26 апреля, 2024

Эч ким, эч качан унутулбайт!

Ош шаарынын аскер комиссиаратынын расмий маалыматына ылайык, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ош шаарынан Советтик Армиянын катарына 14621 адам чакырылган. Алардын ичинен 3627 адам каза тапкан, бул цифрада арасында дайынсыз жоголгондор да бар. Ɵз мекенине аман кайткандар 10994 адам болсо, мунун ичинен 619 адам ар кандай жаракат алышкан. Советтер Союзунун Баатыры деген наам алгандар: Жумабаев Ташмамат, Немцев Иван Спиридонович, Пичугин Дмитрий Николаевич, Фуковский Александр Васильевич, Цинделис Берелис Израилович. “Даңк”ордени менен ʏч жолу Бадигин Михаил Петрович жана Парпиев Абдурашид сыйланган. Т.Жумабаевге, Д.Пичугинге, М.Бадигинге, А.Парпиевге эстеликтер тургузулган.

Ош шаарынын ардагерлер кеңешинин тɵрагасы Бакыт Карыбеков:

— Улуу Ата Мекендик Жеңишке 78 жылдын жʏзʏ болду, 15 республикада ардагерлердин да саны азайгандан азайып барат,кийин таптакыр майрамдалбай калбайбы?

— Бул тарых, ал эми тарых эч качан унутулбайт. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, СССР деген империянын курамында болгонбуз, эл-жер ʏчʏн кʏрɵшʏʏ жʏргɵн. Бизге жакындап келбесе да бʏтʏнɵй совет элине карата аёосуз согуш бекеринен 5 жылга созулбаган чыгар. Ошол кездеги аталардын, агалардын кʏчʏ менен согуш токтоп, жеңишке жеткен. Ошондуктан бул датаны тарыхтан ɵчʏрʏп коюуга болбойт дээр элем.

— Туура айтасыз, тарыхый кʏндɵрдʏ унутуп болобу, алдыда бул майрамга карата даярдык кандай, негизи эле жыл башынан бери тʏрдʏʏ иш чаралар болуп жатат…

— Жеңиштин 78 жылдыгына карата даярдык жакшы. Ушул жылдын 27-январында Ош шаарынын борбордук аянтында  “Тʏбɵлʏк от” мемориалдык комплексинде Ленинград курчоосунун (блокадасынын) баштапкы ачылышынын 80 жыл толгондугуна карата иш чаралар ɵткɵрʏлдʏ. Ош шаарында жайгашкан аскер бɵлʏктɵрʏндɵ жаш жоокерлерди патриоттуулукка тарбиялоо максатында 2-февраль 1943-жылдагы Сатилинград шаары ʏчʏн салгылашуу Советтик Армиянын толук жеңиши менен аяктагандыгына 80   жыл толгондугуна карата иш чаралар ɵткɵрʏлдʏ.

Алсак, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-ɵзбек эл аралык университетинин, Ош гуманитардык университетинин тарых факультеттеринде 23-февраль Ата Мекенди коргоо кʏнʏнʏн урматына жаштарды патриоттуулукка, мекенин коргоого багытталган ачык сабактар, сабак баяндар ɵткɵрʏлдʏ. Ошондой эле шаардагы 54 мектепте патриоттук ырлар, дил баяндар, дубал гезиттер боюнча кароо-сынактар уюштурулуп, иш чаралар бʏгʏнкʏ кʏндɵ да уланууда.

Ар жылы 1-майдан баштап борбордук аянт жана мэриянын административдик имараты Жеңиш кʏнʏнɵ карата жасалгаланып, согуш ардагерлеринин сʏрɵттɵрʏ борбордук аянттагы лайк-бокстарга жайгаштырылууда. Ошондой эле шаардын кɵчɵлɵрʏ Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктрди чагылдырган майрамдык чакырык, лозунгдар менен жасалгаланууда.

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ согуштун жана тылда эмгектенген ардагерлердин арасы абдан суюлуп барат, аларга колдоо кандай болууда?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун  2 катышуучусу, согуш жылдарында оорукта эмгектенген 5 ардагер ɵмʏр кечирʏʏдɵ. Жолдошов Касымбай менен Тохтабаев Салахидин ардагерибиз 98 жашта. Жыл сайын 9-майга карата республикалык жана жергиликтʏʏ бюджеттен согуш ардагерлерине жана оорукта эмгектенгендерге бир жолу тɵлɵнʏʏчʏ акчалай кɵмɵк кɵрсɵтʏлɵт.  Былтыр  республикалык бюджеттен согуш ардагерлерине 141 миң сомдон, оорукта эмгектенгендерге 15,1 миң сомдон акча берилсе, жергиликтʏʏ бюджеттен согуш ардагерлерине 25 миң сом, оорукта эмгектенгендерге 15 миң сомдон акчалай кɵмɵк кɵрсɵтʏлдʏ. Жыл башында мэрия атайын токтом кабыл алып, ошонун негизинде ардагерлерге кɵмɵк кɵрсɵтʏлʏп келет. Жыл сайын менчигинин тʏрʏнɵ карабастан ардагерлерге ызат-сый кɵрсɵтʏʏ тапшырылып, толугу менен аткарылып келʏʏдɵ. Мындан сырткары Ооган согушунун ардагерлер кеңеши, Россия федерациясынын башкы элчилиги, шаардык аскер комиссиараты ж.б. дайыма эстешет.

Шаардык саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчилиги тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлеринин саламаттыгын дайыма кɵзɵмɵлдɵɵ ʏчʏн алардын жашаган жери боюнча ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер дайындалып, стационардык жана амбулатордук медициналык жардам кɵрсɵтʏʏ милдеттендирилип, аткарылууда. ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлерден сырткары невролог, окулист, кардиолог ʏйлɵрʏнɵ чейин барып кабар алып текшерʏʏдɵн ɵткɵрʏп турат. Милдеттʏʏ медициналык камсыздандыруу фондунан кошумча дары-дармектер жазылып, ден соолугуна жараша стационарга жолдомо берилʏʏдɵ. Кыскасы, тиешелʏʏ тармактар ардагерлерди кɵзɵмɵлсʏз калтырышпайт, шаардык ардагерлер кеңеши ар дайым байланышта болуп, ʏйлɵрʏнɵ чейин барып кабар алып турабыз.