24 апреля, 2024

ИНТЕРНЕТ, ТЕЛЕФОН АЛДАМЧЫЛАРЫНА АЛДАНБАҢЫЗ!

Ким эле тез баюуну каалабасын, баары бардар жашагысы келет. Адамдын бул ниетин адам гана алдап коёт кээде. Дегенибиз мындан  3-4 жыл мурда телефон чалып алдагандар мода болуп, анан кармалып колго тʏшʏшкɵн соң бул кɵрʏнʏш бир аз басаңдаган сыяктанган, бирок интернет заманында кайра кʏч алууда. Алданып калдым деген адамдар четтен чыгат, кеп ушул тууралуу болмокчу.

Шылуундар кантип алдашат?

Алдангандар кээде милицияга арыз жазышат, кээ бирлери жазбайт деле. Канткен кʏндɵ да кайрылгандар кɵп болушу мʏмкʏн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул боюнча атайын эскертʏʏ да таратты:

Урматтуу жарандар, сиздерден телефон аркылуу байланышка чыгып, алдоону адат кылган шылуундардан сак болууга чакырабыз.

Эгерде тɵмɵндɵгʏ маселелер боюнча сизге белгисиз жарандар байланышка чыкса, алардын айткандарын аткарып ыкчам чечим кабыл алууга шашпаңыздар.

Алдамчы топ сиздерге тɵмɵндɵгʏ маселелер менен алдап кайрылышы мʏмкʏн:

1. «Сиз лотереядан (сиздин телефон номериңиз, банктык карточкаңыздын номери ж.б.у.с.) утушка ээ болду, ал ʏчʏн мобул эсепке (телефон номери дагы болушу мʏмкʏн) алгачкы сумманы гана (залог) тɵлɵп, анан утушуңузду алып кетиңиз…»

2. «Ата, (апа, эже, жезде ж.б.у.с.) тез арада мобу дарекке ири суммадагы акча алып келиңиз, мен (же жакын тууганын айтышы мʏмкʏн) кырсыкка учурадым…»

3. Эгерде документтериңизди жоготуп алып, аны жарыя кылсаңыз, жарыяда кɵрсɵтʏлгɵн номерге чалып: «Сиздин документиңизди, буюмуңузду мен таап алгамын, аны алуу ʏчʏн тɵмɵнкʏ эсепке ачка которуңуз» деп айтышат. Жоготкон буюмуңузду колуңузга албай туруп эч жакка акча которбоңуз.

4. Буюмуңузду сатуу ʏчʏн жарыя жасадыңыз дейли. Белгисиз адамдар ал буюмду сатып ала турган болуп, акча которуу ʏчʏн банктык карточкаңыздын эки тарабынын сʏрɵтʏн вотсап аркылуу жɵнɵтʏʏнʏ суранса-макул болбоңуз.

5. «Атыңыз, фамилияңыз каза болгон ири бай адамдын мураска таштаган акчаны алуу ʏчʏн керек болуп жатат. Анткени мураскер каза болгон. Болгону акча которууңуз керек» деген сунуш менен чалат же электрондук дарекке кат жазат.

6. Белгисиз жаран телефон аркылуу байланышып, «биз банктан чалып жатабыз. Сиздин банктык карточкаңызга кирʏʏ аракети болду»(же (коопсуздук ʏчʏн паролуңузду алмаштырып беребиз» десе) деп айтып, банктык карточкаңыздын эсебин сурайт. Же болбосо «акчаңызды резервдик эсепке которуп турабыз» деп алдашы мʏмкʏн.

7. Интернеттен (тʏрдʏʏ кошумча досторуңуздун атынан, досуңуздун сʏрɵттɵрʏн коюп баракча ачып(двойник), Сизге оор шарттын айтып,убактылуу акча сурап, кайрадан баракчасын ɵчʏрʏп коёт.

Эгерде ушундай жарандар чалса эмне кылуу керек?

Демейде телефон шылуундары акчаны тез которууну, тез жеткирʏʏнʏн зарылдыгын айтышып, жарандарга психологиялык басым жасоого аракет кылышат. Башка бирɵɵлɵргɵ чалып, тактап сурап алууга мʏмкʏнчʏлʏк бербɵɵнʏн аракетин жасайт. Мындай учурда чочууга, стресске кабыл болуп, шашып чечим кабыл албаңыздар. Тиешелʏʏ банктарга, жакындарга, фирмаларга чалып, телефон чалган жаран тарабынан айтылгандарды тактап сурап алуу — эң зарыл. Ошондой эле сизге телефон аркылуу чалып, алдоону аракет жасаган адамдарга токтоо, олуттуу тʏрдɵ мамиле жасап, анын маалыматтарын жана ал адам тууралуу тактап сурап алууга аракет жасаңыз (демейде мындай шылуундар билимдʏʏ жана чечкиндʏʏ адамдарга чалуудан тайсалдашат).

Шектʏʏ чалуулар болсо-жергиликтʏʏ милиция кызматына 102 телефону аркылуу байланышып, окуя боюнча кабар берʏʏнʏ унутпаңыздар!

15 миң сом 16 саттын ичинде кантип 480 миң сомго айланат?

Азыр инстаграмдан тез баютчу баракчалар ɵтɵ кɵп, ɵкʏнʏчтʏʏсʏ мошенниктерге тез алданып калган жарандар жʏздɵп саналат. Сиз ишенбеңиз, бекер акчаны ким берет эле. 100 пайыз кепилдик жок, тʏшʏнсɵңʏз. Биз инстаграмдан бир баракчаны таап акча кɵбɵйткɵн киши болуп сʏйлɵшʏп кɵрдʏк, жыйынтыгы таптаза алдамчылык.

Текст сʏрɵт менен берилди, жакшы окулбай калбашы ʏчʏн ɵзгɵртʏʏсʏз да берип кɵрɵлʏ.

-Саламатсыздарбы, биз АКЧА БЕРУ фонду элдин акчасын инвестиция аркылуу кɵбɵйтʏп беребиз, толук ишенсеңиз болот, бизде отзывдар бар.

Тɵлɵм кабыл алынгандан кийин 16 саат ичинде убадаланган суммадагы акча каражатын алсаңыз болот.

-Канча сом салса канчага кɵбɵйɵт?

2700 сом салып 84000 алсаңыз болот.

3500 сом салып 97 000 сом алсаңыз болот.

4900 сом салып 117 000сом алсаңыз болот.

10 000сом салып 295 000 сом алсаңыз болот.

15000  сом салып 480 000 сом алсаңыз болот

-Эгер акчаңызды кɵбɵйтɵ турган болсоңуз, анда макулмун деп жазыңыз жана акчаңызды кайсы убакта сɵзсʏз сала турганыңызды жаза кетиңиз.

-Кимге салышым керек, атайын эсепкеби?

-Единица тʏрʏндɵ саласыз.

-Алдап кетпейсиңерби?

-Баары толук ишеничтʏʏ.

-Акчаны кайсы убакта саласыз?

-Единицаны кайсы номерге салам?

-ххххххх ушул номерге единица кылыпсаласыз анан мага чекти сʏрɵткɵ тартып жɵнɵтɵсʏз.

-…

-???  Айтор, мындан аркысы качан саласыңар, кеч болуп кетет деп шаштырат, эртең салам деп койсом смстерди тазалаганга ʏлгʏрдʏ.

Мындай баракчалар кɵп, баары кайсы бир номерде айтат, бирдик саласың анан кʏтɵсʏң дешет, жыйынтыгында жок эч нерсе. Бир-эки кн ɵткɵрʏп жазышкан номерлерге чалып кɵрсɵм ʏчɵɵнʏкʏ иштебейт деп чыкты, сыягы какшаткан го бирɵɵлɵрдʏ.

Каармандардын окуялары

Ушундай эле жол менен алданган  каармандардын окуясы тɵмɵндɵ, сабак болуш керек,алданбаңыздар.

-Вотсаптагы, телеграммдагы, инстаграмдагы жана башка интернеттеги акчаны тез кɵбɵйтʏп берем, момунча сом салсаң эле момунча сомдуу болуп кетесиң деген алдамчыларга дагы ишенбегиле, туугандар. Мындан эки жыл башта бир иштер менен милиция бɵлʏмʏнɵ барып калсам бир аял ыйлап олтурат болчу. Инстаграмдагы бир группадан ошондойго ишенип 45 000 сомго жакын акчасын терминалдан салып, алданып, арыз жазып отурат эле!

ххх

-Инстаграмдан акчаны кɵбɵйтʏп беребиз деген баракчаны окудум, отзывдарга ишенип кеттимби билбейм, бирок шайтан айдадыбы, айтор эки миң акчаны салып кɵрʏʏнʏ чечтим, салып чекти жɵнɵттʏм, «кʏтɵ туруңуз, акчаңызды кɵбɵйтʏп, эртең колго аласыз» деген эртеси эмес, анын эртеси да жок, блоктоп салыптыр, алданганымы ошондо билдим. Эч кимге деле айтпадым, кайрылбадым, аз сумма болгон ʏчʏнбʏ, бирок ичимден ɵзʏмɵ абдан жиним келип турат, эстесем ачуум келет. Таптакыр салбаңыздар бирɵɵгɵ бирдик.

ххх

-Мындан 3 ай мурда мага бирɵɵлɵр чалып калды, эжемдин баласынын атын айтып, сиз эжеси болосузбу деп (жɵн гана аты дал келʏʏ экен).

-Ооба.

-Кырсык болуп калды, машина уруп кетти, сɵɵк Казакстанда кармалып турат…

Башым-кɵзʏм тегеренип жаман абалда шашкалактап «и анан эмне кылышым керек» деп эле айламды таппайм, «единица салып коюңуз, ʏч миң сом» дегенде гана эсиме келдим, курбум да ушинтип алданганын айткан жайы бар эле.

-О акмак, тʏрмɵдɵ отурган неме экенсиң да ээ, тирʏʏ адамды ɵлʏʏ кылган акмак… деп эле сʏйлɵнʏп кирсем ɵчʏрʏп кутулду, кийин кайра-кайра чалдым номер иштебейт деп  кара тизмеге киргизди. Ага чейинки нерв болуп колум калчылдаганын айтпагыла. Эжеме чалып дагы деле ишенбей акырын сурап коём.

— Канат кандай иштеп атыптыр?

-Апей, Канат келип досунун тоюна даярданып атат деп баласына сʏйлɵп калды. Ошондо жʏрɵгʏм ордуна келди. Ушундай окуяларды мисалдарды кɵп жазып тургула, эл билсин, маалыматтуу киши алданбайт.

ххх

-Мага Казакстандын номери менен бейтааныш бирɵɵ чалды.

Саламатсызбы?

-Саламатчылык.

— Эже, биз ушунай бир …. компаниядан чалып жатабыз сиз, 3 сертификат, муздаткыч, дагы бир балекеттерди айтып баштады. Мени алдап жатканын дароо эле сездим, мен да алдайын деп кубанган киши болдум.

-Оо-й кандай сонун кабар, бʏгʏн маанайым жок отурдум эле, кубантпадыңарбы, номеримди каяктан алдыңар?

Ушу жерде да кебелбей алдап жатат:

-Сиз супермаркеттен соода кылдыңыз беле?

-И ооба да, кʏн алыс кирем да.

-Дал ошол боюнча сиздин номер бактылуу экенсиз, эми кыска анкетага жооп берсеңиз, анан мен белектерди алуунун жол-жобосун айтып берем.

-Макул.

-Толук аты-жɵнʏңʏз?

-Силерде жокпу маалымат?

-Бар, бизде, дагы бир жолу тактап алайын деп атпаймбы?

-Аа, Айгʏл…. оюмдан чыгарып айттым.

-Айгуля эже, ɵтɵ жакшы, кайсы шаарда же айылда турасыз?

-Мен Токмокто.

-Аха Токмок айылы…

-Апей, Токмок айыл эмес да.

-Ой эже, кечиресиз.

-Жашыңыз?

-49да.

Мынаке анкета да толтурулду. Эми сиздин белектерди бирɵɵ алып кетеби же биз берип жиберелиби?

-Эмнени?

-Сиз уткан белекти?

-Силер каяктасыңар, ɵзʏм эле барам?

-Биздин дарек татаалыраак таап келе алат бекенсиз?

-Барам эле, белек берип атсаңар барбай анан…

-Айгʏл эже, сиз убара болбоңуз адресиңизди толук айтып коюу эле жетиштʏʏ.

-Макул, макул.. башка адрести айттым, Сокулук облусу десем деле «аха жазып атам» дейт аферист, район менен облусту айырмалай албайт деле экен.

-Болдубу, рахмат.

-Коё туруңуз курьер менен бул буюмдардын Евросоюздан ɵткɵнʏнɵ компания тараптан сумма кетет, андан сырткары салыктары бар ошолорун сʏйлɵшʏп алалы.

-Анан мен эмне кылышым керек?

-Акча которуп же единица тʏрʏндɵ салсаңыз деле болот.

Ушу номергеби?

-Ооба.

Канча салайын?

-Таак, 3986 сом болот экен, таба аласызбы?

Табам эле.

Ушу жерден бала ɵтɵ сʏйʏнʏп кетти, азыр салганы кеттим, жакшы тур деп кыйла эрмектедим да номерин кара тизмеге салып койдум.