Шаардагы тазалык, санитардык абал, мыйзамсыз соода, түнкү көңүл ачуучу жайлар жана коомдук тартип – шаар тургундарын тынчсыздандырган маселелердин негизгилери. Бул багыттарда муниципалдык инспекция кандай иштерди жүргүзүп жатат? Мыйзам бузган жарандарга кандай чаралар көрүлүүдө, айып пулдардын көлөмү канча жана талаптарды аткарбагандарга карата кийинки кадам кандай болот? Ушул жана башка суроолорго Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциянын башчысы Нурсултан Шакир уулу жооп берди.
– Нурсултан мырза, муниципалдык инспекцияда эң көп катталган мыйзам бузуулар кайсылар?

2026-жылдан бери муниципалдык инспекция тарабынан эң көп катталган мыйзам бузуулар 114- берене болгон. Бул дегеним тазалык жана санитардык абалдын сакталбагандыгы. Шаар ичинде тазалыкты камсыз кылып, коомдук тартипти орнотуу багытында колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз. Бул багытта тиешелүү иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштердин натыйжасында шаардын тазалыгы жана санитардык абалы кыйла жакшырды деп ишенимдүү айта алам.
– Баарыбызга маалым болгондой көчө соодасы, тротуарларды жана коомдук жайларды мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча рейд өткөрүп жүрөсүздөр. Кандай чаралар көрүлүп жатат?
Тротуарларды ээлеп, мыйзамсыз соода жүргүзгөн жарандарга буга чейин да бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилип келген. Бирок, тилекке каршы, мындай көрүнүштөр дагы деле кайталанып жатат. Бул багытта муниципалдык инспекция тарабынан түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүрүп жатат. Мыйзамсыз соода жүргүзүп жаткан жарандардын айрымдары эскертүүдөн кийин өз каалоосу менен соода жайларын бошотуп кетишет. Ал эми берилген эскертүүлөргө карабастан талаптарды аткарбай, мыйзамсыз ишин уланткандарга карата биздин инспекция тарабынан тиешелүү протоколдор түзүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.
– Туран, Он-Адыр сыяктуу аймактарда борборлоштурулган канализация маселеси бар. Септиги жок жер тамдарда саркынды суулар кайда чыгарылат жана санитардык талаптарды бузган учурларга карата айып пул каралганбы?
Ооба, санитардык талаптарды бузган учурларда сөзсүз түрдө айып пул салынат. Бул багытта муниципалдык инспекциянын атайын иш планы бар. Анын негизинде тиешелүү аймактарга чыгып, канализация жана саркынды сууларга байланыштуу маселелерди жеринен текшерип, көзөмөл иштерин жүргүзүп келебиз.
Айрыкча септиги жок үйлөрдөн чыккан саркынды сууларды арыкка, каналга же дарыяга агызган учурларга өзгөчө көңүл бурулат. Мындай көрүнүштөр аныкталса, мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, күнөөлүү тарапка айып пул салынат.
Мындан тышкары, мыйзам бузуу аныкталган учурда белгиленген мөөнөттө кемчиликти жоюу боюнча көрсөтмө (предписание) берилет. Башкача айтканда, саркынды сууларды мыйзамсыз агызууну токтотуп, белгиленген мөөнөт ичинде көйгөйдү жоюу талап кылынат. Эгер көрсөтүлгөн мөөнөттө талап аткарылбаса, тиешелүү чаралар кайрадан көрүлөт.
– Шаар тургундарынын тынчтыгын камсыз кылуу максатында түнкү көңүл ачуучу жайларда рейд болуп жатат. Ушул тууралуу айтып берсеңиз.

Бул багытта мыйзам талаптары бар. Президент тарабынан кабыл алынган тиешелүү мыйзамдын негизинде иш алып барып жатабыз. Муниципалдык инспекция тарабынан түнкү клубдарга жана эс алуучу жайларга үзгүлтүксүз рейддер уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ал эми эс алуучу жайларды толугу менен жабуу боюнча бизде мындай ыйгарым укук жок. Жеке ишкерлерди мамлекет тарабынан колдоо саясаты жүргүзүлүп жаткан учурда муниципалдык инспекция өз алдынча барып, алардын ишин токтотуп же жаап салууга укуктуу эмес. Биздин негизги милдет — шаар тургундарынын тынчтыгын жана коомдук тартипти камсыз кылуу. Ошондуктан түнкү убакта ызы-чуу болуп, катуу музыка коюлган учурларда тиешелүү талаптарды коюп, музыканы өчүрүү боюнча эскертүү беребиз. Ал эми эс алып жаткан жарандардын өздөрүнө тоскоолдук кылуу же алардын эс алуусуна негизсиз кийлигишүү биздин максат эмес.
– Айып пул төлөнгөндөн кийин да мыйзам бузуу кайталана берсе, кандай чаралар колдонулат?
Мыйзам бузуу фактысы аныкталганда, алгач тиешелүү протокол түзүлүп, айып пул салынат. Бирок айып пул төлөнгөнүнө карабастан мыйзам бузуу кайрадан кайталана турган болсо, муниципалдык инспекция тарабынан кайра протокол түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлөт. Эгер мыйзам бузуу бир нече жолу кайталанып, берилген эскертүүлөргө жана колдонулган чараларга карабастан жоюлбаса, маселени комиссиянын кароосуна сунуштайбыз. Мыйзам бузуу кандай багытта болсо, ошол багыт боюнча тиешелүү сунуштарды киргизүүгө укугубуз бар. Мисалы, кечээ эле «Азизяр» клубуна мыйзам бузуу фактысы боюнча протокол түзүлгөн. Бирок ага карабастан аталган жайдын ишин улантып жаткандыгы аныкталды. Буга байланыштуу биз маселени комиссиянын кароосуна киргизип, аталган жайдын иш багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү сунуш бердик.
– Жарандар тарабынан инспекциянын кызматкерлерине каршылык көрсөтүү же кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу учурлар кезедешет да. Мындай учурда кандай чаралар көрүлөт?
– Ооба, мындай учурлар көп кездешет. Жумушта ар кандай жагдайлар болот эмеспи. Айрыкча мыйзам бузган жаранга же жеке ишкерге протокол түзүп, мыйзам талаптарын аткарууну талап кылсаң, албетте, сенин ишиңе нааразы болгондор чыгат. Кээде ошол себептен инспекциянын кызматкерлерин өздөрүнө «душман» катары кабыл алгандар да болот. Бирок кандай гана кырдаал болбосун, биз мыйзам чегинде иш алып барышыбыз керек. Шаарда тартипти орнотуу, мыйзам талаптарын камсыз кылуу биздин түздөн-түз милдетибиз. Ошондуктан кимдир бирөөгө жакпай калуудан коркуп, өз ишибизден баш тарта албайбыз. Бизди эң көп кубантып, ишибизге дем берип жаткан нерсе элдин колдоосу. Шүгүр, шаар тургундарынын басымдуу бөлүгү биздин жүргүзүп жаткан ишибизди түшүнүү менен кабыл алып, колдоп жатышат. Алардан ыраазычылык билдирген сөздөрдү көп угуп жатабыз. Албетте, айрым 5-10 жеке ишкер жаман көрөттүр. Бирок бул жалпы элдин пикири эмес. Эң негизгиси – коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди шаар тургундары колдоп, анын натыйжасын көрүп жатышат. Мына ушул колдоо бизге мындан ары да жоопкерчилик менен иштөөгө чоң түрткү берет.
– Бүгүнкү күнгө чейин түшкөн айып пулдардын жалпы суммасы болжол менен канча сомду түзөт?
– Бир жыл жыйынтыгы боюнча муниципалдык инспекция тарабынан салынган айып пулдардын жалпы суммасы 10 миллион сомду түздү. Түшкөн каражаттар белгиленген тартипте шаардык мэриянын эсебине которулат.
– Жакынкы убакта шаарда кайсы багыттар боюнча көзөмөлдү күчөтүү пландалууда?
– Көзөмөлдү бардык багыттар боюнча күчөтүү зарылчылыгы бар. Айрыкча мыйзам талаптарын сактоо, санитардык абалды жакшыртуу, шаардын тазалыгын камсыз кылуу жана мыйзамсыз соода-сатыкка бөгөт коюу багыттарына өзгөчө көңүл бурулат. Алдыдагы мезгилде ушул төрт негизги багытта көзөмөл иштерин күчөтүп, шаарда тартипти жана санитардык талаптардын сакталышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди улантабыз.
Жаңылай Арстанбек кызы