27 апреля, 2024

Келечектеги креативдʏʏ кесиптер

Заманыбыз ɵнʏгʏп, техниканын доорунда жашап калбадыкпы. Учур талабына ылайык, кʏн сайын жаңы нерселер ойлоп табылууда. Мындай иш аракетти кɵрʏп келечектʏʏ заманда жашап жатканыбызга сыймыктануу менен карап келʏʏдɵбʏз. Дагы кандай дʏйнɵ, кандай жеңиш, кандай убак келет экен деп кʏтʏʏдɵбʏз. Агымга карай жаңы кесиптер да пайда болуп жатат. Кандай креативдʏʏ кесиптер менен толукталабыз? Кандай адистиктер актуалдуу болот? Анда бул макалага ʏңʏлʏңʏз.

Космобиолог

Космостук шарттарда ар кандай биологиялык системалардын (вирустардан жаныбарларга жана адамдарга чейин) жʏрʏм-турумун изилдɵɵчʏ адис. Мындай адис организмдердин физиологиясын жана генетикалык ɵзгɵрʏʏлɵрʏн изилдейт. Орбиталык станциялар, ай базалары жана узак мɵɵнɵттʏʏ учурлар ʏчʏн туруктуу космостук экосистемаларды иштеп чыгуучу кесип. Бул кесиптин аркасында сиз бир канча жылдардан кийин айда жашап калышыңыз ыктымал. Элестетиңиз, сиз айда жашап жатасыз. Балким, айга да ʏй салынышы мʏмкʏн.

Виртуалдык жашоонун дизайнерлери

Реалдуулук аймагынын дизайнер – белгилʏʏ бир аймактын айланасында анын ландшафтты, тарыхый жана маданий контекстти эске алуу менен кошумчаланган чындыктын ар кандай катмарларын иштеп чыгуучу адис. Мисалы, мурунку жашоону кɵрсɵтɵт. Дизайнер кызыл аянт ʏчʏн бир нече варианттарды тʏзɵ алат. Бул кесипке айлана турган болсо Иван Грозныйдын заманы, 1917-жылды, Эргулдардын доорун, ушул сыяктуу кызыктуу замандын так ɵзʏнɵ бара аласыз. Анткени канча бир дизайндардын натыйжасында электрондук ар кандай мезгилге айлануучу ʏйлɵр жасалат. Бул адис тарыхты жакшы билген дизайнер менен программисттин жɵндɵмʏн айкалыштырат.

Тармактык дарыгер

Ооруларды алдын ала аныктоочу жана алардын алдын алуу иштерин жʏргʏзгɵн адис. Азыр онлайн медициналык кызматтар бар, бирок алар кардардын айтып жеткизʏʏсʏнɵ гана жараша кеңеш бере алышат эмеспи. Бул кесиптин натыйжасында дарыгерлер техникалык заманга ылайыктуу онлайн диагностика коюп, ошол аркылуу кардарларга туура жана так консультация бере алышат.

Ашыкча профессионалдык кɵндʏмдɵр жана жɵндɵмдɵр

Системалык ой жʏгʏртʏʏ – обьекттердин, предметтердин жана кубулуштардын ортосундагы байланышты тʏшʏнʏʏ жана аны талдоо жɵндɵмʏ. Бул кесипке атайы кɵп окуп, кɵп билгендер тапшыра алышат. Кесиптин ээси болуу ʏчʏн ар тармактан кɵп нерсени билʏʏ зарыл. Мисалы, кɵп тилдʏʏлʏк, кɵп маданияттуулук – англис тилин жана каалаган экинчи тилди билʏʏ, бул тилдерде эркин сʏйлɵɵ. Ɵнɵктɵш ɵлкɵлɵрдʏн улуттук жана маданий контексттерин тʏшʏнʏʏ. IT чечимдерди программалоо жана жасалма интеллекти менен иштɵɵнʏ дагы ɵздɵштʏрʏʏ зарыл. Тил табышуу, мамиле куруу жагынан дагы алдыга чыгышың керек. Мисалы, кардарлардын кɵңʏлʏн буруу, башкача айтканда, керектɵɵчʏлɵрдʏн муктаждыктарын берʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар адам болууң керек. Командалар, топтор жана жеке адамдар менен иштɵɵ жɵндɵмдʏʏлʏгʏңдʏ дагы арттырышың зарыл.

Онлайн билим берʏʏ платформасынын координатору

Бул конкреттʏʏ предметтер боюнча онлайн курстарды даярдоону коштоп жʏрʏʏчʏ, программаларды же стандарттуу билим берʏʏ траекторияларын уюштуруп, алдыга жылдыруучу, курстарда же платформаларда мугалимдер менен студенттердин ортосундагы байланышты жɵнгɵ салуучу адис. Алдыда окутуучу жана окуучулардын эң мыкты куралы боло турчу кесип болушу мʏмкʏн. Себеби мында жаңы предметтер кошулуп, окутуунун усулдары кɵбɵйɵт. Бир эле предметти бир канча тʏшʏнʏк менен адамдын ой жʏгʏртʏʏсʏнɵ карап тʏшʏндʏрʏп коё алат.

Билим берʏʏ траекториясын иштеп чыгуучу

Бул окуу жайлар тарабынан сунушталган курстардан, анын ичинде онлайн режиминде, ошондой эле симуляторлодон, тренажерлордон жана стажировкалардан жаңы адистерди даярдоо маршрутун тʏзгɵн кесип ээси. Алардын негизинде адамдын психотибин, жɵндɵмдʏʏлʏктɵрʏн жана максаттарын эске алуу менен билим берʏʏчʏ трек иштелип чыгат. Бул кесиптеги усулдар акыркы 5 жылдын ичинде кʏчʏнɵ кирип, билим берʏʏ коомуна кеңири жайылтылат.

Балдардын психологиясы

Иш жʏзʏндɵ психолог болуп саналат. Ал ар кандай балдардын ɵнʏмдɵрʏн жана кызматтарын психикасына коркунуч тийгизип, баланын ɵнʏгʏʏсʏнɵ мʏмкʏн болуучу зыяндардан арылтуучу адис болот. Бул кесип жаш ɵспʏрʏмдɵрдʏн психологиясын аныктап, тарбия берʏʏдɵн, тамак ашка чейин балага кандай кам кɵрʏп чоңойтууну ʏйрɵтɵт. Мындай кесипке келечекте эне боло турчу айымдардын баары окуй алат. Бирок атайы жаш ченемдери менен кабыл алуусу ыктымал.

Илимий сʏрɵтчʏ

Илимий маалыматтарды жана билимдерди чыгармачылыкта колдонгон адис. Илим – искусство жеке сʏрɵтчʏлɵр тарабынан гана жигердʏʏ иш алып барбастан, олуттуу окуу жайлары тарабынан да колдоого алынат. Мисалы,Нью-Йорктун визуалдык искусство мектеби ɵткɵн жылы биоарт программасын ишке киргизишкен. Ушул сыяктуу замандын талабына ылайык иш жʏргʏзʏʏчʏ кесипке айланат.

Медиа милиция кызматкери

Медиа чɵйрɵсʏндɵгʏ тартиптин сакчысы. ММКнын ресурстарына жеке мониторинг жʏргʏзʏʏ жана атайын программаларды колдонуу менен мыйзам бузууларды изилдɵɵчʏ адис. Келечекте маалыматты кыянаттык менен пайдаланып, кээ бир терс натыйжалардын таасиринде кылмыштуулук ɵссɵ, медиа милиция ɵзʏнчɵ кесипке айланышы мʏмкʏн.

Тирʏʏ системалардын архитектору

Генетикалык жактан ɵзгɵртʏлгɵн организмдерди жана микроорганизмдерди камтыган жабык цикл технологияларын пландоо, долбоорлорду тʏзʏʏ боюнча адис. Мындай кесипкɵй адам автономиялуу шаарларда сɵзсʏз болот. Биореакторлордун керектʏʏ кубаттуулугун эсептеп, шаардык чарбалар ʏчʏн долбоорлорду иштеп чыгып, таштандыларды кайра иштетʏʏ системасын кылдаттык менен карап чыга ала турган кесип болот.

Тоо кендерин чалгындоо ʏчʏн учкучсуз учуучу аппараттардын оператору

Магнитомерлер жана башка геофизикалык сенсорлор менен жабдылган учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен талааларды ɵздɵштʏрʏʏнʏн жʏрʏшʏнɵ жана жаңыларын издɵɵгɵ кɵз салган адис. Азыркы учурда мындай дрондор Канаданын Юкон платосунда жаңы алтын кендерин издɵɵ ʏчʏн колдонулуп жатат. Мындай аппараттарды ойлоп таап, ушул сыяктуу бир нече дизайнды тʏзɵ ала турган адам бул кесиптин ээси боло алат.

Таңсулуу  Сʏйʏнали кызы