27 апреля, 2024

Кызамык – аба аркылуу жугуучу вирустук оору

 

Инфекциянын булагы болуп оорулуу адам саналат. Кызамыкты негизинен бул ооруга чалдыккан, бейтап менен жок дегенде кыска мөнөттүү байланышта болгон, эмдөөдөн өтпөгөн адамдар жуктуруп алышат.

Эмнеден улам пайда болот?

Кызамык – балдардын арасында тез таркалуучу, коркунучтуу, жугуштуу оору. Бул оору айрыкча 1 жаштан 6 жашка чейинки балдардын арасында көп кездешет.Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин балдары да көбүнчө кызамык менен оор абалда болушат. Эмделбеген бала  кызамык менен ооруган оорулуу менен тыгыз контакта болсо, сөзсүз 99 пайызга чейин ооруп калуусу мүмкүн.

Оорунун белгилери:

  • Кызамык оорусу аба аркылуу жугат, андыктан оорулуулар менен жакын алакага барбоо, башкалардан бөлүү керек.
  • Дене табы ашыкча көтөрүлсө (39-40), бейтапканага барбай, үйгө дарыгер чакыруу.
  • Дене табы ысыганда баланы же чоң кишини ороп-чулгабай салкын кармоо керек.
  • Баланын ичи өтүп, кусуп жана денелерине бүртүкчөлөр чыга баштаса ал-кызамыктын белгиси.
  • Кызамык сасык тумоо катары башталат, андыктан гриппке чалдыккандар 21 күн дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек.
  • Оорунун алдын алуу жана айыктыруу үчүн А витаминин берүү.
  • Дарыгер жазган антибиотиктерди гана алуу абзел.
  • Оорулуу киши бар үй-бүлө мүчөлөрүн тезинен эмдетүү зарыл.

Эмнеси менен коркунучтуу?

Иммунитети начар бейтаптар оорунун оор түрү менен ооруп калышы мүмкүн. Мисалга алсак,  кулактын (отит), мурун көңдөйчөлөрүнүн сезгениши (ымыркайлардын өлүмүнүн кеңири таралган себеби), мээ кабыкчаларынын сезгениши (энцофалит) пайда болот. Мээнин калыбына келбей турчу бузулууларына алып келет. Андан башка эпилепсиялык талмага, көздүн чел кабыгынын бузулушуна, сокур болуп калуусуна угуунун начарлашына алып келүүсү мүмкүн.

Кантип алдын алуу керек?

Кызамык оорусун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кабыл алган календары боюнча 12 айга толгон балдарга эмдөө жүргүзүлөт. Ал эми 6 жашта иммунитетти бекемдөө үчүн бала кайрадан эмделет.Алдын алуунун ишенимдүү жана милдеттүү жолу-эмдөө гана  болуп саналат. Эмдөө дарыгердин текшерүүсү менен жасалат жана ал ден соолук үчүн зыянсыз.

Дарыгер-иммунолог Сапарбаева А.