27 апреля, 2024

“Дʏйнɵ жʏзʏндɵ жыл сайын кеминде бир миллион жер титирɵɵ катталат”

Акыркы убакта катталып жаткан коңшу мамлекеттеги жер титирɵɵлɵрдʏн эпкини бизге да тийип, табигый кырсыктын бул тʏрʏ коомчулукту кабатырга салууда. Адистердин айтымында Борбордук Азия сейсмикалык кооптуу зона болуп саналат. Демек, курулуштарга кылдат маани берилʏʏсʏ зарыл. Жер титирɵɵнʏн келип чыгуу себептери, курулуш жʏргɵнгɵ чейинки жерди тандоо этаптары боюнча Ош технологиялык университетинин адистери айтып берет.

Абдивап Зулпуев, техника илимдеринин доктору, ОшТУнун курулуш ɵндʏрʏшʏ кафедрасынын профессору.

“Тʏштʏктɵ жер титирɵɵгɵ туруктуу курулуш маселеси ɵзгɵчɵ мааниге ээ”

-Жер титирɵɵ жердин тоо-тектеринин кыймылынын акыркы этабы. Сʏрʏлʏʏ кʏчʏ жер кыртышынын жылышына тоскоол болот, бирок чыңалуу критикалык деңгээлге жеткенде тоо-тектердин жарылуусу менен кескин жылышуу пайда болуп, сʏрʏлʏʏ кʏчʏ кыймылдан чыгуунун жолун издеп табат. Термелʏʏлɵр бардык багыттар боюнча ʏн толкундары сыяктуу тарай баштайт. Ошентип акырындап эпицентрден алыстаган сайын термелʏʏнʏн соккусу, башкача айтканда, толкундун кʏчʏ азайып токтой баштайт. Эл кɵп жайгашкан аймактардагы катуу титирɵɵлɵр бул катастрофа. Орто эсеп менен дʏйнɵ жʏзʏ боюнча жыл сайын кеминде бир миллион жер титирɵɵ катталат. Анын бир-экиси кыйратуучу кʏч менен таасир этʏʏсʏ мʏмкʏн. Бир катастрофалык жер титирɵɵ бир миллионго чейин адамдын ɵмʏрʏн алып, эбегейсиз материалдык зыянга учуратат. Мисалы, Кытайдагы 1976-жылдагы Таншан шаарындагы жер титирɵɵдɵ расмий маалымат боюнча 242 миң адам каза болгон. Айрым башка маалыматтар боюнча 800 миң адамдын ɵмʏрʏн алганы, 5 миллиондон ашуун ʏйлɵр бузулуп, кыйраганы айтылып келет. Биздин ɵлкɵнʏн шартында айрыкча тʏштʏк жергеси жер титирɵɵгɵ туруктуу курулуш маселеси ɵзгɵчɵ мааниге ээ экенин айткым келет. Анткени биз сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашканбыз. Муну акыркы жылдарда болуп ɵткɵн кээ бир катуу жер титирɵɵлɵрдʏн кесепети тастыктап турат. Кыргыз Республикасы бʏгʏнкʏ кʏндɵ жер титирɵɵнʏн кʏчʏ Россия Федерациясынын 12 баллдык шкаласы боюнча бааланып, мамлекеттик стандарт катары 6дан 9 баллга чейинки шкала кабыл алынган.

Жер титирɵɵнʏн табигый жана жасалма процесстери

-Жер титирɵɵ бул табигый себептерден, негизинен тектоникалык процесстерден, кээде жасалма процесстерден улам келип чыгат. Мисалы, жарылуулар, суу сактагычтарды толтуруу, кен казуу иштеринин жер астындагы кɵңдɵйлɵрʏнʏн кыйрашынан келип чыккан термелʏʏ. Майда жер титирɵɵлɵр жанар тоолордун атылышы учурунда лаванын кɵтɵрʏлʏшʏнɵн пайда болуусу мʏмкʏн. Планетада эки жумада бир жолу кеңири кыйроого алып келиши мʏмкʏн болгон кʏчтʏʏ жер титирɵɵлɵр болуп турат. Алардын кɵбʏ океандын тʏбʏндɵ болгондуктан катастрофалык кесепеттер менен коштолбойт. Жер титирɵɵнʏн дагы бир себеби – гравитациянын таасири. Жер кыртышынын же мантиянын табигый кыймылы, деформациясы менен байланышкан. Вулкандык жана башка анча деле олуттуу эмес кыйроолор, жер кɵчкʏлɵр, суу сактагычтардын толушу, жер астындагы катмарлардын кыйрашы менен байланышкан тектоникалык процесстер болуп эсептелет. Ошондой эле шахталардын кɵңдɵйлɵрʏ, жарылуулар же башка ɵзгɵрʏʏлɵр кɵбʏнчɵ адамдын иш аракетинен келип чыгат.

Уметалы Джусуев, ОшТУнун архитектура, курулуш факультетинин деканы, техника илимдеринин кандидаты, доцент.

“Курулуш башталардан мурда жер кыртышы изилденет”

-Кыргызстанда анын ичинде тʏштʏк региону да сейсмикалык зоналарга бɵлʏнɵт. Силкинʏʏ качан катталарын алдын ала божомол менен айтууга болот, бирок, так датасын айтуу мʏмкʏн эмес. Ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵр да бул нерсеге жете элек. Эми кɵп кабаттуу ʏйлɵргɵ келсек, курулуш болгонго чейин алгач жер кыртышын изилдеп чыгуу зарыл. Атайы адистер жер кыртышын изилдеп, анализин берет, сейсмикалык эсептɵɵлɵр жʏргʏзʏлɵт. Технологиянын ɵнʏккɵн заманында эсептɵɵлɵр так жʏргʏзʏлʏп жатат деп айта алам. Атайы пакет программалар да бар. Ошонун негизинде проект тʏзʏлʏп берилгенден кийин эксперттер корутунду чыгарат. Проекттер да бɵлʏнɵт, архитектуралык проектти архитекторлор жасайт, конструктивдик проектти жогоруда айтылган эсепчилер жасайт. Ушулардын баары кабыл алынып, уруксат берилгенден кийин гана курулуш жʏрɵ баштайт. Курулушту шаардык, облустук капиталдык курулуш башкармалыгындагы техникалык кɵзɵмɵл адистери ар бир этабын кɵзɵмɵлдɵп турушат. Андан сырткары мамлекеттик курулушту кɵзɵмɵлдɵɵ агенттиги да текшерет. Талапка жооп бербесе кийинки этапка ɵткɵрбɵй, башкадан курууга кɵрсɵтмɵ берет. Сейсмикалык аймактарда ири курулуштарды куруу ʏчʏн биринчиден, баллдык сейсмикалык таасирдин интенсивдʏʏлʏгʏн, экинчи сейсмикалык таасирдин кайталануучулугун, жер кыртыштарынын категорияларын эске алуу зарыл.

“Кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн аянтчалары кең болуусу керек”

-Жер титиреген убакта биринчи толкун ɵткɵндɵн кийин экинчи толкун кайталанышы мʏмкʏн. Ошондуктан жашоочуларга сыртка чыгып туруу сунушталат . ʏйдʏн аянтчасын 1 селкинчек, бир скамейка анан 5-6 машина бата турган кылбай кенен салуу керек. Кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵ канчалаган квартира, канчалаган жашоочу жашайт. Элдин баары сыртка чыккан убакта батпай, бири-бирин тебелеп кетʏʏсʏ мʏмкʏн. Ал тургай ошондой кооптуу учурларда убактылуу палаткаларды, медициналык каражаттарды, ɵрт ɵчʏргʏчтɵрдʏ эске алышса жакшы болмок. Мисалы, илгерки Хрущев мезгилиндеги 4 кабаттуу ʏйлɵрдʏ байкасаңар аянты кыйла чоң. Кошумчалай кетчʏ нерсе коопсуздуктан сырткары экологияга кам кɵрʏʏ максатында кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн жанында бак-дарактын болуусу шарт.

Кызыктуу факт

Жасалма интеллект жер титирɵɵнʏ алдын алабы?

Америкалык IBM компаниясы жасалма интеллект менен жер титирɵɵнʏ алдын алууну кɵздɵйт. Изилдɵɵнʏн негизги максаты – геологиялык маалыматтарды талдоо жана жер титирɵɵлɵрдʏн мʏмкʏн болуучу кесепеттерин алдын ала айтуу ʏчʏн кʏчтʏʏ машина алгоритмдерин колдонуу. Бул ыкма табигый кырсыктардын алдын алуу жана келтирилген зыянды азайтуу боюнча натыйжалуу чараларды кɵрʏʏгɵ жардам берет.

Жасалма интеллект тʏзʏʏ ʏчʏн изилдɵɵчʏлɵр тобу жер титирɵɵлɵрдʏн кʏчʏ, жер астындагы геологиялык жаракаларды, эпицентрдин тереңдиги жана жабыркаган адамдардын саны сыяктуу мурунку жер титирɵɵлɵр боюнча чоң кɵлɵмдɵгʏ маалыматтарды чогулткан. Изилдɵɵнʏн негизги аспектилеринин бири чоң маалыматтарды иштетʏʏ жана талдоо ʏчʏн жаңы ыкмаларды тʏзʏʏ болду. Алынган божомолдор кыйроолор жана курмандыктар боюнча реалдуу маалыматтар менен салыштырылып, модель жер титирɵɵнʏн кесепеттерин жогорку тактык менен алдын ала айта алганы белгилʏʏ болду. Бул ачылыш геологиялык коопсуздук жана адам ɵмʏрʏн сактап калуу жаатында революциялык кадам болуп калышы мʏмкʏн.

Айжылдыз Тойчиева