18 октября, 2024

СОВЕТТЕР СОЮЗУНУН БААТЫРЫ  МАМАСАЛЫ ТЕШЕБАЕВ

Улуу  Ата Мекендик согушка Кыргызстандан миңдеген мекен коргоочулар аттанышып, элибиздин тынчтыгы ʏчʏн баатырдык кɵрсɵтʏп, эрдик жасашкан.

Анын ичинен Ош облусунан 17 адам Советтер Союзунун Баатыры деген наамга  ээ болгон. Алардын катарында  Мамасалы Тешебаев да бар эле.

Мамасалы Тешабаев Ош облусунун (мурунку Куршаб району) “Кызыл-Октябрь” айылдык Кеңешине караштуу Тогуз-Булак  айылында 1923-жылы дыйкандын ʏй-бʏлɵсʏндɵ жарыкка келген. Баштапкы мектепти аяктагандан кийин эмгек жолун “Кызыл-Октябрь” колхозунда колхозчу болуп иштɵɵдɵн баштаган. Улуу Ата Мекендик согуш башталары менен Мамасалы Тешебаев аскердик кызмат ɵтɵɵгɵ чакырылат. Ал жерде артиллерист-наводчик деген аскердик кесипке ээ болот. Алгач Воронежде фашисттик баскынчылар менен кармашуудагы  согушка катышып, андан кийин Украина жана Белоруссиядагы катуу согушта болгон. Мамасалы Тешебаев аткычтар полкунун №667 бɵлʏгʏндɵ аскердик кызмат ɵтɵɵ учурунда тайманбас жана чечкиндʏʏ жоокер экендигин кɵрсɵтɵ алган. 1943-жылдын кʏз айында Днепрде душмандар менен болгон чоң салгылашууда  Мамасалы Тешебаев Ата Мекенине берилген, элин сʏйгɵн ɵзгɵчɵ тайманбас  жоокер экендигин далилдей алган. Наводчик Мамасалы Тешебаев кызмат кылган дивизия баскынчы душмандардын артынан тʏшʏшʏп, Киевдин тʏштʏк жагындагы Днепрге чыгыш жактан  баскынчы душмандардын биригишине жол бербей, жээкке жайгашуу эле. Аскер башчысынын буйругу менен 25-сентябрь кʏнʏ таңга маал  №667 аткычтар полку Днепрдин батыш жээгиндеги  душмандардын коргонуусун бузуп ɵттʏ. Жоокер-наводчик Мамасалы Тешебаев биринчилерден болуп душмандардын тосмолорун бузуп ɵттʏ. Ɵзʏнʏн пулемёту менен аскердик бɵлʏгʏн душмандардан коргоп,  жеңишке жетʏʏгɵ ɵз салымын кошкон. Ошентип, душмандардын Днепрдеги чабуулу иш жʏзʏнɵ ашпай калган. Хмельна хуторунда биздин аскерлер менен баскынчы фашисттердин ортосундагы кандуу чоң кармашууда Мамасалы Тешабаев ɵзʏнʏн белгиленген ордунан жылбай баатырларча кармашкан. 1943-жылы  28-сентябрда Мамасалы Тешебаев кызмат кылган полк фашисттик баскынчылардын таш талканын чыгарды. Днепрди жарып ɵтʏʏдɵ оң жак жээк плацдармын кармап туруудагы ɵзгɵчɵлʏгʏ ʏчʏн жоокер  Мамасалы Тешебаевге 1944-жылдын  3-июнунда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен эң жогорку сыйлык – Советтер Союзунун Баатыры деген наам  берилген. Согуштун кийинки жылдарында  Мамасалы Тешабаев Киевди, Житомирди, Гомелди баскынчылардан бошотууга катышып, Сандомирдеги  согуштук салгылашууда  ɵзʏн ɵзгɵчɵ эр жʏрɵк, тайманбас жоокер катары кɵрсɵткɵн. Согуш аяктагандан кийин Мамасалы Тешебаев Чкалов шаарындагы техникалык окуу жайына жɵнɵтʏлʏп, 1946-жылы окуу жайды аяктагандан кийин Львов  аскердик округунда зениттик-пулеметтук взводунда командир болуп кызмат кылган.

Мамасалы Тешебаев  1947-жылы аскерден кайтып келип, айыл-чарба окуу жайын бʏтʏрʏп, Ош облусунун Кара-Суу районунун “Отуз-Адыр” совхозунда иштеп, айыл чарбаны кɵтɵрʏʏдɵ ɵзʏнʏн чоң салымын кошкон. Кыргыз эли сыймыктанган баатырларыбыздын бири – Мамасалы Тешебаев 1984-жылы дʏйнɵдɵн кайткан. Бирок, Мамасалы Тешебаевдин ɵлбɵс, ɵчпɵс эрдиги тарых барактарында калып, азыркы жаштар ʏчʏн ʏлгʏ болуп, Ата Журттун ыйыктыгын сезип, эл-жерибизди сʏйʏʏгɵ  ʏндɵп турат.

      А.УРУСОВА, Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын маалымат берʏʏ, документтерди колдонуу жана жарыялоо бɵлʏмʏнʏн башчысы.