23 апреля, 2024

ЖРТга психологиялык жактан даярдануу зарыл

“Жалпы республикалык тестирлɵɵгɵ аз эле калды” бʏтʏрʏʏчʏлɵр бул сɵздʏ кʏнʏнɵ он ирет ɵзʏнɵ ɵзʏ кайталап, калганын сырттагылардан угуп жатканы жана алар ʏчʏн стресстик абалды жаратары талашсыз. Сынак учурундагы, сынактан кийинки мезгилди тынбай кɵз алдыңыздан ɵткɵрɵ бербеңиз. Андан кɵрɵ адистердин айрым кеңештерин угуп кɵрɵлʏ. Окуучулар менен ата-энелерге пайдасы тиерине ишенебиз.

Нургʏл Тайыр кызы, кыргыз тили жана адабияты мугалими.

“Кээ бир окуучулардын ɵзʏнɵ болгон ишенимин калтырган эмес”

— 2017-жылдан бери жалпы республикалык тестирлɵɵгɵ багытында иштеп баштагам. 2020-жылдан азыркы мезгилге чейин ЖРТга даярдоо боюнча борборлордо иштеп жатам. Чынында олуттуу маселени кɵтɵрʏпсʏздɵр! Бул жаатта иштеген адис катары айткым келет, окуучуларды сынакка психологиялык жактан даярдоо абдан зарыл. Себеби мектепте ар дайым “2”, “3” деген бааны коё берип кесиптештерим кээ бир окуучулардын ɵзʏнɵ болгон ишенимин калтырган эмес. Алар окусак билимдʏʏ болобуз деп келгени менен ɵзʏнɵ болгон ишенимди ар дайым тɵмɵн коюшат. Кээде сынамак тесттерде жогорку упай алышса да ɵздɵрʏнɵ ишенбей ал жыйынтыкты кокустук деп тʏшʏнʏшɵт. Кээде тескерисинче, мектепте окубаган окуучулар окуу борборлоруна келип ачылып кетишет.

“Базасы нɵл балага талап коюу, психологиясын туруксуздукка кептейт”

-Кɵпчʏлʏк учурда окуу борборлорго келген окуучулар 110 баллдан жогору алышат. Анткени алар билим менен гана чектеп койбой окуучуларга моралдык жактан жардам берип, жекече сʏйлɵшʏп, ийгиликтʏʏ инсандар менен психологдор менен жолуктуруп, суроо-жоопторду уюштуруп, эс алдырып, кинолорго алып барып жакшы чɵйрɵ тʏзгɵнгɵ аракет кылшат. Мындан сырткары ЖРТсыз кабыл алган кесиптер, окуу жайлар менен тааныштырат. Кɵбʏнчɵ ЖРТдан ɵтпɵй калган балдардын психологиялык абалы туруктуу болуш ʏчʏн мектеп, ушул тармакка тиешелʏʏ адистер онлайн же офлайн жадакалса гезит-журналдар, телевидения, радио керектʏʏ маалыматтарды, видеороликтерди чыгарып туруусу керек. Анан эң негизигиси ата-энелер баласынын 11 жылдык билими менен эсептешпей, бир жыл калганда окуу борборлорго акчаны тɵлɵп, сени окутуп жатам, медфакка тапшырасың деп базасы нɵл балдарга талап коюп, психологиясынын туруксуздугуна алып келет. Анткени билим бир айда эле тʏшʏнʏп алчу тармак болуп эсептелбейт. Мисалы, салаттын рецебин билген менен аны практикада жасап кɵрʏʏ эки бɵлɵк нерсе.  Бирок рецепти билʏʏ маанилʏʏ болгондой эле, ЖРТ анализдɵɵ ыкмасында тʏзʏлгɵндʏктɵн, окуучуда биринчи теориялык билим маанилʏʏ. Кɵпчʏлʏк окуучулар окуу борборлордо бир аз окуп эле кетип калышат, ал деген салаттын рецебин билип эле кетип калды деген сɵз. Адис катары ар бир окуучу окуу борборлордо болбоду дегенде 3 ай окуса, ɵздɵштʏрʏп кетет деген ойдомун! Биринчи айда теорияны гана ʏйрɵнɵт, экинчи айда практикалап кɵрɵт, ʏчʏнчʏ айда ɵздɵштʏрɵ албаган жактары менен иштейт. Андан кийин окуучу илимий изилдɵɵлɵр жʏргʏзʏлгɵн кино, котормо китептерди, видеороликтерди карап, биринчи айда окугандарын практикалап турганы жетиштʏʏ десем жаңылбайм.

“Сынактан ɵтпɵй калсаң, Россияга барасың же айылда мал карайсың деп коркутуу туура эмес”

-Урматтуу ата-энелер! Кадимки пияздын кайсынысы ачуу болуп кɵздʏ ачыштыра турганын билесиздер да, албетте кɵп суугарылбаганы. Биз да башкалардын балдары Америкага окууга кетип жатса, алтын сертификат алып жатса кɵзʏбʏз кызарат, кээде эмнеге менин балам мындай эмес деп кɵрʏнбɵй ыйлап да алабыз. Пиязды мисал келтиргенимин себеби да ошол. Балдарга ɵз убагында билим булагынын кɵзʏн ачууга жардам берели. ЖРТдан ɵтпɵй калсаң Россияга кетесиң, айылга барып мал карайсың! — деп коркутпай, балам ЖРТ бул жɵн гана билимиңди аныктоочу тест, ЖРТсыз кабыл алган окуу жайларды, факултеттерди да караштырып коёлу деп балаңызга жардам бериңиздер. Анткени, балаңыз ансыз да аз балл алып калсам эмне болот деген коркунуч менен жашап жʏрɵт!

Нурбек Жумаев, Ош мамлекеттик университетинин улук окутуучусу.

“Билим менен бирге ой жʏгʏртʏʏ деңгээли эң маанилʏʏ”

-Жалпы республикалык тестирлɵɵ баарыбызга белгилʏʏ болгондой окуучулардын билим деңгээли менен кошо ой жʏгʏртʏʏ деңгээлин да текшерип алат. Ошондуктан окуучуларды даярдоодо ушул нерсеге кɵңʏл бурам. Албетте, эң биринчи кезекте ой жʏгʏртʏʏсʏ, логикасы кʏчтʏʏ болуу керек. Эгер бала туура эмес ой жʏгʏртсɵ жалпы республикалык тестирлɵɵнʏ ɵз нугунда аткарып бере албайт. Мектепте окуган кезде кɵпчʏлʏк окуучулардын ой жʏгʏртʏʏ деңгээли калыптанып бʏтɵт. Бизге келгенде айрым окуучулардын ой жʏгʏртʏʏ деңгээли толук калыптана элек болсо, аябай мʏшкʏлгɵ салат. Кыргыз мектептериндеги окуучулардын кɵпчʏлʏгʏ 11-класска же акыркы чейректерге келгенде шашкалактап даярданууга ашыгышат. Окуу борборлоруна же репетиторлорго кайрылып, кыска убакытта ой жʏгʏртʏʏ деңгээлдерин жетээрлик калыптандыра албай кеткен учурлары болот. Мындай учурда санаркап, боор ооруп кала беребиз. Бизден сабак алгандан кийин ой жʏгʏртʏʏсʏ калыптандырып, ɵстʏрʏʏгɵ жетишкен окуучулар да кɵп. Алардан диагностикалык тесттерди алып, машыктыруучу кɵнʏгʏʏлɵрдʏн жардамы менен логикасын ɵстʏргɵнгɵ аракет кылабыз.

“Балага чоң талап коёрдон мурда анын дараметин да байкоо керек”

-“Сен баары бир сынактан ɵтɵсʏң” деп ишендирʏʏ деле жакшы. Анткен менен ал натыйжа бербейт. Себеби ары жагында, кɵɵрɵңгɵсʏндɵ умтулуусу бар баланы ишендирсек болот. Окуучуларга сɵзсʏз мотивация беришибиз керек. Шыктандыруунун негизинде да бир топ ɵсʏп, жакшы калыпка тʏшʏп алган окуучулар арбын. Баса белгилеп кетʏʏчʏ жагдай окуучуну сынакка даярдоодо сɵзсʏз психологиялык жактан да даярдайбыз. Анткении окуучулар “жыйынтык кандай болор экен, канча балл алар экенмин” деп ойлонушат. Репетиторлук тренерлик катары кɵпчʏлʏк балдарга моралдык жактан жардам берʏʏгɵ акылуубуз. Анткени балдардын кɵбʏ балалыгына салып, тынчсызданууга алдырып катуу ойлонуп калган учурлары кɵп кездешет. Ошондой  болбош ʏчʏн “силер кʏн мурунтан даярдандыңар, анчалык кабатыр болууга кажет жок” деп ишендиребиз. Бирок, баары бир ичинен тынчсызданып тура беришет. Мындай учурда биз эле эмес ата-энелер да колдоого алуу керек. Кɵпчʏлʏк ата-энелерди байкайм, балдарын окуу борборлоруна же жеке репетиторлорго алып келип тапшырып кетет. Бала мектептен келип, тандап алган предметтери боюнча даярданып чынында тʏйшɵлʏп калат. Кээ бир балдарга бооруң ооруйт. Ата-энеси сен медициналык факультетке сɵзсʏз тапшырышың керек, же тиги окууга тапшыр, паландын баласын кɵрдʏңбʏ, ошондой болуп окушуң керек деп мажбурлашат. Бала ɵтɵ кɵп предметтерден даярданып, тʏйшɵлгɵндɵ чарчаңкы болот, уйкусу келет, кабыл алуусу начарлайт. Айрым ата-энелерге кеңешим балага ɵтɵ чоң талаптарды койбой, дараметин байкап, ɵзʏнʏн кʏчʏ жете турган деңгээлде даярдай турган окуу курсатарына бериңиздер. 

Сынакка эрте киришʏʏнʏн пайдасы

Биздин практикада тынбай кездешет, айрым ата-энелер балдарын 10-класстан эле алып келип, репетиторлукка же окуу борборлоруна тапшырып кетишет. Ошол окуучулардан бир топ жакшы майнаптар чыгып жатат. Ɵздɵрʏ кɵздɵгɵн кесипти тандап, эңсеген университеттерге барууга чоң тʏрткʏ болот. Жогоруда айтканымдай сынакка аз калганда келип даярданганда деле жыйынтык болот, бирок, кыска убакытта чоң жʏктʏ алууга туура келип жатпайбы. Эгер 10-класстан тарта келсе алгачкы жылы кыргыз тили жана математикадан негизги тестке даярданат. Кийинки жылдан кошумча тестке кенен даярданууга мʏмкʏнчʏлʏк болот.

“Сʏйлɵшʏʏ жолу менен окууга кирет деген тʏшʏнʏктɵн арылыш керек”

-Сынактын жыйынтыгы чыкты дегенде белгиленген баллга жетпей калган балдардын ата-энелери тʏшʏнʏʏ менен эле мамиле кылышат. Ал эми университеттерге келгенде конкурстук негизде сертификаттарын алып келишет. Кɵпчʏлʏк ата-энелер ɵздɵрʏнʏн учурундагыдай элестетип, сʏйлɵшʏʏ жолу менен балдарды окууга киргизʏʏ керек деген тʏшʏнʏктʏ калыптандырып алышкан. Андай тʏшʏнʏктɵрдɵн арылуу керек. Анткени, конкурс деген нерсе бар. Конкурска бɵлʏнгɵн квота, орундардын санына жараша жана окууга тапшырып жаткан балдардын упайларына жараша конкурска катышуу зарыл.

Айжылдыз Тойчиева