27 апреля, 2024

Шаардык Кеңеш: 8 жолку сессияда 82 маселе каралды

63 отурумда 211 маселе шаардык Кеңештин кароосуна киргизилди

Ош шаардык Кеңеши 2023-жылы  бекитилген иш план боюнча жана андан тышкары дагы иштерди алып барды. Аталган убакыт ичинде  Ош шаардык Кеңешинин  алты туруктуу депутаттык комиссиялары ɵздɵрʏ караган  тармактар боюнча   63 отурум ɵткɵрʏп, 211  маселени карап,  аларды шаардык Кеңештин кароосуна  киргизген.

Убактылуу депутаттык комиссиялар 2022-жылы курулган жаңы  тротуарлардын сапатын текшерʏʏ,  Ош шаарынын мэриясынын   капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан  2022-2023-жылдары курулуш тармагы боюнча ɵткɵрʏлгɵн  мамлекеттик  сатып алууларды, Ош шаарындагы жайыт жайларды, Жапалактагы пайдаланылбай калган жерди иликтɵɵ жана суу пайдалануучулардын ассоциациясынын  ишин карап чыгуу  маселелерин  карашты.  8 жолу  сессия ɵткɵрʏлʏп, 82   маселе каралды. Атап айтканда, киреше жана чыгаша  бɵлʏктɵрʏ 2 509 306,2 миң сомду тʏзгɵн  Ош шаарынын 2023-жылга бюджети кеңири  коомдук талкуудан ɵткɵрʏлʏп,  бекитилди.  “Улуу Жибек жолун жандандыралы” аталышындагы Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык ɵнʏктʏрʏʏ жана калкты социалдык жактан коргоо программасы,  “Ош шаарынын аймагында кɵрктɵндʏрʏʏ, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежелер”,  “Ош шаарындагы аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵргɵ жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо кɵрсɵтʏʏнʏн тартиби жɵнʏндɵ” Жобо  бекитилди. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын ишмердиги, саламаттыкты сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер,  Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана  бюджетинин аткарылышы боюнча  отчету, коомдук коопсуздукту камсыздоо,  жашы жете элек ɵспʏрʏмдɵр арасында укук  бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу,  диний агымдардын жана экстремисттик-террористтик  кɵз караштагы кыймылдардын терс кɵрʏнʏштɵрʏнɵ  карата кɵрʏлʏп жаткан иштери,  шаар мʏлкʏнɵ сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуунун  жана пайдалануунун абалы, мэриянын  шаарга инвестиция тартуу, тышкы экономикалык байланыштарды тʏзʏʏ жана ишкерлерге тʏзʏлгɵн шарттар боюнча аткарып жаткан иштери, “Борбордук базар дирекциясы” жана “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканаларынын  жыйымдарынын ɵлчɵмʏн бекитʏʏ жана башка  шаардын жана шаардыктардын турмушуна тʏздɵн-тʏз тиешеси бар маселелер каралып, аларда орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чечимдер кабыл алынып, аткаруу ʏчʏн тиешелʏʏ  жактарга тапшырылды.

Тɵмɵнкʏ маселелер милдеттендирилди:

Ош шаарынын мэринин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча  отчету угулуп,  анда муниципалдык ишканаларды санариптештирʏʏ боюнча  жумуштарды тездетʏʏ, муниципалдык ипотекалык шартта курулуп жаткан кɵп кабаттуу турак-жайлардын ɵз убагында, сапаттуу бʏтʏшʏнɵ кɵзɵмɵлдʏ кʏчɵтʏʏ, коомдук транспорт тармагынын абалын жакшыртуу боюнча долбоорлорду  ишке ашырууну колго алуу, бюджеттин эсебинен курулуп жаткан социалдык обьекттердин курулушунун ɵз убагында бʏткɵрʏлʏшʏн камсыздоо, Ош пансионатын муниципалдык менчикке алуу боюнча тиешелʏʏ жактарга кайрылуу, чоң кɵчɵлɵргɵ альтернатива иретинде ички жана кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн арасындагы тосмолонгон жолдорду  ачуу, ДЭУ аймагындагы, Кулатов кичи районундагы чоң жолдун, шаардын негизги  кɵчɵлɵрʏнʏн четинде токтоп турган оор жʏк ташуучу унааларды шаардын аймагынан сырткары чыгаруу,  Кɵкʏмбий кɵчɵсʏндɵгʏ унаа каражаттарынын кыймылына кɵзɵмɵлдʏ кʏчɵтʏʏ боюнча чараларды кɵрʏʏ, муниципалдык ижарага берилип кеткен С.Данияров атындагы медициналык кызматкерлерди кайра даярдоо жана классификациясын ɵркʏндɵтʏʏ боюнча медициналык институтунун тʏштʏк филиалы менен тʏзʏлгɵн келишимин 2024-жылдан баштап токтотуп, Ош клиникалык ооруканасынын терапия бɵлʏмʏндɵ жандандыруу бɵлʏмʏн ачууга шарт тʏзʏʏ, Ош шаарынын мэриясынын аппарат тʏзʏмʏнɵ ветеринар жана агроном штаттык бирдиктерин ачуу маселесин карап чыгуу жагы милдеттендирилди.

 Шаардык чарба багыты кɵңʏлдɵн сырт калган жок

Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2023-2024-жылдарга карата кʏз-кыш мезгилине даярдыгы жɵнʏндɵ маселе талкууланып, мэрияга жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелери аркылуу берилʏʏчʏ жылуулуктун жана тейлɵɵнʏн сапатын жакшыртуу жана кʏз-кыш мезгилин ɵткɵрʏʏгɵ багытталган иш чаралардын ʏзгʏлтʏксʏз аткарылуусун камсыздоо, жылуулук энергетикалык комплекс, билим берʏʏ жана саламаттыкты сактоо мекемелеринен кышка болгон даярдыгын талап кылуу жана берилʏʏчʏ жылуулуктун сапатын кɵзɵмɵлдɵɵ, шаардагы мектептердин, балдар бакчаларынын, ооруканалардын  жана  поликлиникалардын жылуулук берʏʏ системасын “Жылуулук камсыздоо” ишканасына, “Турак-жай” коммуналдык башкармалыгына техникалык кароосун жана тейлɵɵсʏн бекитип берʏʏ, кʏз-кыш мезгилинде кɵп кабаттуу ʏйлɵргɵ, социалдык обьектилерге жылуулук берʏʏ боюнча ɵз долбоорлорун сунуштап жаткан жеке менчик компаниялар менен иш алып баруу, абанын булгануусун анализдеп, коммерциялык багыттагы мончо, коомдук тамактануучу жайлардын отказандарынын, тамак бышыруучу очокторунун моруларына фильтр коюуну камсыз кылуу, калк арасында отун-кɵмʏр камдоо жана электр энергиясын ʏнɵмдɵɵ боюнча  муниципалдык аймактык башкармалыктар аркылуу иш алып баруу,  “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун филиалы Ош жылуулук электр борборуна, «Жылуулук камсыздоо» ишканасына капиталдык жана катардагы оңдоп-тʏзɵɵ, жаратылыш газы, кɵмʏр, мазут отундарын жетиштʏʏ кɵлɵмдɵ камдоо иштерин аягына чыгаруу, социалдык обьектилерди ʏзгʏлтʏксʏз жылуулук менен камсыз кылуу милдеттендирилди. Ош РЭТке, “Сулайман-Тоо” РЭТке шаар тургундарына авариялык ɵчʏрʏʏлɵр боюнча маалымат берип туруу, “Ош шаардык жолдор” ишканасына , “Кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу чарба комбинатына”, «Ош-Тазалыкка» кʏз-кыш мезгилине атайын техникаларды, кумду, тузду жетиштʏʏ ɵлчɵмдɵ даярдоону жана жолдорду кар-муздан тазалоо иштерин ʏзгʏлтʏксʏз жʏргʏзʏʏнʏ камсыздоо тапшырылган.

Шаардагы 2048 кɵмɵк чордонунун ичинен  620сы   ээсиз. Булардын 31нин документтери даярдалып бʏткɵн.  Бул маселелер туруктуу депутаттык комиссиянын кɵзɵмɵлʏндɵ турат. Сессияда жогорудагы маселелер каралып, мэрияга ээлери аныкталбаган жана баланста турбаган керектɵɵчʏлɵрдʏн электр кɵмɵк чордондорун РЭТтин балансына ɵткɵрʏʏ боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштериндеги кемчилдиктерди жоюп, тʏзʏлгɵн жумушчу комиссиядагы ɵз милдеттерин аткара албаган жетекчилердин жоопкерчилиги, кызмат ордун кароо,  баланска ɵткɵрʏʏ иштерин 2024-жылдын  I   кварталынын аягына чейин аткарып бʏтʏʏ милдеттендирилди.

Шаардын борбордук бɵлʏгʏнʏн  деталдык пландоо долбоору бекитилди

Сессияда  билим берʏʏ тармагына тиешелʏʏ мекемелердин аткарган иштери жɵнʏндɵ маселе каралды.  “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мʏлктɵрдʏ алмашуу жɵнʏндɵ”  Жобо бекитилди. Ош шаарынын жергиликтʏʏ жамаатынын Уставы  бекитилди,  шаардык Кеңештин токтомдорунун аткарылышы жɵнʏндɵ маселе каралып,  анда бешинчи  чакырылыштагы  шаардык Кеңештин кабыл  алган 170 токтомунун ичинен 18 токтомдун 46 пункту аткарылбагандыгы баса белгиленип,  токтомдорду аткарбагандыгы ʏчʏн  Ош шаарынын мэри  Б.Жетигеновго ишенбɵɵчʏлʏк билдирилип,  чара кɵрʏʏ  ʏчʏн  материалдар Кыргыз Республикасынын Президентине жана Ош шаарынын прокуратурасына  жɵнɵтʏлдʏ.

 №3 “Керме-Тоо”муниципалдык аймагына поликлиника куруу ʏчʏн жер тилкесин аныктоо жɵнʏндɵ маселе дагы бир ирет  кɵтɵрʏлʏп, Анар, Тɵлɵйкɵн  кичи райондорунан поликлиника курууга ылайыкташкан жер тилкесин тактап, таап берʏʏ милдеттендирилди.

Жыл аягында Ош шаарынын борбордук бɵлʏгʏнʏн  деталдык пландоо долбоору бекитилип,  аны аткарууга алуу ʏчʏн шаардык мэрияга жана Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына  тапшырылды. Ош шаары боюнча административдик –аймактык реформа жургʏзʏʏ долбоору  жактырылып,  тиешелʏʏ жогорку органдарга  бекитʏʏ ʏчʏн сунушталды. Мамлекеттик менчиктеги  жолдорду  муниипалдык менчикке  ɵткɵрʏʏгɵ макулдук берилди. Аксакалдар сотторунун иштɵɵ мɵɵнɵттɵрʏ аяктаганына  байланыштуу 2024-жылдын март айында аксакалдар сотторунун шайлоолорун  ɵткɵрʏʏ боюнча чечим  кабыл алынды.  “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамына сунушталган алты адамга: шаардык Кеңештин депутаты Данияр Абдуллаев, “Ошсветтин” башкы инженери Ильяс Ражапов, жазуучу Салима Шарипова, Баткен ОИИБ башчысы   Мурат Боронов, академик Абдылдажан Акматалиев, ЖКнын депутаты Таалайбек Сарыбашов  бул наам ыйгарылды. 

Сессияда кабыл алынган токтомдордун аткарылышын жана  бюджеттик каражаттардын максаттуу, туура пайдаланылышын    кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча иштер  жʏргʏзʏлдʏ. Туруктуу депутаттык комиссиялар шаарда курулган тротуарлардын,  Масалиев проспектисинин, жер ʏстʏндɵгʏ жɵɵ ɵтмɵктʏн курулушун, стадиондун ремонтун, 6 миң кубдук  4 даана  суу резервуарларынын,  6 жаңы курулган жана 6 калыбына келтирилген  суу скважиналарын, Ленин кɵчɵсʏндɵгʏ 1 км  аралыктагы жолдун жана тирɵɵч дубалдын курулушун, Т-формасындагы жол менен туташтыруучу поезд жолундагы  ɵтмɵк жолдун,  курулуп жаткан 100 орундуу  бала бакчалардын курулушун,  менчиктештирʏʏ программасына киргизилген   28 муниципалдык обьекттин  абалын  жерине  чыгып кɵрʏп, аткарылып жаткан иштердеги кемчиликтерди  жоюу жана  каражатты сарамжалдуу пайдалануу сунуштарын  беришти. Жаңы курулган тротуарлардын сапаты  начар экендигин белгилеп, аларды оңдоо боюнча жолдор башкармалыгына катуу талап коюлган.  Ноябрь айында  комиссия бул маселени дагы бир ирет карап чыгып,   кемчиликтерин эске албаганда  бул багытта аткарылган иштер канааттандырарлык деп табылды.

Шайлоочулардын суроо-талабы аткарылууда

Шаарда  жʏргʏнчʏлɵрдʏ ташуу боюнча иштин  сапатын жогорулатууга кɵнʏл бурулуп келʏʏдɵ. Буга чейин Самарканд шаарынан  “Самавто”  автозаводунан 50 автобус алып келʏʏгɵ макулдук берилген болсо,  эми буга кошумча дагы 100 автобус  алып келʏʏгɵ макулдук берʏʏ ʏчʏн шаардык Кеңештин депутаттары  Маматов М.А., Бакир уулу Шахназар, Кадыров Т.Ж., Эркин улу Арстан, Усɵнов Б.Н.,  Таалайбек уулу Айбек  шаардык мэриянын  жетекчилиги менен биргеликте  Самарканд шаарына барышып,  автобустарды кɵрʏп келишип, маселе шаардык  Кеңештин сессиясында каралып, шаарга дагы 100 автобус алууга макулдук берилди.

Шайлоочулар тарабынан айтылган  суроо талаптар токтом менен бекитилип,  аларды аткаруу мэрияга тапшырылган. Жолдор башкармалыгы аркылуу шаардын жолдорун жана тротуарларын асфальттоо ʏчʏн 33500,0 миң сом, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн алдына балдар ойноочу жана кичи футбол аянтчаларды, ошондой эле саркынды суу тʏтʏктɵрʏн тартуу ʏчʏн 16500,0 миң сом акча каражаттары каралган.  Эскертип кетʏʏчʏ нерсе,  бул акча каражаттары эки ишкананын капиталдык курулуш боюнча негизги титулдук баракчасында каралган акча каражатынан сырткары,  шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча эл ɵкʏлдɵрʏнʏн демилгеси менен бɵлʏнгɵн акча каражаттары болуп эсептелет. Депутаттардын демилгеси менен  №53 орто мектебинин бʏтпɵй турган жыйындар залы жана ашканасын оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏргʏзʏлдʏ,  Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын кɵп жылдан бери суранып келе жаткан кайрылуусунун  негизинде Курманжан Датканын айкели анын туулуп- ɵскɵн Орке айылында  тургузулду. Тээке айылында узундугу 1 чакырым аралыктагы жолду тʏнкʏ  жарыктандыруу иштери аяктады. Жыл аягында  депутаттар шайлоочулар менен жолугушууларды ɵткɵрʏшʏп, жыл ичинде аткарган иштери боюнча шайлоочуларга отчет беришип, ɵткɵн жылкы берилген сунуш-талаптардын аткарылышын талкуулап, кеңири баарлашышты. Шайлоочулар тарабынан 129 сунуш-талаптар айтылып, алар жалпылаштырылып, сессияда бекитилип, аткаруу ʏчʏн  мэрияга тапшырылды.

Бала бакчаларды кайтаруу иши

Социалдык  тармак  боюнча бир топ  иштер  аткарылууда. Бул тармакты караган туруктуу депутаттык комиссия  борборлоштурулган китепкана тармагына,  мектептерге, балдар бакчаларына  жана фельдшердик-акушердик пункттарына барып, абалы менен  таанышып чыгышты. Орке айылындагы фельдшердик-акушердик пунктунун,  №60 “Арча-Бешик” балдар бакчасынын, №52 мектептин, №29 мектептин,  №16 мектептин  абалдарын жакшыртуу  жана жылытуу системаларынын ишин  жолго салуу боюнча  мэрияга жана билим берʏʏ башкармалыгына  сунуштарын беришти.  Мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчалар  жɵнʏндɵ маселени кɵтɵрʏп,  муниципалдык менчикке кайра кайтаруу боюнча иштерди алып барууда. 35  бала бакчанын ичинен  15и жеке менчикке, 20сы мамлекеттик мекемелерге берилип кеткен. Мамлекеттик мекемелерге берилип кеткен  17 бала бакчаны  кайтаруу  боюнча   маселе Министрлер Кабинетинин кароосуна сунушталды.

Маданият тармагын ɵнʏктʏрʏʏгɵ анын ичинде шаардыктар ʏчʏн маданияттуу эс алууга жакшы шарттарды тʏзʏʏгɵ, эс алуучу жайларды, парктарды, сейил бактарды жашылдандырып, кɵрктɵндʏрʏʏгɵ кɵңʏл буруп келʏʏдɵ. Тилекке каршы,  парктар ɵз багытында  пайдаланылбай айрыкча Навои паркы, андагы дарактардын кɵбʏ кыйылып, эс алуучу жай эмес, кирген адамды чарчата турган,  соода-сатык жайлары жана  эсепсиз  оюн-зоок  аттракциондору  жайгашкан базарга  айланып калган. Бул жɵнʏндɵ шаардыктардан депутаттардын атына каттар  келип тʏшкɵн.    Парктагы  муниципалдык жерлерди  ижарага алгандардан шаардын бюджетине айына болгону 115 миң сом  тʏшʏп, негизги пайданы ижарачылар гана кɵрʏп калышкан. Анткени,  алар пайда кɵрʏʏ максатында ижарага алган жерлерин башка ишкерлерге субарендага берип, парктын ичинде дээрлик бош жер калган эмес.  Мындан улам  Токтогул паркын дагы  базарга айландырбастан, шаардыктар бош убактыларында  тынч отуруп, китеп, гезит окуп, музыка угуп эс ала турган, эрте менен, кечинде Ак-Буура дарыясын бойлой сейилдеп же спорт менен машыгып, рахат ала турган жайга  айландыруу максатында эс алуу паркында аттракцион, батут, велосипеддерди ижарага берʏʏ жана башка балдардын оюн-зоок курулмаларын жайгаштырууга тыюу салуу, майрам кʏндɵрдɵн сырткары соода сатык иштерине жол бербɵɵ, ал эми А.Навои эс алуу паркында ижарага берʏʏдɵн шаардын бюджетине тʏшʏʏчʏ каражаттарды кɵбɵйтʏʏ максатында жеке ишкерлер менен муниципалдык менчик башкармалыгынын ортосунда тʏзʏлгɵн келишимдерди карап чыгып, аукцион ɵткɵрʏʏ жɵнʏндɵ  2022-жылдын 29-сентябрында токтом кабыл алган жана анын аткарылышы шаардык Кенештин кɵзɵмɵлʏндɵ турат.

Тажрыйба алмашуу, ийгиликтʏʏ иш сапарлар

Ош шаардык  Кеңеши республикадагы жергиликтʏʏ кеңештер менен байланышты, достукту, ɵз ара кызматташууну чыңдоо боюнча иштер  аткарылууда.  Бул багытта  Бишкек, Жалал-Абад, Каракол, Баткен, Нарын, Талас шаардык кеңештеринин эл ɵкʏлдɵрʏн жана аппарат кызматкерлерин  Ош шаарында тосуп алып,  жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу  маселелери боюнча тажрыйба   алмашуу, шаардын  тарыхы, кооз жерлери,  бир катар мекеме-ишканалардын ишмердиги  менен тааныштыруу  иш-чараларын жʏргʏздʏ. Аталган  6 шаардык кеңештердин депутаттарынын  ортосунда  футбол  боюнча достук беттешʏʏ ɵткɵрʏлдʏ. Ош шаардык Кеңешинин  депутаттары жана аппарат кызматкерлери  Каракол  шаардык Кеңешинин, Караколдогу айрым муниципалдык  ишканалардын ишмердиги менен  жеринде таанышып,  сегиз шаардык Кеңешинин  ортосунда кичи футбол боюнча ɵткɵрʏлгɵн мелдеште биринчи орунду  ээледи. Ал эми Каракол шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлери  Ош шаарына келип, шаардык Кеңештин аппаратынын ишмердиги менен таанышып, тажрыйба алмашып, Ош шаары менен таанышып кетишти. 

Депутаттар эл аралык, коомдук уюмдар, башкаруу органдары  тарабынан ɵткɵрʏлгɵн  тренингдерге, семинарларга  жана башка иш-чараларга катышып, билим деңгээлдерин жогорулатып, иш-тажрыйбаларын арттырышууда. Бул багытта Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын тобу Казань шаарында “Евразия шаарлары жана глобалдык тренддер” деген темада “Бириккен шаарлар жана жергиликтʏʏ бийликтер” Бʏткʏл дʏйнɵлʏк уюмунунун (ОГМВ) Евразиялык аймактык бɵлʏмʏ жана Казань шаарынын мэриясы уюштурган евразиялык тренингге катышып билим алып келишти.

Ош шаардык Кенешинде Эл аралык республикалык институту  семинар ɵткɵрʏп, презентациялар жасалды. Мамлекетте жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруунун таасирин кʏчɵтʏʏ боюнча эдвокаси карталарын тʏзʏʏ, жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруунун ишмердигиндеги чечʏʏнʏ талап кылган маселелерди иликтеп табуу, аларды чечʏʏ ʏчʏн борбордук бийлик органдары менен байланышта иш алып баруу боюнча   кичи топтордо практикалык иштер алынып барылып,  депутаттар жергиликтʏʏ  кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏ багытында  иш-тажрыйбаларын арттырышты.

Депутаттардын тобу Ош шаарынын пилоттук  конуштарынын ɵкʏлдɵрʏ  ʏчʏн муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана кварталдарда ɵткɵрʏлгɵн коомдук форумдарга катышышты. “Санариптик трансформация  жана мыйзамдык ɵзгɵртʏʏлɵр доорунда мамлекеттик  жана муниципалдык  кызматтардын  сапатын жогорулдатуу жɵнʏндɵ тренинг ɵткɵрʏлʏп,  анда шаардык Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери  “Санариптештирʏʏ жана “Санарип аймак”, “Тʏндʏк” программалары, Маалымат алуу жɵнʏндɵ мыйзам боюнча билим алышты. Муниципалдык аймактык башкармалыктардагы орун алган  кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏ боюнча диалогдор уюштурулуп, талкуулар  жʏргʏзʏлдʏ. Ысык-Кɵлдɵ Улуттук демократиялык институту  “Эффективдʏʏ шаардык кеңеш” темасы боюнча конференция ɵткɵрʏп,   ага депутаттар Кулдышева Г.К., Тажибаев Ж.Д.,  Усɵнов Б.Н.,  Ашимжан кызы Айпери, Абдуллаев Д.А., Арзиев Э.М.  катышып, билимдерин  жогорулатып келишти.     

Шаардык Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери шаарда ɵткɵн бардык маанилʏʏ  маданий, спорттук  жана саясий иш-чараларга  активдʏʏ катышышты. Жыл ичинде ШКнын тɵрагасы, депутаттар жана аппарат кызматкерлери жетишкендиктери ʏчʏн бир катар сыйлыктарга ээ болушту.

Кадрлар резервине 8 талапкер киргизилди

Кадрлар резервине талапкерлерди тандоо боюнча  эки жолу конкурс ɵткɵрʏлʏп, 8 талапкер кадрлар резервине киргизилди. Ош шаардык Кеңешинин  административдик  кызмат орундарын  ээлеген кызматкерлер аттестациядан ɵтʏштʏ. Шаардык Кеңештин 4 кызматкерине  “Муниципалдык  кызматтын кенже инспектору” класстык чендери ыйгарылды.                                                    

Ош шаардык Кеңешинде бардык иш кагаздар электрондук тʏргɵ ɵткɵрʏлʏп, кирген-чыккан документтерди каттоо “Инфодокс” системасы аркылуу жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Жыл башынан бери  773   кат кирген, анын  61и жогорку органдардан,  773ʏ  мекеме-ишканалардан,  95и  жарандардан келген кайрылуулар. Катталып кирген бардык  каттар  мыйзам чегинде   каралып,  алардын  ээлерине тиешелʏʏ жооптор  берилген.