26 апреля, 2024

Суусар Сагымбаева:  “Кургак учук менен ооруган адам айыкса, дарыгерге, медайымга акчалай сыйлык ыйгарылат”

Ош шаарында калк саламаттыгы менен кʏрɵшкɵн бир топ ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер тобу бар. Бʏгʏн шаардагы №1 ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер тобу жана андагы аткарылып аткан иштер, жетишкендиктери тууралуу сɵз кылабыз. Биздин суроолорубузга мекеменин клиникалык жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Суусар Сагымбаева жооп берет. 

“Кант диабети менен ооругандар кɵп”

-Биздин ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер тобу шаардын так ортосунан орун алган Абдыкадыров кɵчɵсʏндɵ жайгашкан. Мекемеде ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер тобу  жана клиникалык диагностика бɵлʏмʏ бар. Негизи шаар боюнча биохимиялык анализдер алынган лабораториябыз калктын кызматында. Бул шаар боюнча бир эле биздин мекемеде бар. Кант диабети менен жабыркаган жарандар жыл бою 4 жолу текшерʏʏдɵн дал ушул биздин лабораторияга келип анализ тапшыра алышат. Жуманын шейшемби кʏндɵрʏ келсеңиздер кезекке турган адамдарды кɵп экенин кɵрɵсʏздɵр.

 Тилекке каршы, азыркы учурда кант диабети менен ооругандар да кɵп болууда. Мындан сырткары кургак учук менен ооруган жарандар да биохимиялык анализдерди тапшырып турушат. Бул оору менен ооруган адам кɵп дары ичкен ʏчʏн биринчи кезекте боор жабыркайт, ошого киши саламаттыгы ʏчʏн маал-маалы менен анализ тапшырып турбаса болбойт.

“Кургак учуктан айыкса болот”

-Кургак учук менен ооруган жарандар квартал сайын бизден текшерʏʏдɵн ɵтʏп турушат. Азыр алар мурункудай ооруканада 6 айлап жатпай калышкан. Дарысын алып ʏйʏндɵ иче берет, ичип бʏтʏп аймактык ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлерине кайрылышат. Эгер адамдын жашоо-шарты оор, кɵп балалуу болсо, ачык формадагы кургак учук менен жабыркаса дарыгердин кɵрсɵтмɵсʏ аркылуу оорулуу ооруканага жаткырылат. Азыр кургак учукту айыктырса болот деп калбадыкпы. Эгер жашоо шарты талапка ылайык келсе ʏйʏндɵ эле каралат, оорулуу толук айыгып кетсе каттоодон да чыгарылат. Жакындан бери жакшы жаңылык катары айта кетпесем болбойт, кургак учук менен ооруган адамды караган медайым менен дарыгерлерге оорулуу айыгып кетсе, компенсация катары мамлекет акчалай сыйлык ыйгарып жатат.

Жакында кургак учук оорусу менен кʏрɵшʏʏ максаттта GEN эксперт деген жаңы аппарат коюлган, бул кургак учук менен ооруган адамдын организминде оору алып жʏрʏʏчʏ таякчалар бар же жок экенин 2 саат убагында аныктап берет. Санариптик рентген деп коёбуз, учурда орнотулуп жатат, толук ишке кире элек. Анткени 3 фазалуу электр тогу керек экен, 3 фазалуу электр чубалгысына уланса ишке кирип калат. Санариптик дегенде белгилʏʏ да заманбап технология менен дарт аныктоодо дарыгерге да жеңилдик болот. Бул да шаар боюнча бизде гана болгону турат.

Мамлекеттик ишкана жылына бир ирет профилактикалык кароодон ɵтɵт

-Биз тейлеген аймак катары айта турган болсом мекеменин карамагына кирген 20 миңдей калк бар. Себеби шаардын ортосу болгон ʏчʏн отурукташып калган калкты тейлейбиз десем туура болот. Кɵп кабаттуу ʏйлɵр деле борбордо азыраак, кɵбʏнчɵ жер ʏйлɵр менен кошо 4-5 кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵ жашаган тургундар бизде каттоодо турушат. Мындан сырткары Ош мамлекеттик университетинин студенттери, мекеме, ишканалардын кызматкерлери да ден соолугун бизде кɵзɵмɵлдɵйт. Мамлекеттик ишканалар жылына бир ирет профилактикалык кароодон ɵтʏп турат.

Мекеменин  ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер тобунда 7 дарыгер, 16 мээрбан айым эмгектенет. Кɵз дарыгери, кулак мурун, тамак оорулары дарыгери, ультра ʏн менен изилдɵɵчʏ аппарат, ЭКГ, КТГ аппараттары , невропатолог, эндокринолог, хирург, кардиолог, жугуштуу оорулар боюнча караган инфекционист дарыгер, 2 рентгенолог, серологиялык лаборатория калк кызматында.

Мʏмкʏнчʏлʏктɵр…

-ʏй бʏлɵлʏк дарыгерлер тобуна каттоого турган жарандардын дарыгерлер тарабынан жолдомосу болгон учурда тɵмɵнкʏ кызматтар акысыз кɵрсɵтʏлɵт. Дарыгердин кабыл алуусу, акысыз кеп-кеңеш, анын ичинде бейтаптын картасын ачуу жана тʏзʏʏ, амбулатордук медициналык карта, кош бойлуу аялдын ɵздʏк жана алмашуу картасы, ден соолугунун абалы боюнча аныктама, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы, изилдɵɵгɵ жана стационардык дарылоого жолдомо жана башкалар. Ошондой эле кечиктирилгис медициналык жардам кɵрсɵтʏʏ, медикаментоздук дарылоо, дайындоо кызматтары кɵрсɵтʏлɵт. Кандын жалпы анализи, кандагы кантты аныктоо, заарадагы кантты аныктоо, кандагы холестеринди аныктоо, уретралдык жана вагиналдык мазоктун микроскопиясы, кандагы гемоглобинди аныктоо, какырык анализи жана электрокардиограмма.

Гʏлсʏн Эсенкулова, 38 жылдык тажрыйбасы бар эндокринолог:

“Кант диабети жашарып баратат”

-Мен  борбордогу Кыргыз медициналык институтун 1985-жылы аяктап, ушул жерге ишке келгемин, ошондо Хакимулина Аклима Абдуллаевна деген эндокринолог экɵɵбʏз иштеп калдык, кийин 1994-жылдан баштап Чолпонай Абдрахманова экɵɵбʏз эмгектенип келебиз. Ошол жылдан бери ушул поликлиникада эндокринолог болуп эмгектенип келем. Ортодо 2 жолу декреттик ɵргʏʏгɵ 1 жылдан кеткенимди эсепке албаганда калган мезгилде такай иштедим десем болот. Ал мезгилдерде чындыгында кант диабети менен жабыркагандар аз эле. Бул оору менен ооруган жаш балдар дээрлик жок болчу. Азыркы учурда кант диабети жашарып да баратат, мектеп окуучулары арасында да ооругандар болууда. Мисалы, ɵткɵн жылы 31 бала катталса, быйыл да алардын саны 31ге чыкты. Биздин кʏндɵрдɵ балдардын тамактануусу туура эмес, фастфудду  кɵп жешет. Пандемия учурунда ковидден кийин дагы кант диабети кɵбɵйдʏ. Себеби ошол вирус инсулин бɵлʏп чыгара турган бета клеткаларды, мындайча айтканда, талкалайт. Экинчи типтеги адамдар семирип кетʏʏ, гипертониялык оорусу барларда кɵп кездешет.

Ырас ак халатчан болуп, калк саламаттыгы ʏчʏн ушул кесипти тандап алган соң жумушуңдан ырахат алып иштейсиң. Бирок, акыркы учурларда кант диабети менен жабыркагандардын кɵбɵйгɵнʏ жɵнɵкɵй жаран катары мени да тынчсыздандырбай койбойт. Ден соолук болсо баары болот. Эч бир пенде оорубасын.

Элира Чынтемир кызы