18 октября, 2024

МОДА: АКЫРКЫ ТРЕНД, АКТУАЛДУУ ТʏСТƟР

Мода француз тилинин  mode, латын тилинде modus – бизче которгондо ɵлчɵм, эреже дегенди тʏшʏндʏрɵт.  Мезгил-мезгили менен алмашып туруучу, бир нече жылга созулган коомдогу белгилʏʏ бир табиттин, кɵз караштардын, жʏрʏм-турум эрежелеринин ʏстɵмдʏгʏн мода деп атасак болот. Мода темасын улай бʏгʏн биз стилист менен болгон маекти сиздерге тартуулайбыз. Стилист Тахмина Данияр кызы модадагы акыркы тенденция, актуалдуу тʏстɵр, кийимдер, бул сферадагы жетишпеген жагдайлар тууралуу кенен айтып берет.

“Стилист издеп стилист болдум”

-Ɵзʏм жогорку окуу жайын экономика жаатында бʏткɵмʏн. Окуп жʏрʏп, 4-курста турмушка чыгып кеттим, тɵрɵдʏм. Аял киши кээ бири тɵрɵттɵн кийин арыктап кетсе, кээ бири толуп кетет экен. Мен арыктап кеттим. Кийимдер туура келбейт. Sɵлчɵм да мага чоң келип калды. XSɵлчɵмдʏ табуу кыйын болду. Кийим дʏкɵндɵрʏнɵ, базарга барсам кийим таба албай маанайым тʏшʏп келет, жарашпайт же кандай кийим тандашты билбейм. Ошентип мындан 5 жыл мурун ɵзʏм стилист издеп баштадым. Кандай кийимдерди кийсем болот, кайсыл кийим менин кемчилик жеримди жабат, ушул суроолорго жооп издеп стилист издеп шаардан жеке консультация алайын деп таба алган жокмун. Борбордон 2 стилист кызды таап, аларга жазылып ошолорду окуп баштадым. Анан Орусиянын Карина Шер деген стилистине жазылып, кɵп пайдалуу нерселерди ошол стилисттен ʏйрɵндʏм. Онлайн китебин сатып алдым. Ошентип ɵзʏмɵ стилист издеп жʏрʏп стилист болуп кеттим десем болот. Ойлонуп кɵрсɵм бизде шаарда бул жаатта адистержок экен. 6 ай Орусиянын онлайн мектебинде окудум.

“Мода бул кеңейтилип айтылган сɵз”

-Шаарда стилист кесибинин ɵнʏгʏʏсʏ жай. Кардарлар бар, бирок кɵп эмес. Кɵбʏ тʏшʏнбɵйт. Стилистмин десең дизайнерсиңби, кийим тигесиңби деп суроо беришет. Чоңураак адамдар «эл эмне кийиништи билбейт бекен?» дегендер бар.

Мода деп бул кеңейтилип айтылган сɵз. Негизинен тренд жана актуалдуу болуп мода экиге бɵлʏнɵт. Тренд да экиге бɵлʏнɵт, узак мɵɵнɵттʏʏ жана кыска мɵɵнɵттʏʏ болуп. Узак мɵɵнɵттʏʏ деп 2-3 жылга созулгандарды айтабыз. Кыска мɵɵнɵттʏʏ деп бир сезондо эле кийилип, кайра модадан чыгып кеткен кийимдерди айтабыз. Актуалдуу деп 7 жыл убакытта кийимдин тигилиши модадан кетпей кармалып турган кийимдерди айтат. Мисалы оверсайз кийимдер ушул жаатта кармалып турат, модадан кете элек.

“Тандоо аз, бардык дʏкɵндɵр окшош товарды алып келишет”

-Мага кɵбʏнчɵ кыздар кеңеш алуу ʏчʏн кайрылышат. Бирок “Шоппинг коштоочу” болуумду суранышат. Гардеробун жаңылагысы келгендер булар кийими кɵптɵр. “Шоппинг коштоочу” бизде бир аз кыйыныраак. Себеби, шаарда кийим саткан дʏкɵндɵр азыраак. Тандоо аз, бардык дʏкɵндɵр окшош товарды алып келишет. Убакытты да кɵп талап кылат. Себеби чоң соода борбору болсо 2 саат убакыт кетмек. Бизде Глобустан башка соода борбору жок да, ал жерде 4-5 эле дʏкɵн бар. Ар жерди кыдырып жʏрсɵң 5 саат кетип калат.  Акырындан онлайн сатып алууга ɵтсɵк болот. Бирок анын жеткирип берʏʏ кызматы бир аз кымбатка тʏшɵт, анан кʏтʏʏнʏ талап кылат. Мен ɵзʏм деле кʏткʏм келбейт. Бирок, сапаттуу, анан ɵзгɵчɵрɵɵк кийим киет элем дегендер ушуга ɵтсɵ болот.

“Дʏкɵндɵр стилисттер менен иштешпейт”

-Бизде кийим дʏкɵндɵрʏндɵгʏ кийимдер эмне ʏчʏн окшош? Анткени, стилисттер менен иштешпейт. Борбордо жакшы кийим саткан дʏкɵндɵрдʏн баары стилист менен иштешкендер. Сырттан караган адамга кадимкидей байкалат. Окшош кийимдерди алып келгендер элди карап кайсыл кийим жакшы сатылып жатат, ошону алып келе беришет. Ɵзʏнʏн капчыгын ойлогондор. Бир ирет шаарда кийим дʏкɵнгɵ кирип калдым. Кош бойлуу аялдардын кийимдери болчу. Мен сʏрɵткɵ тартып инстаграмга илип койдум, бул актуалдуу эмес, мындайды кийбеш керек деп. Ал дʏкɵндʏн сатуучулары мени окушат экен, аны билген эмесмин. Анан кош бойлуулар ушундай кийинет да деп мага жазып, тартышып калышты, жыйынтыгында мени блоктоп салды (кʏлʏп). Кош бойлуу аялдар тууралуу да айта кетейин, атайын кош бойлуу аялдар ʏчʏн деп кийим издебей эле койгула, жакшы кийимдер бизде жок. Азыр оверсайз деген бар, ошолорду кийсе болот, анын тигилиши кенен болгон ʏчʏн кош бойлууларга жарашат. Бизде боюнда бар десе эле кɵкʏрɵктɵн башталган парпырак сыяктуу кийимдерди кие беришет, ал актуалдуу эмес.

Тʏстɵр жылуу жана муздак болуп бɵлʏнɵт

-Тʏстɵр тууралуу айта кетсем, бизде кɵп тʏстʏ бир образда кийсе болбойт деген миф бар. Кɵп тʏстʏ бир образда кийсе болот. Биздин терибиздин да тʏсʏ болот. Терибиздин тʏсʏнɵ карап туура тандалган тʏс жакшы жарашык берет. Тʏстɵр жылуу жана муздак, ачык жана нейтралдуу тʏстɵр болуп бɵлʏнɵт. Кɵгʏш, кɵргɵндɵ эле салкындыкты тартуулаган тʏстɵр муздак тʏстɵргɵ кирет, мисалы суу, асман тʏстɵргɵ жакындар. Ал эми сары, апельсиндин тʏсʏнɵ жакындар жылуу тʏстɵргɵ кирет. Ар бир тʏстʏн дагы  жылуу, муздак  тʏрʏ болот. Мисалы, кɵк тʏстʏн да ачык кɵк тʏсʏ, кара кɵк тʏсʏ болот эмеспи. Булар бири-бири менен айкалыша берет. Ошол тʏстɵрдʏн ɵзʏнɵ жарашпаган тʏрʏн тандап алганда мага кɵк тʏс жарашпайт деп жʏрɵ берет. Ар бир тʏс ар бир адамга жарашат. Биздин терибиз да жылуу, муздак болуп бɵлʏнɵт. Жыйынтыгында муздак менен муздак тʏстɵр, жылуу менен жылуу тʏстɵр жакшы айкалышат. Кара, ак, боз тʏстɵр бардык тʏстɵр менен дал келет.

Быйылкы жылда кɵк тʏс модада

-Быйылкы жылды мода изилдɵɵчʏлɵр кɵк тʏс модада деп санашат. Пантон деген компания бар. Ноябрь, декабрь айларында кийинки жылы кайсыл тʏс мода болорун изилдеп айтышат. 2022-жылды кɵк тʏс модада деп айтылган. Алар дʏйнɵдɵ адамдардын жашоо маанайына карап тандашат. Мисалы, 2020-жылы дʏйнɵнʏ пандемия каптады. Адамдардын маанайы кɵтɵрʏлсʏн деп сары тʏстʏ 2021-жылга киргизишкен. 2022-жылы ɵнʏгʏʏ болсун деп кɵк тʏстʏ тандашкан. Ушул кʏздɵ мода подиумдарында электр кɵк тʏстɵн сыя (фиолетовая) тʏскɵ ɵтʏп жатышат. Дизайнерлер учурда сыя тʏскɵ да басым жасашууда. Демек, кʏз мезгили босогодо, кɵк менен сыя тʏстʏ кие берсе болот.

“Спорт шик” же кроссовки менен кɵйнɵк кийʏʏдɵ абайлаңыз

-Кроссовка менен кɵйнɵк кийʏʏ ар дайым модада болот. 2022-23-жыл модада стилисттердин сɵзʏ менен айтканда “спорт шик” деп коёт. Спорт шикке спорттук кийимдер менен классикалык же башка кийимдердин айкалышуусун айтабыз. Болгону кроссовкини  кɵйнɵк менен кийʏʏдɵ абайлаш керек. Кроссовкинин да тʏрлɵрʏ бар, орой кɵрʏнгɵн, чуркоодо кийиле турганы болот. Шаардын ичине жɵн гана басканда кие турганы болот. Чуркаганга кийген кроссовки менен кɵйнɵк кийип алышат, ушул туура эмес. Же болбосо башымды оорутпайм десе ак тʏстɵгʏ кеда менен кийип алса болот. Бирок, кеданы да туура тандоо керек. Кеданын жип менен байламай тʏрʏ анан липучка менен жабыштырып коё турган тʏрлɵрʏ бар. Бою кичинекей кыздар липучкасы менен кеда кийбегени оң. Ал бутту чоң кɵрсɵтʏп, бойду визуалдуу кыркып коёт. Алар жип менен байламай кеда кийгени туура болот. Липучка кɵлɵм кошот. Модада бут кийимди да да туура тандоо талап кылынат.

Дагы бир жагдайды айта кетейин, кʏз келатат. Кɵпчʏлʏк кыздар тренч кийип чыгабыз. Бизде кыздар тренчти денеге жабышкан тʏрʏн киерин байкадым. Эреже боюнча тренчтин ичинен бир пиджак батышы керек. Азыр кыздар ичинен  кɵйнɵк же бир кофта сыяктуу кийип тренч кийишет, ал денеге жабышып калат. Тренч кенен болушу керек, ийилгенде ыңгайсыздыкты жаратпай.