн өз эжесине бычак сайган окуя болду. Мындай нерселерди көргөндө абдан өкүнөсүң. Кээде өз ата-энесинин үстүнөн арыз жазган адамдарды да жолуктурасың. Ошондо адамдардын чыныгы жүзү ачылат. Албетте, мындай окуялар адамдын психологиясына таасир этпей койбойт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин адамдарга болгон ишеним мурдагыдай болбой калат экен. Бирок кесиптин жакшы жактары да көп. Эгер кызыгуу менен иштесең, адам организми тууралуу терең билимге ээ болосуң. Кайсы жаракат адам өмүрүнө коркунуч туудурат, кайсы учурда кандай белгилер пайда болот, адамдын денеси кандай иштейт — ушунун баарын түшүнө баштайсың. Теория менен практика айкалышып, дүйнөгө башкача көз караш менен карайсың. Ал эми эң чоң терс жагы — адамдардын тагдырын, кылмыштарын, кайгысын өтө көп көргөндөн кийин, кээде адамдарга болгон ишеним азайып кетет экен. Балким, бул кесиптин эң оор психологиялык жүгү да ушул болсо керек.

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *