27 апреля, 2024

Атабек Жумалиев: “Мында эмгектенген дарыгерлердин баары мен ʏчʏн устат”

Улуу Гиппократ айтмакчы дарыгерлерди философторго салыштырууга болот. Медицина менен даанышмандыктын айырмасы чоң эмес. Дарыгер оорулуу адамдын жан дʏйнɵсʏндɵ эмне ɵтʏп жатканын жон-териси менен туя билет. Адам ɵмʏрʏн сактап калууга тырышкан ак халатчандар тынбай сурап, кабар алууга татыктуу. “Бейне” рубрикасынын кезектеги коногу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев. Каарманыбыз эмгек жолу жана ооруканадагы жетишкендиктер менен катар кɵйгɵйлɵрʏ тууралуу айтып берди.

Каарман тууралуу:

Жумалиев Атабек Каныбекович — 1982-жылы 4-августта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Правда айылында тɵрɵлгɵн. 2004-2006-жылдары Ош облустук ооруканасында ординатурасын ɵтɵп, 2006-2007-жылдары Ош шаарындагы “Жайна” ʏй-бʏлɵлʏк медицина борборунда дарыгер болуп эмгектенет. 2007-2009-жылдары “Нобель” АФФнын Ош шаарындагы ɵкʏлʏ, 2009-жылы Ош облустук ооруканасынын эндоскопия бɵлʏмʏнɵ дарыгер, 2014-жылы ошол эле оорукананын уюштуруу-усулдук бɵлʏмʏндɵ бɵлʏм башчылык милдетти аткарган. 2017-жылы директордун амбулатордук дарт аныктоо кызматы боюнча орун басары болуп шайланат. 2022-жылдан тарта кайрадан ошол эле кызматты аркалап, 2023-жылдын ноябрь айында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын  директорлук кызматына дайындалган.

-Атабек Каныбекович, медицина тармагына кантип келип калганыңыздан кепти баштасак?

-1998-жылы №15 Жумалы атындагы орто мектебин ийгиликтʏʏ аяктап, ошол эле жылы Бишкектеги Кыргыз медициналык академиясынын дарылоо факультетине тапшыргам. Эки жыл окугандан кийин ʏй-бʏлɵлʏк шартка байланыштуу 2000-жылы ОшМУнун медицина факультетине которулуп, ушул жерден окууну аяктадым. Медицина тармагындагы эмгек жолум 2004-жылы Ош облустук ооруканасында ординатураны ɵтʏʏ менен башталды. Мектепте окуп жʏргɵндɵ кезде врач болсом деген кыялдарым бар эле. Анан да чоң атам кɵп ооруп жʏрʏп, дʏйнɵдɵн ɵтʏп кеткен. Ошол окуя мага тʏрткʏ болуп, мен врач болом, бейтаптарга жардам берем деп акыркы чечимимди кабыл алгам. 

-Илимдеги устатым деп кимди эсептейсиз?

-Биздин оорукана ɵлкɵдɵгʏ чоң ооруканалардын бири болуп саналат. Мында эмгектенген дарыгерлердин баары мен ʏчʏн устат. Студент болуп келгенден баштап медицина боюнча эле эмес, ар тараптуу кɵп тажрыйба топтодум. Ошондой эле 2009-2019-жылдар аралыгында биздин ооруканада директор болуп эмгектенген Шайырбек Сулайманов деген агайыбыз учурда Бишкектеги улуттук борбордо эмгектенет, ошол агайды негизги устатым деп билем.

-Дарыгерлик, анан калса жетекчилик кызмат жеңил эмес, оор жумуш. Ошондуктан бош убакытта эмне менен алектенип, кантип алаксыйсыз?

-Чынында жетекчилик кызматта бош убакыт аз болот экен. Ошого карабай акыркы жолу Тɵлɵгɵн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романын кайрадан окуп чыктым. Жаз мезгили келгенден баштап ʏйдɵ бак караганды жакшы кɵрɵм. Мындан сырткары азырга чейин футбол ойноп турам.

-Эки миңден ашык кызматкер эмгектенген чоң жамаатты жетектейсиз…

-Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында бир жылда 40 миңден ашуун адам жатып дарыланышат. 150 миңдин тегерегинде жарандарыбызга амбулатордук кеңештер берилет. Бир жылдын ичинде 15 миңге жакын ар кандай операция жасалат. Учурда 2 миңге жакын кызматкер эмгектенет. Биздин ооруканада 1 академик, 23 илимдин кандидаты, 3 илимдин доктору жана 4 КРнын Эмгек синирген дарыгери, 1 эмгек сиңирген кызматкер бар. Ошондой эле квалификациялык категорияга ээ жалпы 129, анын ичинен жогорку катергориядагы дарыгерлердин саны — 72ни тʏзɵт. Биринчи категорияда — 29, экинчи категорияда — 28 адис бар. Медайымдардын жалпы саны – 203, анын ичинде жогорку категориядагылары – 135ти, биринчи категориядагылары  — 39ду, экинчи категориядагылары – 29ду тʏзɵт.

Квалификацияны жогорулатуу боюнча адистер Россия Федерациясынан тарта Италия, Тʏркия, Индия жана башка бир нече ɵлкɵлɵргɵ барып окуп келишет. Ооруканада медициналык кызматкерлердин чеберчилигин жогорулатуу боюнча эмгектин алдыңкы ыкмаларын жана илим менен техниканын жетишкендиктерин практикага жайылтуу максатында  2023-жылы 27 илимий-практикалык конференциялар,  окуу семинарлар  ɵткɵрʏлдʏ. Анын ичинде  Россия Федерациясынан, Тʏркия, Казакстан, Кытай Эл Республикасынан, Корея Элдик Демократиялык Республикасынан, Ɵзбекстан Республикасынан келген лекторлор менен эл аралык  деңгээлдеги семинар, конференциялар уюштурулду. Биздин дарыгерлер Вьетнам, Австралияга чейин барып, англис тилинде докладдарды жасап келишʏʏдɵ.

-Оорукананын материалдык-техникалык базасы кандай?

-2023-жылы консолиддик бюджеттин эсебинен бир топ медициналык жабдыктар алынды. Мисалы: портативдʏʏ УЗИ аппараты, аквадистиллятор электр ДЭ-25, электрокардиограф, операциялык стол, кардиологиялык монитор, операциялык лампа, санарип рентген аппараты ʏчʏн сканер, электрокоагулятор жана башка жабдыктар. Ошондой эле медициналык калдыктарды автокладдоочу жайы жана тɵрɵт стационарынын  имараты, гинекология, лабораториялык-диагностикалык бɵлʏмдɵрʏ капиталдык ремонттон ɵттʏ. Албетте, тез арада кɵңʏл бурууну жана чечʏʏнʏ талап кылган бир нече кɵйгɵйлɵр да жок эмес, алар: оорукананын негизги корпусунун чатырын алмаштыруу, эскилиги жеткен жылытуу жана суу-канализациялык системаларын толугу менен алмаштыруу, жаңылоо. Мындан сырткары жогорку технологиялык операциялар ʏчʏн сарпталуучу медициналык каражаттар менен жетишерлик камсыз болбогондук, тиешелʏʏ адистерди даярдоо менен МРТ аппаратын алып орнотуу. Имараттын негизги корпусунун бардык терезелеринин рамкаларын заманбап пластик терезелерге алмаштыруу зарыл. Жылытуу системасынын эскилигинен улам дарылоо корпустарында жылуулук берʏʏ жетишсиз болуп, катуу суукта палаталардагы температура режими сакталбайт, анын натыйжасында бейтаптар аргасыздан  ар кандай жылыткычтарды колдонушат, бул албетте, бейтаптардын нааразычылыгын жаратат.

-Санариптештирʏʏ алкагындагы иштерге да токтоло кетсеңиз…

-Электрондук жазууларга ɵтʏʏ медициналык маалыматтын жеткиликтʏʏлʏгʏн, коопсуздугун жана тактыгын жакшыртат. Пациенттердин маалыматтарын натыйжалуу башкарууга мʏмкʏндʏк берет. ООАБКОнын медициналык документ жʏргʏзʏʏсʏ (бейтап баяны, амбулатордук кɵрʏʏлɵрдʏн  баяны, ж.б.) электрондук системалар аркылуу жʏргʏзʏлɵт. Атап айтсак, бизде 1С оорукана, 1С дарыкана, Д-мед деп аталган тɵрɵт стационарынын комплекстʏʏ медициналык маалымат системасы жана Е-kyzmat, инфодокс системалары иштейт.

Облустук оорукана маданий массалык иш-чараларда

-КР Ɵкмɵтʏнʏн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кɵрсɵтмɵсʏнʏн, Президенттин Ош облусундагы ɵкʏлʏнʏн, Ош шаарынын мэринин шаарды тазалоо, кɵрктɵндʏрʏʏ боюнча демилгелерин колдоп,  Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын жамааты ишембиликтерге активдʏʏ катышып келет. Ошондой эле оорукананын эмгек жамааты  маданий массалык иш-чараларды,  атап айтсак, 23-февраль — Мекен сакчылардын кʏнʏ, 5 – март -Ак калпак кʏнʏ, 8-Март – Эл аралык  аялдар кʏнʏ, 21-февраль — Эл аралык эне тил кʏнʏ  жана 21- март – Нооруз майрамын, медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы, Бʏткʏл дʏйнɵлʏк СПИДге каршы кʏнʏнɵ арналган иш чараларды жогорку деңгээлде  уюштуруп келет.

Айжылдыз Тойчиева