28 апреля, 2024

КУРСТУН ƟЙДƟ-ЫЛДЫЙ ОЮНДАРЫ

Бир АКШдоллары бʏгʏнкʏ кʏнгɵ келип 100 рублдан да тɵмɵн тʏшʏп кеткени акыркы апталардагы кʏндʏн негизги темаларынын бирине айланды. Экономикасы, соода-сатыгы,алыш-бериши Россиянын улуттук валютасынын  курсуна тыгыз байланышта болгон ɵлкɵлɵр ʏчʏн бул мыйзам ченемдʏʏ кɵрʏнʏш.

СОМ ЖАНА РУБЛЬ

Рубль курсунун Америка долларына карата тɵмɵндɵп кетʏʏсʏ, албетте дурус эмес кɵрʏнʏштɵрдɵн болуп жатканы менен,мындан кыска убакытка болсо да Россия бюджети  пайда гана кɵрɵɵрʏн эксперттер белгилешет. Башкача айтканда, азыр сомдун сунушун кɵбɵйтʏʏ далаалаты жʏрʏп жатат десе болот.Бирок, сунуш талап менен гана чектелерин да эске алуу керек. Андыктан, рублдун куну кʏздʏн ортосуна жетип  кайра эле 100дʏн айланасында, а балким андан да ашык болуп калуусу мʏмкʏн экенин болжогон байкоочулардын эсебин туура десе болот. Орус акчасынын курсун тоңдуруп коюуга болбойт, анткени андай кадам дефолтко алып барарын орустар 1998-жылы эле кɵрʏшкɵнʏ маалым. Мындай манипуляцияга баруу азыркы тапта кɵптɵгɵн кɵйгɵйлɵрдʏ жаратуудан башканы алып кебейт. Россиянын саясий технологиялар борборунун жетектɵɵчʏ эксперти  Никита Масленниковдун эсебинде,  азырынча орус бийлиги баалардын ɵсʏп кетʏʏсʏнɵ каршы ийгиликтʏʏ кʏрɵш алып барууда жана инфляциянын деңгээлин жыл акырына чейин 4 пайыздык кɵрсɵткʏчтɵ кармап туруунун толук мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. “Биз башка ɵлкɵлɵр менен эсептешʏʏдɵ улуттук валюталарга ɵтʏʏнʏ активдештирʏʏгɵ аргасыз болгонбуз, мына азыр экспорттук пайданын болжолдуу алганда, 42 пайызын рубль тʏзɵт. Бюджет ʏчʏн бул жакшы, тɵлɵмдɵр тездейт, бирок рублдун курсу ʏчʏн жаман таасир берет”,-дейт ал. Анын эсебинде, рублдун курсунун ɵтɵ тʏшʏп кетʏʏнʏн реалдуу кооптуулугу артта калды, бир долларга 80-85 рубль берген учурга кайтмай жок, бирок бир доллар 100 сом деген белгиден да кыйгап ɵтʏʏгɵ туура келет. Кʏзʏндɵ курс 90-95 тин тегерегинде турукташышы керек.

Курсту тʏшʏрʏʏ аркылуу бюджеттин кɵлɵмʏн  кɵтɵрʏп алуу аракетин азыр активдештирип алуу далбасасы орус эксперттеринин кɵзʏ менен караганда, албетте, колдоого аларлык, анткени ушул тапта россиялык  нефть, буудай, жер семирткич рекорддук тʏрдɵ жогорку деңгээлде болуп жатканы талашсыз. Албетте, аларды сатуудан тʏшкɵн акча Россияга кайтып келʏʏсʏ ʏчʏн 1-2 ай убакыт талап кылынат. Экспортерлордун сатууга байланышкан чыгымдары, салыктар, башка тɵлɵмдɵр жана жыйымдар рубль менен тегиздикте жайгашкан. Ал ʏчʏн аларга рубль зарыл. Салык тɵлɵмдɵрʏн  тɵлɵɵ процессинде бул жакшы байкалат. Анда экспортерлор 3-4 кʏндʏн аралыгында  валютаны массалык тʏрдɵ сатышат да, рубль курсу кыска мɵɵнɵттɵ бекемделет. Негизинен, эксперттердин айткандарына назар салсак, экспорттун ɵсʏшʏ кошумча фактор катары гана кызмат кылат. Импорттун ордун басуу жана алмаштыруу процесси гана валюта рыногунда суроо менен талапты балансташтырууга реалдуу жардам берет. Канткен менен рубль курсунун ылдыйлап кетиши кооптонбой коюуга болбой турган кɵрʏнʏштɵргɵ кирет.

“Азыркы курс, албетте, фундаменталдык деңгээлден олуттуу эле кыйшайып кетти, жакынкы мезгилдерде аны нормалдаштыруу зарыл. Алсыз рубль экономиканын тʏзʏмдʏк кайра куруусун кыйындатат жана калктын реалдуу кирешесине негативдʏʏ таасир тийгизет”,-дейт орус президентинин жардамчысы Максим Орешкин.

 КУРСКА ТААСИР ЭТКЕН ТЫШКЫ ФАКТОР

Рубль курсунун кыска убакытка болсо да тɵмɵндɵп кетʏʏсʏнʏн негизги себептерине аналитиктер орус-украин мамилесинин кескин бузулушун да кошуп жʏрʏшɵт. Орус-украин жаңжалы башталып, мамиле курчугандан бери АКШ баш болгон Батыш ɵлкɵлɵрʏ Москвага салган санкцияларын уламдан  улам катаалдаштырып олтурганы маалым. Санкция шарттарына ылайык, АКШ доллар банкнотторун, Евро биримдик евро бакнотторун Россияга ташууга тыюу салганы белгилʏʏ. Россиянын Борбордук банкынын сырттагы активдери камакка алынып, бир катар орус банктары банктар аралык акча которууну камсыз кылуучу глобалдык системадан ɵчʏрʏлгɵн. Акыбетинде Россиянын ичинде чет элдик валютанын тартыштыгы жаралып, рубль кʏчʏн кескин жоготкон. Айталы, былтыр февралга чейин бир доллардын курсу 75 рубль турса, евронун курсу 85 рубль эле.

Доллар 100-110 рубль болсо,бир евро 115-120 рублга чыккан. Айрым банктар онлайн акча алмаштырууда долларга 150 рублга чейин, еврого  200 рублга чейин нарк коюп жатышкан.

Ошентип,бийликтин бир катар чараларынан кийин рубль  турукташып, бир жылча убакыттан кийин кайра эле ошондогу курска жакындашып бараткандай таасир калып жатканын айрым батышчыл серепчилер кубана белгилеп жатканын жашырууга болбойт. Адардын айрымдары азыркы курс жарым же бир жыл кармалаарын айтышса. Кээ бирлери согуштук кырдаалда рубль куну дагы ылдыйлаарын эскертишʏʏдɵ.

Эксперттердин эсебинде, рубль куну Россиянын тышкы соода балансынын бузулуусунан улам тʏшʏп олтурат. Батыш ɵлкɵлɵрʏ Россиядан кɵп товарлардын тʏрлɵрʏн алууну токтоткону ʏчʏн Россиянын экспорту азайып жатат. Башкача айтканда, орус рыногуна чет ɵлкɵлʏк валюта аз кирʏʏдɵ. Демек, ички рынокто доллар же евро тартыш болуп жатканы ʏчʏн кымбаттап, тескерисинче, рубль курсу арзандаганы белгилʏʏ болуп турат.

РУБЛГА БАЙЛАНГАН УЛУТТУК ВАЛЮТАЛАР

Салыштырмалуу кубаттуу экономикага ээ болуп турганы ʏчʏн Россиядагы ɵзгɵрʏʏлɵр кɵп ɵлкɵлɵргɵ, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигиндеги жана Борбор Азиядагы мамлекеттерге таасир этери талашсыз. Доллар же евро рублга кандай жана канчалык таасир берсе, экономикалык байланыштарынын азбы-кɵппʏ ийгиликтери орус валютасы да ошондой даражада таасир этет. Алардын экономикасы Россия менен тыгыз байланышта.Тагыраагы, Россия алардын ири соода ɵнɵктɵшʏ. Ага кошумча. Россиядан ал ɵлкɵлɵргɵ кɵп акча которулуп турат. 2022-жылы да рубль кʏчʏн жоготкондо, анын артынан Казакстан, Ɵзбекстан, Тажикстан, Тʏркмɵнстан жана Кыргызстандын улуттук валюталарынын куну тʏшʏп кеткени белгилʏʏ. Бул валюталар  ушул кʏндɵрʏ да аз-аздан болсо да кунун жоготту. Бул ɵлкɵлɵрдʏн бешɵɵнʏн тең Россия менен алып-сатуусу кʏчтʏʏрɵɵк болсо, экɵɵсʏ-Казакстан менен Кыргызстан Россия менен бир уюмда. Казакстандык ишкер жана блогер Серик Белгибай мына ушул жагдайды эске алуу менен, ɵз  баракчасында соңку кырдаал жагдайында мынтип жазганын “Азаттык” ʏналгысы айтып чыкты: “Рубль биздин экономиканы кошо сʏйрɵп баратат. Рубль долларга карата 120-125  чекке чейин жетиши мʏмкʏн. Орусиялык талдоочулар так ошондо гана Россия Федерациясы тышкы соода балансын оң жыйынтык менен чыгарып, бюджетинин дефицитин жаап алат деп жатышат. Мындан бизге эки вариант калат. Экɵɵ тең чатак. Биринчиси –болгонун болгондой калтырыш керек. Анда биздин экономиканы арзан рубль ɵлтʏрʏп тынат. Экинчиси –рубль менен чогуу теңгени да эркине кое бериш керек. Бул биздин жарандарды дагы жакырдантып, баалардын ɵсʏʏсʏнɵ алып келет. Албетте, ʏчʏнчʏ вариант да бар, ал –Евразиялык биримдиктен чыгуу. Андан соң Россиянын товарларынын чек арадан кɵзɵмɵлсʏз кириши токтоп, Кытайдын товарларына бажы тɵлɵмдɵрʏ азаят. Менимче,  ушул ʏчʏнчʏсʏ жападан жалгыз акылдуу чечим болот”.

  Кыргызстандын Улуттук банкы рубль кʏчʏн жогото баштагандан бери сомду да кое берип, анча-мынча айырма менен эки валютаны дайыма тең кармап турууга аракет кылууда. Россияда иштеп жʏргɵн мигранттардын акчасы сомго которгондо азайып кетпеши жана Россияда рубль менен товар сатып келʏʏ ʏчʏн ыңгайсыздык жаралбашы керек.

Албетте, азыр сом рублга караганда туруктуу кармалып жатат. Буга  Улуттук банк жыл башынан бери 536 миллион 75 миң долларды сатыкка чыгарганы дурус таасир  бергендей болуп  жатканын белгилебей коюуга болбойт. Ушул тапта расмий курска ылайык, бир рубль 93 тыйынга барабар болуп турат. Коммерциялык банктарда бир рубль орточо 88-89 тыйндан сатып алынып, 94-95 тыйындан сатылууда.

Экономист Расул Тулеев бул жагдай бир нече убакытка чейин уланып, сом менен рубль кайрадан эле теңдеше турганын айтты.

“Биздин сом рублду ээрчиген деле жок. Муну базардын касиети деп койсо болот. Себеби, Кыргызстандын экономикасы Россия менен тыгыз байланышта. Ошондуктан, рубль тʏшʏп жатканда сом да ылдыйлай берет. Бирок, менимче рубль менен сом кайра теңелет. Балким, ашып да кетиши мʏмкʏн”.

Абдираим Мамытов