20 апреля, 2024

АТА-МЕКЕНДИК ƟНДʏРʏШТʏ КОЛДОО – ЭКОНОМИКАНЫН ТʏРКʏГʏ

Элет эли ар дайым мактоого татыктуу дээр элем, анткени, бир тарабынан улуттук баалуулуктарыбызды, тилибизди сактап тургандарына ыраазы болсоң, ар тараптуу таланттардын кɵп чыгышы дайым таң калтырып, суктантып келген. Экинчи тарабынан, калктын басымдуу бɵлʏгʏ айыл жергесинде жашагандыктан, экономиканы ɵнʏктʏрʏʏнʏн негизги фактору дыйканчылык жана мал чарбасы болуп эсептелет. Элеттиктердин айрымдары ушул эки тармакты гана тиктеп отуруп калбай, ишкердиктин ар кандай тʏрлɵрʏн ɵздɵштʏрʏп, жашоолорун жакшыртып алгандарына алкыш айтпай кое албайсың. Бʏгʏнкʏ каарманыбыз да ишкер айым Матиева Динара Козубаевна Нариман айыл ɵкмɵтʏнʏн Лангар айылында дээрлик он жети жылдан бери ʏй-бʏлɵсʏ менен эзме-куруттун тʏрлɵрʏн ɵндʏрʏп, калкты табигый продукция менен, тоолуу аймактагы элди аз да болсо жумуш менен камсыздап келет.

-Динара эже, ишкердиктин ушул тʏрʏ менен алектенип калууңузга эмне тʏрткʏ болгон?

-Мен жаңы келин болуп келгенде кайнатам эзме курутту кɵп ичер эле. Дегеле кайын журтум тамактын ушул тʏрʏнɵ аябай басым жасачу. Тоодо жашаган апалар, келиндер муну билишет, тоголоктолуп кургатылган курутту колдо эзʏʏ кыйын, биринчиден кара кʏчтʏ талап кылса, экинчиден убакытты алат. Ошентип, колум ооруганына карабай курут эзе берчʏ элем. Ошондо жолдошум курут эзʏʏнʏн оңой жолун ойлонуштура баштаган. Анан аны майдалаганга ɵттʏк, тагыраагы, кʏкʏм тʏрʏнɵ айландырып колдоно баштадык. Кийин аны сатыкка чыгаруу идеясы келди. Алгач бул ишти 2004-жылы баштаганбыз. “Курутун” деген аталыштагы продукциябыз бир эле тʏрдɵ чыкчу. 2017-жылы аталышын “Эзме курут” деп ɵзгɵрттʏк. Ар бир иште кыйнчылык болот экен. Биз да башында бир топ кыйналдык. Техника жок, бʏт иштер колдо жасалчу. Ишкердиктин ушул тʏрʏн тандап калуумдагы негизги окуянын бири ушул болсо, башка тарабынан улуттук тамак-ашыбызды жасоого жана жайылтууга абдан кызыгам.

-Учурда эзме куруттун кандай тʏрлɵрʏн чыгарасыздар?

-Сатыкта 20, 25, 50 граммдык желим баштыктарда кʏкʏм(порошок) тʏрʏндɵгʏ эзме курут. 1литрлик желим бɵтɵлкɵдɵгʏ суюк тʏрʏндɵ жана 50 грамм баштыкта жупка, сары майы менен салынып, атайы бир порцияга ылайыкталган тʏрʏ. Ошондой эле “Ырыскы” деп аталган куруттарыбыз момпосуй сыяктуу кагазга оролуп, ар таңгакталган кутучага 50 даанадан салынат. Бул куруттарыбыз эки тʏрдʏʏ, бириси кадимки ак курут болсо, экинчиси чɵбɵгɵ кошулган курут.

-“Курут-аш” деп аталган ɵзгɵчɵ продукция кɵпчʏлʏк ʏчʏн жаңылык болду окшойт. Ушул жɵнʏндɵ кенен айтып берсеңиз, идея кантип келди?

-Илгери ата-бабаларыбыз азыркыдай боёк, химикат кошулган же газдалган сууларды ичишкен эмес, биздин заманда деле кɵп ичпейт болчубуз. Кыргыздын улуттук суусундугу катары акты(бээнин, уйдун сʏтʏнɵн жасалган суусундуктар же азыктар) кɵп ичишкендиктен мурдагылардын ден соолугу бекем болгон деп ойлойм. Ɵзʏңɵргɵ белгилʏʏ болгондой учурда оорунун эле тʏрʏ кɵп, белгисиз тʏрлɵрʏ да кɵбɵйʏп баратат. Мында ошол эле тамак-ашыбыздын сапатынын начарлыгы себеп болууда десем жаңылышпайм. Адамдын дени сак болуусуна пайдалуу тамактын таасири чоң, ошондуктан биз таза, адамга сиңимдʏʏ азыкты азыркы шартка ылайыктап, жасап ичʏʏгɵ ыңгайлуу болушу ʏчʏн ичинде жупкасы, сары майы менен чыгарууну эп кɵрдʏк. Даярдоодо 80 градус кайнак сууга аралаштырылат.

-Эзме куруттун составындагы пайдалуу заттар?

-Мен жогоруда белгилеп ɵткɵндɵй эзме курут табигый таза азык болгон ʏчʏн адамга жагымдуу. Составында кальций жана белок болгонуна байланыштуу  айрыкча жаш балдардын сɵɵктɵрʏнʏн ɵсʏʏсʏнɵ пайдасы чоң. Энергетикалык кубаттуулугу жогору. Мага кɵп айтып калышат да “айран, сʏзмɵ, курутту кɵп ичʏʏ канды тʏшʏрʏп жиберет” депчи. Мисалы, бир киши айтып калды ушул курут боюнча кызы докторлукту жактап жаткан учуру экен. Ал ушул маселе боюнча сʏйлɵп калды. “Эзме курутту, дегеле акты ичʏʏ канды тʏшʏрʏп жибергидей бир эле учурда бир тонналап ичип жибербейсиңер да, илгертен келе жаткан бул азыктардын тескерисинче, адам организмине пайдалуулугу жогору” деп белгилейт ал.

-Продукцияны мындан да кенен жайылтуу ʏчʏн кандай иш-аракеттер кɵрʏлʏп жатат, балким чет ɵлкɵлɵргɵ чыгаруу планы каралып жаткандыр?

-Буга чейин ɵлкɵ ичинде уюштурулган кɵп эле иш-чара, кɵргɵзмɵлɵргɵ катышып жʏрɵм. Ал эми чет ɵлкɵлɵргɵ азырынча официалдуу тʏрдɵ чыкпаса да керектɵɵчʏлɵр тарабынан заказ берилип, жɵнɵтʏлʏп жатат. Алдыда ɵлкɵдɵн сырткары сатуу планы да коюлуп, акырындан иш-аракеттерибизди жасап келʏʏдɵбʏз.

-Ушул тапта ɵндʏрʏштɵ канча адам эмгектенет?

-Учурда онго жакын адам эмгектенет.

-Мамлекет ишкерлерди колдоо ʏчʏн кандай шарттарды тʏзʏп берʏʏдɵ?

-Негизи каржылык насыя алгандардын 70%ы элеттик ишкерлер болуп саналат. Аймактарды ɵнʏктʏрʏʏ максатында, ишкерлерди колдоо ʏчʏн жакшы эле долбоорлор иштелип чыккан. Биз да мамлекет тарабынан, “Айыл банктан” жеңилдетилген насыя алганбыз. Негизи мамлекет ишкерлерди колдоп, ушул  сыяктуу бизнесте экономикалык жагымдуу шарттарды кɵбʏрɵɵк тʏзɵ берсе, ɵлкɵ бюджетине да, иш менен камсыз болгондорго да пайда келтирет.

-Бир ишти баштоого белсенип жʏргɵн жаш ишкерлерге кандай кеңеш берээр элеңиз?

-Ишкердиктин бардык тʏрʏнɵ идея керек да. Жаңы иш баштап жаткан ишкер, бизнес идеясын ишке ашыруу ʏчʏн ошол тармакта изденип, кɵбʏрɵɵк информация чогултуусу керек. Мамлекет тʏзʏп берген мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ пайдалана билсе жакшы. Ишкердиктин ошол тʏрʏн алып кетʏʏгɵ  кɵзʏ жетсе, жасаса болот. Аны баштагандан кийин кыйнчылыктарына чыдаш ʏчʏн адамдагы ɵжɵрлʏк сапат ашыкчалык кылбайт. Кыргызстанда жасай турган иштер толтура. Мисалы, жылда ушундай кɵрʏнʏштʏ байкап калам, алмасын саталбай арзан болуп, бир топ убара болуп калышат. Ɵзʏбʏздɵн табигый шербеттерди чыгарууга эмнеге болбосун? Багбандарга деле пайда болмок. Башка жактын бир аз арзаныраак товарларын алып келишет да ɵзʏбʏздɵн чыккан продукциялар солгундай тʏшɵт. Негизи, ишкерлер кɵп эле, ошолорду эл да, ɵкмɵт да жакшыраак кɵңʏл буруп колдоого алса жакшы жыйынтыктар болор эле.

Айжылдыз

Тойчиева