27 апреля, 2024

Кара кыргыз автоном облусунун тʏзʏлгɵндʏгʏнʏн 100 жылдыгы

Быйылкы кʏздɵ Кыргызстан Кара кыргыз автономиялык облусунун (ККАО) тʏзʏлгɵндʏгʏнʏн бир кылымдык мааракесин белгилейт.  Президент С.Жапаров: “басып  ɵткɵн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттʏʏлʏгʏнʏн кайра жаралуусун, анын тʏптɵлʏшʏнʏн оңойго турбаганын кийинки муун сɵзсʏз билиши зарыл”,- деп атайын жарлык да чыгарган. Мамлекет жана мамлекеттʏʏлʏк, анын ичинде суверендʏʏлʏк деген тʏшʏнʏктɵр туш келди эле колдонулуп жаткан азыркы кырдаалда Кара кыргыз автономиялык облусунун тʏзʏлʏʏсʏн Кыргыз Республикасынын, эгемендʏʏ кыргыз мамлекетинин тʏзʏлʏʏсʏнʏн эң алгачкы башаты катары кароого тийиш экендигибизди эске алуу зарылчылыгы келип чыгат.

ТАРЫХ – ТАК ИЛИМ

Тарых жана анын мааниси, ага так жана калыс мамиле жасоо зарылдыгы эзелтен эле айтылып келатат. “Эс-акылы анча жетише бербеген адам гана тарыхты  жакшы кɵрбɵйт” деп Чернышевский айтса, “Тарых шарттуу ыңгайды сʏйбɵйт” деп жалпы философтор бир пикирге келишкен. Ошол эле учурда, “Эгерде тарыхтан калпты алып таштасак, бул жалаң гана чыркыраган чындык калат дегенди эле билдирбейт, анда тарыхта эч нерсе калбай калуусу да мʏмкʏн” деп Станислав Ежи Лец куйкумдата белгилеген. Кандай болбосун ар кандай эле тарыхка тарыхтай так, кылдат жана калыс мамиле жасоону эске алган оң.

Тʏркстан крайында Совет бийлигинин орношу  менен (ноябрь, 1917-жыл) улуттук чек араларды аныктоо маселеси келип чыкканы маалым. Бʏткʏл Союздук БАКтын 1920-жылы 27-августта “Тʏркстанды административдик жактан бɵлʏштʏрʏʏ жɵнʏндɵ” кабыл алган токтомунун негизинде Орто Азиядагы жооптуу кызматкерлердин улут маселесине арналган жыйыны ɵткɵн (январь, 1924-жыл). Анда И.Арабаев сʏйлɵп, кыргыздардын ɵз алдынча улут экенин, бирок алар улут катары эч жерде эске алынбаганын сындаган жана кыргыздар (кара кыргыздар)  ɵз автономиясын тʏзʏʏсʏ керектиги тууралуу маселе кɵтɵргɵн. Бирок, бул жыйында аны колдогондор азчылыкты тʏзʏп калып, кыргыздардын жери кыргыз, башкача айтканда, Казак Республикасынын алкагына киргизилери жɵнʏндɵгʏ сунуш жактырылган.

Канткен менен 1924-жылы 14-октябрда Москвада ɵткɵн  Бʏткʏл Союздук БАКтын 2-сессиясы Орто Азия элдеринин улуттук бɵлʏнʏшʏ жɵнʏндɵ чечим кабыл алган. Ага ылайык, Кара кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдин курамына киргизилген. Жаңы Кара кыргыз автономиялуу облусунун  большевиктик-партиялык жетекчиси болуп М.Каменский, облустун ревкомунун тɵрагалыгына И.Айдарбеков бекитилген.

Кара кыргыз автономиялуу облусуна Тʏркстан АССРинин Жети-Суу облусунун Каракол, Нарын,Пишпек, Анжиян уездинен 10, Фергана облусунун Кокон уездинен 2, Ош уездинен 13, Фергана уездинен 5, Наманган уездинен 9, Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уездинен 14 болуштук кирген. Кара кыргыз автономиялуу облусунун аймагы 195, 7 миң чарчы километрди,  калкы 737, 3 миң адамды тʏзгɵн. Анын ичинде кыргыздар 63, 5, орустар 16, 8, ɵзбек 15, 4 жана башка улуттар 3,5 пайыз болгон. Кара кыргыз автономиялуу облусу  Пишпек (20 болуштук), Каракол-Нарын (16 болуштук), Ош (20 болуштук), Жалал-Абад (10 болуштук) округдарына  бɵлʏнʏп, 6 шаар, 321 айыл-кыштак, 5 хуторду камтыган.

1925-жылы 27-30-мартта Пишпекте 135 делегат катышкан Кара кыргыз автономиялуу облусунун алгачкы уюштуруу сьезди ɵткɵрʏлʏп, анда Конституциялык мазмундагы “Кара кыргыз автономиялуу облусу тууралуу жобо” кабыл алынган. Натыйжада Революциялык комитет кʏчʏн жоготуп,  мамлекеттик бийлик 51 мʏчɵ жана 12 кандидаттан турган обаткомго ɵткɵн. Курамына И.Айдарбеков, Ж.Абдырахманов, М.Каменский кирген атайын комиссия тʏзʏлʏп, ага облустун жобосунун (конституциялык) долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган жана “кара” сɵзʏн расмий аталыштан алып таштоо жана ɵлкɵнʏ облус эмес, автономиялуу республиканын катарына кошуу сыяктуу сунуштар берилген. Кыскасы, Кыргызстан 1925-жылдын 25-майынан тарта Кыргыз автономиялуу облусу, 1926-жылдын 1-февралынан баштап Кыргыз АССРи аталган.

ТАПТЫК КYРƟШТƟН БИЙЛИК КYРƟШY ТАТААЛ

1922-жылдын 30-декабрында  СССРдин тʏзʏлʏшʏ жарыяланган мезгилде кыргыздар РСФСРдин курамындагы Тʏркстан АССРине кошулгандыгы маалым. Бирок, кыргыздар Тʏркстан АССРинин Жети-Суу , Сыр-Дарыя, Фергана,Самарканд облустарында чачыранды абалында кала берген. Ушундай тарыхый кырдаалда кыргыз элинин келечеги бʏдɵмʏк болуп, улут катары сакталып калуу же калбоо маселеси кʏн тартибинде турган.

1921-жылы большевиктик партиянын онунчу съездинде  улут маселеси коюлат. Ал боюнча СССРдин курамындагы элдердин улуттук турмуштук шарттарына дал келгидей советтик мамлекетти куруп, бекемдеп, ɵнʏктʏрʏʏ, жергиликтʏʏ элдердин коомдук-саясий турмушунда, административдик башкаруу системасында, чарбалык органдарда иш кагаздарын эне тилинде жʏргʏзʏʏ, жергиликтʏʏ кадрларды ɵстʏрʏʏ каралган. Ушундан кийин улуттардын жана элдин ɵкʏлдɵрʏ тарабынан ɵз алдынча советтик  мамлекеттерди куруу демилгелери айтыла баштаган. Ошентип, биринчи жолу Тʏркстан АССРинин курамында кыргыздардын ɵз алдынча административдик облусун тʏзʏʏ демилгесин 1921-жылы кɵтɵрʏп чыгышкан.

Бул маселенин талаш-тартыштарга карабай коюлушунун себеби, кыргыз эли ар кайсыл облустарга, уездерге кирип, чачыранды абалда болушу элдин социалдык-экономикалык жана маданий  ɵнʏгʏшʏнɵ тоскоолдуктарды жараткан. Экинчиден, облустук башкаруу структурасында казак жана кыргыз топторунун ортосунда карама-каршылык кʏчɵгɵн. 1920-жылы Казак автономиясы Кыргыз автономиясы деген аталышта тʏзʏлʏп, ага казак саясий ишмерлеринин активдʏʏ аракеттеринин аркасында  Сыр-Дарыя менен Жети-Суу облустары кирип калган. Ошентип кыргыз элинин улуттук суверенитети жɵнʏндɵгʏ маселе ого бетер татаалдашкан жана кыргыздар азыркы тил менен айтканда, геосаясаттагы майда тыйындардын ролун ойной башташкан. Не кылмак эп? Казакка атыңды да, затыңды да тарттырып жиберсең, не калат кыргыздан?..

ТООЛУУ КЫРГЫЗ ОБЛУСУ

1922-жылдын  мартында Ж.Абдырахманов, И.Арабаев, А.Сыдыков баш болгон кыргыз саясий чɵйрɵсʏ Тоолуу Кыргыз облусун тʏзʏʏ демилгесин кɵтɵрʏшкɵн. Казактар ал кездерде кыргыздарды казактын бир уруусу, казак улутунун бир бɵлʏгʏ катары эле кɵрсɵткʏсʏ келгенин жашырууга болбойт.

Ошентип 1922-жылдын 25-мартында Тʏркстан КП (б) нын Борбордук Комитети Жети-Суу облусун райондоштуруу жɵнʏндɵ токтом кабыл алат. Ал боюнча, Пржевальск Нарын, Пишпек жана Аулие-Ата уездинин тоолуу бɵлʏктɵрʏн камтыган Тʏркстан республикасынын курамындагы Тоолуу Кыргыз облусу тʏзʏлгɵн.

Бирок, Тоолуу облустун тʏзʏлгɵнʏнɵ Р.Кудайкулов баштаган топ каршы чыккан. Бул топту Ташкенттеги казак жетекчилигинин бир  бɵлʏгʏ колдоого алган. Кудай жалгап, маселе Сталинге чейин жеткен. Партиянын Жети-Суу обкому тарабынан 1922-жылдын 4-июнунда Уюштуруу съезди чакырылып, бирок Сталиндин кɵрсɵтмɵсʏ менен съезд таратылган. Декабрда РКП(б) Борбордук Комитети Тоолуу кыргыз облусун тʏзʏʏ боюнча мурда кабыл алынган токтомду жокко чыгарган.

1923-жылы СССРде улуттук автономияларды тʏзʏʏ жана улуттардын тең укуктуулугу боюнча маселелер кайра карала баштаган. Анын негизинде, Тʏркстан АССРинин курамындагы кыргыз элине автономиялуу облус статусу берилип, мурункудай Тʏркстан АССРинин эмес, РСФСРдин курамында Кара кыргыз автономиялуу облусу болуп тʏзʏлгɵн. Бул жерден да Сыдыков менен Кудайкуловдун топторунун ортосунда  тирешʏʏ болгонун  баса белгилеп кетʏʏ керек. Сыдыков, Ж.Абдырахманов, И.Арабаев Кара кыргыз автономиялуу облусу тʏздɵн тʏз РСФСРге кирсе дурус болот деп эсептешкен. Экинчи  топтун башында Рахманкул Кудайкулов туруп, Дʏйшɵналы Бабаханов, Ы.Тойчунов  Кара кыргыз автономиялуу облусу  Кыргыз ( Казак ) АССРинин курамында болуусун каалашкан.

1924-жылдын 18-октябрында РКП БКнын саясий бюросунун чечимине ылайык, М.Д.Каменский жетектеген Кыргыз обкомунун уюштуруу партиялык бюросу тʏзʏлɵт.

1924-жылы ноябрь айында  Кыргыз облустук партиялык уюмунун бюросу Ж.Абдырахмановду экинчи катчылыкка дайындайт. Ревкомдун тɵрагалыгына  И.Айдарбеков дайындалган. Ревкомдун алдына мамлекеттик бийликти уюштуруу, облустук башкаруу аппаратын тʏзʏʏ, облусту административдик-аймактык жактан райондоштуруу, Советтердин учредителдик съездин даярдоо жана ɵткɵрʏʏ  тапшырмалары коюлган.

Ревком  тарабынан даярдалган Учрелителдик съездде А.Сыдыков менен Кудайкуловдун ортосунда кызмат ʏчʏн тирешʏʏлɵр болуп, партиянын Кыробкомунун биринчи катчысы Каменскийдин кɵмɵгʏ менен Кудайкуловдун тобу жеңип чыккан. А.Сыдыковдун жактоочусу, ревкомдун тɵрагасы И.Айдарбеков ɵзʏнʏн кызмат ордунан тɵмɵндɵгɵн. Облустук аткаруу комитетинин тɵрагасы болуп эки топко тең кирбеген, Ɵзбекстанда( Ɵзбек ССРинин ɵкмɵтʏ Орозбековду Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйлап, ызаат кɵрсɵткɵн) жана  Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга активдʏʏ катышкан Абдыкадыр Орозбеков шайланган.

 Абдираим Мамытов