12 мая, 2024

“БУЛ – ЫР ЭМЕС, БУЛ – КУРАЛ”

Катюша, алма жана алмурут жɵнʏндɵгʏ ыр саптары душманды талкалоого кандай жардам берген?

“ЛУЖНИКИДЕ” БААРЫ ОРДУНАН ТУРУП УГУШТУ”

Мындан 50 жыл илгери, 1973-жылдын 20-июлунда “Катюша” аттуу дʏйнɵгɵ дʏңгʏрɵгɵн  ырдын автору Михаил Исаковский дʏйнɵ салган. Ал ошондой эле “Ой, цветет калина”, “Каким был, таким остался”, “Осенний вальс”, “Огонек” атуу легендарлуу ырдардын да автору катары да кеңири белгилʏʏ. Михаил Исаковскийдин ɵзʏ мыкты чыгармам деп “Враги сожгли родную хату” аттуу ырын атаган.

 Миллиондогон советтик  тынч тургундардын бейсаат атылган, асылган, тирʏʏлɵй ɵрттɵлгɵн ɵлʏмʏнɵ арналган бул реквиемди биринчи болуп Марк Бернес аткарган. Бул “Лужникиде 1960-жылы болгон. Ар бир жаңы сабында ʏйʏнɵ кайткан жана болгону ʏйʏнʏн ордунда кʏлдʏ  жана аялынын мʏрзɵсʏн араң тапкан солдат жɵнʏндɵ баян:” Сага карай тɵрт жыл жол бастым”, “Мен ʏч державаны багынттым” … “Солдатка эч ким жооп  бере алган жок”, “Аны эч ким тосуп чыкпады” — Залда олтургандардан  акырындап ордунан тургандар арбындай баштады да, ыр бʏткɵндɵ 14 миң адамдын бʏт баары бейиттегидей жымжырттыкта катып калышты…

ЖЕР ДИРИЛДЕТКЕН ЖЕЛДЕТТИК

Исаковский жʏрɵк титиреткен бул ырын Смоленшина бошотулгандан кийин бир тууган айылы Глотовканы кɵргɵндɵ жазган. Анын агасы ал мезгилде кан майданда курман болуп, агасынын аялын немистер башка айылдаштары менен кошо ɵлтʏргɵн. Сʏйкʏмдʏʏ биринчи мугалими Екатерина Горанская  (“Катюшанын” чыныгы прототиби ошол эжей деп божомолдошот) окупация учурунда ачкалыктан кɵз жумган. Михаилге жер тɵлɵдɵн айылында жалгыз тирʏʏ калган жетимиш ашкан чал гана сойлоп чыккан. Ал коңшу айылда жапжаш подполчу кызды атууга кантип алып чыгышканын айтып берген. Ошол кыз капыстан эле “Расцветали яблони и груши” деп ырдап киргенде аны айылда калган жана ɵлʏмгɵ ɵкʏм кылынган 100дɵй жашоочу- балдар менен чал-кемпирлер коштоп кетишкен. Аларга пулеметтон бир сыйра ок жаадырылгандан кийин атайын казылган аңга арыдан-бери ыргытып,ʏстʏнɵ жука топурак тартып коюшкан. Топурак бир канча кʏн бою дирилдеп туруптур…Атууга ɵкʏм кылынган ошол кызды атуудан мурда чечинʏʏнʏ буюрушкан. Кыздын бир керемет менен сакталып калган кофтасы азыр ошол ɵкʏм аткарылган жайдан анча алыс эмес жерде, “Катюша”  музейинде сакталуу.

АЙДА, КАШИРИН, БАЛИ, САПРОНОВ!

Ал эми “Катюшаны” Исаковский Глотовкага кыска мɵɵнɵткɵ келген убакта аны ата-эненин ʏйʏ жана сʏйʏктʏʏ багы  тосуп алганда жазган. Бул 1938-жыл болуп, анда баары тирʏʏ эле. Алмурут менен алма кɵз кʏйдʏрɵ гʏлдɵп турган…

Фашисттерге каршылык кɵрсɵтʏʏнʏн символу болуп “Катюша” ал ɵзʏ кʏтпɵгɵн мезгилде чыга келди. Мунун баары 1941-жылдын жайында, Кызыл армия немистерге каршы ошол кездеги жаңы куралдын да жаңысы  саналган залп менен атуучу реактивдʏʏ миномет коюлмаларын ийгиликтʏʏ колдонгондо башталган. Реактивдʏʏ снаряддардан чыккан ʏңʏлдɵк добушту биринчилерлен болуп угуп жаткан катардагы жоокер Каширин: “Бул ыр эмес, бул-курал!” деп  алаканын шак койгон. Сержант Сапронов ага: “Ооба! “Катюша!” деп жооп кайтарган. Жаңы куралдын аты ошентип эң алгач 20-армияда калыптанып, андан соң бʏткʏл ɵлкɵгɵ тарап кеткен.

ТАЛАНТ КАНТИП КУРЧУДУ?

Исаковский ɵзʏ бир кʏн да согуш майданында болгон эмес. Баарына айыптуу анын кɵзʏ (26 диоптрий!) Кɵз айнегинин айнеги мини-дʏрбʏнʏ элестетчʏ. Ал бала кезинен эле кɵз торчолорунун мʏчʏлʏштʏгʏнɵн азаптанып келген. Жыл ɵткɵн сайын кɵйгɵй тереңдеп олтурган. Окууга зарыл алгачкы кɵз айнекти ага баягы сʏйкʏмдʏʏ биринчи эжекеси Екатерина Горанская сатып алып берген. Эжекеси ɵзʏнʏн эсебинен баланы кɵз доктуруна алып барып текшерткен. Согуштан кийин  эжекенин бейитине Исаковский  эстелик орноткон жана “Жашоомдо жеткенимдин баары ʏчʏн мен эки аялга-апама жана биринчи мугалимиме милдеттʏʏмʏн” деген сɵздʏ кɵп кайталачу.

Исаковский эмгек жолун эрте баштаган. 17 жашында ал райондук, андан ары шаардык гезитти  жетектеген.1931-жылы Москвага, “Колхозчу” гезитине келген. Ошол жылдары ал обондорго тексттерди иргеп алуучу чыгармачыл бирикмеге ɵз ырларын жɵнɵткɵн. Ал жактан ага обонго текст жазуу ʏчʏн “жаш жигит, талант талап кылынат, ал сизде жок!” деген жооп келет. Исаковский дурустап  кайгырууга да ʏлгʏргɵн жок, ошол эле кʏндʏн кечинде аялы менен киного барат. Фильм башталардан мурда кɵрсɵтʏлгɵн киножурналдан Пятницкий атындагы Элдик хор “ʏйдɵн ʏйгɵ кыдырып, кадам таштап шашыла,уңулдап да, зуулдап, зымдар ойнойт ашыга” деген саптар бар ырды аткарат. Бул ыр саптары  анын «Самандагы зымдар” аттуу ырлар жыйнагынан эле. Хордун жетекчиси Владимир Захаров Исаковскийдин бул ырларын айрылма календардын барагынан таап алган экен.

Ошондон тарта Исаковскийдин поэзиясы популярдуу боло баштайт. Эл анын сɵзʏнɵ жазылган “Батышка деп буйрук берилди”, “Кʏн батаарда жигит жʏрɵт” аттуу ырларды кеңири ырдап баштаган. Андан соң музыкасын Матвей Блантер жазган “Катюша” пайда болот. Согуш жылдарында Исаковский “В лесу прифронтовом”, “Осенний вальс”, “Огонек” ырларын жазган. Анын саптарынын угарманга жетчʏ жолу абдан кыска болгон. Албетте, анын “Враги сожгли родную хату” ырын кошпогондо. Ал ыр ɵз саатын жыйырма жыл кʏттʏ. Ырга бийлик тарабынан “Элдик кайгыны ого бетер оорлоштуруп жибербɵɵ максаты” менен 1949-жылы тыюу салынган, бирок ырлардын кара тизмесинде ырдалып жʏрɵ берген. Марк Бернес  гана бул ырды, салынган тыюуга кол шилтеп, Лужникиде 1960-жылы ырдап, баарын тик тургузган эрдикке бара алган.

1965-жылы бул ыр Сталинград салгылашуусунун баатыры маршал Чуйковдун жеке ɵтʏнʏчʏ менен телевидениенин “Голубой огонек” берʏʏсʏндɵ аткарылган. Кезегинде кɵптɵгɵн кайгы-капаны кɵрʏп калган полководец Исаковскийдин ыр саптарын угуп жатканда жаагына куюлган жашка да кайыл болгон экен.

Ɵмʏрʏнʏн акырында акындын кɵзʏ дээрлик кɵрбɵй, ошондон улам   жазбай калган. Кɵз жумаарына бир жарым ай калганда Кремлевкадагы айтылуу ооруканага тʏшʏп, досу, жердеши, дагы бир атактуу акын Александр Твардовский менен кошуналаш палатада дарыланган.Экɵɵ тең ордунан тура алган эмес,жазып гана сʏйлɵшʏшкɵн. Экɵɵнɵ кичи мекен Смоленскиде бир эстелик орнотулган.

Абдираим  Мамытов