27 апреля, 2024

Жаш кыздын денесине жарат келтирип, телефонун тартып алган өспүрүм кыздардын тобу кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан жашы жетелек кыздын денесине жарат келтирип, телефонун тартып алган кыздардын тобу кармалды.

2024-жылдын 15-январында саат 16:00 чамасында, Ош шаарынын  тургуну, 2007-жылы туулган кызды сырттан тааныш болуп жүргөн кыздар үйүнөн чакырып чыгып кетишкен. 2008-жылы туулган Т.Д. , 2008-жылы туулган А.Г. жана 2008-жылы туулган У.Ү. аттуу кыздар аны далдоо жерге алып барган соң, Т.Д. аны: “эмнеге менин жигитим менен сүйлөшөсүң, экинчи мамиле кылбагын!” деп кылмыштуу шериктери менен бирге көптөп сабашкан. Андан соң жабырлануучунун “iphone-8” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.

Натыйжада, үстүбүздөгү жылдын 19-январында  Ош облусттук  соттук-медициналык экспертизасы жабырлануучу жеңил дене жаратын алгандыгы жана ага материалдык жактан олуттуу өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныктаган корутундусун чыгарган.

Аталган факты боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүндөгү 3-пунктуна ылайык кылмыш иши козголду. Болуп өткөн окуя шектүүлөр тарабынан видео тасмага тартылып алынгандыктан тасма дагы буюм далил катары алынып, кылмыш ишине тиркелди. 2024-жылдын 6-февралында бул кылмыштын уютуруучусу катары шектүү Д.Т. Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүү Д.Т., 2008-жылы Россия Федерациясында туулган. РФнын жараны. Учурда Оштогу педагогикалык багытта билим берүүчү окуу жайынын 1-курсунун студенти, убактылуу Ош шаарында жашайт.

Шериги У.Ү., 2008-жылы туулган. Ош облусунун Өзгөн районунда туулган.  КРнын жараны. Өзүнүн айтуусу боюнча мурда соттолгон, убактылуу Ош  шаарында жашайт.

Экинчи шериги 2008-жылы туулган .А.Г., Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Ош шаарындагы  кесиптик лицейлердин биринде  1-курсунун студенти, убактылуу Ош шаарында жашайт.

Учурда, катталган кылмыш боюнча калган шериктеринин кылмыштагы ордун аныктоо, кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында тергөө кызматы тарабынан кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Сүрөттөрдө: кармалган шектүүлөр