27 апреля, 2024

Куткаруучу – кооптуу, жооптуу, сооптуу иш

Куткаруу – физиологиялык жана психологиялык жактан алсыз адамдын колунан келбеген иш. Ал эми куткаруучу – кандай кырдаал болбосун баарына даяр болуп, жабырлануучунун муктаждыгын чечʏʏчʏ адам. Мына ушундай ыкчам, ɵз милдетин так аткарган куткаруучулар арбын. Кезектеги каармандарыбыз Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен болду…

ƟКМнин Ош шаардык куткаруу кызматынын 3-тайпасынын командири Нурбек Жумабаев:

“Биринчи максат – жабырлануучуну куткаруу”

-Бизге адамдар кырсыкка кабылганда, оор кырдаалдарга туш болгондо, кʏчʏ же акылы жетпей калган учурда кайрылышат. 112 аркылуу бизге маалымат жетет. Мисалы, жол кырсыгы каттала турган болсо, атайы шаймандарыбыз менен барып, кысылып же басылып калган адамдарды чыгарабыз. Суицид да кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵ катталат. Сулайман тоого чыгып алып секирип ɵлɵм дегендер болот. Жай мезгилинде каналга агып кеткен адамдар да болот. Мына ушул сыяктуу маселелер менен кайрылгандарга жардамыбызды беребиз.

“Ɵз ɵмʏрʏбʏздʏ тобокелге салгандан коркпойбуз”

-Элге жардам берʏʏдɵ болуп жаткан кырдаалга жеткиче ойлонуп барабыз. Кантип, кандай кылып куткарабыз деген суроолорго жооп издейбиз. Эң оорлору суицид. Адамдын ɵмʏрʏн сактап калуу ʏчʏн сʏйлɵшʏʏ жолу менен же ага дагы кɵнбɵсɵ жип аркылуу секирʏʏ жолу менен болсо да сактап каланга аракет кылабыз. Ɵз ɵмʏрʏбʏздʏ тобокелге салгандан коркпойбуз. Биринчи максат жабырлануучуну куткаруу. Мен жумушумду жакшы кɵрɵм. Адамдарга жардам берʏʏ рахат, кубаныч, сʏйʏнʏч тартуулайт.

-Куткаруучу болуу ʏчʏн эмне кылыш керек?

-Бул кесипке ээ болуу ʏчʏн аскердик кызматка сɵзсʏз тʏрдɵ баруусу шарт. Жогорку билимдʏʏ болушу керек. Калганын ɵзʏбʏз окутуп- ʏйрɵтɵбʏз. Окуп- ʏйрɵнʏʏ менен ар кандай кырдаалга даяр болот. Практикалык жʏрʏмдɵ кɵп машыгышы керек. Алдуу-кʏчтʏʏ жана акылдуу болуусу шарт. Куткаруучу болуу ʏчʏн атайын аттестациядан ɵткɵрɵбʏз. Жɵн эле куткаруучу болом деп келип болуп калбайсың. Кадимкидей эле окуп, жол- жобосун ʏйрɵнʏп анан чыныгы куткаруучу боло аласың. Медицина жана психология жагынан дагы терең билим алабыз. Кʏн сайын ɵнʏгʏп- ɵсʏп, билимибизди арттырып турабыз. Негизги милдетибиз – сактоо, коргоо, жардам кɵрсɵтʏʏ.

“Суицидге кабылгандар кɵп”

-Сулайман тоодо бир кыз ɵзʏн- ɵзʏ таштайын деп жаткан экен. Ар жакта башка кесиптешим сʏйлɵшʏп, алаксытып турган эле. Анан ал кыз ɵзʏн-ɵзʏ таштаарда секирип барып куткарып калганмын. Мындай учур бир гана бийик тоолордо эмес, кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵ дагы болот. Мындай кырдаалда колубуздан келген бардык аракетти жумшап, адам ɵмʏрʏн сактап калганга аракетибизди жасап келебиз.

ƟКМнин Ош шаары боюнча улук нɵɵмɵтчʏсʏ Шамшиев Бектур:

“Куткаруучуда коркуу деген сезим болбошу керек”

Бектур Шамшиев ажатканага тʏшʏп кеткен баланы куткарып чыккан азамат.  Кооптуу кесипти тандаганына ɵкʏнбɵй турганын айтат.

-Бектур мырза, ажатканага тʏшʏп кеткен баланын окуясы боюнча кеңири токтолсоңуз…

-Биз стадиондо атайын мектептер ʏчʏн тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп жатканбыз. Бардык кызматкерлер ошол жерде эле. Анан мага жаш баланын ажатканага тʏшʏп кеткендиги тууралуу чалуу келди. Диспетчер менен маалыматты тактап, 5 киши жɵнɵп кеттик. Биз аябай катуу ылдамдыкта Дыйкан- Кыштакка чейин 10-13 мʏнɵттɵ жетип бардык.  ʏй ээлери шок абалга тʏшʏп, эч нерсе кыла албай жатышыптыр. Ажаткананын ʏстʏ цемент менен урулуп, калыңдыгы 30 см болчу. Ɵзʏбʏздʏн шаймандарыбыз менен ажаткананын тешигин чоңойтолу дедик. Арткы тарабынан оңдоп тешип баштадык. Тешип бʏткʏчɵ аркан ыргытып жаттык. Бала 2 жаш 8 ай эле, ошентсе да жардам сурап, колдору менен бир нерсени кармап чыгууга аракет кылып жатты. 2-3 жолу арканды кармап, бирок чыга албай акырында ɵзʏн жоготуп, ыйлаганы дагы угулбай калды. Акыры ажаткананын арткы тарабын тешип бʏтʏштʏ, баланы ɵзʏм алып чыктым. Ошол кезим видеого тартылып, соц тармактарга тарап, кɵп пикирлерди жаратты. Мен баланы куткарарда психологиялык жактан ɵзʏмдʏ даярдап, мээме жеткизип жаттым. Ошондуктан залакасы тийген жок. Ал эми физикалык жакка келсек, арка-белде тыртык калды.

-Куткаруучуларда коркуу деген сезим азыраак болсо керек деп ойлойм…

-Куткаруучу бул ɵтɵ чоң жоопкерчиликтʏʏ кесип. Тез чечим чыгарууну талап кылат. Биздин иште мен муну жасайм же жасай албайм деген тандоо жок. Коркуу деген сезимди алып таштоо керек. Ɵзʏнɵ 100% ишенген адам чыныгы куткаруучу боло алат. Физикалык жактан кʏчтʏʏ болсо эле баарын кылат деген нерсе жок. Психологиялык жактан дагы даяр болушу кажет.

-Куткаруу кызматына кɵбʏнчɵ кандай кɵйгɵйлɵр менен чалышат?

-Бизге куткарууга мʏмкʏн болгон бардык кɵйгɵйлɵр менен чалышат. Мисалы, эшиги кулпуланып калса, камалып калса, баласы сууга тʏшʏп кетсе, колуна шакеги кирип, чыкпай калса. Айтор, кандай кɵйгɵй болбосун бизге кайрылышат.

-Сиздерге карата ыраазычылык сɵздɵр кɵп айтылса керек?

-Ооба, бирок пенде экенбиз да, кээде  нааразычылыктар да болот. Шаарда машиналардын кɵптʏгʏнɵн жол тыгыны сɵзсʏз болот. Жолдордун тардыгынан улам  кеч калган учурларда ар кайсы жолдор менен аралап ɵтʏп кеткенге да мʏмкʏн эмес. Себеби машинабыз чоң болгон ʏчʏн, бул дагы кечирээк барганга тоскоолдук жаратат. Мына ушундай кырдаалдан улам кечигип келди деп ойлошот. Ал эми куткарууга муктаж болгон жерге барганыбызда кɵбʏнчɵ ɵрт чыккан учурда кээде суу тʏгɵнʏп калса сʏйлɵнʏшɵт. Себеби насос секундасына 40-60 литр суу бере алат. 7-8 мʏнɵттɵ 6-7 тонналык сууну бере алабыз. Бул болуп жаткан ɵрткɵ да байланыштуу.  Ошондой учурда “суусу жок келди” дегендер да чыгат. 

-Кайсы кызматтар менен эриш-аркак иштейсиздер?

Дээрлик бардык маалыматтан кабардар болуп турабыз. 107, 103 менен да иштешебиз. Чарбалык бардык кызматтар: электр энергия, газ, суу баары менен байланыштабыз. Бизге ойноп чалгандар да болот. Атайы образга кирип, тийишип чалгандар да жок эмес. Кандай маалымат болбосун ыкчам тʏрдɵ дароо тактап, аныгын билип, анан жардамга чыгабыз. Ар бир келген маалымат иштешкен кызматтарга да жетип турат. Кандай коркунучтуу кырдаал болбосун алар да бизге жеткизип, дайыма байланышта болуп турабыз.

-Кесибиңиз ʏчʏн ɵкʏнгɵн учуруңуз болду беле?         

— Казакстанда окуп жʏргɵндɵ оор учурлар болгон. Суукта, окуудан кыйналганда эмнеге ушул кесипти тандадым, окубай эле койсом болмок деген сыяктуу ойлор келер эле. Бирок азыр ɵкʏнбɵймʏн, тескерисинче, сыймыктанам. Элге жардам берип, элдин ыраазычылыгын алуу дагы да кʏч- кубат берип турат.

Кымбатбек Жамалдин уулу, куткаруучу:

“Куткаруучу уникалдуу жана универсалдуу болушу абзел”

-Куткаруу кызматына кырсыктын бардык тʏрʏ кирет. Куткарууга муктаж болгон бардык нерсе биздин милдетибиз. Машинада авария болуу, кыпчылып калуу, сел жʏрʏʏ, кɵчкʏ жʏрʏʏ ж.б. Куткаруучу ар тараптан кʏчтʏʏ болуш кажет. Акыл керек жерде акылды, кʏч керек жерде кʏчтʏ пайдалана алган адам чыныгы куткаруучу. Биринчи ɵзʏнʏн коопсуздугун, андан кийин жабырлануучунун коопсуздугун карашы шарт. Себеби ɵзʏнʏн коопсуздугун куткара албаган адам жабырлануучуну эч качан куткара албайт. Отко десе отко, чокко десе чокко барганга даяр болуу менен, коркуу сезимин жоюп, алсыз тараптарын кɵбɵйтʏʏ менен алектениши керек.

“Жай мезгили кооптуу”

-Жай мезгилиндеги коркунуч бул балдардын сууга тʏшʏʏсʏ. Сууга тʏшɵм жатып агымы кʏчтʏʏ суу болсо агып кетʏʏсʏ ыктымал. Мындай кырдаал жай мезгилинде кɵп болот. Албетте, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзɵбʏз. Бирок ага карабастан сууга агып же чɵгʏп кеткендер арбын. Ар бир жумуштун ɵзʏнʏн тʏйшʏгʏ болот.  Бир жолу шаарыбыздан 1994-жылкы бала сууга агып кетип, бир жума издегенбиз. Таппай кыйналганбыз. Суу, канал бардык жерин тинтип чыкканбыз. Мен ʏчʏн оор кырдаалдардын бири ушул болгон.

“Куткаруучу болгонума ɵкʏнбɵйм”

-Кичинемде аскер кызматкери болом деп кыялданчумун. Бирок куткаруучу болуп калам деген оюма да келген эмес. Бул кызматка келгениме ɵкʏнбɵйм. Ушул убакка чейин кудайга шʏгʏр, элге жардамым тийгенине сʏйʏнʏп  иштеп келе жатам. Бул бир жагынан кооптуу, экинчи жагынан сооптуу, ʏчʏнчʏ жагынан жооптуу иш. Эң негизгиси ɵзʏңдʏн кызматыңды так аткарып,элге жардам берсең чоң жеңиш. Ушул убакка чейин бизди каргап- шилеген эч ким болбоду. Жардам алган адамдар дайыма ыраазычылыгын билдиришет.

 “Ардактуу кесиптин ээси болгонума сыймыктанам”

-Кээ бир жерлерде таң калган адамдар дагы болот. Кыргызстанда дагы ушундай кызмат барбы деп сурагандар да жок эмес. Эл ʏчʏн кызмат кылып, адал эмгек менен, элдин сообу менен нан таап, балдарыбызды багып жатабыз. Мен ʏчʏн куткаруучу сʏйгɵн ишим, ардактуу кесибим. Бул кызматка кирээрде ата-энемдин ыраазычылыгын, батасын алып киргенмин. Ушунча жылдан бери иштеп, наалыган убагым болгон жок.  Кудайга шʏгʏр, баары жакшы. Куткаруучу болгонума сыймыктанам.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы