26 апреля, 2024

“Алгачкы мастер класска 100 сом тɵлɵп катышкамын”

Уулбʏ Каныбекова биздин гезиттин таланттуу кабарчысы, учурда декреттик ɵргʏʏдɵ жʏрɵт. ʏч баланы багуу менен бирге  кол ɵнɵрчʏлʏк менен алектенип келет.

-Оюнчуктарды токууга ɵткɵн жылы кызыга баштагам. Алгач коён токуп кɵрɵйʏн деп базардан жип, крючокторду алып бардым. Эки кулагынан токуй баштаганда эле бул иштин абдан татаал экенин сездим. Колум да али кɵнɵ элек болгондуктан токуй баштаган коёнду кайра жыйнап салдым. Негизи бир нерсеге кызыкканда, жасап кɵргɵнгɵ чейин мээмде аябай бышырып, даяр болгонго чейин убакыт берип коймой адатым бар. Ошентип таштап койгон коёнум кɵпкɵ чейин жатты. Анан жакында тумоо кʏчɵп, ɵзʏм да сыркоолоп жатып калганда зеригип отуруп, коёндун башын, колдорун, буттарын токуй баштадым. Куурчагым бат эле бʏтʏп, оюмдагыдай чыкты. Ошондон кийин биринин артынан бирин тиге баштадым. Азыркы учурда мастер класстардын жардамысыз эле куурчактын кайсыл жерин чоңойтуу керек, кайсыл жерин кичирейтʏʏ керектигин билип ɵз алдымча токуп калдым.

Негизи мурдатан токуганга кызыкчумун, токуп кете аларыма да ишенгем. Кичинекейибизде апам бизге спица менен кийим токуп берер эле. Ошондо спицаны бир- эки жолу кармап кɵргɵнʏм эсимде. Кийин спица менен крючок алып келип токуп кɵрʏʏнʏ кɵпкɵ чейин пландап жʏрдʏм. Бир кʏнʏ топу токуу боюнча мастер класс ɵтɵɵрʏ тууралуу бир кыздын статусунан кɵрʏп калып, болгону 100 сом тɵлɵп катыштым. ʏйрɵткɵн мастер сенин колуң дапдаяр экен деп жатпайбы. Бала кезден апаңын жасагандарын кɵрʏп, ошол программа мээңе синип калат экен. Бир чети ɵз куурчактарыма да кɵйнɵктɵрдʏ тигип калчумун, балким ошентип жʏрʏп колум кɵнʏп калса керек.

«Ата-энеден ɵткɵн ɵнɵр»

-ʏйдɵ апам да, атам да ар ишке жɵндɵмдʏʏ адамдар. Мисалы, атам эркекке тиешелʏʏ устачылык иштердин баарын жасай берет. Айылдагылар бут кийими жыртылып калса деле атама келе беришчʏ, атам кадимки шибеге менен жибек жиптен тигип койчу. Апам да кийимдердин бардык тʏрʏн тигип, тʏстɵрʏн да укмуш келтире алган чебер аял. Апамын ɵнɵрʏнɵ айылдагылардын баары таң калышар эле. Бирок ɵз ɵнɵрʏн бизге ʏйрɵткɵнгɵ убактысы болбоду.

“Токуганда эсептен адашпоо керек”

-Куурчактын бутун токуп жатканда кайсы жерге жеткенде чоңойтуп же кичирейтиш керек экенин эсептеш керек. Эсебинен адашсаң куурчак кыйшык чыгып калуусу ыктымал. Бир куурчакка эки-ʏч миңдей илмек илинет, чоң болсо тɵрт-беш миңге чейин илмек кетет. Ар бир илмек чоң сʏйʏʏ, энергия менен токулат. Колдо жасалган буюмдардын баалуулугу мына ушунда.

“Токуу — жан дʏйнɵнʏ тынчтандырат”

-Орустар токууну биздин медитациябыз деп коюшат. Аларда эркектердин арасынан да токугандар аябай кɵп. Бул аялга да, эркекке да сонун энергия берет. Айрыкча баланын тарбиясы аял кишинин мойнунда болгондуктан, аял кечке ʏй иштери менен гана алек болуп, бош убакта уктап жʏрɵ берсе бала жалкоолукка ʏйрɵнʏп калат. Эгер аял кызыккан хоббиси менен алек болуп турса, бала ɵзʏнɵн-ɵзʏ эмгекчилдикке тарбияланат. ʏйдɵ отурган кɵпчʏлʏк аялдарда окшош кʏндɵр кайталанып, тынбай балдардын ызы-чуусу болуп тургандыктан депрессияга тʏшʏп кетишет. Эгер кандайдыр бир иш менен алек болсо, ошол нерселерден арылып, жайдары жʏрɵт. Адам эмнеге кызыкса ошону сɵзсʏз жасай алат, мен буга ишенем.