29 марта, 2024

“10-ФИЛИАЛ ЗАМАНБАП ТАЛАПТАРГА ШАЙКЕШ КЕЛГЕН БОРБОРГО АЙЛАНАТ”

Бул жылдын башында Ош шаардык ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборуна жаңы жетекчи келген. Ал Нурунбетов Эрмек Балтагулович. Шаар тургундарынын саламаттыгын кɵзɵмɵлдɵɵдɵ негизги ролду аткарган ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборлорунда бир катар жаңылануулар, жакшыртуулар болорун айткан жетекчи, алдыдагы аткарыла турчу пландары менен бɵлʏштʏ. 

“АЛДЫҢКЫ YЙ-БYЛƟЛYК ДАРЫГЕРЛЕР БОРБОРУНА АЙЛАНТУУНУ КƟЗДƟЙБYЗ”

-ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборунун 10-филиалы республикалык пилоттук долбоорлорду ишке ашыруучу жайга айланат. Республика боюнча кандай жаңы иш чаралар уюшулуп, жаңы система киргизилсе, ал алгач шаарыбыздагы 10-филиалда ишке ашат да, анан калган филиалдарга тарайт. Кесиптештериме, жамаатка да аталган филиалды типтʏʏ, тажрыйба ала турган алдыңкы борбор кылып жасоо тууралуу максатыбызды билдирдик. Тагыраагы, стандарттарга шайкеш келген, заманбап, алдыңкы ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборуна айлантууну кɵздɵɵдɵбʏз. Учурда ага байланыштуу иш чаралар жʏргʏзʏлʏп жатат.

Мында эмнелер ишке ашат? Филиалда окуу-тренинг борбору ачылып, шаарыбыздагы ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери, кызматкерлери атайын окутуудан ɵтʏп турушат. Калкка медициналык кызмат кɵрсɵтʏʏнʏ дагы да жакшыртып, кагаз иштерин азайтып, электрондук кезек тʏзʏлʏп, медициналык карточкалар электрондук тʏргɵ ɵтɵт.

“КЫЗМАТКЕРЛЕР ЧЕТ ƟЛКƟЛYК ДАРЫГЕРЛЕР МЕНЕН ТАЖРЫЙБА АЛМАШАТ”

-Кызматкерлерди кезеги менен окуудан ɵткɵрʏп, кесиптик профессионалдуулугун жогорулатып турууну колго алуудабыз. Анткени учурдун талабына ылайык, кызматкерлер жаңы нерселерди ɵздɵштʏрʏп, тажрыйбасын арттырып туруусу кажет. Бул боюнча Казакстан Республикасына барганда эки тараптуу келишим тʏзʏлдʏ. Мында биздин дарыгерлер Казакстанга, ал жактын дарыгерлери бизге келишип, тажрыйбалары менен бɵлʏшʏп кетишет. Алдыда дагы башка мамлекеттер менен келишим тʏзʏʏнʏ максат кылуудабыз. Андан сырткары бир катар долбоорлордун ʏстʏндɵ иш алып барылууда.

“АЙРЫМ БƟЛYМДƟР БОРБОРЛОШТУРУЛАТ”

-Эндокринологиялык кызмат кɵрсɵтʏʏ (кант диабетинен жабыркагандарга) мурун бардык филиалдарда болсо, азыр эки гана жерге коюлду. Мында керектʏʏ дары-дармек, инсулин даректʏʏ, максаттуу жетʏʏсʏ жана аны кɵзɵмɵлдɵɵ ʏчʏн ушундай чечим кабыл алынды. Экинчиден, жарандар кезек кʏтʏп калбоосу ʏчʏн эки жерге уюшулду. Эгерде эки бɵлʏм жакшы кызмат алып барса, башка жактарга да ачуу планыбызда бар.

Ошондой эле лабораториялык кызматтарды да борборлоштуруудабыз. Туура, ар бир филиалыбызда лаборатория бар. Бирок, кызматкерлер иш алып барган имараттар кичине болуп, нормаларга жооп бербегендиктен, борборлоштуруу бʏтʏмʏнɵ келдик. Борборлоштуруу — бардык жарандар бир жерге келип анализ тапшырат дегендик эмес. Ар бир филиалда мурдагыдай эле анализ алынат. Болгону бир жерден текшерилет да, кайра компьютер аркылуу жыйынтыгы филиалдарга жɵнɵтʏлɵт. Бул кɵзɵмɵлдɵɵгɵ оңой жана чыгашалар азайып, бюджетке ʏнɵм болот. Ошондой эле сапат да жакшырат. Бизде лабораторияда мʏмкʏнчʏлʏктɵр, жабдуулар жетиштʏʏ. Албетте, бир аз заманбап толуктоолорду талап кылат. Андан сырткары автоматташтырууга аракет кылабыз.

Медициналык жабдууларды, инструменттерди стерилизациялоо дагы борборлошот. Мында да маселелер болгондуктан, каралып чыгып, эми стандартка туура келген жерде стерилизация иштери жʏргʏзʏлɵт. Учурда талаптарга туура келген бир филиалды тандадык. Анда оңдоп-тʏзɵɵдɵн кийин стерилизациялоо иштерин жʏргʏзʏʏчʏ бɵлʏм ачылат.

Дары-дармектерди сактоочу жайлар бириктирилип, нормаларга ылайык келген гана жай иштейт. Дары-дармектерди сактоодо ɵзʏнʏн атайын нормативдери бар эмеспи. Ошол жагдайлар эске алынып, шарты бар жерде сакталат да, бир же эки жумалык дары-дармектер филиалдарга таркатылып турат.

Кызматкерлерге жакшы шарт тʏзʏʏгɵ басым жасоодобуз. ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборлорунун имараттары эски экени барыбызга маалым, аларды оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏʏ боюнча да аракеттер кɵрʏлʏʏдɵ. Буюрса каражатыбыз жетсе он ФАПты оңдоодон ɵткɵрɵбʏз. Ал эми филиалдардан ʏчɵɵнʏ быйылкы жылга пландоодобуз.

“МИНИСТРЛИК ЖАРАНДАРДЫН БИРДИКТYY БАЗАСЫН ТYЗYYДƟ”

-Шаарыбызда расмий каттоого турбаган, ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборунда каттоосу жок жарандар кɵп. Маселен, кош бойлуу аялдар шаарда жашашат, бирок каттоосу башка жакта. Убагында тиешелʏʏ медициналык кароодон ɵтʏшпɵйт да, тɵрɵт мезгили келгенде тɵрɵт стационарына барышат. Кезинде адистердин кароосунан ɵтпɵй, кеңештерди албай калып, айрым учурда ымыркайлар оорулуу тɵрɵлʏп же чарчап калышууда. Муну алдын алуу максатында да кɵзɵмɵл кʏчɵп, бир жерден экинчи жерге каттоосун которгондо мекемелер да бири-бири менен байланышып, тактап алуу маселелерин чечʏʏнʏн ʏстʏндɵ иштɵɵдɵбʏз. Мисалы, жакынкы Кара-Суу райондук медицина мекемесинин жетекчилиги менен биргеликте иш алып бардык. Шаардын ичинде да бир райондон экинчи районго кɵчкɵндɵ жарандарыбыз дайынсыз болуп, мезгилинде медициналык кароодон ɵтпɵй калууда. Бул биринчиден жарандардын ɵздɵрʏнʏн катачылыгы. Жарандарда “мен каалаган дарыгериме каттоого турам” деген туура эмес тʏшʏнʏк калыптанып калган. Негизинен каалаган дарыгерине каттоого туруу ʏчʏн алгач келип, каттоого тургусу келген дарыгерден, мекемеден макулдук алууга тийиш. Анын негизинде мурда катталган жерине барып, кайсыл жакка, ким деген дарыгерге каттоого туруп жатканы боюнча билдирʏʏ берʏʏсʏ керек. Андан кийин гана каттоого туруп жаткан жерине келип, келишим тʏзɵт. Муну кɵп жарандар эске ала беришпейт.

Азыркы учурда саламаттыкты сактоо министрлигинен жарандардын бирдиктʏʏ базасы тʏзʏлʏʏдɵ. Буюрса жакынкы аралыкта ɵлкɵ боюнча ишке кирип, кагаз жʏгʏртʏʏ жоюлуп, жарандар ʏчʏн да, дарыгерлер ʏчʏн да ыңгайлуу болот.

“ЭМДƟƟ БОЮНЧА ТYШYНДYРYY ИШТЕРИ ЖYРГYЗYЛƟТ”

-Акыркы кезде жарандар арасында эмдɵɵдɵн баш тарткандар кездешʏʏдɵ. Алар менен иш алып барууда тиешелʏʏ мекеме- ишканалар, окуу жайлар, казыят, ички иштер, билим берʏʏ башкармалыктары, муниципалдык аймактык башкармалыктары менен биргеликте иш мерчем тʏзʏлʏʏдɵ. Мында калкка тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлɵт. Ошондой эле шаардык спорт комитети менен да биргеликте бейтаптарды, балдарды спортко тартуу, сергек жашоо образын тʏзʏʏ боюнча иш чараларды уюштуруу мерчемделди.

Мындан сырткары медицина кызматкерлеринин арасында маданий иш чараларды да уюштуруу демилгеленʏʏдɵ. Быйыл жалпы коллективдин, кызматкерлердин маанайын кɵтɵрʏʏ, ынтымагын бекемдɵɵ, биримдигин чыңдоо максатында Нооруз майрамына карата чоң иш чара ɵткɵрдʏк. Филиалдар арасында спорттук оюндар да уюштурулуп, кызматкерлердин эс алуусуна жакшы шарттарды тʏзʏʏгɵ аракет кылуудабыз.

Жумагʏл  Кочкорбай кызы