8 сентября, 2024

30 жылдан кийинки жолугушуу…

2017- жылы кʏз айында ɵз айылыбыздагы ааламдан ɵткɵн  бир кишинин  тажиясына барып калдым.  Мен барганда   эл маркумду мʏрзɵгɵ коюп келип, куран тʏшʏрʏʏ башталып калган экен.  Тажияга  келген эл кɵп болгондуктан,  адамдар сырттагы кɵчɵ тараптагы жерге да чɵгɵлɵп отуруп калышыптыр. Мен да катарга  отура калдым. Куран окулуп бʏтɵрʏндɵ тизелерим талып,  катуу ооруп кеткендиктен,  туруп даракка жɵлɵндʏм. 

Ошол мезгилде бир жигит  жаныма келип;

-Сиз Расул акесизби?- деп сурап калды.

-Ооба дегиче эле

-Афганистанда болгонсуз, ээ?деп сурады.

-Ооба.

-Сен кайдан билесиң?

-Экɵɵбʏз  Баграмда жолукпадык беле, эсиңиздеби? Сиз мага жардам бергенсиз, -деди кɵздɵрʏ жайнап…

-Бирок, сенин да ɵңʏң мага тааныштай, азыр толмоч экенсиң, мʏмкʏн мурда жаштыгыңда  башкача  болсоң керек,- дедим.

 Ал да мени бир кɵрʏп тааныбай, даракка жɵлɵнʏп турганымда,  Баграмда  дубалга жɵлɵнʏп турган  турпатыма окшотуп таанып калып, жаныма келип сураган экен.  Ары барып, бир аздан кийин  апасын жетелеп келип;

-Апа, мага Афганистанда жардам берген киши ушул деп тааныштырды.

Ошол жердеги коңшу ʏйгɵ кирип, экɵɵбʏз Афганистандагы  ɵткɵн-кеткен окуяларды  эстеп, чер жазыша кɵпкɵ сʏйлɵштʏк. Ал  жигит ɵзʏн жакшылап тааныштыргандан кийин кээде эстеп жʏрɵк “дирт” экен, кээде  кɵңʏл  бийлеп, толкунданткан  окуялар биринин артынан бири  кɵз  алдыма  чууруп келе баштады.

Билбейм,  Афганистанда ɵткɵн ɵмʏрʏм  саналуу болгонуна карабай,  ушул кезге чейин ошол апааттан тирʏʏ келгениме, кандуу согуштун кɵз ирмемдерин каректен ɵчʏргɵнгɵ таптакыр  мʏмкʏн эмес экенин  сездим… Биз ошол кезде  солдат элек, ɵкмɵт менен партия каякка айдаса, ошол жакка  барганга милдеттʏʏ элек. Азыркы  жаштарга мунун тʏпкʏ маңызын тʏшʏндʏрʏʏ кыйын. Согуштун ɵзʏнʏн стихиясы, запкысы, муң-азабы, кан менен тер аралашкан жыты бар… Согуш  ɵмʏр менен ɵлʏмдʏн  саатсыз таймашы,  санаксыз кʏрɵшʏ. Кино тасмадан же телевизордон кɵргɵн согуш менен ɵз кɵзʏң менен кɵрʏп, жʏрɵгʏңдɵн  ɵткɵргɵн согуш эки башка нерсе.  Кʏн сайын керек болсо саат-мʏнɵт сайын кɵз алдыңдагы ажал менен тынымсыз таймашып отурасың…

Ал мезгилде 1987- жылы  мен  Баглан провинциясынын  Пули-Хумри  шаарындагы  Афганистандын  Ички иштер министрлигине караштуу  ыкчам батальонунда кызмат ɵтɵп жатканмын.  Кызмат иштери боюнча  Кабул шаарына келип отчет тапшырып, мага тапшырылган керектʏʏ   амуницияларды алып,   Пули-Хумри шаарына жɵнɵп жаткан элем. Бир   убакта  СССРдин аскер  формасындагы капитан:

— Баграм шаарына  чейин алып кетесизби?- деп суранып калды.  БРДМде  (Бронированная  разведывательная-дозорная машина)  ʏч киши: айдоочу, анын командири эки афгандыктар(аттары Сурхгул, Навоб) жана  мен болчубуз.  Орун болгондуктан  дароо макул болдум.

Жолдо келатканда таанышып, аркы-беркини   сʏйлɵшкɵнчɵ келе жаттык.  Кайсы бир  согуштук операцияда бир взвод  тапшырма аткарбай койгондугу ʏчʏн операция  ийгиликсиз болуп,  ошол фактыны  жеринде иликтɵɵ-изилдɵɵ ʏчʏн бара жаткан   ички коопсуздук кызматкери экен.  Адаттагыдай эле Афганистанда жолуккан советтик адамдардын кезиккенде эле   сʏйлɵшчʏ сɵздɵрʏ: кайдан болосуң, кандай тагдыр менен бул жакка келип калдын, ʏй-бʏлɵ жɵнʏндɵ сурашып келдик. Ал жигит мурда Бишкекте бир жыл иштеп кеткен экен, эл-жерди сагынганы кебинен сезилип, Бишкекти аябай мактап отурду.

Мелжеген жерге жетип, аны тиешелʏʏ  аскер бɵлʏгʏнɵ алып келдик, ал мени   тʏшкʏ тамакка  чакырды.  Тигил  БРДМди сыртка калтырып,  экɵɵбʏз ашканадан  тамактанып чыктык. Ошол жерде бир нече солдаттар турган экен, бирɵɵсʏн  кыргызга окшотуп, жанына барып:

-Кайдан  болосуң?- десем,

— Кыргызстандан деди.

 Илгерки тааныштардай кубанып, экɵɵбʏз жакындан  таанышып, суйлɵшʏп калдык. Бири-бирибизди жакынсынтып, ымалабыз да келише калды. Кыргызстандан экенибизди билгенибизде ого бетер  жакынсынып, бир туугандай  сезим  бийледи. Бир аздан соң ал мага мындай окуяны  айтып берди.

-Биздин взводдо  15  адам бар болчу.  Командирден  бизге ɵзгɵчɵ тапшырма берилди, буктурмада болобуз деп тапшырманы  жакшылап тʏшʏндʏрʏп, айтылган жерге бардык.  Ал жер буктурмага ɵтɵ ыңгайсыз, чар тарабы ачык жер экен, анын ʏстʏнɵ тоо-таштын,  уңкул-чуңкурун биз жакшы да билбейбиз.  Тʏндɵсʏ саат 1-2 лерге чейин отуруп, балдар командирге кетели деп коопсуздана баштады. Ɵздɵрʏнчɵ сʏйлɵшʏп, саат 2лерде ал жерден чыгып, базага  таңкы саат 5терде келдик.  Андан кийин   командирлери  бизди кʏнɵɵлɵп,  “тапшырманы ʏзгʏлтʏккɵ учураттыңар, эми жоопкерчиликке тартыласыңар” деп айыпка  жыкты. Баарыбыздын маанайыбыз тʏшʏп, абалды кантип туура, так  тʏшʏндʏрʏʏнʏ билбей, нес болуп турдук. Бизди текшергени атайын Кабулдан киши келет деп кʏтʏп жатабыз деди.

 Мен дагы бир -эки солдаттар менен сʏйлɵшʏп, “бул жигит чечимди кабыл алууга эч кандай тиешеси жок экендигин тʏшʏндʏм. Жанагы мени менен келген капитан ушуларды текшергени келиптир. Ал да мага келип;

-Бу солдат эмне деп жатат? — деп сурап калды.

Мен ага болгон ишти тʏшʏндʏрʏп, бул жигит сага орусча жакшы тʏшʏндʏрɵ албайт, окуя мындай болгон экен деп  баарын айтып бердим. Андан кийин бул солдат жɵн гана  ɵз командиринин буйругун  аткарыптыр, эч кандай кʏнɵɵсʏ жок,- деп  кошумчаладым.  Жардам берип коюусун суранып,  биз андан ары жолду  уладык.

Ал солдатты ошол  эле кʏнʏ “сенин агаңдын суранычы боюнча…” деп башка аскер бɵлʏгʏнɵ котортуп  жибериптир. Ал жактан  баягы жигит  кызматын ийгиликтʏʏ  аяктап, ʏйʏнɵ аман-эсен кайтып келип, бала- чакалуу болуп,  жакшы жашап жатыптыр.

Тагдыр бизди кайрадан ушинтип жолуктурду. Арадан отуз жыл ɵткɵнʏ менен ошондогу окуяны  унутпай, туз-насиби тʏгɵнбɵй,  ɵмʏр-тагдырына  тʏзбʏ- кыйырбы, айтор, оң таасирин тийгизген  мени унутпаганына  чындап кубандым.

Расулберди Раимбердиев, генерал-лейтенант