20 апреля, 2024

Дарынын баасы эмнеден кɵз каранды?

“3 айлык уулумду невропатологго текшерткен соң врач “роноцит (цитиколин) 100мг/мл” дарыны жазган. Раимбеков кɵчɵсʏндɵгʏ бир дарыканадан даанасын 173 сомдон эки ирет алдык. Кийин Фрунзе кичи районундагы бир аптекадан 138 сомго сатып алдым” дейт атын айткысы келбеген каарман. Буга чейин редакциябызга дагы бир кайрылуу келген эле. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну баласы деми кысылып (одышка) “небуфлюзон” аталышындагы дарыны Кызыл-Кыядан таппай Ошко келгенде, бир дарыкана 1800дʏн тегерегин айтса, экинчиси 1600 сом турарын айткан. Мындан сырткары кʏнʏмдʏк турмушта кɵп колдонулган цитрамонду бир дарыкана 20 сомдон, экинчиси 12 сомдон сатты, ич ɵткɵккɵ каршы тетрациклинди бир жерде 50 сом десе, башкасы 45 же 32 сом дешет. Анысы мейли врачтын рецебин таптакыр сурашпайт. Деги буларды ким кɵзɵмɵлдɵйт?” деген кайрылуулардын негизинде тиешелʏʏ тараптардан жɵнɵкɵй жарандарга жооп алып берʏʏнʏ кɵздɵдʏк.

Санжарбек Кокошеров, Монополияга каршы жɵнгɵ салуу кызматынын Ош облустук бɵлʏмʏнʏн башчысы.

“Департамент 400дɵн ашуун дарыга гана бааны бекитип берет”

— 2019-жылы 29-октябрда “Дары каражаттарына бааларды жɵнгɵ салуунун убактылуу эрежелерин бекитʏʏ боюнча” ɵкмɵттʏн №579 токтому чыккан. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында тʏзʏлгɵн Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти бар. Аталган токтомдун негизинде департамент бааларды бекитип берет. Бааларды бекитʏʏдɵ дарынын аталышын, кайсы ɵлкɵдɵн келгенин, кайсы фармацевтикалык компания ɵндʏргɵнʏн, канча сомдон алынганын карап, бʏт чыгымын эске алышат. Бирок, эң керектʏʏ делген 400дɵн ашуун дарынын гана бааларын кɵзɵмɵлдɵй алышат. Мисалы, акыркы ирет бекитилген баалардын мɵɵнɵтʏ 2023-жылдын 31-мартында аяктаган. Ал эми баалардын сакталышы боюнча мониторингди аталган департамент менен биргеликте жʏргʏзʏп турабыз. Текшерʏʏнʏ ɵзʏбʏз жʏргʏзгɵн убакта баалардын туруксуздугу, белгиленген баада ашыкча сатылган фактылар катталса, Дары-дармек департаментине кат жʏзʏндɵ билдиребиз. Алар укук бузуулар кодексинин негизинде айып пулдарды салышат.

“Бардык дарыканада баалар бирдей болбойт”

-Эгер департамент бир дарыны 100 сом деп бекитсе, ал 100сомдон ашпоосу керек. Бардык дарыканада баалар бирдей болбойт. Дарынын белгиленген суммасына жеткирбей конкуренттик баалар бири-биринен айырма бериши мʏмкʏн. Ошол эле учурда бир дарыканада эки фармацевт иштесе, башкасында ʏч фармацевт кызмат кɵрсɵтʏшʏ мʏмкʏн. Ошолордун чыгымдарын, аптеканын соода жʏгʏртʏʏсʏ аз же кɵптʏгʏн эске алганда баалардан айырма берет. Мисалы, дарыкананын соода жʏгʏртʏʏсʏ кɵп болгон учурда даырылардын баасына азырак таасир берет.

“Белгиленген суммадан ашыра саткан дарыканаларга чара колдонулат”

-Рейдке чыгуу убактысы ар кандай болушу мʏмкʏн. Жогоруда айтып ɵткɵнʏмдɵй эң керектʏʏ делген 400дɵн ашуун дарынын тʏрʏнɵ гана текшерʏʏ жʏргʏзʏлɵт. Белгиленген баадан ашыра саткан дарыканаларга Дары-дармек боюнча департамент ɵзʏ чара колдонот. Чара колдонуу укугу бизде эмес. Ɵткɵн жылы облус боюнча текшерʏʏ учурунда 3-4 аптекадан ондой дары белгиленген суммадан ашыкча сатылып жатканы аныкталган. Бул иш департаментке ɵткɵрʏлʏп, чара колдонулганы тууралуу алардан бизге кайра кат келген.

Дɵɵлɵтбек Сатыбаев, Дары дармек жана медициналык каражаттар департаментинин тʏштʏк филиалындагы башкы адиси:

“Жарандардан негиздʏʏ арыз тʏшкɵндɵ гана текшере алабыз”

-Дары -дармек жана медициналык каражаттар департаменти дарылардын бааларын кɵзɵмɵлдɵйт деген тʏшʏнʏк эл арасында пандемиядан кийин калыптанып калды. Ооба, анда убактылуу токтомдун негизинде иш алып барылган. Негизи биздин департамент пландуу жана пландан тышкаркы текшерʏʏлɵрдʏ жʏргʏзɵт. Бирок, учурда пландуу текшерʏʏнʏ токтотуп коюшкан. Эгер жɵнɵкɵй жарандар дарылар боюнча прокуратурага же Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, арыз бизге тиешелʏʏ болсо, арызды карап чыгып пландан тышкары текшерʏʏ иштерин жʏргʏзɵбʏз. Текшерʏʏнʏн жыйынтыгы боюнча бизге кат жолдогон мекемеге да, кайрылган жарандын ɵзʏнɵ да укук бузуулардын негизинде айып пул салынганын билдирип кат жолдойбуз. Эгер арыз негиздʏʏ болбосо, бизге текшерʏʏгɵ уруксат берилбейт жана бул туурасында да арызданган тарапты сɵзсʏз кабардар кылабыз. Же барып текшерген убакта арызда жазылган факты катталбаса, билдирʏʏ беребиз.

Ɵкмɵттʏн №579 убактылуу токтомунун негизинде дарынын 400дɵн ашык тʏрʏнɵ баалар чектелген болсо, анын мɵɵнɵтʏ 2022-жылдын 31-декабрында аяктаган. Кийин 2023-жылдын 31-мартына чейин узартылып, бирок анын да мɵɵнɵтʏ бʏттʏ. Учурда ал боюнча токтомду ɵкмɵт кайрадан карап жатат.

“Бʏгʏнкʏ кʏндɵ монополист жок, жарандарда тандоо бар”

— Мисалы, эки дарыкана белгилʏʏ бир дарынын баасынан чоң айырма берип жатса, жарандар бизге кайрылса болот. Мындай учурда арызды Экономика министрлигине алып барабыз. Эгерде министрлик кайрылуу жʏйɵлʏʏ деп таап, бизге текшерʏʏгɵ уруксат берсе гана, текшерʏʏ, бааларга байкоо жʏргʏзʏлɵт. Эскерте кетсек, дары-дармек тармагында бʏгʏнкʏ кʏндɵ монополист жок. Демек, кайсы дарыканада арзан болсо, ошол жерден ала бер деген сɵз. Тандоо жарандардын колунда. Дарыканалардагы баалардын бири-биринен айырмасы ортомчулардан кɵз каранды. Ортодо ортомчулар кɵп болсо, дарынын баасына сɵзсʏз таасири тийет. Бирок, ошол эле учурда ортомчулар да мамлекетке салык тɵлɵшɵт, башкача айтканда каражат мамлекеттин эсебине тʏшʏʏдɵ. Биз ишкерлерге тыюу сала албайбыз. Болгону талаптарды аткарып, дарыкана ача беришсе болот.

Ал эми дарылардын рецеби боюнча сатылуусун да биздин департамент кɵзɵмɵлдɵйт. Мисалы, бир дары кандай шартта алынып келинет, келгенден кийинки сактоо эрежеси, кандай процедуралардан ɵткɵндɵн кийин сатууга чыгыш керек экени каралат. Кардарларга эмненин негизинде сатуу керек, баарына нормативдик укуктук актылар бар. Пландуу текшерʏʏ учурунда рецепт менен сатыла турган дарыларга карата ɵкмɵттʏн токтомдору чыккан. Токтомду аткаруу боюнча министрдин ɵзʏнʏн буйругу бар. Кыргызстанда колдонулуп жаткан дарылар эки топко бɵлʏнгɵн: рецеби менен сатылуусу талап кылынган жана рецептсиз сатылууга уруксат берилген дарылар.