27 апреля, 2024

ЖАРАТМАНДУУЛУККА СУТКАСЫНА ЭКИ ЖАРЫМ СААТ ГАНА КОРОТОБУЗ

Биздин цивилизациянын оңор эмес бɵлʏгʏ кɵңʏл ачууларга, тамактанууга жана сырткы ɵң-тʏсʏбʏздʏ кароого сарпталат. Окумуштуулар жалпы адамзаттын тиричилик кʏн тартибин изилдеп кɵрʏшкɵндɵ дал ушундай жыйынтык келип чыкты.

Канаданын Макгилла университетинин окумуштуулары тʏзгɵн адамзаттын кʏн тартиби деле энɵɵ адамдардын оозун аңырдай ачырууга жɵндɵмдʏʏ дешет.

Окумуштуулар биздин цивилизация ɵз убактысын кандайча коротоорун изилдеп кɵрʏʏнʏ чечишкен. Анткени, биз ар дайым эле  жалпыбыз гʏлдɵп-ɵнʏгʏп кеткен жана жалпыбызга бирдей мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ жараткан коомду тʏзсɵ болот, бирок ага убакыт жетишпейт деп кайгырып калабыз. Кɵрсɵ,  адамзатка убакыттын тартыштыгы эмес, башка нерсе тоскоолдук жаратат экен.

УБАКЫТ – УЛУУ АЛДАМЧЫ

“Убакыт дарылайт”, “убакыт ɵзгɵртɵт”, “убакыт дагы бар”.  Соороткон мындай  сɵздɵрдʏ кɵп эле угуп жʏрɵбʏз. Убакыттан ушинтип уткурабыз да, убакытка ушинтип алданабыз. Убакыт деген тʏшʏнʏктʏн ушундай куулук-шумдугу ʏчʏн дианетик психолог Хаббард: “Убакыт – дарыгер эмес, улуу алдамчы”! деп айткан.

Иш жʏзʏндɵ,  Жерди байырлаган 8 миллиард адамдын энергиясы сутканын обьективдʏʏ 24 сааттык ɵлчɵмʏнɵ, башкача айтканда, кʏнʏнɵ 192 миллиард адам-саатка такалат.

Анык картина алуу ʏчʏн окуштуулар  адамга мʏмкʏн деп эсептелген 400 иш-аракетти колдо классификациялап чыгышкан. Убакыттын сарпталышын баалоо ʏчʏн дʏйнɵнʏн 145 ɵлкɵсʏнʏн маалыматтарын анализден ɵткɵрʏшкɵн. Улуттук статистикалык, эл аралык изилдɵɵлɵрдʏн жана башка тиешелʏʏ уюмдардын, ал турсун миңдеген акылдуу сааттардагы кɵрсɵткʏчтɵрдʏн маалыматтары пайдаланылган. Тилекке каршы, иш-аракеттердин эң эле кызыктуу, мисалы, романтикалык жолугушуулар, Жаңы жыл кечелерин  достору менен мончо-сауналарда тосуу сыяктуу тʏрлɵрʏ жыйынтыктоочу таблицага кирбей калган. Сыягы, аларды “социалдык активдʏʏлʏк” графасы  сиңирип алган.

ДYЙНƟЛYК ЭКОНОМИКА ЖАНА АДАМ -СААТ

 Ар кандай эле кызматкерден сурап кɵрсɵңʏз, кызматындагы ар кандай кыйынчылык-ташпиштерди айтып тʏгɵтɵ албоосу турган сɵз. Бирок, канадалык окумуштуулардын баасы боюнча, бʏт дʏйнɵлʏк экономика адамзат кʏнʏнʏн орточо 2, 6 саатын гана алат. Бир караганда укмуштуудай кɵрʏнгɵнʏ менен, биздин бардык жыргалчылыктар ушул эфемердик (ɵтʏп кетме)  цифрада жатат, бул болгону глобалдык сутканын ондон бир бɵлʏгʏнɵ барабар. Бирок, бул глобалдык цифра дʏйнɵнʏн жумушка жарамдуу калкынын ʏчтɵн эки бɵлʏгʏ ʏчʏн (15-65 жаш)  жумуш аптасынын 40 саатына теңдешет.

Сутканын калган бɵлʏгʏн каякка жумшайбыз? Yлкɵн ʏлʏшʏ уйкуга сарпталат-кʏнʏнɵ 9, 1 саат. Окумуштуулар тʏшʏндʏрмɵ берет: балким сиз эрте, элестʏʏ айтканда карга кык чокуй электе тураарсыз, а мындагы глобалдык баага жаштардын уйку режими да кошулат. Жаштар адатта узагыраак укташат.

Убакыттын ʏчʏнчʏ-сергек бɵлʏгʏ -4, 6 сааты социалдык активдʏʏлʏккɵ арналат. Бул тʏшʏнʏккɵ окумуштуулар интернеттин  соцтармактарындагы иш аракеттерди, тв кɵрʏʏлɵр, оюндар, сейилдɵɵлɵр, катташуулар жана эч нерсе жасабай жыргап олтурууну да кошушат. Салыштыруу ʏчʏн: мегаполистер, турак-жайлар, кɵпʏрɵ, жол жана башка кылым курулуштарынын баары глобалдык сутканын 15 мʏнɵтʏндɵ бʏткɵрʏлгɵн.

Сутканын 1, 6 саатын адамзат тамак-ашты  сиңирʏʏ менен ɵткɵрɵт.Мектеп, жогорку билим алуу жана илим 1,1 саатты алат. Гигиена жана ɵзʏн  кароого да дал ошончо убакыт кетет. Башкача айтканда, биз тамак жегенге жана сыланып-сыйпанганга улуттук  байлыкты ɵндʏргɵндɵн да кɵбʏрɵɵк убакыт коротобуз.

БАЙ МЕНЕН КЕДЕЙДЕ БАРААНДУУ АЙЫРМАЧЫЛЫК ЖОК

Таң калычтуу, бирок бай менен кедейдин ортосунда маанилʏʏ деле айырмачылык жок   болуп чыкты: тамак-аш даярдоо жана кабыл алуу, жол жʏрʏʏ убактысы, гигиена, ɵзʏн кароо сыяктуу иш-аракеттер тʏрлɵрʏ  материалдык бардарчылыкка байланыштуу ɵзгɵрʏп кетпейт. Жалгыз гана ачык айырма: артта калган ɵлкɵлɵрдɵ эгин-тигин ɵстʏрʏʏ жана жыйноого (1саат) ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵргɵ( 15 мʏнɵт) салыштырганда 12 эсе кɵп убакыт сарпталат. Бул  трактор жана комбайндар дыйкан кетменине караганда алда канча ɵндʏрʏмдʏʏ иштегени менен тʏшʏндʏрʏлɵт. Ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵгʏ убакыттын айырмачылыгын андагы адамдар дем алууга жана оюн-зоокторго сарпташат.

“АКЫР ЗАМАНДЫ” АРЫЛАТУУГА МYМКYНБY?

Адамзат ишмердʏʏлʏгʏ ага куш учар бийиктиктен кɵз салганда, биз кɵнʏп калгандагыдан башкачараак сезилʏʏсʏ, элестɵɵсʏ толук ыктымал.

-Адамзаттын тиричиликтик кʏн тартибин изилдɵɵ идеясы жɵпжɵнɵкɵй: эгерде дʏйнɵ  бир орто статистикалык адамды элестетсе, анда анын бир кʏндʏк тиричилик кʏн тартибин кантип кɵз алдыга тарта алабыз?-дейт изилдɵɵнʏн жетектɵɵчʏ автору Уилям Файзел. Биз эмне ʏчʏн  муну жасадык?  Адамдарда дʏйнɵнʏ глобалдык мааниде ɵзгɵртʏʏнʏн кандайдыр бир мʏмкʏнчʏлʏгʏ барбы дегенди аңдап-багуу ʏчʏн жасадык.

Окумуштуулар такташтырышат: адамзатты ар дайым акыр заман менен коркутушат.Айрымдар цивилизация адамзат  ɵзʏ чыгарып жаткан кабат-кабат таштандынын алдында кɵмʏлʏп калат деп болжолдосо,  экинчилери мунун баары глобалдык жылуулануунун жана тозоктой ысыктын катастрофалык фонунда болуп ɵтɵɵрʏн кошумчалашат.

Уилям  Файзел жана анын коллегалары акыр замандын алдын алуу ʏчʏн адамдар ички резервдерди оңой эле таба алышаарын кɵрсɵтʏшɵт. Мисалы,  таштанды таштоочу жайлар менен кʏрɵшʏʏгɵ  адамзат бʏгʏн ɵзʏнʏн 1 мʏнɵттʏк эле убактысын коротот. Ошол эле мезгилде, ɵз ʏйʏн жыйнаштыруу ʏчʏн дээрлик 40 мʏнɵт сарптайт!

Жаратылышты сактап  калуу ʏчʏн жеке комфорт жана ыңгайлуулукка сарпталган убакытты  коомдук  жыргалчылыктын пайдасына биртке эле ɵзгɵртʏп коюунун ɵзʏ жетиштʏʏ.

БАШКЫ ДУШМАН – ƟЗYМЧYЛДYК

Окумуштуулардын эсеби боюнча,  глобалдык жылуулануу маховигин пайдалуу кендерди казып алуулар (анын ичинде мунай, кɵмʏр казуу жана жагуу бар) жана токой кыюу ɵндʏрʏшʏ ылдамдатууда. Бирок, бул адамзаттын экономикалык ишмердʏʏлʏгʏндɵ болгону 3 пайызды тʏзɵт. Дʏйнɵлʏк кʏн тартипте  бул 5 гана мʏнɵткɵ барабар.

Изилдɵɵчʏлɵрдʏн пикиринде,  эгерде эрктʏʏ чечим болсо, мунай жана газ ɵндʏрʏшʏндɵгʏ жумушчу кʏчтʏ калыбына келип туруучу  энергия булактарынын инфраструктурасын куруу жагына которуу анчалык деле кыйын иш эмес. Адамзаттын жадыбалын ɵзгɵртʏʏ гана калды.

Бирок, бул чоң  маселе-адам сыяктуу ɵзʏмчʏл жаныбар ɵз убактысынын бир нече мʏнɵттɵрʏнɵн баш тартып коюуну каалайбы. Адамзат дʏйшɵмбʏдɵн тарта  жаңы турмушту баштай алабы?

Мындай наполеондук пландардын эмне менен бʏтɵɵрʏн кɵбʏбʏз жеке мисалыбыздан эле билебиз да.

Абдираим Мамытов