• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

Аялдардын ден соолугуна коркунуч жараткан вирус

Автор:Osh Shamy

Июн 11, 2026

Көпчүлүк адамдар адам папиллома вирусу (ВПЧ) тууралуу уккан менен анын канчалык кеңири таралганын жана кандай кесепеттерге алып келерин толук биле беришпейт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жыныстык жашоо менен жашаган адамдардын дээрлик баары өмүрүнүн кайсы бир мезгилинде ВПЧ жуктуруп алышат. Көпчүлүк учурда организм вирус менен өзү күрөшүп кетет. Бирок айрым жогорку коркунучтагы түрлөрү жатын моюнчасынын рагына жана башка онкологиялык ооруларга себеп болушу мүмкүн. Бул вирус кантип жугат, кантип алдын алууга болот жана вакцина канчалык коопсуз? Бул суроолорго акушер-гинеколог Айгерим Султаналиева жооп берди.

– Айгерим айым, биринчи кезекте ВПЧ деген эмне?

– ВПЧ же адам папиллома вирусу – бул 200дөн ашык түрү белгилүү болгон вирустардын чоң тобу. Алардын айрымдары эч кандай зыян келтирбейт. Бирок жогорку онкогендик коркунучтагы түрлөрү адамдын организминде узак убакыт сакталса, клеткалардын өзгөрүшүнө алып келип, кийин ракка айланышы мүмкүн.

Вирус көбүнчө жыныстык байланыш аркылуу жугат. Өзгөчөлүгү – адам көп учурда инфекция жукканын билбей жүрө берет, анткени белгилери байкалбайт. Ошондуктан ВПЧ дүйнөдөгү эң кеңири таралган жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын бири болуп саналат.

– Демек, ВПЧ жуктуруп алган адам сөзсүз ооруп калбайт экен да?

– Албетте жок. Бул жерде эң маанилүү нерсе – адамдын иммундук системасы. Статистика боюнча адамдардын 90 пайызында организм бир-эки жылдын ичинде вирусту өз алдынча жок кылат. Эч кандай дарылоо талап кылынбайт.

Бирок айрым учурларда вирус организмде узак убакытка чейин сакталып калат. Мындай абал персистенттүү инфекция деп аталат. Айрыкча жогорку коркунучтагы ВПЧ түрлөрү узак убакыт бою клеткаларга таасир берип, жатын моюнчасынын, кындын, жыныс мүчөсүнүн, аналдык аймактын жана ооз көңдөйүнүн рак ооруларына алып келиши мүмкүн.

 – Бул оорунун  белгилери кандай болот?

– Көпчүлүк адамдарда эч кандай белгилер болбойт. Ушул себептен улам адамдар инфекция жукканын көп жылдар бою билбей жүрүшү мүмкүн.

Айрым түрлөрү жыныс органдарынын аймагында сөөлдөрдү же кондиломаларды пайда кылат. Алар майда бүдүрчөлөр түрүндө болуп, кычышуу, ыңгайсыздык же каноо менен коштолушу мүмкүн.

Эң кооптуу жагы – ракка алып келүүчү өзгөрүүлөрдүн алгачкы стадияларында дагы белгилер дээрлик болбойт. Ошондуктан аялдардын үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп турушу өтө маанилүү.

– Вирус менен жатын моюнчасынын рагынын байланышы кандай?

– Бүгүнкү күндө жатын моюнчасынын рагынын негизги себеби катары дал ушул ВПЧ каралат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай рак ооруларынын дээрлик бардыгы ВПЧ инфекциясы менен байланыштуу.

Вирус клеткалардын түзүлүшүн акырындык менен өзгөртөт. Бул процесс дароо эмес, көп жылдар ичинде жүрөт. Орточо эсеп менен вирус жуккандан кийин рак оорусунун өнүгүшүнө чейин 15–20 жыл өтүшү мүмкүн.

Бул бизге чоң мүмкүнчүлүк берет. Анткени өзгөрүүлөрдү эрте аныктап, өз убагында дарылоо аркылуу рак оорусунун алдын алууга болот.

– Дүйнө жүзүндө бул көйгөй канчалык актуалдуу?

– Маселе абдан олуттуу. Дүйнөлүк маалыматтар боюнча 2019-жылы ВПЧ аялдар арасында 620 миңден ашуун, эркектер арасында 70 миңге жакын рак оорусунун себеби болгон.

Ал эми 2022-жылы жатын моюнчасынын рагы аялдар арасындагы эң көп кездешкен онкологиялык оорулардын төртүнчү орунунда турган. Ошол эле жылы дүйнө жүзүндө болжол менен 660 миң жаңы учур катталып, 350 миңге жакын аял бул оорудан каза болгон.

Бул көрсөткүчтөр ВПЧга каршы күрөшүү саламаттык сактоонун маанилүү багыты экенин дагы бир жолу далилдеп турат.

– Вирус кимдерде көбүрөөк кездешет?

– ВПЧ бардык адамдарда кездешиши мүмкүн. Бирок айрым топтордо коркунуч жогору болот.

Мисалы, иммунитети төмөн адамдарда, ВИЧ инфекциясы бар жарандарда, башка жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга чалдыккандарда жана тамеки чеккен адамдарда вирус организмде узак сакталуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Ошондой эле сексуалдык өнөктөштөрдүн саны көбөйгөн сайын жуктуруп алуу тобокелдиги дагы өсөт.

– ВПЧдан толук коргонууга болобу?

– Вирусту жуктуруп алуу коркунучун олуттуу азайтууга болот. Биринчи кезекте коопсуз сексуалдык жүрүм-турум маанилүү.

Презервативдер инфекциянын жугуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Бирок алар толук коргоону камсыздай албайт. Себеби вирус жыныс органдарынын презерватив жаппаган бөлүктөрү аркылуу дагы жугушу мүмкүн.

Тамекиден баш тартуу дагы маанилүү. Анткени тамеки иммундук системанын иштешин начарлатып, организмдин вирус менен күрөшүүсүн кыйындатат.

Бирок эң натыйжалуу коргонуу жолу – бул вакцинация.

 – Жугуштуу вируска каршы вакцина тууралуу кеңири айтып берсеңиз? Айрым ата-энелер вакцинанын коопсуздугуна күмөн санашат. Бул тууралуу эмне айтасыз?

– Азыркы учурда ВПЧга каршы вакцина жатын моюнчасынын рагынын алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы болуп эсептелет.

Вакцина ооруну дарылоо үчүн эмес, оорунун алдын алуу үчүн колдонулат. Ал организмди вирус менен жолукканга чейин коргоого жардам берет.

Көпчүлүк өлкөлөрдө вакцина кыздарга 9 жаштан 14 жашка чейинки мезгилде сунушталат. Бул жашта вакцина эң жакшы иммундук жооп берет жана балдар жыныстык жашоону баштай электе корголуп калат.

Белгилей кетүүчү маанилүү жагдай – вакцинада тирүү вирус жок. Демек ал ВПЧ инфекциясын же рак оорусун пайда кылбайт.  Ооба, айрым ата-энелер вакцинанын коопсуздугуна күмөн санашат.Бул суроо көп берилет. ВПЧга каршы вакциналар дүйнө жүзүндө көп жылдан бери колдонулуп келет жана миллиондогон адамдарга сайылган.

Алар бир нече этаптуу клиникалык сыноолордон өтүп, коопсуздугу жана натыйжалуулугу далилденген. Эл аралык медициналык уюмдар жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул вакцинаны кеңири сунуштайт.

Кээде ийне сайылган жерде оорушу, кызаруусу же жеңил температура болушу мүмкүн. Бирок бул убактылуу көрүнүштөр болуп саналат.

– Эркектер үчүн дагы ВПЧ коркунучтуубу?

– Ооба. Көпчүлүк адамдар ВПЧны аялдардын гана көйгөйү деп ойлошот. Бирок вирус эркектерде дагы жыныс мүчөсүнүн, аналдык аймактын жана ооз көңдөйүнүн рак ооруларына себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө кыздар менен катар балдар дагы ВПЧга каршы эмделет.

– Скрининг деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

– Скрининг – бул оорунун белгилери жок кезде аны эрте аныктоого багытталган текшерүү.

ВПЧга байланыштуу рак ооруларынын ичинен жатын моюнчасынын рагы үчүн гана эффективдүү скрининг программалары иштелип чыккан.

Скринингдин жардамы менен ракка чейин өзгөргөн клеткаларды табууга болот. Алар өз убагында дарыланса, ракка айланып кетүү коркунучу дээрлик жокко чыгат.

Ошондуктан аялдар өздөрүн жакшы сезип жүрсө дагы профилактикалык текшерүүдөн өтүп турушу керек.

– ВПЧ аныкталса аны дарылоо мүмкүнбү?

– Учурда вирустун өзүн жок кылуучу атайын дарылоо ыкмасы жок.

Бирок анын кесепеттерин дарылоого болот. Эгер сөөлдөр пайда болсо, аларды алып салуу мүмкүн. Ал эми ракка чейинки өзгөрүүлөр аныкталса, атайын процедуралар аркылуу дарылоо жүргүзүлөт.

Эң негизгиси – көйгөйдү эрте табуу. Анткени алгачкы стадияларда аныкталган өзгөрүүлөр ийгиликтүү дарыланат.

– Окурмандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Бул оору тууралуу адамда маалыматтын  болуусу абдан маанилүү. Бул вирус өтө кеңири таралгандыктан, андан эч ким толугу менен камсыздандырылган эмес.

Ошондуктан ата-энелер балдарын өз убагында эмдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы керек. Аялдар үзгүлтүксүз гинекологиялык кароодон өтүп, скрининг жасатып туруусу зарыл. Ал эми бардык адамдар өз ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, коопсуз жүрүм-турум эрежелерин сакташы керек.

ВПЧдан коргонуу – бул жөн гана инфекциянын алдын алуу эмес. Бул келечектеги онкологиялык оорулардын алдын алуу дегенди билдирет.

Айша Нуридинова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *