• Чт. Ноя 26th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

АЯЛУУ КАТМАРДАГЫ АЯЛДАР КӨЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮ ҮЙРӨНҮШТҮ

Аватар

Автор:Osh Shamy

Авг 18, 2026

Акыркы 3 жылдан бери өлкөнүн түштүк аймагында ишке ашып келген “Седеп” долбоору жыйынтыкталды. Бул аралыкта Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында 11 аймактан 135тен ашуун аялуу катмардагы аялдарга ишкерлик кылуунун жол-жоболору үйрөтүлдү. Атайын ассоциация түзүлүп, колдо жасалган эмгектерди сатууга жол ачылды.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Салтанат Туйбаева 3 жыл мурда бул долбоорго кокусунан катышып калган. Кырсыктан улам өмүрү арабага байланган айым көптөн бери эл чогулган жерге барбай калган. Көпчүлүктүн көз карашынан, сын-пикиринен коркчумун дейт. Кол-өнөрчүлүктөн такыр алыс жүргөн Салтанат айым бул убакыт аралыгында кооз төөнөгүчтөн баштап курактын бир канча түрүн бычып-тигүүнү үйрөндү. Ал долбоор аялуу катмардагы аялдарга киреше табуу менен катар коомдо өз ордун табууга да жардам берди дейт.

Салтанат Туйбаева, көл өнөрчү: «үйдө олтура берип көп нерседен артта калган экенмин»

— Биз сөйкө, кооз төөнөгүчтөрдөн баштап бычканды-тиккенди үйрөндүк. Мурда бул чөйрөдөн такыр алыс элем.үйдөн чыкчу эмесмин. Адамдар менен сүйлөшкөндөн, аралашкандан коркчумун. өз оюмду эркин айта алчу эмесмин. Тартынчумун, өзүмө өзүм чектөө коюп алыпмын. Көрсө, басып жүргөндөр кандай болсо мен деле ошолордой эле адам экенмин. Азыр адамдарга кошулуп, күндө жумушка барып келем. Азыр технология өнугүптүр. Бут иштебесе деле тиксе болот экен. Мурда акча тапчу эмесмин, азыр эми өзүмдү өзү камсыздап жатам. Айына 10-15 миң сом акча табам. Жакшы экен. үйдө олтура берип көп нерседен артта калган экенмин.
40 жаштагы Салтанат айым өзүнүн эле эмес, аймактагы өзү сындуу адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн да аракет кылып жатат. Ал Кызыл-Кыя шаарынын активдүү жаранына айланып, социалдык маселелердин чечилиши үчүн да жаң үрөп жатканын айтты.
— Жолдор жаман, инфраструктура начар. Бирок аларды дагы айтып, мэрияга барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуштук. Бизге пандустар керек, ыңгайлуу шарттарды түзүп бериңиздер деп айтып, талап кыла баштадык. Азыр акырындан жолдор, тротуарлар оңдолуп жатат. Сонун өзгөрүүлөр болду.
“Седеп” долбоору алгач аймактарга барып, үйдө олтурган кыз-келиндерди тикмечиликке, экотуризм же конок тосуунун жолдоруна үйрөтө баштаганда элет аялдарын чогултуу оңойго турган жок. Көпчүлүгүнүн үй-бүлө мүчөлөрү каршы болгон. Жаш кезинен уз-чеберчиликке жакын өсүп, үйдө кол-өнөрчүлүк кылган аялдар деле эмгегин баалабай, жасаган буюмун сатуунун жолун билишкен эмес. Азыр эми 11 аймакка атайын креативдүү ХАБ ачылып, ал жерге топтолгон айымдар киреше таап, үй-бүлөсүнө да кадыры артты. Араван ХАБынын мүчөсү Чолпонай Матмусаева учурда чет өлкөдөн да буюртмалар түшө баштаганын айтып берди.

Чолпонай Матмусаева, кол өнөрчү: “Улуттук колоритке басым жасайбыз”

— Биз көбүнчө кийизден жасалган буюмдарга басым жасайбыз. Албетте, курактарды, чапандарды, улуттук кийим, белдемчилерди буюртмага алып тигип жатабыз. Кызга сеп тигебиз. Буга чейин кыз- келиндер эмне кылышын билбей, өздөрү колдо жасаган буюмдарын деле баалачу эмес. Окууда аялдар өз мээнетин баалоону үйрөнүштү. Азыр кыз-келиндер тапкан акчаларынан бөлүшүп, үй-бүлөсүнө кадыр-барктуу боло баштады. Орто эсеп менен айына 15-20 миңден киреше табышат. Канчалык көп эмгек кылса, киреше ошого жараша. Азыр мисалы, бизге Германиядан буюртма түшкөн. 7 даана айнек тактайчаларга жүндөн оюм-чийимдерди төшөп беребиз. Анда Ысык-Көл, илбирс, бүркүттүн элеси түшүрүлөт.
Жумушсуздук, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, эрте турмушка чыгуу маселеси Кыргызстандын айрыкча түштүк аймагында курч. Мындан улам аталган долбоор Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылды. Майыптыгы бар аялдар, майып баласы барлар, көп балалуулар, аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү аялдар тартылган. 18 жаштан 35 жашка чейинки уз-чеберлер креативдүү, сатыкка чыга турган продукцияларды өндүрүп, аны сатуунун жолун өздөштүрүштү. Ал эми туризмге кызыккандар конок тосуунун жол-жоболорун, жаратылышка зыянын тийгизбей боз үйлөр шаарчаларын иштетүүнү өздөштүрүштү. Натыйжада түзүлгөн ХАБдардын 4 туристтик, 7 креативдүү индустрия багытында иш алып барышууда.

Гүлсана Абытова, коомдук фонддун жетекчиси: “Оштон өндүрүлгөн продукция Германиянын электрондук платформасында сатылууда”

— Ар бир аймак өзүнүн сырьесуна, чөлкөмүнүн өзгөчөлүгүнө жараша продукция өндүрөт. Азыркы учурда Оштон өндүрүлгөн продукция Германиянын электрондук платформасында сатылууда. Инстаграм аркылуу сатып жатышат. Айрымдар базарларда дүң баада сатыкка чыгып жатат. Жалпы киреше 7 млн. сомдон ашты. Иштейин десе же атайын жай жок, же жабдуусу жок болгон кыз-келиндер азыр ишкер айымдарга айланып калышты. Бул иштерди аткарууда демилгечилер айыл өкмөттөр, улуттук парктар, коруктар, музейлер, кесиптик-техникалык лицейлер менен тыгыз иштешкен. Алар ХАБдар үчүн кааналарды, кээ бир жерлерде бүтүндөй үйлөрүн беришти. Аябай колдошту. Ошондуктан жергиликтүү муниципалдык органдарга ыраазычылык билдиребиз.
Долбоордун алкагында зордук-зомбулук көргөн кыз-келиндерге юридикалык, укуктук, психологиялык кеп-кеңештер да берилген. Зомбулук катталган учурда милицияга кантип кайрылуу керектиги, кризистик борборлор менен байланышуунун жолдору да үйрөтүлгөн. Бир канча окутууларга, семинарлардан, жолугушуулардан өткөн айымдар эми өзү өңдүү башка аялдарга жардамын берет деген үмүт бар.

Аял билимдүү болсо, бала билимдүү болот

Ханс Борн, долбоорду каржылаган уюмдун жетекчиси:
— Биз аялдардын коомдо ордун чоң экендигин, алар да киреше таба алышаарын, алардан келечек көз каранды экендигин окутуп, үйрөттүк. Эми алар өзү сыяктуу башка аялдарга жардам көрсөтөт деп ишенебиз. Атайын ассоциация түзүп, каттоодон өткөрдүк. Бул жардамга муктаж аялдардын башын бириктирип, кичи бизнести өнүктүрүүгө шарт түзөт деп үмүттөнөбүз.
Аял билимдүү болсо, бала билимдүү болот. үй-бүлөдөгү жылуулук, көңүлдүү маанай, ошол үйдүн айымынан көз каранды. Мындайда майыптыгы бар, социалдык абалы начар же көп балалуу үй-бүлөдөгү кыз-келиндер өзгөчө колдоого муктаж.Андыктан долбоордун демилгечилери аялдардын билимин жогорулатуу, аларга кошумча киреше булагын ачып берүү, үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрүн да азайтат деп ишенишет.

Жарык Жылдыз

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *