18 мая, 2024

Абдукодир, багбан: «Мурда багбандарга кɵбʏ маани берчʏ эмес, бʏгʏн кеңеш алуу ʏчʏн кезек кʏткɵндɵр кɵп»

«Багбан деген кесиптин кандай маанилʏʏ экенин далилдегим келет» дейт каарманыбыз Абдукодир Абдушукуров. Ал багбанчылыкты атасынан ʏйрɵнгɵн. ʏйʏнʏн бакчасында эле бир нече тʏрдɵгʏ жемиш бактарын кɵрʏʏгɵ болот. Кесиби менен хоббисин айкалыштырган каарманыбыз бакчасында жергиликтʏʏ эле эмес, чет элдик конокторду да тосуп, тʏшʏмʏнɵн ооз тийгизип, кызыккандарга кеңештерин берип келет. Анда 26 жаштагы жаш багбан баянын макаладан окуңуз.

«Карантинде отуруп, багбанчылыкты багынттым»

Абдукодир мырза багбанчылыкты бир катар чет ɵлкɵлɵрдɵн ʏйрɵнʏп келгенин, жеке ɵзʏ атайын китептерден окуганын айтканы менен эң башкы устаты атасы экенин белгилейт. Анткени бул тармакта адис болуусуна атасы тʏрткʏ берген. Башында багбанчылыкты хобби катары кɵрʏп жʏрʏп, азыр экинчи кесибине айланып калганын бизге мындайча баяндап берди:

-Багбанчылыкка 2007-жылдары атама жардам берип жʏрʏп, аралаша баштагам. Бул менин негизги кесибим эмес. Ɵзʏм туризм боюнча жогорку окуу жайын аяктагам. Атам «багбанчылыкты да ʏйрɵнʏп, ɵздɵштʏрʏп кой, балам» дегендиктен кызыгып ɵздɵштʏрʏʏгɵ аракет кылдым. Эң кɵп убакыт бɵлʏп, кызыгуум артканы 2020-жылдагы карантин учуру болду. Багбанчылык алгач мага хобби катары эле, азыр экинчи кесибиме айланды.

Ɵзʏмдʏн кесибиме байланыштуу жумуш да жасайм. Чет ɵлкɵдɵн келген туристтер менен иштешем. Конокторго ɵлкɵбʏздʏн кооз жерлерин кɵрсɵтʏп, саякаттоосуна кɵмɵк кɵрсɵтɵм. Андан сырткары багбанчылык кылып, бакчабызда жʏзʏм ɵстʏрɵм. Ɵз багыбыз менен гана чектелбей, башкалардын жʏзʏм кɵчɵттɵрʏн тигʏʏ же бутоо иштерине жардам берип, бакча кызматынын жыйырмадан ашык тʏрʏн кɵрсɵтɵбʏз. Ошондой эле ʏйдɵ бекер отурбастан, YouTube-дан ар кандай видеолорду кɵрʏп, ɵзʏбʏздʏн катталуучулар ʏчʏн тʏрдʏʏ лайфхактарды даярдап, бɵлʏшʏп турам.

Эмне ʏчʏн «Фазенда»?

-«Фазенда» деген португал тилинен алынган. Анда ʏйдʏн айланасы бак болгон жерди фазенда деп коюшат. Бизде мисалы, шыйпаң деп коёт эмеспи. Ошол себептʏʏ аталышы ɵзгɵчɵ болсун деп, багыбызды Фазенда деп атаганбыз. Эн белгибиз да такыр жерди кɵрктɵндʏрɵбʏз дегенди туюнтат.

Биздин «Фазендада» жʏзʏм, шабдалы, тыт, анжир, анар жана люффа деген ɵсʏмдʏктɵр бар.

ʏй-бʏлɵбʏздʏн башкы кирешеси багбанчылык деп айта албайм. Атамдын кесиби — электрик. Бирок, кɵбʏрɵɵк убактысын ʏйдɵ ɵткɵрɵт. Ал эми мен туризм багытына кɵп убактымды жумшайм. Бош мезгилде гана алек болом. Негизинен бакчабызды кɵбʏрɵɵк апам менен атам карайт.

«Багбандарга тиешелʏʏ стереотиптерди жок кылгым келет»

Каарманыбыз багбан болуу эң жакшы жумуш экенин белгилеп, мурун бул кесипке анчейин деле маани берилбей келгенине токтолду. Акыркы кезде ɵздɵрʏ тʏшʏм алгысы келип, бак отургузгандар, кызыккандар кɵбɵйгɵндʏктɵн, кызмат кɵрсɵтʏʏ, кеңеш алуу ʏчʏн узун кезекке тургандар болорун кошумчалады.

-Менин максатым — «багбан» дегенде калыптанып калган эски стереотиптерди жок кылып, багбандар сый мамилеге татыктуу экенин далилдɵɵ. Буга чейин «садовник» деп кɵп кɵңʏл бурушчу эмес, бʏгʏн мынтип бир жумалап кезекке туруп, кызматыбызды кɵрʏп, кеңештерди алышат. Биз да заман талабына ылайык, кызматыбызды социалдык баракчалар аркылуу жарыялап келебиз. Кардарларыбыздын 90 пайызын интернет колдонуучулар тʏзɵт.

«Жʏзʏмдʏн 10 сортун ооз тие аласыз»

«Фазендада» жʏзʏмдʏн бир нече тʏрʏ бар. Алардын кɵчɵттɵрʏ ар кайсыл жактан алынып келинип, кɵбɵйтʏлʏп, сатыкка да чыгат. Абдукодир Абдушукуров кɵчɵттɵргɵ кантип туура кам кɵрʏʏ керектигин, кайсы сорт мыкты экенин айтып ɵттʏ:

-Бизде жʏзʏмдʏн 10 сорту бар. Алар: Ризамат-Ата, хусайн, алтын хусайн, Атаман-Павлюк, кишмиш, айымдын манжасы (дамский пальчик), Кетмен-Сап, Катта-Коргон, мерседес. Бирок, булардын ичинен эң жакшысы кара мерседес менен Ризамат-Ата сорту. Болгону алар башкаларга салыштырмалуу кɵбʏрɵɵк кароону талап кылат. Ал эми Атаман-Павлюк кышка туруштук берʏʏчʏ, шагында туруп мейиз болуучу сорттордун бири. Анын кɵчɵтʏн Кавказдан алып келгенбиз.

Жʏзʏм бак кылам дегендер, багбанчылыкты жакшы кɵргɵндɵр мээнетине чыдайм десе, бул сонун жумуш. Себеби жʏзʏм ысыкта айланага кɵлɵкɵ, ʏйгɵ кɵрк берип, жашыл болуп кооздоп турат. Андан сырткары жʏзʏмдʏн кант диабетине да пайдасы зор.

Жʏзʏмдʏн кɵчɵтʏн эрте жазда отургузган жакшы. Тагыраагы, март жана апрель айынын башында. Жʏзʏм ысыкты жакшы кɵргɵндʏктɵн кɵп сугаруу деле талап кылынбайт. Ош же Жалал-Абадда болсо бир мезгилде 7-8 жолу сугаруу жетиштʏʏ. Эгер суугураак жер болсо, азыраак, жамгыр кɵп жааса, анда жер жарылган гана учурда суу коюу жетиштʏʏ. Мен кɵбʏнчɵ тамчылатып сугарууну сунуш кылам. Себеби баарына бирдей, тегиз суу жетет, ʏнɵмдʏʏ дагы.

«Бир тʏп жʏзʏмдɵн 30-40 кг тʏшʏм алууга болот»

-Жʏзʏм 3-4 жылда жакшы тʏшʏмгɵ кирет. 2-3-жылдары деле мɵмɵ байлайт, бирок анын бышырып кʏтпɵстɵн алып салган туура. Анткени жаш кɵчɵт тез ɵсʏп, кийинки жылы жакшы тʏшʏм берʏʏсʏнɵ таасир этет.

Жакшы кам кɵрʏлсɵ бир тʏп жʏзʏмдɵн 30-40 кг же андан кɵп тʏшʏм алууга болот. Мисалга алсак, биз 3 сотых жерден 500-600 килограммга жакын жʏзʏм алабыз. Орточо базар баасы менен килограммын 100-150 сом деп бааласаңыз, жакшы киреше табасыз. Албетте, кɵбʏрɵɵк киреше алам десеңиз, чоңураак жерде ɵстʏрʏʏңʏз керек.

Зыяндуу нерселерден коргоодо эске алуучу жагдай, жʏзʏмгɵ кɵбʏрɵɵк шире менен шор тʏшɵт. Шор тʏшкɵндɵ жʏзʏм агарып, бышпай эле жарылып, тʏшʏм бербей калат. Ошондой эле чымчыктар кɵп зыянга учуратат.

Жʏзʏмгɵ кам кɵрʏʏ кышында эле башталат. Ороп, алтын кʏкʏрт же «медный купорос» менен дарылап, ал эми шорго каршы нурелл, квадро деген дарыларды алдын ала чачып турабыз. Мунун жʏзʏмгɵ эч кандай зыяны жок, — дейт жаш багбан.

Замандын агымы экологиялык жактан таза продукцияга ыктап, тʏшʏм менен киреше гана таппастан, айланага кɵрк берген, такыр жерди жашыл кылган мындай жаш багбандардын бар экени кубантат. Бул жана башка кеңештерди, кызыккан суроолоруңуздарга жоопторду каарманыбыздын инстаграм тʏйʏнʏндɵгʏ @fazenda.jld баракчасынан ала аласыздар.

Жумагʏл Кочкорбай кызы