27 апреля, 2024

Замирбек Исмаилов, Ооруларды алдын алуу жана санэпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун башкы дарыгери: “Баарын билем дебейм, ʏйрɵнɵ турган нерселер кɵп”

Бейне рубрикасынын алкагында бʏгʏн Ош  шаардык жана облустук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун башкы дарыгери Замирбек Исмаилов менен болгон маекти сунуштайбыз.Маектешʏʏнʏн жʏрʏшʏндɵ балалыгы, жаштыгы, ʏй- бʏлɵсʏ, амбициясы, бала тарбиялоо жана башка кɵптɵгɵн темалардын тегерегинде кызыктуу кеп салып берди.

“Геолог менен мугалимдин ʏй-бʏлɵсʏндɵ тɵрɵлдʏм”

-Мен 1988-жылы 9-октябрда Ош шаарында тɵрɵлгɵм. Ата-тегим Кара-Суудан болот. ʏй- бʏлɵдɵ ʏч бир туугандын ортончусумун, менден улуу эжем жана иним бар. Апам кесиби боюнча мугалим, атам геолог, экɵɵ тең ɵмʏр бою мамлекеттик жумушта иштеп, Союз ураган кезде кɵпчʏлʏк ишин таштап, башка тармакка оогондо да кесибин таштабай, аз айлыкка ʏчɵɵбʏздʏ эч нерседен кем кылбай эрезеге жеткиришти. 

1995-жылы шаардагы “Кыргызстандын 40 жылдыгы”  атындагы орто мектептин босогосун аттадым, кийин Уркуя Салиева атындагы таланттуу балдардын мектеп интернатында окудум. Мектепти жалаң 4-5 деген бааларга окудум деп айта алам. Эркек балдардын кɵпчʏлʏгʏ бала кезде тентек болушат. Мен табиятымдан ушундай токтоо болсом керек, башка балдар сыяктуу бала кезде кечке кɵчɵдɵ ойноп же шоктук кылбаптырмын. Мектептен келип, сабагымды аткарып, ʏй жумуштарына жардам берип, ушундай мʏнɵздɵ ɵстʏм. 

“Биз кандай гана ийгилик жаратпайлы артыбызда ата-эненин колдоосу турат”

-Бала кезде кыялдар ɵзгɵрɵ берет экен, кээде ишкер болом десең, кээде айдоочу болом дейсиң. Мектепте окуп жʏргɵн кезде химия, биологиядан кошумча сабактарды окуп жʏрдʏм. 2005-жылы 11-кластты аяктап, борбордогу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырдым. Жалпы республикалык тестирлɵɵдɵн ɵтʏп, жогорку балл алып, бюджеттик негизде окудум. Жогорку окуу жайында окуп аткан кезде эле санитардык дарыгер адистигин тандап алгамын. Ɵзʏмдʏ ошол кезден эле ушул ишке даярдадым. Бардык нерсени ɵзʏм кыйраттым дебейм, биз кандай гана ийгилик жаратпайлы артыбызда ата-эненин колдоосу турат, ошолордун таянычы менен мен да студент болуп калдым. Студенттик курагым ошентип ʏйдɵн алыс ɵттʏ. ʏйдɵн алыс болгондо адам бышат экенсиң. Эркек балдар алыс жерде болгондо окууну дагы, турмушту дагы ʏйрɵнʏп келет.

“Кесипкɵйлʏк менен адамгерчиликти ала жʏрʏʏ абзел”

-2010-жылы окууну ийгиликтʏʏ аяктап, интернатураны медициналык академиясынын багыттамасы менен Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборуна дарыгер-интерн болуп келдим. Ал жерде кɵп жылдан бери эмгектенген мекеменин корифейлери менен иштеп, ошолордун жол кɵрсɵтʏʏсʏ менен азыркы кʏнгɵ чейин иштеп келе жатам. “Адам билем дегенде демек, эч нерсени билбейт”дейт го. Баарын билем дебейм, азыркы кʏндɵ да улуулардан ʏйрɵнɵ турган нерселерим кɵп. Менин эмгек жолум да ушул мекемеде иштɵɵ менен башталды. Кайсыл жерде иштебейли, кесипкɵйлʏк менен адамгерчиликти ала жʏрʏʏ абзел. 

“Балам балалуу болгондо билесиң”

-3 кыз, 1 уулга ата болдум. Келинчегим экɵɵбʏз бир окуу жайда окуп, студент кезде таанышканбыз. Жубайым да кесиби боюнча дарыгер. Экɵɵбʏз тең окууну аяктап, иштеп анан баш коштук. Алгач ата болгондо 25 жашта элем. Ɵзʏм жашмын, ал кезди кандай сезимдер коштогонун сɵз менен жеткире албайм. Биздин салтыбызда ата-энеге болгон ыйбаа, сый-урмат бар. Бул биздин наркыбыз. “Атаң тирʏʏ кезде балдарыңы эркелетпе” деген улуу ата-бабаларыбыз. ʏй- бʏлɵ жоопкерчилик, бирок балалуу болгондо ошол жоопкерчилик 2 эсе ɵссɵ, кыздуу болгондо 5 эсе ɵсɵт экен. Эркек балага башкача тарбия бересиң, кызды аяйсың, анын келечегине кичине кезинде эле кыжаалат болосуң. “Балам балалуу болгондо билесиң” деген сɵз туура экенин качан балалуу болгондо билет экенсиң. Менин оюм баламда, окууга кеттиби, жеттиби, эмне кылып жатат, курсагы кандай кыжаалат болосуң, жеткиче чаласың. Ата-энең сенден кыжаалат. “Ишиң кандай болуп жатат, кыйналган жоксуңбу” деп тынбай чалып сурап турат. ʏй-бʏлɵ кʏтʏп, мекемеде иштеп калсак да ата-эне ʏчʏн биз дайыма бала бойдон кала берет экенбиз.

“Атаң келатат” десе тынч отуруп калчубуз”

-Азыр бала тарбиялоонун тʏрʏ кɵбɵйʏп кетти. Соц тармакты ачсаң бирɵɵ «урушпай тарбияла десе, бирɵɵ анча-мынча урушуп, ал тургай уруп да койсо болот» дешет. Мисалы, бизди ата-энелерибиз кандай тарбиялаган? “Атаң келатат” десе тынч отуруп калчубуз. “Атаң иштен келди, эс алып атат” десе сабакты аткарып, ʏйдɵ ʏнʏбʏздʏ чыгарбай отурабыз. Бул коркуу эмес, улууну сыйлоо, бул тарбия. Азыр ɵзʏм жер ʏйдɵ турам, кадимки кʏндɵрʏ жумуш менен бошобой калам. Бирок, балдарга тапшырма берем “эшиктин мына жерин жыйнагыла, бул жерди мындай кылгыла” деп. Кечке телефон кармап отурганда эмне, окууга баратып таштанды ыргыта кетʏʏ ал иш эмес. Анан балдарым иште отурсам аткарган иштерин сʏрɵткɵ тартып мага жɵнɵтʏшɵт, “ата, мынаны жасап бʏттʏк” деп. Кезек менен аларды мактап турам. “Кийинкиде мындай кылгыла” деп жол кɵрсɵтɵм. Дем алыш кʏндɵрʏ ɵзʏм кошо иш кылып, кɵрсɵтʏп берем. Эмгек тарбия берет. 

“Бир айда бир китеп окуп турам”

-Бош убактым болсо эле китеп окуйм деп мактанбайын. Кɵп учурда убакыт тартыш болуп калат. Ошентсе да бир айда бир китеп окуганга аракет кылам. Кɵбʏнчɵ тарыхый, адабий китептерди окуганды жакшы кɵрɵм, окуган китептерими кээде ишке алып келип коём. Заман талабына ылайык азыр китептин тʏрлɵрʏ чыкты, аудио китеп, электрондук китеп. Кимге кайсыл ыңгайлуу болсо ошону тандап алат. Аудио китеп кɵптɵр ʏчʏн ыңгайлуу, унаа айдап баратып, балким бир иш жасап атып кулагыңа кулакчынды салып алып ишиңди уланта бересиң, кимдир бирɵɵ ʏчʏн электрондук китеп ыңгайлуу. Мага ʏчɵɵ тең жагат. Илгерки кишилер китепти барактап окубасам окшобойт деп калышат. Аларга демек китепти барактап окуган ыңгайлуу.

Алгачкы маянам жана амбициям…

-2010-жылы 13-сентябрда ишке киргем. Бир айдан кийин 1270 сом маяна алгам. Жаш кезим, амбициям кʏчтʏʏ. Борбордо бюджеттик негизде окуп келип, баарын кыйратам, сапырам деген учур. Азыркыдай карточка система жок, айлык касса аркылуу берилет. Ал мезгил июнь окуясынан кийин шаарда абал оор кез. Алган тыйынымы коротпой эле ата-энеме алып бардым. Ɵзʏңʏз деле ойлосоңуз, 1200 сом айлык алган адамдын эмоциясы кандай болушу мʏмкʏн(кʏлʏп). Алар да менин алган айлыгыма нааразы экенимди байкашса керек. Мени жубатып, “мамлекеттин иши ушундай болот, шашпа, баары акырындык менен калыбына келет, чыда, балам”деп мага жакшы сɵздɵрʏн айтышты. Ошол сɵздɵр ʏчʏн ата-энеме азыркы кʏнгɵ чейин ыраазымын, ал сɵздʏ укпасам балким, иштен чыгып алсам керек. Азыр  менин колума иштейм деп келген жаштарга ошол сɵздɵрдʏ айтам «чыдагыла, ʏйрɵтɵбʏз, ʏйрɵнɵсʏңɵр» дейм чыдабагандары кетип калат. Баары майдадан башталат. 

Элира Чынтемир кызы