8 сентября, 2024

“Театр менен жашташ кийимдер сакталуу”

Айрым адамдар угуп, айрымдар кɵрʏп таасирленишет. А театр сахнасы экɵɵнʏ тең бирдей тартуулаган, жомоктой керемет жер. Анткени, не деген тарыхый инсандар ошол замандын кийими, жʏрʏм-туруму, сɵзʏ менен алдыңызга чыга келет. Кɵрʏʏ адамды кɵбʏрɵɵк таң калтырат деп ойлойм. Анын ʏстʏнɵ кɵрʏʏ чындыкка жакын. Ошондуктан элде: “кийимине карап кабыл алып, билимине карап узатат” деген сɵз калса керек. Бул жолу бизди спектаклдерде артисттер театр сахнасына кийип чыккан костюмдар кызыктырды. “А” деп театр кийим кампасынын астанасын аттагандан тарыхтын, чыгармалардын арасына кирип кеткендей болдук. Кампа башчысы Инабат Дадаеванын иши аябай кызыктуу, ары жоопкерчиликтʏʏ экен. Отчет тапшырып жʏргɵн жеринен жолуктук. Сахнада кийилген костюмдар кантип даярдалып, кандай жерде сакталары кызык болсо, жʏрʏңʏз.

Театр кызматкери, костюмер Инабат Дадаева:

“Театрдын костюмдарын ɵзʏмдʏн кийимимден жогору коём”

  —  Арыбаңыз, эже! А дегенде аткарган кызматыңыз кызык болуп турат. Костюмер кандай кызмат аткарат?

— Алгач жумушка орношкондо 3 кʏндɵн кийин костюмдар боюнча ишке ɵтʏп кеттим.  Быйыл иштегениме 17 жыл болду. Биринчи спектаклди тандашып, анан сʏрɵтчʏ образдарга ылайыктап сʏрɵтʏн чийип,  костюмдарды тактап берет. Кɵбʏнчɵ костюмдардын кандай болушу режиссер-художник тарабынан чечилет. Сатып ала турган даяр кийимдер болуп калат. Тигиле турган кийимдерди театрдын тигʏʏ цехиндегилер тигип беришет. Баары даяр болгондо театрдын кийим кампасына ɵткɵрʏп беришет. Кийимдерди кабыл алгандан кийин ал костюмдардын жоопкерчилиги мага ɵтɵт. Айрым спектаклдерде картина алмашканда костюмдары да алмашат да. Аларга сахнанын четинде туруп кийим алмашуусуна жардам берем. Ар бир спектаклдин ɵзʏнɵ гана арналып тигилген кийимдери болот. Баш кийиминен бут кийимине чейин. Бир спектаклдин кийимдери башка спектакль ʏчʏн колдонулбайт. Роль, образдар аныкталгандан кийин кайсыл артист кандай образды ойносо, костюмдарын да ошол артисттердин бɵлмɵлɵрʏнɵ коюп чыгабыз. Спектакль бʏткɵндɵн кийин кайра жыйнап алып, жууп-тазалап кийим кампага илип коёбуз.

Инабат эже иш убактысынын тыгыздыгына карабай 4 кийим кампанын ʏчɵɵсʏ менен тааныштырып чыкты. Мени бир эсе костюмдардын кɵптʏгʏ таң калтырса, бир эсе ал костюмдарды ким, качан, кайсы спектаклге кийгенин жат билген Инабат эже таң калтырды.

“Костюмдардын баарын жатка билем”

— Театрда ɵткɵн 17 жыл бир топ тажрыйба болсо керек?

— Албетте, бул жылдар, театр кɵп жакшы таасирлерди калтырды. Жакшы адамдарга жолуктурду. Руханий жактан  да байытты. Театрдагы костюмдар – кайталангыс, баалуу. Таза бойдон сапатын жоготпой сактаганга аракет кылабыз. Тон, чапандардын жакаларын, атайын тигилген баш кийимдерди, суусар тебетейлерди эс алууга кетип атканда кʏбɵ тʏшʏп кетпес  ʏчʏн  дарылап кетем. Бул жердеги кийимдерди ɵзʏмдʏн кийимимден да жогору коём. Анткени, бул элдики. Артисттер кийген кийимдердин баарын жатка билем. Кайсы каарман, кайсы актер кийгенинин баары кɵз алдыңа тартылып, сиңип калат. Сахнага кийип чыккандары кɵз алдыңа тартылат. Кайсыл спектакль болбосун “бул муну кийген, бул муну кийген” деп айтып бере алам. Иштеп турсаң баары тааныш болуп калат экен.

Бир топ жыл болсо да, ɵңʏн жоготпой сакталып турган костюмдар, атайын эскидей кɵрʏнгɵн чокойлор, жайкы, кышкы, илгерки жана азыркы замандын бут кийимдери, суусар тебетейлер, элечектер, галстуктардын, ар бир предметтин ɵзʏнʏн тарыхый ээси бар. Аларды кимдер кийбесин алгач кийген инсандар кампачынын эсинде экен. “Бул кийимдер артисттердин жаштыгы” — дейт эже.

“Бул кийимдер тарых экен”

— Кийим кампада сакталган кийимдердин тарыхын бʏт билет экенсиз да.

— Ооба, театр, костюмдар белгилʏʏ, таланттуу кишилер менен кɵп жолуктурду. С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 1972-жылы негизделген болсо, бʏгʏнкʏ кʏндɵ  биздин кампаларда театрыбыз менен жашташ кийимдер да сакталуу. Кыргыз Эл артисти маркум Тынарбек Аманов, Кыргыз Эл артисти Ташбек Кудайбердиев,  Марат Алышпаев, Кыргыз Эл артисти Турганбʏбʏ Бообекова кийген кийимдер бар. Аларды да азыркы артисттерибиз спектаклдерге кийишет. 2005-жылы коюлган С.Жетимишовдун «Алымбек датка» тарыхый драмасында датканын ролун ойногон актёр Солтобай Кулбаевге тигилген сары тʏстɵгʏ улуттук чапанды 2014-жылы «Курманжан датка» кɵркɵм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарган белгилʏʏ актер, маркум Азиз Мурадиллаев кийип, киного тартылган.  Театрды тʏптɵɵчʏлɵрдʏн бири, Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетованын да кийген кийимдери сакталуу. Ал бир топ жыл мурун эл аралык фестивалга келгенде ɵзʏнʏн жаш кезинде  спектаклге кийген кара баркут чапанын кɵрʏп кɵзʏнɵ жаш алган. Бул кийимдер тарых. Ошол артисттердин жаштыгы экен. 

“6 спектаклге 16 баштык,  1 сандык костюм менен бардык”

— Театр катышкан иш-чараларга, иш сапарларга да кошо барасызбы?

— Жаш кезимде театрда иштейм деп такыр ойлобоптурмун. Бул да болсо Алланын буйруганы экен. Костюмдар ар дайым таза бойдон сакталып, даяр турат. Жашоодо кээде кʏтʏлбɵгɵн жерден бир иштер чыгып калат. Андай кездерде артисттердин кийимдери коюлбай калса кыжалат болом. Биздин театр, артисттер кандай иш-чарага, фестивалдарга катышпасын мен да кошо барам. 2-3 жыл катар ɵткɵн Кɵчмɵндɵр оюндарында театрдын эле эмес, Ош облусунун атынан бара тургандардын баарынын костюмдарын карап, тактап барып жʏргɵн кʏндɵр болду. 2023-жылы биздин театр Бишкек шаарына 6 спектакль менен бардык. Ошондо 6 спектакльдин костюмдары 16 жол сумкасы, 1 сандык толо болду. Бир кʏндɵ эки сеансты ɵткɵрʏп жаттык.

“Костюмдардын баарын ʏтʏктɵп салып, кайра бырыштырып…”

— Театр, костюмдар. Алгач эмнеси менен эсте калган?

— Бир окуя эсимде. Театрга жумушка киргенден кийин тез эле Караколго фестивалга барганбыз. Менин биринчи иш сапарым эле. Ч. Айтматовдун “Кɵктɵм кɵксɵгɵн Сары-Ɵзɵк” спектакли менен бардык. Жаңы жумушка киргендиктен жакшы тʏшʏнɵ бербедим. Ал жерде кийимдердин баарын ʏтʏктɵп даярдап бериш керек деп ойлоп, эски, согуш мезгилиндеги кийимдерди дагы ʏтʏктɵп коюпмун. Тʏнкʏ саат 2ге чейин ʏтʏктɵп, убакыт кеч болуп кеткен. Эртеси эрте менен костюмдарды кɵргɵн эжелер согуш мезгилиндеги кийимдер ʏтʏктɵлбɵйт деп колдорун суулап бырыштырганы эсимде. Чындыгында жаңыдан жумушка кирип, ʏтʏктɵ десе, бардыгын ʏтʏктɵп чыгарам деп ойлопмун да. Андан бери бир топ жыл ɵттʏ. Иштин арты менен Маданият министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлчʏлʏгʏнʏн ,Ош шаардык мэриянын  ардак грамотасы менен сыйландым.

Бʏкалча Маматали кызы