27 июля, 2024

Косметология: Эрин чоңойтуп, беттеги бырышты жазуу керемети

Face Skin Care. Close-up Of Woman Getting Facial Hydro Microdermabrasion Peeling Treatment At Cosmetic Beauty Spa Clinic. Hydra Vacuum Cleaner. Exfoliation, Rejuvenation And Hydratation. Cosmetology.

Албетте, сулуулук ʏчʏн бет тʏзʏлʏштɵн сырткары ооз, кɵз, мурун баары идеалдуу болуусу керек. Эгер кандайдыр кемчилдик болсо косметологиянын жетишкен заманында бул кɵйгɵй эмес. Оозуңуз кичинеби, анда кɵлɵмʏн чоңойтууга болот. Косметологдор учурда эринге жана бетке зыянсыз процедуралар бар экенин айтып жатышат.

Наргиза Курбанова, врач-дерматокосметолог:

-Аялдын ден соолугунда кандай кɵйгɵй болсо ооз чоңойтууга болбойт?

-Ооз чоңойтуу боюнча жаш кыздар кɵп кайрылышат. Мисалы, 22-55 жашка чейинки айымдар арасында косметологиялык бул процедура актуалдуу болуп саналат. Бирок, бул процедура бардык эле айымдарга сунушталбайт. Эгер аял кош бойлуу болсо, бала эмизсе, курч ɵнɵкɵт оорулар бар болсо, ооздогу учук-жаралар болсо оозду чоңойтуу процедурасы сунушталбайт.

-Гель тʏрʏндɵгʏ препарат эриндердин формасын канча убакытка чейин сактай алат?

-1 миллиграмм гель тʏрʏндɵ эриндерге куюлган гиалурон кислотасы 6-8 айдан 1 жылга чейин ɵз формасын жоготпойт. Биз пациенттерге гель тʏрʏндɵгʏ гиалурон кислотасын сунуштайбыз. Бул кислота суу молекулаларын кармап, ткандардын ийкемдʏʏлʏгʏн жана нормалдуу иштешин камсыз кылат. Дененин бардык бɵлʏгʏндɵгʏ суу балансын сактоого жɵндɵмдʏʏ.

-Беттеги бырыштарды жазууга кандай ыкма колдонулат?

-Ал эми беттеги бырыштарды  ботокс аркылуу жазууга болот. Ботокс — мимикалык бырыштарга каршы каражат катары колдонулат. Дары ийне аркылуу сайылып, беттин булчуңдарына таасир этет жана эс алдырат. Дарынын курамы биз жогоруда айткан гиалурон кислатасынан туруп, процедура биоревитализация деп аталат. Бул процедуранын функциясы ботокс жана контурдук пластика (филлер) жана жип аркылуу кɵтɵрʏʏ болуп эсептелет.

Аида Абдуллаева, врач-косметолог:

-Гиалурон кислотасынын мɵɵнɵтʏ бʏткɵндɵн кийин кайда тарайт?

-Гиалурон кислотасын зыянсыз деп жатканыбыздын себеби ал белгилʏʏ убакытка баргандан кийин эринде эч нерсе калбай, организмден чыгып кетет.

Беттеги бырыштарга токтолсок, кɵпчʏлʏгʏ ботокс сайылат деп айтышат. Бирок, ботокс сайылбайт. Анткени учурда филлер бар. Адамдын ден соолугуна эч кандай зыяны жок.

-Эрини кургай берген адамдарга ооз чоңойтуу процедурасы кандай таасир этет?

-Айымдарга сунуш катары айтар элем, эгерде эрини дайыма кургап, жарылып ыңгайсыздык жаратса, гиалурон кислотасынан 0,5 миллиграмм сайып койсо формасын эч кандай чоңойтпой, жɵн гана нымдаштырып берет.

-Процедурадан кийин эмнелерди жасоого болбойт?

-2 кʏн ысык чай, кофени атайы тʏтʏкчɵ менен ичʏʏ керек. 1 жума мончого тʏшʏʏгɵ, дары, антибиотик жана  туздуу тамактарды ичʏʏгɵ болбойт. Сууну болсо тынбай ичип туруу пайдалуу.

-Теридеги бырыштарды жазуу процедуралары кандай тʏрлɵргɵ бɵлʏнɵт?

-Терибиздеги бырыштарды кетирʏʏ ʏчʏн косметологияда тɵмɵнкʏдɵй процедуралар колдонулат: мезотерапия, биоревитализация, плазмолифтинг.

Мезотерапия – бул атайын флакондо даяр витаминге бай препарат. Айымдардын жашына карап, тандалып сайылат. Бир аптада 1 жолу 4,5 процедура болот. Биоревитализация — атайын витамин, бырышты алдын алуу ʏчʏн да сайылат. Эгерде бырыш болсо, 5-6 процедураны 14 кʏндɵ жасоого туура келет.

Плазмолифтинг — пациенттен кан алынып, атайын аппаратка салынат да плазма чыгат. Ошол плазмага керектʏʏ препараттар кошулуп сайылат 7-10 кʏндɵ 1 жолу 4,5 процедура .

-Бетке витаминдерди кайсы убакта саюу керек?

-Бырышты алдын алуу керек, бизде кɵпчʏлʏк аялдар бырыш тʏшкɵндɵн кийин витамин сайдырууга келишет. Бул туура эмес. Алдын ала витамин сайдырып турса теринин ийилчээктигин кармап турат. Кеңешим бырышты алдын алуу ʏчʏн кʏндɵн сактоочу кремдерди жайы-кышы дебей бардык мезгилде колдонуу керек. Кремди да жаш куракка карап туура тандоо зарыл.

Кызыктуу факт:

-Тʏркмɵнстанда ботокс жасатып, кошумча кирпик чаптатууга тыюу салынган.

Тʏркмɵнстанда миграциялык кызмат ботокс жасатып, кошумча кирпик, жасалма тырмак чаптатып алган аялдарды аэропортто эл аралык каттамдарга ɵткɵрбɵгɵн учур ɵткɵн жылы катталган.

Анда бир нече бир нече аялдар жʏргʏнчʏлɵрдʏн тизмесинен алынган.

Ал эми миграция кызматкерлери бул жогору жактан берилген буйрукка негизделгенин билдиришип, “Кеткиңер келсе, эриндеги ботоксту жана башка сулуулук ʏчʏн жасалган жасалма нерселерди алгыла. Жасалма эрин жасаткандарды компьютердеги жʏз таануу программасы да аныктай албайт. Эгер сиз паспорттогудай табигый тʏрдɵ кɵрʏнбɵсɵңʏз, ɵткɵрɵ албайбыз” деген талаптарын коюшкан.

Эске салсак, Тʏркмɵнстанда март айында бийликке мурдагы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухамедов келгенден кийин тʏркмɵн жарандарына, айрыкча аялдардын тышкы келбетине кɵзɵмɵл кʏчɵгɵн. Ɵлкɵдɵ айрым косметикалык операцияларга маселен, тɵштʏн пластикасына же татуажга тыюу салынган. Кɵчɵдɵ жасалма тырмак жана кирпик чаптап алгандарды кармоо учурлары кɵбɵйʏп, бул эрежелерди сактабаган аялдарды кармап, айып пул салышып, атʏгʏл жумуштан бошотулат.

-Ооз чоңойтуудагы процедуралар 20 мʏнɵттɵн ашык эмес убакытты талап кылат, андыктан ɵзʏңʏздʏ психикалык жактан даярдоонун кажети жок.

-Ал эми процедурадан кийин Анжелина Жолинин эриндериндей болот деп кыялданбаңыз, анткени процедура кɵлɵмʏн гана чоңойтот, бирок формасы ошол эле бойдон калат.

-Эриндин териси укмуштуудай ийкемдʏʏ, ошондуктан гиалурон кислотасын кɵп жылдар бою сайып, бир кʏнʏ эле капыстан токтоп калсаңыз, олуттуу ɵзгɵрʏʏ деле болбойт.