27 апреля, 2024

Бактылуу кыз тарбиялагыңыз келеби же ыңгайлуу кызбы?

«Тегиңди тарбиялайм десең уулуңду, улутту тарбиялайм десең кызыңды тарбияла» деп калышат эмеспи. Сиз бактылуу кыз тарбиялагыңыз келеби же ыңгайлуу кызбы? Кыз тарбиялап жатсаңыз, бул кеңештер сизге керек. Бул боюнча бизге психолог, бир нече кесиптердин, дипломдордун ээси Венера Бокотаева жардамга келет. “Кыргыз айымдарына туура жол кɵрсɵтʏʏ менен бактылуулукка ʏндɵɵ негизги максатым. Ар бир адам ɵз жашоосун, тʏшʏнʏктɵрʏн жакшы жакка ɵзгɵртɵ алат” дейт.

Психолог Венера Бокотаева:

— Эмне ʏчʏн психология?

— Психология ʏчʏнчʏ билимим. Аялзатына жардам берем деген ниет бала чакта пайда болгон. Аялдарга юридикалык жактан жардам кɵрсɵтɵм деп биринчи юридикалык билим алганмын. Бул адистикти атам колдоп, ɵзʏ сунуштаган. Психология адистигин да айымдарды бактылуулукка ʏндɵɵ, жардам берʏʏ максатында тандаганмын.

“Кызды жасаган иши ʏчʏн гана мактабаңыз”

— Кыз баланын тарбиясы жɵнʏндɵ кеп баштасак. Кандай болуш керек же кызды кантип тарбиялаш керек?

— Кыз баланын тарбиясында эң биринчи ʏлгʏ – эне. Айтып эмес, кɵрсɵтʏп тарбиялаш керек. Ата-эненин ортосундагы  мамиле айкын, жылуу сɵздɵр менен коштолгон, мээримге толо болсо, бала да мээримге толуп ɵсɵт. ʏй-бʏлɵдɵ ата аялга жакшы мамиле кылып, кызына жылуу сɵз, мактоону кɵбʏрɵɵк айтса, бул кыз бала ʏчʏн ɵмʏр бою жетерлик жылуулук. Алгач ɵмʏрдɵ ата гана чыныгы камкор эркек ким экенин кɵрсɵтɵ алат. Эгер ʏй-бʏлɵдɵ атасы зомбулук кɵрсɵткɵн болсо, кыз бала ишенимин жоготот. Кʏмɵн саноо менен жашайт.  Кʏмɵндɵнʏʏ кɵпчʏлʏк учурда ишке ашат, адамдын ичиндеги коркуулар жашоодо жолугат. Кызды жɵн гана бар болгону ʏчʏн макташ керек. Эгерде анын кылган иши ʏчʏн гана мактаган болсоңуз, ал кыз кийин мактоо угуш ʏчʏн башка адамдарга ыңгайлашып, пайдалуу, керектʏʏ болгонго аракет кылып жашап калат. Ɵзʏн унутат.

— Баракчаңыздагы пикирлерде кɵпчʏлʏк айымдар ата-энесинен “бала кезде мындай сɵз укпаганмын” деп жазышыптыр. Бул ɵксʏк эмне менен толот?

— Кыз бала бой жетип, чоң адамдын аң сезими менен жашоону реалдуу кабыл алганда, баланын позициясынан чыгып, жашоого кɵз карашы жакшырганда ал ɵксʏк жоюлат. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ,  бизде айымдар таарынып, кыялын кɵрсɵтʏп, кʏнɵɵлɵп, нааразы болуп, салыштырып манипуляция менен мамиле курганга кɵнʏп калган.

— Кыргыз кыздары кандай  болуш керек?

— Кыргыз кыздары жабырлануучунун абалынан чыгыш керек. Боор ооруганын токтотуп, ɵзʏн аяп, ɵнʏгʏп, ɵз сʏйгɵн иши менен кесиби болушу кажет. Жашоого суктана, таң кала билʏʏ, бактылуу кездерде бактылуу экенин сезе билʏʏ, ɵзʏнɵ ишенип, назиктигин сактай билʏʏ аялдын кʏчтʏʏлʏгʏнɵн. Аялдык кʏч деген аял болуп жаралганына рахаттанып, ыраазычылыкта жашоо, ɵзʏн аял бойдон сактоо, коргоо, бир нерсе менен алек болуу, ɵзʏн тʏшʏнʏʏ, барктоо, сʏйʏʏ. Биздин коомдо ɵзʏн барктоону текеберлик дешет. Текеберлик –  салыштыруу. Барктуулук – сен кандай мамилеге ылайык адамсың, сага кандай мамиле кылганга болбошун сездирип турган чек ара.  Болбосо, эркек биринчи акырын тʏртɵт. Аял ооруган жок го деп унчукпаса, кийинкисинде катуураак тʏртɵт. Дагы деле унчукпаса, ʏчʏнчʏсʏндɵ чабат, тɵртʏнчʏдɵ сабайт.  Ошондуктан башынан мындай мамиле кылса болбойт деп позициясын, чек арасын коргой билʏʏ да аялдык кʏчкɵ кирет.

“Эненин бактылуу болгону кызга жетиштʏʏ тарбия”

— Апа кызга кандай мамиле жасашы зарыл?

— Апа эч качан кызды ɵзʏнɵ психолог кылбаш керек. Кʏйɵɵсʏ менен болгон уруш-талаш, кайнене, кайын журт жана башка адамдар менен болгон тʏшʏнбɵстʏктɵрдʏ кызына тɵгʏп айтып берген туура эмес. Болбосо, кыз чоңойгондо апасынын бактысыз экенине ишенип жашайт.  Ɵзʏн да бактысыз болгонго ʏгʏттɵйт. Апам бактысыз болсо, мен бактылуу болсом болбойт деген ишеним орноп калат. Байкасаңар, кыз ʏй-бʏлɵлʏʏ, ɵз алдынча болгон учурда деле апасы чалып “Эмне кылып жатасың?” деп сураса,  эч убакта жɵн эле эс алып жатканын айтпайт.  Ал дайыма “мына, кɵрдʏңбʏ, апа, мен деле сага окшогон бактысызмын, мен да сендей болуп эртеден кечке иш кылып кыйналып жашап атам” деген кɵрʏнʏштʏ кыймыл-аракети, кылык-жоругу, сɵздɵрʏ менен жеткиргенге аракет кылат. Андыктан эненин кызга бактылуу болуп жашаганы жетиштʏʏ. Себеби, эне бактылуу болсо, кыз дагы ошол бакытты ɵзʏнɵ сиңирет. Жашоосун апасыныкына окшотуп, апасындай бактылуу жашоого аракет кылат.

“Кыздын чек арасын биринчи эне бузат”

— Кызды турмуш-тиричиликке даярдоо керекпи?

— Кызды турмушка даярдаш керек. Бирок, “кайненең ɵлтʏрɵт, жакпай калып, кайра келсең  башыңды жулам, мени уят кылсаң ɵлɵсʏң” деген сɵздɵр менен эмес. Бул сɵздɵр менен кызды алдын ала эч убакта кɵрбɵгɵн кайын журтту жек кɵргɵнгɵ даярдайсыңар. Кʏйɵɵгɵ чыга элек кыз кайын журттан коркуп, кыйын жашоого даярданат.  Эмнеге даярдансаң ошол башыңа тʏшɵт. Кыз кишини туура ʏй-бʏлɵ курганга даярдоо маанилʏʏ. Эне айымдардын абалдарын, эркектердин тʏрлɵрʏн, кыздын кʏйɵɵгɵ чыккандан кийинки милдетин тʏшʏндʏрɵт. Ашырып, башкалардын милдеттерин мойнуна албай, ɵзʏнʏн гана милдетин сапаттуу жасаганга ʏйрɵтɵт. “Жашоо кыйын, чыда” деген сɵздɵрдɵн башка деле акыл сɵздɵр кɵп. Кыйын дей берсе, кыйын болот. Адам психологиясында кɵңʏл кайсыл жерде болсо, сɵзсʏз ошол нерсе ɵнʏгʏп-ɵсɵт. Кɵп энелер “муну жаса, тигини кыл” дешет да, жасай албай калса, “башың иштейби, сокурсуңбу” деп кемсинтишет. Кыздарынын катасын оңдоп жатам деп ойлошот. Муну менен кыздын чек арасын эне ɵзʏ бузат. Кийин башкалар дагы кыздын чек арасын бузуп, тебелеп ɵтʏп жʏрɵ берет.

— Кыз бала жокчулуктан  бузулат  дейт. Сиз кандай ойлойсуз?

— Туура сɵз. Анткени, кыздын ой жʏгʏртʏʏсʏ, фантазиясы эркектерге караганда башкача. Азыр тырышып, атаандашканды ʏйрɵнʏп алышкан. Кɵп кыздар ɵзʏнʏн каалоолоруна же башкалардан кем эмес болуп жашоого бардык кʏч-аракеттерин салат. Кɵбʏ сынат. Биздин апалар эле мисал. Кʏйɵɵлɵрʏнɵ атаандашып базарга чыгып, оор иштерди жасашат. Ɵздɵрʏ эркек болуп алышкан. Атаандашуунун жыйынтыгы жаман болбойт. Бирок, бул аялдар финансылык жактан жетиштʏʏ болгону менен бактылуу, жашоосуна ыраазы деген кеп эмес.

Алар деле назик, суйкайган, жылуу-жумшак ʏйдɵ бала караган, жɵнɵкɵй аялдык милдеттерди аткарган, жɵн эле аял болгусу келет.

Кандай болсо да ʏйдɵ эркек ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнɵ жооптуу.

— Кыз балага уул бир туугандары кандай мамиле кылганы туура?

— Ата жана уул бир туугандар кыз баланын негизги коргоочулары. Бирок, кɵп кыздар коргоочу катары кɵрʏшпɵйт. Азыр кɵпчʏлʏк аялдар кʏйɵɵлɵрʏнɵ дагы ɵзʏн коргогонго мʏмкʏнчʏлʏк бербей калган. Себептери белгилʏʏ да. Эгер уул бир туугандары сый-урмат кɵрсɵтсɵ, аяса,  турмушка чыкканда кʏйɵɵсʏнʏн уул бир туугандары да ошондой мамиле кылат деп ишенет. Ишенген нерсе жашоодо келет. Бирок, мындай кɵрʏнʏш биздин коомдо сейрек.

— Кыздын тарбиясына кырк ʏйдɵн тыюу жакшы таасир алып келеби?

— Ооба, бирок бизде тый десе бардык жакты тыйып салышат. Кʏлбɵ, сʏйʏнбɵ, отурба. Ал тыюулар адилеттʏʏбʏ, адамгерчиликке жатабы? Кыз бала да адам. Ɵзʏн туура алып жʏрʏʏ жɵнɵкɵй тарбияда уулга да, кызга да бирдей берилчʏ нерсе.

“Башкаларга ыңгайлуу, ɵзʏнɵ ишенбеген кыз кɵп ооруйт, бактысыз болот”

— Ыңгайлуу кыз, ыңгайлуу келин, жар тарбиялоо коом ʏчʏн коркунучтуубу?

— Сизге адам керекпи же кул керекпи?  Ыңгайлуу кыз эмне ʏчʏн керек? Унчукпай айтканды кылган кыз керек да туурабы?  Бардыгына макул болуп, ɵзʏнʏн ою жок, ʏнʏ жок, бактысыз, караңгы, эч нерсени билбеген, оокат кылган, бала тууганды билген гана адам керек болсо, мындай кыздарды тарбиялоо оңой. Азыр коомдо кɵпчʏлʏк ушундай эле кыздарды тарбиялап жатат. Бул чоң ката. Кыздын бактысыз болуусун кааласаңыз, анда ыңгайлуу кыз тарбиялай бериңиз. Кɵбʏрɵɵк салыштырып, кемсинтип, таарынып, нааразычылыгыңызды айтыңыз. Ɵзʏнɵ ишенбеген, башканын айтканы менен болуп жашай берген адам кɵп ооруйт, бактысыз жашоо кечирет. Балдарын да эч качан бактылуу кылып, жакшы тарбия бере албайт.

Бʏкалча Маматали кызы