27 июля, 2024

Шар менен шаарыбызга кызмат кɵрсɵткɵн ишкер айым

Каарманыбыз Венера эже учурда 43 жашта. “36 жашка чейин ɵзʏмдʏ кɵп издедим. 36 жашымда ɵзʏм жасай ала турган ишти, ɵзʏмдʏ таап калганыма сʏйʏнɵм” дейт. Шарлар менен элдин жакшылыктарына кызмат кɵрсɵтʏп келатканына 7 жылдан ашыптыр. Уулу Арсен таланттуу аниматор. Учурда окуу менен бирге апасына жардам берет. Кʏйɵɵсʏ ар тараптан колдоп, бул иш бʏгʏнкʏ кʏндɵ ʏй-бʏлɵлʏк жумушка айланган. Бул макаладан соң аялды тек гана колдоп туруу жетиштʏʏ экенин тʏшʏнɵсʏз.

 Жеке ишкер Венера Акматалиева:

 “2 жаштагы кызымдан улам шар жасоо идеясы келген”

— Кенже кызым 5 айлык болчу. 4 бала менен ʏйдɵ отуруп, эмне жумуш кылсам деп кɵп ойлонгонмун.  Шар жасап сатуу дароо оюма келген эмес. Эмне кылып жиберсем экен деп жʏргɵн кʏндɵрдʏн биринде кʏйɵɵм 2 жаштагы кызымды эшикке ойноткону алып чыкса, узун шарлардан гʏл жасап сатып жʏрʏптʏр. Кызым атасына алып бер деп ыйлактап атып алдырып, аны 5 мʏнɵт ойноп эле жарып коюптур. Подьезд менен бир болуп кызым ыйлап келди. Эмнеге ыйлап атат десем, шардын жарылып калганын айтып атасы да ачуулуу. Кʏйɵɵм менен “шар деген жарылат да” деп кер-мур айтыша кеттик. Биздин мʏнɵзʏбʏздʏн жакшы жери таарынышсак кайра тез эле табышып алабыз. Анан бир аздан кийин кʏйɵɵм: “Венера, ошондой кылып шардан гʏл жасап сатпайлыбы” деп калды. Бул 2016-жыл болчу. Мен дароо ал шарды каяктан алат, кантип жасайт дебей эле, сатып колума акча тийгенин элестеттим. 10 гʏл сатсам 200 сом болот экен. 10 гʏлдɵн 200 сом калса, бир кыйла акча чыгарып алам деп ишендим. Эртеси базардан шар сатып алдык.  Шар ʏйлɵгʏч (кол насос) сатып алуудан акчаны аяп, ʏйдɵгʏ унаанын дɵңгɵлɵгʏн желдеген ʏйлɵгʏч (насос) менен жасай баштадым. 10 гʏл жасагыча кутудагы шардын жарымы жарылып калды.

“Алгачкы буйрутманы ʏй-бʏлɵбʏз менен барып жасаганбыз”

-Жарылып-жарылып жʏрʏп акыры колум кɵндʏ. Тажрыйба арта баштады.  Анан инстаграмдан баракча ачып жарыя кыла баштадым. Бир нерсе жасасам баракчама киргизе коём. Буйрутмалар чыга баштады. Кɵрсɵ, шардан сонун нерселерди жасаса болот экен. 3 айдан кийин анык буйрутма чыккан. Ресторанга, тойго арка жасаш керек экен. Ак куулар, ромашкалары да бар. Ресторандын ичин жасай аласыңбы десе, коркпой эле жасай алам деп буйрутма алып алдым. Балдарымдын баарын ээрчитип алганбыз. Кʏйɵɵм экɵɵбʏз 4 баланы бирине бирин каратып коюп, бышылдап-кʏшʏлдɵп, тер кетип атып алгачкы чоң арканы жасадык. Окшошту. Жасап алып аябай суктандык. 5  миң сомго макулдашкан элек. Ошол 5 миң сом аябай ширин болгон. Азыр ошол буйрутманы 10-15 миңге жасасам керек.

“2020-жылы аниматорлорду коштум”

-Бардык нерсени кызыгуу, аракет болсо жасаса болот. Адамдын колунан келет. Ошентип акырындан гелий шарлары ʏчʏн газ сатып алдым. Буйрутмалар да кɵбɵйɵ баштады. Ага жараша балдарым-кыздарым да чоңоюп, улуу балам жардам берип калды. Бара-бара дʏкɵн ачуу муктаждыгы пайда болду. Кардар кɵбɵйгɵн сайын суроо-талап да кɵбɵйдʏ. Анан кийим саткан кичинекей дʏкɵндʏн бир бурчун алып чыгып алдым. Ишим жакшы болуп кетти. Дароо экинчи дʏкɵндʏ ачтым. Акыры азыркы иш орунубузга келип токтолдум. Бир ишти баштап алсаң, кардар ɵзʏ сени кошо ɵнʏктʏрʏп, улам кийинки кадамга тʏртʏп кете берет экен да. Шар жасаган сайын аниматорлорду сурай башташты. Кардарлардын талабынан улам 2020-жылы аниматорлорду коштум. Коён, аюу, аяз ата, аяз кыздын костюмдарын алдык. Аюунун костюмун арендага алып кетишет. Кошо барып  кийгизип беребиз. Баламдын уялчаак эмес экени кɵп жерде жакшы. Кʏйɵɵм унаасы менен ташыйт.  ʏй-бʏлɵлʏк жумуш десем болот.

“Ошум, Ошум” деп жʏрʏп кетпей калганбыз”

-Акча табам деп бизнес катары баштаганмын. 36 жашка чейин ɵзʏмдʏ кɵп издепмин. Эл катары окууга тапшырып, турмушка эрте чыкканыма байланыштуу окууну бʏтпɵй калдым. Кийин эмне иш кылсам, кантип финансылык кɵз карандысыздыктан чыксам деп кɵп ойлондум. Ата-энем тараптан “окууну бʏтʏп алганыңда кыйналбайт элең” деген сɵздɵр да болгон. Миграцияда да жʏрдʏк. Россияга эле кетип калсак дей берчʏмʏн. Себеби, ал жакта дипломсуз деле ишиң болот, акчаң болот. Кʏйɵɵм патриот. Кетпейбиз дейт. “Жок, Кыргызстан, Ошум, Ошум” деп жʏрʏп кетпей калганбыз. Ошентип ушул иштен ɵзʏмдʏ таап калдым. 36 жашымда ɵзʏм жасай ала турган ишти, ɵзʏмдʏ таап алганыма сʏйʏнɵм. Кʏндɵ ишке барыш керек эле дебестен, бʏгʏн ишке барам, бʏгʏн майрам деп келем.

“Жыл бою жумуш болуп турат”

-Кɵбʏнчɵ мекемелердин ачылыштарына арка жасайбыз. Тойлорго, туулган кʏндɵргɵ сʏрɵткɵ тʏшʏʏ аянтчасын (фотозона)  жасайбыз.  Окуу жайлардагы майрамдарга кызмат кɵрсɵтɵбʏз. Ош улуттук драм театрынан кɵп буйрутма тʏшɵт. Ал жерде ɵткɵн концерт, иш-чараларда сахна жасалгасын жасайбыз. Тɵрɵт ʏйлɵрʏнɵ чыгабыз. Балдардын туулган кʏндɵрʏндɵ жашына ылайыктап аниматорлор менен программаларыбыз бар. Самын кɵбʏгʏн чыгарган аппаратыбыз да бар. Балдарга аябай жагат. Январь ичи 15-20 кʏн кардар кʏтʏп эле отурабыз. Бирок, жыл бою иш болуп турат. Себеби, туулган кʏндɵр, майрамдар, тойлор сɵзсʏз тʏрдɵ болот. Эл ɵнʏгʏп жатат. Улам жаңы ишканалар, имараттар ачылууда. “Кыргыздын жакшылыгы тʏгɵнбɵсʏн. Жакшылыктарында биз кызмат кыла берели” деген ураан менен иштеймин. Ошто шар менен иштегендер абдан кɵп. Атайын программа менен сценарий жазып иштегендер аз. Шар менен иштɵɵ боюнча 1-орунда турбасам дагы 2-орунда турам азырынча.

“Бир тойдо…”

-Бир тойдо аюунун кийиминде бийлеп жаткан кызымдын башында кийип турганын бир мас абалындагы жигит тарткылап аябай ыңгайсыз кылган. Тойдо жаш балдар болот. Алар “бизге Мишка менен Зайка” келди деген эле ойдо калыш керек да. Ар тʏрлʏʏ адамдар бар. Ичип алгандар кээде ушундай кылыктарды жасашат. Дароо коргоп уруша кеткенмин.

Венера Акматалиеванын уулу, ОшМУнун Киноакадемиясынын 4-курсунун студенти Бекгазы уулу Арсен:

 “Биздин жумуш аябай кызыктуу”

-Бул ишке ата-энем менен бала кезибизден эле аралашып калдык. Аниматор болуп иштеген аябай кызыктуу. Желдеткич (вентилятор) менен иштеген аюу бар. Жɵнɵкɵй коён, аюунун костюмдарынан эч айырмасы жок. Экɵɵнʏ тең кийгенде аябай ысытат.  Желдеткич  костюмду ʏйлɵп турганы эле болбосо тердеп кетесиң. Бир жолу ɵзбек туугандардын ʏйʏнɵ барсак жалаң аялдар экен. Мен аюунун костюмунда элем. Баары бийлеп жатат. Кɵңʏлдɵрʏн кɵтɵрɵйʏн деп мен да бийлеп атам. Туулган кʏн ээси мектепти аяктайын деп калган кыз экен. Аны кɵтɵрʏп айландырып кирсем эле баары бири-бирин карап, тʏшʏр деп калышты. Аюнун ичинде мен экенимди билгенден кийин сʏрɵт, видеого тартпаңыз, эч жакка жʏктɵбɵңʏз дешкен.  Бир чети ыңгайсыз абал болгон. Мындай окуялар кɵп эле болот. 

Бʏкалча Маматали кызы