8 сентября, 2024

Балдардын тилинде бал, тилегинде жан бар

Балдардын дʏйнɵсʏндɵ аруулук, тазалык жашайт. Балдардын кɵздɵрʏндɵ сʏйʏʏ, чындык бар. Балдардын тилинде бал, тилегинде жан бар. Балдар гана жʏрɵгʏндɵ эмне болсо, ошону айтат. Бул жолу алыскы аймактардан кат жазган окуучуларга жана мугалимдерине ыраазычылык билдиребиз. Балдардын жалганы жок дʏйнɵсʏнɵ баш багып, суроо салганыбызда тɵмɵндɵгʏдɵй жоопторду алдык. Балдардын бардык тилектерине “Оомийин!” деп каттарды ɵзгɵртʏʏсʏз, кандай жазылса, ошол бойдон сунуштайбыз.

Чоң-Алай району, Кара-Мык айылынын В.И. Ленин атындагы орто мектеби. Асирадинов Семетей, 5-класс:

 “Доскабызды алмаштырыш керек эле”

-Садыр Жапаров, мен сизге кат жазган себебим, биздин класстагы доскабызды алмаштырыш керек эле. Ага бор менен жазып, ɵчʏрсɵ ɵчпɵй калат. Жана биздин класста портреттерди башка класстарга алып коюш керек. Портреттер ɵтɵ кɵп. Жакшы калыңыз.

Чоң-Алай району, В. И. Ленин атындагы орто мектеби.  Мамытов Амирхамза, 5-класс:

“Чек араны жакшы караңыздар”

-Урматтуу Садыр Жапаров! Мен Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынын Арал-Капа кɵчɵсʏндɵ жашайм. Чек ара маселесине курал-жаракты кɵбʏрɵɵк алып, жакшы караңыздар. Биз Тажикстанга жакын жашайбыз.

Чоң-Алай району, В.И. Ленин атындагы орто мектеби. Бурканов Аслан, 5-класс:

“Палестиналык балдарга жардам берʏʏңʏздʏ суранам”

-Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынын чек ара кызматкерлерин кɵптɵгɵн палатка, танкалар, машина, курал-жарактар менен камсыздооңузду суранам. Анан биздин жоокерлер, мергенчилер биз чек арада тургандыктан карышкырлар биздин койлорду жеп кеткенде ата алышпады. Дагы палестиналык ата-энелерге, балдарга жардам берʏʏңʏздʏ суранам.

Чоң-Алай району, Калмаматова Асена, 5-класс:

“Аба булганса, ɵсʏмдʏктɵр ɵспɵй калат”

-Мен кийинки жылы Кыргызстанда айлана-чɵйрɵгɵ зыян келтире турган нерселердин жок болуусун каалайм. Биздин айлана-чɵйрɵ булгана баштады. Токтотпосо, аба булганып, ɵсʏмдʏктɵр ɵспɵй калат. Жаныбарлар да жок болот. Биздин Кыргызстан эң таза ɵлкɵ болот. Мен Кыргызстанымды сʏйɵм.

Чоң-Алай району, Эсенгелди уулу Максатбек атындагы орто мектеби.  Мусаева Нуржаннат, 10-класс:

“Башка элдер суктанып турса”

-Менин ɵлкɵм Кыргызстан Евразиянын алакандай жеринен орун алса дагы кɵптɵгɵн кыйынчылыктарды башынан ɵткɵргɵн, тʏгɵнгʏс тарыхы бар ажайып жер.Биз, жаштар ɵлкɵбʏздʏн дагы да ɵнʏгʏшʏн каалайбыз. Бирок, кантип? Канткенде мекенибизди дʏйнɵнʏн алдыңкы ɵлкɵлɵрʏнɵ кошо алабыз? Эмне кылуу керек? Ушул сыяктуу суроолор мага тынчтык бербей келет. Келечек жаштардын колунда. Жаштардын келечеги да Кыргызстандын келечеги менен киндиктеш. Ɵлкɵ жаш, ары мыкты кадрларды тарбиялап чыгарып, аларга ар тараптан колдоо кɵрсɵтʏшʏ зарыл. Ар бир атуул келечеги жɵнʏндɵ “Канткенде салым кошом?” депойлонсо. Эли-журтубуз бир муштумдай бириксе, ɵлкɵбʏз эң алдыңкы ɵлкɵлɵрдʏн катарында аты аталып, башка элдер суктанып турса.Жʏрɵгʏбʏздʏн тʏпкʏрʏнɵ тʏнɵп калган, кырк урууну бир эл катары бириктирген нуру эч качан ɵчпɵй, асманыбызда тынчтыктын, ынтымактын, биримдиктин  символу катары желегибиз тʏбɵлʏккɵ желбирей берсин.

Чоң-Алай району,. Таңсулуу Арпидинова, 5-класс

-Саламатсызбы, президент! Сиз бʏгʏн кайсыл шаардасыз? Сиз кайсыл тʏстʏ жакшы кɵрɵсʏз?

Чоң-Алай району,  Нуридинова Тахира, 5-класс

-Урматтуу президент! Сизден суранычым Кара-Мык айылына келип кетиңизчи келе жаткан 2024-жылы. Мен сизди кʏтɵм.

Чоң-Алай району, Асанова Хадича, 5-класс

-Элиме, жериме тынчылык берсин! Биз жакшы окуйлу. Кыргызстандагы бардык окуучулар жакшы окуса, эч ким кыйналбай жашайт.

Чоң-Алай району, Ражабова Рукия, 5-класс

-Мен 2024-жылы Кыргызстан бардык мамлекеттерден кооз болушун каалар элем. Кат Садыр Нуркожоевичке. Катты жазган Ражабова Рукия.

Чоң-Алай району, В.И. Ленин атындагы орто мектеби. Абилаев Абдырахман, 5-класс:

“Жоокерлерди курал менен камсыз кылыңыз”

Садыр Жапаров, сизге айтарым Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынын чек ара маселесин чечип бериңиз. Биз Тажикстанга жакынбыз. Биздин жоокерлерди курал менен камсыз кылышыңызды талап кылам.

Араван району, Токтогул атындагы №10 орто мектеби. Абдимарип кызы Салиха, 11-класс:

“Мигранттардын саны азайсын”

-Мен 2024-жылы Кыргызстан элине бейпилдик, ынтымак, ырашкерчилик, байгерчилик каалайм. 2024-жылы Кыргызстандын экономикасы ɵсʏп, элдин жашоо-турмушу мындан да жогоруласын. Завод-фабрикалар  иштеп, иш орундары кɵбɵйсʏн. Мигранттардын саны азайсын. Элибиз ɵнʏп-ɵсʏшʏн жана жаштары ыймандуу, билимдʏʏ болуп, эл аралык деңгээлде ɵз билимин кɵрсɵтɵ алуусун каалайм.

Алай району, М. Адышев атындагы мектеп-гимназиясы.  Асылбекова Жасмин, 6-класс:

“Кыргызстандын мыкты ɵлкɵ болушуна ишенем”

-Мен келечекте Кыргызстандын ɵсʏп-ɵнʏгʏшʏн  каалайм. Ɵлкɵдɵ тынчтык, токчулук болуп, бакубат жашоодо жашашса  дейм. Мамлекет элди таза суу, мектеп, оорукана, бала бакча менен камсыздаса  деп ойлоор элем. Мен да татыктуу билим алып, ɵз ɵлкɵмɵ салымымды кошомун. Кыргызстан сɵзсʏз мыкты, ɵнʏккɵн ɵлкɵ болот. Мен буга ишенем. 

Ноокат району, Кожоке атындагы орто мектеби.  ʏсɵнова Амина, 3-класс:

-Элибизге тынчтык, бакубат жашоо, окууларыбызда ийгилик кɵп болсун!

Ноокат району, Кожоке атындагы орто мектеби. Атазаков Нурсаид, 5- класс

-Жаңы жылда зоолорубуз мɵңгʏгɵ толсун, дарыялар сууга толсун, кырларыбыз чɵпкɵ, кырманыбызданга толсун! Элибиз ынтымактуу болсун!

Кара-Кулжа району,  “Жийде” орто мектеби.  Пусуева Бегимай, 9-класс:

“Мен кыялданган Кыргызстан”

-Мен кыялданган келечектеги Кыргызстан ар тараптан мыкты, абасы таза, айлана-чɵйрɵсʏ жашылдандырылган, туристтик жагынан ɵнʏккɵн эң алдыңкы мамлекеттердин катарында болот деп ишенем. Мен дагы Кыргызстан сыймыктана тургандай инсан болууга жана ɵз милдетимди так аткарууга аракеттенем. Кийинки ɵз эмгегимден тапкан пайдама эл ʏчʏн кызмат кыла турган ишкана ачам. Чет элдик меймандар, ɵзʏбʏздʏн элибиз эс ала турган жай курам.  Кыргызстандын кооздугун сактай билели. Эс алуучу жайларга таштанды таштабайлы. Дайым алдыга умтулуп, ынтымакта, бейпилдикте ɵмʏр сʏрɵлʏ.

Бʏкалча Маматали кызы