27 апреля, 2024

“Жеке менчик мектептерде динге багыттап окутуу туура эмес”

“Кошумча ийримдерде араб тилине, куран окууга басым жасалат” деген айрым жеке менчик мектептердин жарыясын кɵрʏп эле жʏрɵсʏз. Негизи диний багытта медреселер окутары баарыбызга белгилʏʏ, анда бул нерсени мектептерге алып кирʏʏнʏн зарылдыгы канча? Жеке менчик экенине карабай билим берʏʏнʏн стандартынан чыкпоо керектигин адистер эскертишет.

Гулмира Абылкасымова, Билим берʏʏ жана илим министрлигинин маалымат катчысы:

“Окуу программаларында диний мектептер тууралуу каралган эмес”

-Биздин талаптар боюнча диний мектептерди ачууга эч кандай уруксат жок. Окуу программаларында диний мектептер тууралуу каралган эмес. Ошондуктан бул мыйзамсыз болуп эсептелинет. Мындай мектептерди билим берʏʏ жана илим министрлиги текшерʏʏгɵ, чараларды кɵрʏʏгɵ ыйгарым укуктарыбыз жок болгондуктан Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматы менен бирге иш алып барабыз.

Тынчтыкбек Досмуратов, Ош билим берʏʏ институтунун кабинет башчысы:

“Жеке менчик мектептер да негизги план программадан чыкпайт”

-Кыргызстан боюнча жалпы билим берʏʏ стандарты бар. Анын ичинде предметтик стандарт болот. Ал эми базистик окуу планы ар жылдын башында бекитилет. Жеке менчик мектептер да негизги план программадан чыкпайт. Мамлекеттин эсебинен эмес, ата-энелердин тарабынан каржылангандыгы ʏчʏн окуу планын бекитип жатканда кошумча сабактарды кɵрсɵтʏшɵт. Ошонун негизинде ата-энелер макул болсо гана кошумча сабактарын берʏʏлɵрʏ керек. Кɵпчʏлʏк ата-энелер программасы менен толук таанышпай, баламы жеке менчик мектепке окутуп жатам деп жʏрɵ беришет. 

Бектурсун Кɵкɵнов, Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын окуу программалары боюнча адиси:

“Жеке менчик мектептерди ушул жылдан текшерʏʏгɵ бизге уруксат беришти”

-Талапка ылайык мектептеги 1-класстардын сааты 21 сааттан ашпоосу керек. Ушул саат предметтерге бɵлʏнгɵн. Дене тарбия, музыка, сʏрɵт, мен жана дʏйнɵ сабактары 2 сааттан, математика, орус тили 4 сааттан, кыргыз тили 3 сааттан ɵтʏлɵт. Белгиленген нормадан ашып кеткенге же кыскартып жибергенге болбойт. Жеке менчик мектептердин кɵпчʏлʏгʏ жогоруда айтылган сааттардан тышкары кошумча ийримдерди уюштуруп алышат. Ошондо деле динге багыттап окутуу туура эмес. Диний багытта медреселер гана окута алат. Мисалы, бизде “Светочь” мектеби бар. Ал жерде “закон божий” сыяктуу диний предметтерди Билим берʏʏ министрлиги бекитип берген.

Жеке менчик мектептердин нормадан чыкпай иштеп жаткандарын ушул жылдан бизге текшерʏʏгɵ уруксат беришти. Белгилей кетчʏ нерсе биз текшерип барган чакта деле стандарттан чыкпай окутуп жатабыз деп коюшу мʏмкʏн, ошондуктан ата-энелер жеке менчик мектептерде балдары кечке калганына сʏйʏнбɵй, сабактан сырткары кошумча ийримдерди кандай багытта окуп жатканына жакшылап маани берʏʏсʏ зарыл.

Дɵɵлɵткан Кабыкова, психолог:

“Кыздар менен балдар мектепте окуганда аз болсо бири-биринин психологиясын таанышат”

-Балдар менен кыздарды бɵлʏп окутуу мусулман ɵлкɵлɵрʏндɵ эле эмес,  мурда Россия, Европа ɵлкɵлɵрʏндɵ да болгон. Убакыт ɵткɵн сайын коомдо тʏшʏнʏк ɵзгɵрдʏ, балдар менен кыздар аралашып окуй башташты. Изилдɵɵлɵр боюнча Европада балдарды бɵлɵк окутуунун себеби эркектер коомдун эң негизги кʏчʏ, коомду алдыга сʏйрɵй турган адам болуш керек деп даярдашкан. Кыздарды болсо жакшы кожойке болууга, турмуш курууга, бала тарбиялоого ʏйрɵтʏшкɵн. Учурда аялдар да социалдык жашоодо эркектер менен бирдей эле роль ойноп калды, ошондуктан аларды бɵлʏп окутууга эч кандай кажет жок. Биз светтик ɵлкɵ болуп саналабыз. Ошол эле учурда дин тутунуу эркиндиги бар. Бирок, диний фанатизм ɵтɵ кʏчɵп кетʏʏдɵ. Коңшу ɵлкɵлɵр цивилизация алдыга жылуусу ʏчʏн баарына тең кароо зарылдыгын тʏшʏнʏп, ашыкча фанатизмди тыйып жатышат. Ɵзʏ кичиникей ɵлкɵ болсок, ɵнʏгʏʏ жолунда баратып эле, диний фанатизмди кʏчɵтʏп алсак он жылдан кийин келечекти элестетʏʏ кыйын. Ошону журт башчылары, ата-энелер да жакшылап ойлонуусу керек. Мейли кызды бɵлʏп окутту дейли, мектепти бʏткɵндɵн кийин иштеген жерден кесиптеш кʏтɵт, турмушка чыгат. Бардык нерсе ʏйдɵгʏ тарбиядан кɵз каранды. Мектепте окуганда аз болсо да кыздар балдардын, балдар болсо кыздардын психологиясын, мамиле тʏзʏʏнʏ ʏйрɵнʏшɵт. Динге эч кандай каршылыгым жок, болгону психологиянын, ɵлкɵнʏн закону сакталсын. Алтын ортолукту сактап, ошол эле учурда тʏпкʏрʏбʏздʏ жоготпой тургандай динди тутунуубуз зарыл. Динге фанат ата-энелер балдарын да диний мектепке кыстап берип койбостугу ʏчʏн аны коом, мыйзам контролдош керек.