27 апреля, 2024

    “Дат баспас” обондуу ырлар

Ырга ошол текстти коштогон обон тɵп келсе, ал узак жашайт. Кыргыздын акындары, обончулары жараткан ырлардын кээде ɵмʏрʏ  кыска же узак жашашы обончу менен сɵзʏн жазган ыр саптарынын курчтугу, кɵңʏлдɵн орун алып, сезимге жан киргизе алгандыгында. Азыркы ыр ышкыбоздору ɵңчɵй эле текст жазып, обонун да ɵзʏ жазат.  Кыска убакыт жашаган ырлар арбын. Ал эми ыр саптары менен обондун жуурулушуп, ырдалышы делебени козгоп, ошол ырларды уккандан тажабайсың. Кийинки муундун аткарган ырлары тʏрдʏʏ темада. Айталы, жолдо басып келатып ырдаган канча ырлар бар. А кээде кɵл жээгинде же суу кечип жʏрʏп ырдалган обондор канча дейсиз. Бирок, элдин эсинде ошол ырлар дат баскан буюм сымал тез эле унуткарылып калып кеткендиги.

Ар кандай ырдын багын ачкан обон жана аткаруучу  экени талашсыз. Алыс барбай эле Токтогулдун  Алымкан аттуу ыры армандуу болсо да кɵңʏлгɵ жат болуп калган. Ал ырды аткаруу да оңой эмес. Обондун уккулуктуулугу, кайрыктарынын татаалдыгы, анча-мынча ырчы оңой эле аткара койбойт. Анткени, мындай ырды нукура талант ээси жʏрɵккɵ жеткире аткарышы менен канча мезгил ɵтсɵ да кечээ кʏнʏ эле жарык кɵргɵндɵй жаңы, тунук бойдон уккан жанды ɵзʏнɵ тартып турат.

Ɵткɵн кылымдын 60-жылдарында  дʏрт этип чыккан обондорго келели. Р.Абдыкадыровдун “Издейм сени” деген обону 1968-жылдары бʏтʏндɵй Кыргызстанды каттап, уккан жандын баарын эле ушул ырды эңсечʏ. Себеби, акын Ж.Мамытовдун жазган тексти ушунчалык элестʏʏ, кɵркɵм ойду камтыган философиялык куплеттерге бай болчу. Ошол ʏчʏн али кʏнгɵ чейин бул ыр ɵңʏ ɵчпɵй махабаттын даңазасын жар сала берет.

Анан да Кармышак Ташбаевдин сɵзʏнɵ  жаралган обончу, махабатка жарадар уландын дартына даба сымал аткарылып жаткандыгы. Ошо жылдары Калыйбек Тагаевдин “Элмира” деген ыры жашоого бир жаралган сагынычты, кусалыкты кɵкʏрɵккɵ оор болсо да билинбей турган ыр эле. Анын сыры обондун керемети, сɵзʏ К.Тагаевдики, аткаруучу Зейнеп Шакеева. Кайсы жерде ырдалбасын алакан чабылып, кайра-кайра суранып ошол ырды уга берчʏбʏз. Демек, ырдын жаралышы, анын кɵркʏн ачкан обондун кайталангыс болуп жарык кɵрʏшʏ, аны элге жеткире ырдап, сезимге бʏлʏк салган аткаруучунун ʏнʏ менен биригип, баракелде деп кумар черин жазып угушу ɵзʏнчɵ жыргал эмеспи. Бул таланттардын жуурулушуп жашоодо тʏбɵлʏк калышы далилдеп тургансыйт.

Ош шаарындагы Ɵзбек музыкалуу Бабур атындагы академиялык драма театрын капиталдык оңдоодон кийин чоң салтанат менен ачылуу аземи болду. Кɵп улуттуу элдин ɵкʏлдɵрʏ катышты. Программада ыр, бийлер аткарылды. Кезек белгилʏʏ аткаруучу, Кыргыз Эл артисти Керим Тураповго берилет деп кыргыз, ɵзбек, англис тилдеринде жарыяланды. Анын “Кыргызымдын жʏрɵгʏндɵ Ошу бар” деген ырды аткарышы канчалаган адамдардын кɵңʏл черин таратты. Анан да ырдын сɵзʏн жазган Султан Раев ыр саптарында патриоттук сезим менен ата журтту сʏйʏʏгɵ чакырып, жергебиздин ташы да биздин ыйык мʏлкʏбʏз, аны сактап, коргой билʏʏгɵ ʏндɵп жатпайбы. Керим Турапов бул ырды аткаруу менен кɵп улуттуу тургундардын жʏрɵгʏнɵ гʏл тигип ɵткɵндɵй болду. Ырдын ар бир куплетинде кол чабуулар коштолуп, алкоо сɵздɵр кыргыз, ɵзбек элинин ɵкʏлдɵрʏ тарабынан жаңырып турду. Ажарлуу жʏзʏ менен аткарып жаткан “Жʏрɵгʏмдɵ Ошу бар” ыры обон менен айкалышып, улуу талант Керим Тураповдун уккулуктуу ʏнʏн Ак-Буура дайрасы менен Оштун Сулайман тоосу да магдырап угуп жаткансыйт.

Дат баспас обондуу ырлары деп бекеринен айтпадык. Элибизде мындай ырлар арбын. Дагы да тɵгɵрɵгʏ тɵп келген ырлар жаралып, элибиздин рухий байлыгын арттыра берет. Ырдын тагдыры обончунун, мыкты ыр сабын таап, элге тартуулоосу. Ал эми аны аткарган угармандын кɵңʏлʏнɵ ынак табышы, ошол таланттын да ооматы. Арыба, дат баспас ырлар.

Байыш Тɵлɵнов КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер